Кыргыз гезиттер архиви

  Кайткыла...

Адашкан адамдар. Көчмөндөр цивилизациясы. Же биз тирүүбүзбү?

Өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык кризистен мурда жан дүйнө кризиси башталган. Адамзат аалам кыдырды. Илим менен техника өнүктү. Жашоосу жомоктогудай ыңгайлуулуктарга ээ болду. Бирок ар бир пенде курсагы ток, кийими бүтүн болгондон эле ыракат албайт экен. Адыраңдап автомобилдин түрүн тээп, турмуш тиричиликке керек болгон акыркы технологияларды колдонуп жүргөн адамдардын коому бара-бара баарынан жадап, депрессияга туш болду. Аңгилик, баңгилик, өз жанын өзү кыймай көбөйдү. Курсактар салаңдап тойгон менен жандүйнө ачкалыктан улам ар нерсени сугунуп жатты. Адашкан адамзат коому зикир чалып ким бирөөнү издешти. Алдастап акылынан айрылган психтер көбөйдү. Тирукмуш кылмыштарды жасаган жүрөгү муз, аягы ача, башы тоголок жандар пайда болду. Жер шарын жакшылап байкап көрсөңүз, айрыкча, батышта адамдар өздөрүн өздөрү издеп жүрүшөт. Бул процесстин башталганына көп болгон. Албетте, мындай абал улуу депрессиядан - көңүл ачтыгынан улам келип чыгат. Буга жазуучу-аалымдар менен кошо дүйнөлүк окумуштуулар да баш оорутуп, басымдуу көпчүлүгү адамзат минтип түпкүлүгүн издеп жатканын, ата-бабасынын тер жыттанган күрмөсүн, алардын нарк-насилин сагынганын айтып келет.


Тамырың кайда, кыргыз?
Байкасаңыз, Япония ата-бабасынан калган самурайлык духту дүйнөлүк цивилизацияга ширетип, солк этпей турат. Кытай канча миң жылдык тарыхын, маданиятын, тилин, дилин, деги эле бүтүндөй түпкүлүгүн бекем кармап, өнүгүп-өсүп туру. Орустар да акыркы кылымдарда "биздин аталар француз болгулары келишкен, ал эми биз орус болгубуз келет" деген лозунгдун астында саясат жүргүзүп, 70 жыл аралыгында аз жерден мурдагы он беш республиканын элин да орус кылып алайын дешти. Казактар эгемендик алары менен өз тарыхын жазып, керек болсо коңшу элдердин баалуу мурастарын да менчиктеп алууга умтулуп, аны мектеп программаларына киргизип, жаш муунун "ата-бабаң момундай кыйын кишилер болгон" деп тарбиялап, искусство-маданиятына астейдил көңүл буруп, натыйжада, кечээ күнү жаралган эл Орто Азиядагы олуттуу мамлекетке айланды. Тажиктер өздөрүнүн тарыхы жөнүндө эки чоң көлөмдүү эмгек жазышты. Айтор, жер бетинде улут катары, мамлекет катары калгысы келгендер өз түпкүлүктөрүнө кайта башташты. Биз али тарыхыбызды жаза элекпиз. Бөлөк элдин тарыхый булактарында биз жөнүндө маалыматтар бар экен деп сыймыктанып калабыз. Чындап эле Кытай, Иран, Ватикан, Европа архивдеринде кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар. Кытай окумуштуулары биздин миңдеген жылкы тарыхыбызды билип туруп, ата-жотосун билбеген бизди "эй, кыргыздар, силер канча жашта экениңерди билесиңерби?" деп шылдыңдашат экен.
Чындап эле жетимиш жыл бою, андан кийинки эгемен жылдары деле кыргыз тукуму заманга, адамга, мамлекетке, улутка, тилге, дилге, маданиятка, деги эле бардык нерселерге кайдыгер болуп, бир гана дене жыргалчылыгынын кулуна айланып, бутак-шагы кесилип, тамырына күндүн кубаты жетпей мына-мына куурап калчудай болгон абалга келген. Мына, кыргыздарды ушундан улам батыш окумуштуулары акыркы 50 жылда жер үстүнөн жоголо турган улуттардын катарына кошкон.
Эгемендик алгандан берки ички жана сырткы саясатыбыздагы башаламандык, түндүк-түштүк болуп бөлүнгөндүгүбүз, анысы аз келгенсип, 3000ге жакын ар кандай диний агымдарга, секталарга чачыраганыбыз, таалим-тарбиябыздын жетишпегендиги, мамлекеттик башкаруудагы катачылыктар, башчылар башчыдай, эл элдей болбогону, шайлоонун шайтан оюндары, интрига, коррупция, чегара көйгөйлөрү, ички жана сырткы миграция, митинг, пикет, кайра-кайра революция жасоого болгон аракеттер, Кыргызстанды "баланын үйү, бапанын алачыгы" сыяктуу көрүп жасалып жаткан эксперименттер, айтор, ушуга окшогондордун чыккан себеби так ушул өзүбүздү таппай, ким экенибизди, кайда барарыбызды билбей далдырап тургандан улам эле. "Улут - бул тирүү организм" дейт кайсы бир окумуштуу. Ал эми тирүү организм өзүнүн дене-мүчөсүнө, айлана-чөйрөгө, бой-сымбатына, кийим-кечесине, сүйлөгөн сөзүнө кайдыгер болбойт. Бир жери ооруса дарылайт... Ал эми азыр биздин улуттун оорубаган мүчөсү барбы?! Өз улутташы баласына нан таппай көчөдө кайыр сурап отурса, кара көз айнек кийип кайкайган чиновник же битин сыгып канын жалаган бизнесмен эсепсиз акчаларын шамалга чачып, обу жок кымбат машина минип, ресторан-кафелерде, казинолордо, жакшылап сураштырса өзүнүн карындашы же кызы болуп чыга келген кыргыздын көчөт кыздарын жетелеп саунада жүрү. Албан-субан эрлерди атып кетишти. Курулай кейип, күнөөнү позицияга же оппозицияга артып койгондон башка колубуздан эч нерсе келген жок. Ал эми башка мамлекеттер өзүнүн атуулунун канынан жаралган наристени кандай талашып жатат. Аларга салыштырмалуу биз азыр өлүк улутпуз.

