Кыргыз гезиттер архиви

  Тил менен дил жуурулушуп

Орус, немис, индусту бириктирген Эмне?
Кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алганына жыйырма жылдан ашса да, бүгүнкү күнгө чейин "киргиздерибиз" эне тилине маани бербей келишет. Тил маселесине келгенде алар дайыма советтик доордо "канга сиңип калган" орусташууну бетке кармашат. Бул жөн гана актануу иретиндеги шылтоо. Аларга жооп иретинде кыргызча түш жоруп, обон созгондордун пикирин ортого салалык.

Кристина РИФЕРТ,
И. Раззаков атындагы КТУнун студенти,
улуту немис:

- Кристина, кыргызчаны суудай билип калганыңызга эмне түрткү болду?
- Мен мектеп жашыман эле кыргызча сочинениелерди жазып, университетте конференцияларда кыргызча чыгып жүрдүм. Кийин Жеңижоктун, Үсөн Үмөт уулунун накыл сөздөрүн, кыргызча макал-ылакаптарды жаттап айта баштадым.
- Кыргыз тилин ар бир кыргыз жараны билиши керекпи?
- Кыргыз тили өлкө мамлекеттүүлүгүнүн бир бөлүгү. Кыргызстандын ар бир жараны бул тилди билүүгө милдеттүүбүз.
- Келечекте кандай максаттарыңыз бар?
- Кыргыз тилин дагы тереңдетип окуп-үйрөнүп, чет жерден келгендерге, улуттарга үйрөтөйүн деген оюм бар.
- Манас айтууга кызыгасызбы?
- Бир аз кызыгам.
- Кыргыздар менен кыргызча эле сүйлөшөсүзбү?
- Кыргыз кыздар-балдар менен кыргызча эле сүйлөшөм. Досторумдун көбү кыргыз. Кыргыздын каада-салттарынын көбүн билем. Мага кыргыздардын улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызатаганы абдан жагат. Тойлору, улуттук майрамдары мени кадимкидей өзүнө тартып турат. Кымыз, казы, картаны да жеп көргөм.
- Немистер, фашисттер деп намысыңызга тийгендер болду беле?
- Болгон. Мен алардын катыгын кыргызча бергем.


Расул АБИД,
Кашмирден, индус, медакадемиянын студенти:

- Мен жеке эле кыргызча эмес, 13 тилде ырдай алам. 2007-жылы Спорт сарайында гала концерт болуп, ал концертте өзбекче ырдап биринчи орунду жеңип алдым. Ошондо мени телевидениеге чакырышып, "сен эмнеге кыргызча ырдабайсың?" деп калышты. Мен кийинки жылы кыргызча ырдап чыктым. Байкашымча, элге абдан жагыптыр. Бул мен үчүн да абдан кубанычтуу болду, кыргызча ырдоону улантып келатам.
- Эмне үчүн сиз Ильястын ырын тандап алдыңыз?
- Мага ушундай элдик, жарк этип кайра жалп өчпөгөн ырлар жагат. Уксам бул өтө бай ыр экен. Сөзүн жаттап, обонун үйрөнүп, анан ырдап чыктым.
- Алдыда кандай максаттар бар?
- Азыр убакытым тар, окуума көп убакыт кетип жатат. Кийин мен эркин сүйлөгөнгө үйрөнөм. Азыр акценти жок сүйлөгөнгө аракеттенип жүрөм. Элдин жүрөгүнө жеткидей ырларды ырдаганга аракет кылам. Баса, мен комуз черткенди үйрөнүп жатам. Кыргыздардын кыргызча билбегени абдан жаман. Эне тилди баркташыбыз керек. Менимче, кыргыз тили - эң кооз, өлбөс-өчпөс тил.

Шухрат ЯКУБОВ,
музыкант, улуту уйгур:

- Кыргыз тилин кичинемден бери билем. Кыргызча ырлар мага жагат. Айрыкча Бек Борбиевдин, кыргыздын эски маанилүү ырлары жагат. Менин мекеним Кыргызстан, экинчи тилим кыргыз тили.
- Кыргызча жазган, окуган жагынан кандайсыз?
- Кыргызчаны 100% билем деп айта албайм. Бирок кыргыз тилинде жазып, окуп, сүйлөй, ырдай алам.
Менин максатым - кыргыз ырларын чет өлкөлөргө жайылтуу. Азыр кыргызча эки-үч ыр жазып жатам. Аларды жакында ырдап чыгам. Мага кыргыздын патриоттуулукка үндөгөн эски ырлары абдан жагат. Жакында студия ачып, кыргыз ырларын эларалык деңгээлге алып чыгалы деген ойум бар.

НАУМИ, бүтүрүүчү:

- Кыргыз тили сиз үчүн эмне?
- Мен үчүн кыргыз тил чоң дарамет, күч. Кыргызстанда жашап туруп кыргыз тилинде так сүйлөө - бул бийиктик.
- Эне тилин билбегендерге кандай көзкараштасыз?
- Ар бир адам эне тилин сактоого аракет кылышы керек. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн кепилдиги - тил. Кыргызча билбегендер акыры жүрүп тилди үйрөнчү кез келет.
- Улутуң ким десе, кандай жооп айтасыз?
- Бир гана сөз айтам. Мен кыргызмын деп.
- Мындан ары да кыргызча ырдайсызбы?
- Ооба. Кыргыз ырчысы болуу тилегим бар.

