Кыргыз гезиттер архиви

  Жел болбосо...

Ат-Башыдагы айыңдын арты эмне болду?

Ушул жуманын башында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Казыбек айылынын тургундары бийлик Ак-Сай, Арпа жайлоосунун бир тарабын кытайлык ишкерлерге 49 жылга ижарага бергени жатыптыр, Торугарт бажы посту Кыргызстанды көздөй 65 чакырым ичкери жылдырылат деген маалыматтарга нааразы болуп төрт сааттай жол тосушкан. Ошол эле күнү Ат-Башы районунун акиминин биринчи орунбасары Тимур Козубеков Кытайларга жер берилет деген маалымат эч кандай чындыкка коошпой тургандыгын чогулган элге билдирди. Көрсө, атбашылыктарды Таш-Коргондогу жайлоону атайын кызматтын аскерлеринин тосуп алышы, ал жерге кытайлар келип курулуш кура баштаганы тынчсыздандырыптыр. Элдин айтымында буга чейин да Ак-Сай жайлоосунун бир өңүрү Кытайга берилет экен деген каңшаар болгон. Бул тууралуу ажого да кезинде атбашылыктар суроо узатышып, ажодон жер эч кимге берилбесин угушкан эле. Жол тоскон элге губернатор Өмүрбек Суваналиев, ЖК депутаты, облустун мурунку губернатору Аскар Салымбеков, Ат-Башы районунун акими Коногаалы Мааткабыловдор барышып, бир карыш да жер Кытайга өтпөсүн түшүндүрүшкөн. Андан соң маселенин чоо-жайын билүү үчүн Ат-Башыга өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов барды. Маселени кандай өңүттө чечип келгенин билүү үчүн Өмүрбек Бабанов мырзага байланыштык. Ал ордунда жок болгондуктан аты-жөнүн толук айтуудан корккон Руслан аттуу жардамчысынын телефонун бурадык. Тилекке каршы, ал бул боюнча так маалыматы жоктугун билдирип, Торугарт постуна жакын жерге кытайлар "легкий конструкция" курушканын, азыр аларды алып кетишкендигин билдирди. Биринчи вице-премьердин жардамчысы Руслан бул боюнча так маалыматы жок экенин билдирип жатып, Нарын облусунун губернаторунун орунбасары Эрлан Сапарбаев Ат-Башыда алар менен чогуу жүргөнүн, так маалыматты ошол кишиден суроону айтты. Биз маалыматты тактайлы деген ниетте Нарын облусунун губернаторунун орунбасары Мирадил БАКАШЕВге чыктык.
- Мирадил Амангелдиевич, Кытай менен Кыргызстан чектешкен жерде кытайлар 65 километр бери кирип кетиптир деген маалыматтар бар. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бул маалыматтар туура эмес, жалган. Чек ара бир миллиметр да жылган жок. Экинчиден, Чек ара кызматы менен Бажы кызматынан бизге Торугарттагы бажы терминалын Муз-Төр деген жерге жылдыруу сунушу түшкөн. Облустук администрация буга каршы болдук. Бул маселе боюнча атайын өкмөттүк комиссия келди. Торугарттагы терминал жылбай турган болуп чечилди.
- Эгер бажы посту жылса, Кыргызстанды көздөй, ичке жылмак турбайбы?
- Ооба. Биз Кытайды көздөй жылдыра албайбыз да.
- Ак-Сайда бир топ жерлер Кытайга 49 жылга ижарага берилгени чынбы?
- Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 2002-жылы делимитацияланып, демаркацияланып бүткөн. Азыр чекти жылдырууга эч кимдин күчү жетпейт. Ошондуктан бул жерде чек ара боюнча эч кандай маселе болгон жок. Ортодогу саясый кырдаалга байланыштуу ар ким ар кандай ушактарды таратып жатат.
- Биринчи вице-премьер министрдин жардамчысы кытайлар Кыргызстандын территориясына жеңил курулуштарды куруптур, кайра алышты деп жатпайбы?
- Ал тамдар курулушчулар жашаганга деп эле убактылуу салынган үйлөр болчу. Кайра алынып кетип жатат.
Торугартта бир топ жер Кытайга ижарага берилет экен деген чуу чыгып жатат. Бул боюнча оюңуз кандай?
Шайлообек Дүйшеев, акын, журналист:
- Эгерде бийлик Ат-Башыны алтымыш жолку Аксыга айланткысы келбесе, бул имиштин аныгына жетип, элди ишендириш керек. Бизде имиш барып-барып эле чындыкка айланып кетчү эле. Каркыра да берилбейт, берилген эмес деп атып ал деле кетпедиби. Үзөңгү-Кууш ыйлаган боюнча кеткен. Бул чечилбесе Ат-Башынын ар бир ташы атылган ок болот.
Мамбетмусаев Азиз, Казыбек айылынын тургуну:
- Торугарттагы бажы постунан азыркы курула турган бажы постуна чейин 65 километр. Ал жердин Ак-Сай бети да, биз жагы да Казыбек айылынын жайыт жерлери. Бажы постунун бери жылышын аба ырайынын катаалдыгына, сууга шылтоолошуптур. Буга таңгалып жатам. Себеби, Торугартта Таш-Коргонго караганда аба ырайы жылуу, нарзан булагы, Балжууран сайынын cуусу бар. Анан эмне себептен пост бери жылып жатат? Посттун үстүндө союз кезинде салынган кытай-кыргыз чек арачылары жолугуп турчу үй бар. Анын өйдө жагында илгерки Кумбаш бекет деген бекет бар. Бул Жолдубай Кайыповдун ата-бабалары жердеген жер. Ошол жерден берки постко чейин эмне деген жер. Ал жайыт болбосо ички жайытка мал батпайт. Элде пост бери жылды, демек кытайлар берилейт деген көз караш болуп жатат. Эмне шылтоо менен бери жылдырылып жатканын бийлик түшүндүрүп бербейби?
Дүйшөн Керимов,
Ат-Башы районунун
Ак-Муз айылынан:
- Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да. Мунун азыр калп-чынын билбейм. Бирок Аксай, Арпанын берилиши Ат-Башы кетет деген сөз. Ат-Башы ыйык жер. Ала-Тоо аймагындагы кыргыздар бүт чабылып көчө качканда да Кошой бабабыз коргон куруп ал жерден көчкөн эмес. Экинчиден, Ажыбек баатыр кезинде жайдак чаап ал жерди коргогон. Азыр алардын сөөктөрү жатат ал жакта. Өзүм көрбөсөм да ал жердеги тааныш-туугандар кытайлардын 50 чакырым кирип келип бажы постун куруп жатканын айтып жатышат. Бул ачык факт. Ажонун жерди арачалап калганга эл аралык чамасы жетпесе элге ачык айтышы керек. Анда биз "Жан берели Ата конушка" деген акция өткөрөлү деп жатабыз. Жерди бергенче ошол жерде атышып өлгөн артык.
Мелис Совет уулу