Кыргыздын мурасы бар, а келечегичи?
Президент Курманбек Бакиев жай башында "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорун сунуштап жатып, "Көчмөндөр цивилизациясынын нарк-насилдери келечек үчүн да баалуу" деди. Албетте, бул маселе кечээ эле козголо калган жок. Эгемендик алгандан бери улут уюткусун алып жүргөн инсандар тарабынан кыргыз болуп кайра жаралууга, каада-салтыбызды жандандырууга, тарыхыбызды билүүгө болгон аракеттер башталган. Коомчулукта этностук баалуулуктарыбызды айтып, деп жүргөн жеке адамдар, уюмдар болгон. Булар тууралуу өзүнчө кенен сөз кылса болот. Айтор, бул багыт учкай болсо да ар тараптан изилденип, маселе бышып жетилип калган. Кезегинде мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы, "Манастын" 1000 жылдыгы жана Курманжан даткага байланыштуу долбоорлор деле улут катары өзүбүздү аңдап билүүгө жасалган аракеттер болчу. Кандайдыр бир деңгээлде "Манастын" 1000 жылдыгы аркылуу сырткы элдерге өзүбүздү улут катары тастыктаганбыз. Бирок буга карабай, өз элибизде ички улуттук сезим толук ойгонгон эмес.
Бүгүнкү президент улуттук долбоордун бет ачарында "Эми жаңы жамаат - бирдиктүү кыргыз улутун түзөлү деп турабыз. Бул багыт улуттук өзгөчөлүктөрдүн сиңип жок болушуна эмес, тетирисинче, маданияттардын өз ара тил табышып өкүм сүрүшүнө алып келүүгө тийиш. Бул үчүн оболу: мен киммин, башкаларга эмне бере алам дегенди аңдоо абзел. Ошондуктан, жаңы маданий саясатыбыздын "Маданият" улуттук долбоорунун биринчи кадамы катары мен "Кыргыздардын мурасы жана келечек" деген долбоорду сунуш кыламын. Анын максаты - коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнүн маданий негизин түптөө боюнча чыгармачыл демилгелерди жана изилдөөлөрдү күчөтүү" деди. Бали дебегенге арга жок. Мүмкүн бул долбоорду жар салуу президенттик шайлоонун астына туш келип калганы тек гана кокустуктур. Антсе да козголгон маселе ааламдаштыруу алкагында улут катары жок болуп кетебиз го деп турган коомго майдай жагып, мамлекет башчысына болгон ишеним жаратты. Бирок бул ишенимди шайлоонун шайтан оюну үчүн гана пайдалануу кечиримсиз. Канткен менен эл азыр улуттук лидерге зар болуп турат. Тарыхый шарт ушуну талап кылат. Кийинки президент алдыдагы мөөнөтүн ушул долбоорду аткарууга жумшаса, элдин улуттук духун ойгото алса, анда ал чыныгы улуттук лидерге айланат. Албетте, улуттук кызыкчылыкка негизделген иш-чараны андан ары тереңдетип алып кетүү өзүбүзгө да байланыштуу. Аталган долбоор бир-эки жылда эле ишке ашып калбайт. Бул чоң эмгекти, чоң каражатты талап кылат. Бирок, бийликке ким келсе да сунушталган долбоор унутулбоого тийиш. Эгер унутулса, эл аны эстөөгө мажбурлаш керек. Бул идея ишке ашпаса, Кыргызстан 50 жылга жетпей мамлекет катары да, улут катары да жок болот.
Бул долбоор кантип, кимдер тарабынан ишке ашат?
