Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Аптанын биринчи жарымы үй-бүлөгө байланыштуу маселелерди чечүүгө ыңгайлуу. Туугандарыңыз менен баарлашуу күтүлөт. Жуманын экинчи жарымында тааныштарыңыздын көйгөйү боюнча үй-бүлөлүк маселелерден алыстайсыз. Бул жумада ар кандай сунуштардан, жаңы иштерден баш тартканыңыз оң. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздын көңүлүн алууга ашыгыңыз. Өзүмчүлдүктү токтото турганыңыз оң. Акчада: Биргелешкен материалдык долбоорлор күтүлөт. Убакытты текке кетирбей пайдалануу оң таасирин берет.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Досторуңуз менен көңүл ачуу, жолугушуу күтүлөт. Чала тааныш адамдар менен келишим түзүүдөн оолак болуңуз. Аптанын аягында менчик унааңыз менен алыска жол жүрүү опурталдуу. Андыктан, жол жүрүүгө туура келсе да, коомдук транспортко түшкөнүңүз оң. Сүйүүдө: Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Бул аптада чыныгы сүйгөн адамдын ким экенин баамдайсыз. Акчада: Материалдык абалыңызды бир калыпка салуу үчүн аласа-бересеге так болуңуз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Аптанын башында түшкөн материалдык каражатты андан ары кандай жол менен көбөйтүү туурасындагы ой менен алек болосуз. Башкалардын кеңешин укпай, өзүңүздүн ички туюмуңузга баш ийиңиз. Сүйүүдө: Жуманын аягында жакындарыңыз менен жагымдуу эс алуу, жол жүрүү күтүлөт. Акчада: Киреше алып келчү апта. Каражатты ырааты менен пайдалануу сунушталат.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Жандүйнөңүзгө жакын чыгармаларды окуу, изилдөө, чыгармачылык менен алектенүүчү апта. Жума бою кызыктуу илимдерге баш багасыз. Жеке изденүү менен ар кандай маалыматтарды аласыз жана бул сиздин кызматыңызга оң таасирин берет. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздан жандүйнөгө бүлүк салчу кабар угасыз. Бирок кейибеңиз, бул убактылуу гана көрүнүш. Ортодогу мамиле бир калыпка түшөт. Акчада: Көңүлүңүздөгү буюмду сатып алуу менен чыгаша күтүлөт.
Арстан (24.07-22.08)
Турмушта: Бул аптада өзүңүздүн кетирген кемчиликтериңизди, ийгиликсиз күндөрүңүздү жана жасаган жакшы иштериңизди талдап, келечекке койгон ой-максаттарыңызды аныктап, бир калыпка келтиргениңиз оң. Жуманын аягында ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Сүйүүдө: Ашкере тыш көңүл ачууну токтотуп, жеке турмушуңузга кимдир-бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Акчада: Финансы маселелери сиздин пайдаңызга чечилет. Киреше күтүлөт.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Досторуңуз менен жолугушуп сыр бөлүшүү күтүлөт. Алардын арасында канчалык деңгээлде кадыр-баркыңыз бар экенин сезесиз. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Аптанын аягында досторуңуз менен ар кандай көңүл ачуучу жерлерге баруудан баш тартыңыз. Ортодо пикир келишпестиктер болуп кетиши ыктымал. Сүйүүдө: Жакын адамыңыз сиздин кеңешиңизге, жардамыңызга муктаж. Андыктан, ага көбүрөөк көңүл буруңуз. Акчада: Соода-сатык кылууда ички туюмуңузга ишениңиз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Иш кызматыңызга байланыштуу мамлекеттик чиновниктер менен жолугушуу күтүлөт. Карьераңыз жогорулап, таасирдүү адамдардын колдоосуна татыйсыз. Сүйүүдө: Апта бою чуулгандуу окуялардын ортосунда болосуз. Опурталдуу жолугушуудан алыс болуңуз. Акчада: Азгырмалуу оюндардан оолак болуп, чөнтөкчүлөрдөн, уурулардан абайлаңыз.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Бул апта сиз үчүн ийгиликтүү апта. Ар кандай оюн-зоок же мелдештерге катышсаңыз ийгилик сиз тарапта болот. Аң-сезимди байытуучу түрдүү маалыматтар менен таанышып, тил үйрөнүүнү баштасаңыз, келечекте чет мамлекетке чыгууга жол ачат. Сүйүүдө: Кыска мөөнөттөгү сүйүүгө жолугасыз, бирок, жакын туткан адамыңыз бар экенин унутпаңыз. Акчада: Аласа-бересени тактай турган мезгил жетти. Так болбосоңуз, шылуундардын курмандыгына кабыласыз.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Көптөн күткөн финансы маселеси сиздин кызыкчылыгыңызга чечилип, чоң киреше алып келет. Кирешени дүйнөлүк каржы каатчылыгынан кантип сактап калуунун жолдорун ойлонуңуз. Жакындарыңыздын, туугандарыңыздын кеңешин угуңуз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздагы жагымдуу окуялар көңүлүңүздү көтөрөт. Аптанын экинчи жарымында жакын адамыңыз менен эс алууга чыгасыз. Акчада: Аласа-береселер менен так эсептеше турган мезгил жетти.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Иштеген ишиңизге байланыштуу келишим түзүү, пикир алмашуу күтүлөт. Стандарттуу эмес, тамашалуу суроолор менен өзүңүз тууралуу өнөктөшүңүзгө жакшы пикир жаратасыз. Андыктан, жетекчилик тарабынан мактоого арзып, ийгиликке жетишесиз. Сүйүүдө: Жүрөгүңүздөгү адам менен пикир келишпестиктен улам түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн. Ашкере өзүмчүлдүгүңүздү токтото турганыңыз оң. Акчада: Каражатты туура эмес пайдалануу үй-бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизет. Ошондуктан ар бир тыйындын кайда кеткенин эсепке алыңыз.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл буруңуз. Алдын-ала адистерден кеңеш алып, профилактикалык дарылануу ашыктык болбойт. Апта аягында кызматыңызга байланыштуу кошумча каражат түшө турган булактар пайда болот. Бирок, кошумча иштен чарчай турган болсоңуз, баш тартканыңыз оң. Сүйүүдө: Жаңы түзүлгөн мамиле, жаңы өнөктөш сиздин түшүнүүңүздү талап кылат. Өзүмчүлдүктөн алысыраак болуңуз. Акчада: Жуманын экинчи жарымында материалдык абалыңызды чыңдай турган каражат күтүлөт.
Балык (20.02-20.04)
Турмушта: Чыгармачылыкты өркүндөтүү, интеллектуалдык оюндарды ойноо, жакын адамдар менен эс алууга ыңгайлуу апта. Досторуңуз менен баарлашууда абайлаңыз, пикир келишпестиктен улам чыр чыгышы ыктымал. Сүйүүдө: Жаңы таанышуулар жагымдуу маанай тартуулоо менен жакындашууну алып келет. Бирок, ортодо кызганычтан улам түшүнбөстүктөр күтүлөт. Акчада: Материалдык абалыңыз бир калыпка түшкүчө ашыкча соода-сатыкты тизгиндегениңиз оң.