"Жобого баш ийбегендер бар"
- Азыр диний экстремисттик агымдар Кыргызстанда көбөйдү деп жатышат. Бул сиз жетектеген агенттиктин жакшы иш жүргүзө албай жаткандыгынан эмеспи?

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору:
- Экстремисттер күчөдү деген жалган. Бул болбогон сөз. Тескерисинче, азыр азайды.
- Азыр деле ар кандай диний агымдар чыгып жатпайбы?
- Буга чейин чыгып келген. Жаңы мыйзамдын чыгышы менен алар азайды. Азыр сырттан келген диний миссионерлердин жүрүм-туруму мыйзамга салынып жатат. Даабатчылардын иши боюнча муфтий менен биргеликте 9-февралда жобо кабыл алынган. Жобо боюнча даабатчыларга, дин адамдарына талап катуу болуп жатат. Мурун ээн-эркин жүргөндөр эми ошол алкакка кире албай, мыйзамдарды бузуп жатышат. Бул коомчулукка диний агымдардын көбөйгөнүндөй сезилип жатат.
- Экстремисттик уюмдар азайды деп жатасыз, түштүктөгү окуя анда эмнеге байланыштуу?
- Бул деле ошол биздин талапка баш ийбегендиктен болуп жатат. Мен бул окуя боюнча өкмөттүн, укук коргоо органдарынын адекваттуу ишин колдойм.