Бүгүнкү күндө алгач "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорунун негизги багыттарынын бири катары көчмөндөр цивилизациясында кыргыздардын жолу тууралуу киноэпопеяны тартуу сунуш кылынган. Киноэпопеяда элибиз кантип тар жол, тайгак кечүү аркылуу өткөнү чагылдырылмакчы. Анда биригүү идеясын алып жүргөн тарыхый жана мифологиялык каармандар Атилланын, Манастын, Мукамбет-кыргыздын, Чыңгыз Айтматовдун мааниси жана ролу камтылат. Мамлекеттик иш-план боюнча эң ириде "Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоорун ишке ашырууда: көчмөндөр маданиятын изилдөө жана долбоорлоо борборунун иши жанданат; көчмөн цивилизациянын дүйнөлүк өнүгүүгө кошкон салымы буга чейинкиден башкача өңүттөн каралат. Маданият, тарых жана өлкөнүн өнүгүш келечектери боюнча жаңы окуу китептери менен программалары даярдалат; өлкөнүн жана улуттун өзүн өзү таануу жана аныктоо боюнча мифологиялык жана тарыхый негиз кайра түзүлөт; улуттук мурасты пайдалануу аркылуу маданий саясаттын максат-милдеттери аныкталат.
Бул долбоорду иштетүү боюнча өлкө келечегин курууда кыргыздардын жана башка элдердин мурасына таянган маданий саясаттын концепциясын даярдоо жана талкуулоо; көчмөндөр цивилизациясы тууралуу тегерек үстөлдөрдү жана эларалык конференция өткөрүү; өлкө келечегин курууда кыргыздардын мурасынын орду жана ролу тууралуу маалымат каражаттарында кампания жүргүзүү; кыргыздардын калыптануусу тууралуу киноэпопеянын сценарийи боюнча сунуш камдоо; көчмөн цивилизациянын проблемаларын жана келечегин иликтөө борборун түзүү кадамдары башталмак. Буга байланыштуу президенттин катчылыгына, президенттин алдындагы стратегиялык талдоо жана баалоо стратегиялык институтуна Маданият министрлиги менен биргелешип, жумушчу топ түзүү тапшырылган. Жумушчу топту Жогорку Кеңештин депутаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов жетектейт. Жумушчу топ долбоорду ушул жылдын 1-октябрында кароого алып келүүгө тийиш.
Биз бул иш боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн ведомстволорго чыгып көрүп, учурда уюштуруу иштери гана жүрүп жатканын, азырынча массалык маалымат каражатына мактанарлык жылыш боло электигин айтышты.
Дастан Сарыгулов:
"Мени бул ишке аралаштырыша элек"
- Ооба, бул долбоорду колдош керек. Буга турмуш өзү такады да. Кыргыз кыргыз болмоюнча жашоо оңолбойт. Мен муну айтып да, жазып да келатам. Кыргыз эч качан орус, өзбек же казак боло албайт. Биз эң биринчи өзүбүздүн түпкүлүгүбүзгө кайрылышыбыз керек. Ата-бабабыз салган нукка түшмөйүнчө өнүкпөйбүз. Эми мамлекеттик жетекчилер бул маселени андан ары алып кетсе түзүк. Шайлоо бүткөндөн кийин таштап салбай. Мени бул ишке аралаштырыша элек.
Кокустукпу, же атайын...
Улут катары өзүбүздү өзүбүз таануунун эң негизги каражаттарынын бири тарых эмеспи. Эки жыл мурда "Кыргыздардын байыркы жылдардан азыркы мезгилге чейинки тарыхы" деген долбоор жаралып, анын өзөгү 15 томдук тарыхыбызды басып чыгаруу болгон. Бүгүнкү күндө 15 томдукту чыгаруунун редакциялык жамааты түзүлүп, тарыхыбызды жазууга 238 тарыхчы тартылган. Ар бир тарыхчы кайсы томго катышып, кайсы параграфты, канча көлөмдө жаза тургандыгы такталган. 15 томдуктун алгачкы томдору 2010-жылы март айында окурман журтуна тиет экен. Бул иш-чарага тарыхчылардан сырткары этнографтар, тилчилер, философтор катышып жатат. 9 томдун өзү тарых болсо, 10-томдук кыргыз жазуусунун, философиясынын, маданиятынын тарыхы болмокчу. 11-15-томдуктар өз ичине байыркы мезгилден азыркы мезгилге чейинки кыргыздар жөнүндөгү булактарды камтыйт.
Президент бир жактан улут катары кайра жаралабыз, жаш муундар тарыхыбызды, көчмөн маданиятыбызды билсин деп жатса, ага улай эле Билим берүү министирлиги мамлекеттик экзамендерден тарых сабагын алып салышкан. Бул кокустукпу, же...
Зайырбек Ажыматов