Кыргыз гезиттер архиви

 "Агым" жазгандан кийин

Салык эмес, кызмат талашкандар

Гезитибиздин N№26 (654) санына "Крышалуулардын" шиши толдубу?" аттуу макала жарыяланган. Аталган макала Жумгал райондук салык башкармалыгынын начальниги Кумарбек Болотбековдун үстүнөн башкы инспектор Б.Исмаилова, инспектор М.Стамова, аталган башкармалыктын мурдагы жетекчиси Б.Мусаев, бөлүм башчысы М.Мурзакматов жана башкы эсепчи К.Шариповдун арызынын негизинде жазылган. Бул жеринен иликтөө үчүн Салык жана жыйымдар комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков өзү демилге көтөрүп, комитеттин уюштуруу иштери, ички аудит башкармалыгынын начальниги Мисиркул Сулаймановдун жетекчилиги алдында жана ага "Агымдын" катышуусу менен атайын топ түзүп, Жумгалга жол тарттык.

Суусунан буусу көп чуу
Бизди Жумгал райондук салык башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Болотбеков "чү" дегенде эле актанып, кенен 20 мүнөт дем албай сайрап тосуп алды. А кишинин айтымында, "суудан таза, сүттөн ак" экен. Эгерде, кандайдыр бир катачылык кетирсе, мыйзам алдында жооп бергенге даяр экенин жашырган жок. Арызда жазылгандай, А.Келдибековго 200 миң сом пара бербегенин Кудайды оозанып карганды.
"Андай болсо, 200 миң сом туурасында кеп кайдан чыкты?" деген сурообузга, "былтыр июнь айында жубайым банктан 200 миң сом кредит алып, аны чакан дүкөнчө ачууга жумшаган. Акматбек Келдибекович кызматка өткөн жылы ноябрь айында дайындалганы жалпыга маалым. Калганы айтпасам да түшүнүктүү го дейм… Менин ишмердүүлүгүмдү текшерүүгө келишкен КР СЖМК кызматкерлери М.Кооманов менен Ш.Кияшевге 500 доллар бердирткендери акыйкаттыкка жатпайт. Себеби, текшерүүчү катары Мирбек Кооманов келген эмес. Анан мен кимдин чөнтөгүнө бирдеме салам?" деди. Арыздангандар 200 миң сом боюнча ар кимиси ар башка айтышты.
Аны бу кызматка Салык жана жыйымдар комитетинин төрагасынын кеңешчиси Токтобек Акматов А.Келдибековго сунуш кылгандан кийин, ушул жылдын 6-мартынан баштап расмий түрдө жумушка киришиптир.
"Жетекчи деген жетекчи, - дейт ал. - Жумушка байланыштуу кээде урушасың, кээде табышасың дегендей. Талапты катуу койгонум - менин башкы айыбым. Ошол эле президенттин атына чейин арыз жазгандардын арты таза эмес. Маселен, 2007-жылы "Беш-Сары" ишканасы айыл чарбасы үчүн 672 миң сом төлөгөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 312 миң сомго чейин төмөндөгөн. Буга башкы инспектор Бактыгүл Исмаилованын күнөөсү бар. Бир нече объектиден "шапка" алганы туурасында фактылар жетиштүү. Муну менен эле тим калбастан, Бактыгүл дайыма больничный алат. 2007-жылы үч ай, 2008-жылы алты ай жумушка чыккан жок.
КР СЖМК жетекчиси А.Келдибеков салык чогултуучу инспектордун штатын кыскартуу боюнча буйрук чыгарган. Мындан улам, катардагы инспектор Мина Стамова "мен ишимден айдалат окшойм" деп коркуп, арыз жазгандардын катарына кошулгандай. "Агым" гезитинде жазылгандай, куугунтукка алганымдан улам Мина Стамова менен Бактыгүл Исмаилова нерв оорусуна чалдыккан жок. Тескерисинче, мындан төрт жыл мурда күйөөсү Стамованы уруп койгондуктан, ушундай илдетке кабылды. Муну мен Минанын кошунасына таянып айтып жатам". (Буга дароо реакция жасаган М.Стамова кошунасын ээрчитип келиптир. Кайран К.Болотбеков сөзүнө жооп бере албай, тымпыйып гана отуруп берди - Н.К.)
К.Болотбековдун айтымында, башкы эсепчи К.Шарипов өткөн жылдын 26-декабрында КР СЖМК бөлгөн акчаны өз убагында банктан ала албаганынан улам кызматтан четтетилиптир. Мурдагы бөлүм башчы М.Мурзакматов жумуш менен кош айтышкан маалда К.Болотбеков жетекчилик кызматка дайындала элек экен. Салык башкармалыгынын экс-начальниги Б.Мусаев КР СЖМК төрагасы А.Келдибековдун буйругу менен жумуштан четтетилген.
Кумарбек Болотбеков аттестациядан өтпөй туруп "биринчи даражадагы кеңешчи" наамын алганын "эми… жогору жактагылар кандай чечсе, ошого баш иебиз да" деп ийнин куушурду. СЖМК бул боюнча мурдагы документтерди көтөрүп, наамдын туура берилгенин айтышты.
Ошентип, КР СЖМК уюштуруу иштери жана ички аудит башкармалыгынын начальниги Мисиркул Сулаймановдун жетекчилиги астында барган комиссия Жумгал райондук салык башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Болотбековду иликтөө иштери аягына чыкканча жумушунан убактылуу четтетүү туурасында Салык комитетинин төрагасы А.Келдибековдун жарлыгын окуду.
Текшерсең эле иттин өлүгү чыгат
К.Болотбековдун арман күү "монологунан" кийин, жалпы жамааттын катышуусунда чогулуш өттү. Жыйындын жүрүшүндө жеке эле Кумарбектин эмес, салык башкармалыгынын кызматкерлеринин кетирген кемчиликтери оркоюп чыкты. Инспектор Гүлсана Асанова алигиче "отпускноюн" ала албай жүрүптүр. Айлык алардын алдында бухгалтер ведомостко кол койдуруп, андан кийин бланкага деген 4400 сомду төкпөгөндүгүнө байланыштуу аны маянанын эсебинен кармап каларын билдирет. КР СЖМК кызматкерлеринин пикиринде, бул мыйзам бузууга жатат. Кандай гана карыз болбосун, айлыктын эсебинен алдын ала кармап калуу туура эмес.
Арызчыл адамдын арманы көп
Жумгал райондук салык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Б.Мусаевдин кызматтан кетиши өтө кызык. Экс-начальниктин айтымында, ушул жылдын 11-январында эс алууга чыкса, 19-январда арыз жазып иштен кеткен. Арызды өз каалоосу менен жазса бир жөн го, күч менен жаздырышты дейт. Буга Салык жана жыйымдар комитетинин төрагасы А.Келдибековдун түздөн түз тиешеси бар экени да табышмактуу. Көрсө, Б.Мусаев "өз каалоосу" менен кызматтан чегинсе, Акматбек мырза ыраазычылык иретинде башка райондун салык башкармалыгынын начальнигинин орунбасарлык кызматын сунуштамак экен. Бу жерде кимдин кулагына ким "лапша" илгенин окурман журтчулугу аңдап алар.
Б.Мусаевге улай мурдагы башкы эсепчи К.Шарипов да жумуштан негизсиз кеткенин мындайча түшүндүрдү. "Өткөн жылдын 26-декабрында КР СЖМКсы акча бөлгөнү чындык. Бирок, ошол күндөн тартып банктар иштебей калды. Жыйынтыгында, акчаны убагында ала албадык. Ушундай эле көрүнүш башка аймактарда да кайталанган. Анан эмнеге алар кызматтан кетпейт да, мен эле жумуштан айдалам? Бул адамгерчиликке, мыйзамдуулукка жатабы?"