Юрий БОБКОВ,
Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген артисти:

- Сизге "сиз оруссузбу же кыргызсызбы?" десе эмне деп жооп бересиз?
- Мурда мени эч ким орус дечү эмес. "Сен кимсиң?" дегендерге адаммын деп айтчумун. Азыр да адаммын деп жооп берем.
- Көп жылдан бери "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалын өткөрүп келатасыз. Муну менен алдыга койгон максатыңыз эмне?
- Буга чейин көп эле фестивалдарды уюштуруп жүрүп, кийин токтотоюн деген ойго келдим. Ошондо бул акыркы сунуш болуп, буга киришип калгам. Алгач бул фестиваль опера-балет театрында болуп, эки ай бою даярдандык. Даярдаган катышуучуларымдын арасында америкалык, кытай, япон, түрк, өлкөбүздөгү башка улутуттардын өкүлдөрү бар болчу. Алар даярданганы келгенде бири-биринин ал-акыбалын сурап, биртуугандай болуп кетишти. Ошондо, а-а, бул нерсе керек турбайбы деп калдым. Кийин фестиваль аяктаганда карасам, отузга жакын улуттан турган көрүүчүлөр жыргап, бири-бирин кучактап, тимеле так секирип кубанып жатышыптыр. Анан бул фестивалдын зарылдыгына ынандым. Чынында бул элдин ынтымагына суудай керек экен. Болгондо да ынтымак кыргыз тили аркылуу бекемделип жатат. Менимче, "сен тил билбейсиң" деп мээге чапкандан көрө, бул жүз эсе таасирдүү болот го.
- Деги эле кыргыз тили сиз үчүн эмне?
- Эки тил мен үчүн биртууган. Экөөнү бирдей көрөм.
- Кыргыз болуп туруп кыргызча билбегендерге эмне дейсиз?
- Аларга эч нерсе дебейм. Балким буга алардын доору күнөөлүүдүр. Болгону аларга үйрөнүш керек деп айтам.
- Айрым окумуштуулар кыргыз тили жоголуп кетүү коркунучунда деп жатышат…
- Кыргыз тили эч качан жоголбойт, өчпөйт. Сындаганды коюп, тил үчүн иш кылыш керек. Ошол окумуштууларга андан көрө кыргыздын тарыхын туура чагылдырган китеп жазып, салым кошкула дегим келет. Азыр чындыгында кыргыздын калыс, туура жазылган тарыхы жок.
- Үйүңүздө кайсы тилди көп колдоносуз?
- Мага эч айырмасы жок. Эки тилди тең бирдей колдоно берем.


Юлиана ПАСТУХОВСКАЯ, Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенти:

- Юлиана, сиз кандайча кыргызча ырдап калдыңыз?
- Мен Канттан келип, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Муну менен катар эле консерваториянын эстрада бөлүмү кафедрасынын жетекчиси Рафаил Сарлыковго кирип, мени окутуусун сурандым. Мен ага орусча, кыргызча, англисче ырдап бердим. Ал менин ырдаганымды жактырып, окууга алды.
- Кыргызча ырдоо сиз үчүн хоббиби же максатпы?
- Башында мен кыргызча ырдоону хобби катары эсептечүмүн. Бара-бара бул менин жашоомдун негизги өзөгү болуп калды.
- Алдыда кандай максаттар бар?
- Буюрса, Күрөңкеев окуу жайын бүтүрүп, консерваторияга тапшырам. Кийин ырчылыкты улантып, жаңы ырларды жаздырам. Алгачкы ырым кыргыз тилинде болот.
- Кокус кыргыз мырзасы колуңузду сураса, турмушка чыгат белеңиз?
- Эгер ал татыктуу болсо, албетте, макул болом.
- Эне тилин билбеген "киргиздерге" эмне айтасыз?
- Менимче, өз эне тилин билбеген - өтө уят. Ар бир улуттун өкүлү эне тилин билүүгө тийиш.
- Кыргызча эркин сүйлөйсүзбү?
- Ооба. Улуттук университетте орусча билбеген группалаш жигит бар. Экөөбүз кыргызча сүйлөшөбүз. Курсташтарымдын көбү кыргыз болгондуктан, күндүз көбүнесе кыргызча баарлашууга туура келет.
- Кыргыз тилге байланыштуу турмушуңузда кызыктуу окуялар болгонбу?
- Көп болгон. Бир жолу кайсы бир айылга концерт койгону барып калдык. Кыргыз жигиттер мени сынай карашып, кыргызча "омий, кыздын фигурасы укмуш го" деп калышты эле, мен аларга кыргызча жооп кайтардым. Алардын ооздору ачылып эле калды. Минтип кыргыздарды ыңгайсыз абалда калтырган учурларым көп болот.
- Сизди орустар кыргыз десе кандай кабыл аласыз?
- Бул мен үчүн сыймык. Мен Казакстанга барганда казактар менен кыргызча сүйлөшүүгө аракет кылам. Бир нерсени айта кетейин, кыргыз тилин мектептерде окутууну жакшы жолго коюш керек. Мен мектепте окуган кезимде мугалимдер негедир кыргыз тилин жакшы окута алышкан жок. Азыр университетте бизге кыргыз тилди абдан жакшы үйрөтүп жатышат.

Мелис Совет уулу