Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Президенттердин "сүйүү" каты
Франция президенти Николя Саркози кыргыз президентине Ооганстанда терроризмге каршы жүрүп жаткан аракеттерди колдоо үчүн Транзиттик логисттик борборду түзүү келишими боюнча кабыл алынган чечим үчүн ыраазылыгын билдирген кат жолдоду. Андан сырткары, Саркози Франциянын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар экенин айткан. Ушундай кат Ооган президенти Хамид Карзайдын да келип түшкөн. Ал "Экстремизмге, терроризмге каршы жана өлкөбүздө тынчтыкты жана коопсуздук орнотуу боюнча күрөшүбүзгө тилектештик көрсөткөнү үчүн Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө ооган элинин атынан ыраазылык билдирем" дейт.

Атамбаев кочкорлуктардын короосунда не деди?
8-июлда Кочкордо болгон Алмаз Атамбаев саясый упай топтоо максатындабы же түштүктөгү адатынчабы, айтор, кокус президент болуп калса Аликбек Жекшенкуловду камактан бошотуп, чыныгы кылмышкерлерди камакка отургузарын жарыялады. Айрым маалымат булактарынын билдиришинче, бул жолугушууга төрт миңдей адам катышкан. Кочкордон узаган оппозиция лидери кечээ Жумгал районунун борбору Чаекте шайлоочулар менен жолугушту. Атамбаевдин маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, талапкер менен жолугушууга 3,5 миңдей шайлоочу келген. Жолугушууда бейтааныш аял чагым салууга аракет кылып, аны Атамбаевдин жактоочулары сылык узатып коюшуптур. Эми Алмазбек мырза Бишкек, Чүйдү түрө кыдырып, андан соң Талас тарапка аттанмакчы. Атамбаев кандай табышмак айтат деп таластыктар да кулак түрүп күтүп турушса керек.

Так талаш катуу болчудай
Үгүт өнөктүгү 22-июлда, добуш берүүгө бир күн калганда аяктайт. 8-июлдан тарта Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү бюллетендерин региондорго ташууну баштады. Жалпысынан 2 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу тизмеге киргизилген. Боршайлооком ушул жумада өткөрүлгөн "Тизмеден өзүңдү тап" акциясы ийгиликтүү болгонун айтты. Бишкек шаары боюнча 150 миңге жакын талапкер шайлоо участогуна келип, өз аты-жөнүн тактаган. Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шаар боюнча болгону 44 миң шайлоочу катышкан экен.

Аскар Акаев кайсы талапкерди сүрөйт…
Президенттикке талапкер Темир Сариев Ош облусунун жана шаарынын шайлоочулары менен жолугушуп жатканда экс-президент Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин көтөрдү. Ал өз сөзүндө туңгуч президентке элине кайтып, өз сөзүн айтышына шарт түзүп берүү керектигин, кезегинде Исхак Раззаков да ушундай тагдырга туш болгонун айтты. Сариев БЭКчилерден бөлүнгөндө "Бакиев менен тымызын келишим түзүп алыптыр" деген ушак жармашты эле. Чамасы, Темикең экстер менен тандемдеш окшойт.





  Крим-аалы

Кан узатпайт
Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын тургунун белгисиз бирөө бычактап кеткен. Жабырлануучу алган жаракаттан улам райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми канкор көп узабай изкубарлардын колуна түштү. Учурда иликтөө иштери башталды.

Колго чапкыла
Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында жашаган 75 жаштагы карыянын үйүнө түн ортосунда эшигин талкалап бейтааныш жигит кирип келген. Карыяны бычак менен коркутуп, сабап, пенсиядан өөнөп чогулткан 2000 сомун алып кеткен. Аксы РИИБ изкубарлары карыянын капчыгына кол салган кылмышкерди тез эле кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолуп, темиртор даамын татып келген ошол эле айылдын жашоочусу экен.

Кытай болсо эле коркот дебегиле
Борборубуздагы Восток-5 кичирайонунда убактылуу жашаган кытай жаранына кимдир бирөө кол салып, анын "Мадина" базарындагы контейнеринин ачкычын алып кеткен. Эртеси эле "Мадина" базарынын жанынан контейнерди акмалап жүргөн адамды Свердлов РИИБ изкубарлары кармап, чөнтөгүнөн ачкычты табышты.

"Чакырылбаган конок"
Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жашаган Н.С.нын үйүнө түнкү саат бирлер чамасында бейтааныш жигит терезе аркылуу кирген. Түнкү "конок" үй ичин тинтип, колго илинер буюм издеп жүргөндө кожоюндун 16 жаштагы кызы ойгонуп кеткен. Аны байкаган "конок" кыздын бетин жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок, кыз качып чыгууга үлгүргөн. Үйдөгү ызы-чуудан улам ууру куйругун түйүп из жашырып кеткен. Эртеси милиционерлер 1987-жылы туулган ошол эле айылдын тургунун айылдагы ээси жок короодо жашынып отурган жеринен кармап келишти.