Атаандаш аялдар жана төгүлбөгөн салык
К.Болотбековдун жубайы "Акун" фирмасынын унун сатат экен. Ага конкурент болгон карапайым соодагер Нурипа Кыдымаеваны куугунтукка алганы далилденди. Маселен, ундун сапатын текшертүү салык кызматкерлеринин милдети эмес. Эл катары салык төлөгөнүнө карабай, сатууга уруксаттама кагазын берүүгө тыюу салган. Нурипа эженин айтымында, жалпы жонунан базарда 8 адам ун сатуу менен шугулданса, алардын ичинен бирөөсү гана расмий салык төлөйт. Калганы сол чөнтөккө солонорун боолголосок туура болчудай.

"Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт"
"Чатак эмнеден чыкты? Чатак атаңдын башынан чыкты" дегендей, санай берсе бул чуунун майда-чүйдө себеби көп. Ириде, нааразыланган тараптардын ортосунда жеке таарынычтары бардай. Себеби, былтыр К.Болотбеков начальниктин орунбасары кызматына дайындалганда коллектив каршы чыккан экен. М.Стамова менен Б.Исмаилованы кагып-силкпей, аларга жетекчи катары мамиле жасаса, алар президенттин атына чейин арыз жолдомок эмес. Кезинде Бактыгүл айым менен Кумарбек мырзанын мамилеси жакшы болгон экен. Ортодогу пикир келишпестиктин негизи - бири-бирин түшүнбөстүк, "сен андай кылсаң, мен минтип коем" деген эле баланын оюнуна окшоп кетет.
Менин жеке баамымда, кармаш эки "дөөнүн" - К.Болотбеков менен Б.Мусаевдин ортосунда жүрүп аткандай таасир калтырат. Калгандары бул эки берендин "курмандыгына" айланышкандай. Жуп жөнөрдүн алдында Б.Мусаев А.Келдибековдун атына кайрылган катын жолдоду. Анда өзүн кайрадан начальниктин орунбасарлыгына, М.Мурзакматовду бөлүм башчылыкка, К.Шариповду башкы эсепчиликке дайындоо өтүнүчү жазылат. Демек, булардын башкы максаты - кайрадан кызматка баруу.
Бир арызды изилдеп ушундай көрүнүшкө күбө болдук. КР СЖМК төрагасы А.Келдибеков жалпы жамаат аркасы менен 2 млрд. 200 млн. сомдон ашык салыкты чогултканы жакшы. Бирок иштегендер тирүү адамдар болгондон кийин, жетекчи катары жамаат ичиндеги ыйкы-тыйкыларды мындан ары гезитке жеткирбей жөнгө салат деп ойлойбуз. СЖМК кечээ К.Болотбеков жумуштан бошотулганын, ордуна Жумгал районунун акими сунуш кылган адам райондук салык башкармалыгынын жетекчиси болорун кабарлашты.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, сүрөттөр автордуку