"Кечирим сурайм"
- Эрнис мырза, сизди УТРКнын директорунун орунбасарлык кызматын аркалап турганда абдан бой көтөрүп кеткен дешет?

Эрнис КЫЯЗОВ, УТРК "Замана" студиясынын жетекчиси:
- Ал кызматта же баарына жагайын деген, же кызмат кылайын деген максат болуш керек. Иштин көзү менен катуурак болсом болуп койгондурмун. Айрым иштерди болбойт деп койсом болбой калгандыр. Муну ар ким ар кандай кабыл алышса керек. Анан ал кызматта бой көтөргөнгө деле убакыт жок экен чынында. Ошо кезде мени бой көтөрүп калыптыр деп таарынгандар болсо, азыр деле кечирим сурайм. "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" дегендей, кийин жооптуу кызматтарда иштөө насиби буюруп калса, дагы деле ошондой принципте болом. Адам канчалык мансап күтсө да мүнөзүнөн алыс кете албайт. Мага бой көтөрүүчүлүк жат нерсе.
- Өзүңүз менен бирге иштегендердин арасында Эрнис Кыязов орунбасарлыкта турганда жакшы акча жасап алды деген сөздөр чыкты эле…
- Ким айтты ошону? Алардын абийирине койдум. Алар айткандай эле материалдык, руханий жактан ылайым эле байып кетейин. Мелис Асаналиевич экөөбүз иштешип турганда "тиги кызмат, бул кызматты берип койгула, ыраазы кылам" дегендер албетте, болгон. Бирок, муну чогулуштарда ачык эле "мындайыңарды коюп жүргүлөчү, айланып кетейиндер" деп эле айтчубуз. Мен керек болсо жаңы кызмат ордуң менен деп алып келген калем-китеп сыяктуу белектериңерди деле жөн койгула дечүмүн. Негизи эле ал кызмат ири акча жасоочу кызмат эмес. Редакцияларга жаман-жакшы көрүнүп, мамлекет бөлгөн акчаны алганың эле болбосо, ал жерде анчалык деле алкыш, сыйургал ала албайсың.


Кимиси калпычы?
- Абдылда Инаятович, жакында ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева мектепке барбаган балдардын саны Билим берүү министрлиги көрсөткөндөй 1700 эмес, 78 миң экендигин айтты. Окубаган балдардын так санын неге коомчулуктан жашырып жатасыздар?

Бул сурообузга жооп берүүгө министрдин, анын орунбасарларынын беш мүнөт да убактылары жок экендигин билдирип, ведомствонун басма сөз кызматы бул маалыматты колубузга карматты. Ал маалыматта министрлик тарабынан жылына январь, май, август айларында мектеп жашындагы балдарды каттоо жүрүп жаткандыгы айтылат. Буга улай анда мектеп жашындагы балдардын толук катталбай калып жатышына кварталдык комитеттердин, ТОС кызматкерлеринин, балдардын ата-энелеринин жоопкерчиликсиздиги себепкер экендиги камтылган. Министрликтин көрсөткүчү боюнча май айында мектепке барбаган балдардын саны 700. Мунун ичинен 58инин үй-бүлөсү кедей, 34ү ата-энелери окуткусу келбегендер, 91и өздөрү окууну каалабагандар. Буга кошумча маалыматта министрлик ушул тапта мектеп окуучуларынын окууга катышуусун катуу көзөмөлдөп, каттоону күчөткөндүгүн, аймактык башкармалыктардагы, райондордогу коллегияларда балдарды окутуу маселеси катуу талкууланып жаткандыгын билдирген. Кыскасы, министрлик бул билдирүүсүндө мектепке барбаган балдардын саны тескерисинче кыскартылып, билим берүү жакшы жолго коюлгандыгын бекемдейт. Анда ЮНИСЕФ же ЖК депутаты Гүлнара Султаналиева калпычы го ыя, Абдылда мырза?
Мелис СОВЕТ уулу