Террорист казак кармалды
6-июлда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан Казакстандын жараны ок атуучу курал менен Бишкек шаарынан кармалды. Колго түшкөн адам 2008-жылы чет өлкөдө террористтик лагерде атайын даярдыктан өткөн экен. Андан кийин эларалык террористтик уюмдун атайын тапшырмасы менен Кыргызстанга келгени белгилүү болду. Учурда колго түшкөн казак жигитинин үстүнөн тергөө иштери башталды.

Арманы да, ардагы да акчабай...
7-июлда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ тергөөчүсү 10 миң сом пара алып аткан жеринен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин колуна түштү. Көрсө, тергөөчү 10 миң сом алып, кылмыш боюнча ачылган ишти жаап, ким көрдү кылып жашырып коем деген экен. Эми он миң сом эмес, ордуңда каларың күмөн.




  И-тагдаалы

Башсалыкчы Акматбек Келдибековго!
Урматтуу Акматбек Келдибекович, "Агымдын" өткөн санына Жумгал райондук салык башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Болотбековдун кылыктары тууралуу "Крышалуулардын" шиши толдубу?" деген макала жарык көргөнүн жакшы билесиз. Кечээ Кумарбек Болотбеков "Агымга" телефон чалып, адегенде макала авторун каргап-шилеп, андан кийин "силер муну 500 долларга чыгаргансыңар, кимдер заказ бергенин билдим" деп жалпы редакциянын аброюна көлөкө түшүрдү. Акматбек Келдибекович, эмне, салыкчылар арасындагы туруктуу "ставкаңар" 500 долларбы, же силерде акчадан башка түшүнүк жокпу? Жогорудагы макала боюнча тез арада жооп берсеңиз, ар кандай күдүк сөздөр азаят эле…

Түшүмдү азыр эмес, күзүндө санайбыз
Кечээ Айыл, cуу чарба жана кайра иштетүү министри Искендербек Айдаралиев быйыл өлкө боюнча 900 миң тонна эгин жыйналарын билдирди. Анын айтымында, бул кыргызстандыктардын бир жылдык керектөөсүнө жетпейт. Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна буудай керектейт. Андыктан жетпеген буудайды быйыл да казак баурдастардан ташыйбыз. Министрликтин маалыматы боюнча, 2009-жылы 656 миң гектардан эгин жыйналат. 7-июнга анын 20 гектары жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 30,5 центнерден болду. Жер-cуубуз кенен туруп, эгинибизди эптей албай койдук го.

Жылына 20 тоннага жакын алтын
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орунбасары Гүлбарчын Асанова Кыргызстанда 2009-жылы 19 тонна 680 килограмм алтын өндүрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, 18,5 тонна алтын Кумтөр алтын кенинен, калганы "Кыргызалтындан" алынат. Жылына ушунча алтын өндүрүлүп жатса, ал-акыбалыбыз неге оңолбойт ой.

Дарыканаларга далдалчылар барбаса
Азия өнүктүрүү банкы каржылаган "Өспүрүм балдарды коомдук деңгээлде тарбиялоо" долбоорунун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын 91 айыл-кыштактарында дарыканалар курулмакчы. АӨБдүн иликтөөлөрүнөн айыл эли үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, дарыгерлерге муктаж экендиги тастыкталган. Дарыканаларды куруу айыл элин дары-дармек менен камсыз кылып, балдарды ошол жерден дарылоого жакшы шарт түзмөкчү. Долбоордун алкагында гранттык негизде жабдыктарды, эмерек, дарыларды сатып алууга, адистерди окутууга каражат бөлүнөт. Эми элеттиктер сапаттуу дарыларды арзан алса болгону. Болбосо гумжардамга келген дарыларды кызылдай акча кылгандар көбөйүп кетти эле.

Келбегендердин кешигин катырышты
Эске салсак, 2009-жылы 5-мартта президенттин жарлыгынын негизинде Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте паракорлукка каршы комитет түзүлгөн. Комитет бир катар иштерди жүргүзүп, окуу жайда студенттердин арасында мониторинг жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Алты адамдан турган бул комиссиянын май айынан берки текшерүүсүндө Юридикалык институтта 88, Экономика жана финансы институтунда 42 студент сабакка таптакыр эле келбегендиги аныкталган. Жыйынтыгында булар окуудан чыгарылышты. Ка-ап, далай мугалим "киреше булагынан" кур калган экен ээ?