Кыргыз гезиттер архиви

Сөзирмемдер
Бермейин жакшы болалбайсың
Шайлоонун шайтан оюну азгырмайын депутат болуш кыйын
Бүлүтөндүн белин бүктөп туруп, урнага тыгышат
Бир жолу "Ооба" деген жок издебейт
Ордун таппаган Акүйдөй "балээден" кутулат
Урнага акча салса, эл тебеленет
Ажо болалбасаң ажы болосуң го...
Бирди эки кылгандар экинчи мөөнөткө отурат
Урунаарга тоо таппагандар урнаны сындырат
Боршайком бор менен жазып, кол менен өчүрөт
Шайлоо десе, өлгөнүнө карабай "добуш" кошкондор бар...
Жетинин ичинен жегенди билген озот
Жарымы төгүн, жарымы чын, ишенчээк элдин көөнү үчүн... хан көтөрүп койгула!..


Өлөрчө же!
- Алтыным, пилименди эмнеге ар кандай кылып түйүп атасың?
- Тамакты түрдүүлөп жасаганды билбейсиң деп урушчу элең го!
Мен киммин?
Ар бир күн Жорж Буш үчүн окшош башталчу. Кондолиза Райз эртең менен келип, анын кайда экенин жана ким экенин айтып турчу.
Талантың болсо тоого чап!
Прапорщик:
- Музыканттар барбы?
Солдаттардын арасынан:
- Бар!
- Пианинону бешинчи кабатка, замполитке жеткиргиле!
Экиден кийин эсте жок
Аялы күйөөсүнө:
- Мен сага айттым эле го, эки кружкадан ашык пиво ичпе, үйгө саат онго чейин келип кал деп, ыя!
- Мен келесоо дагы баарын алмаштырып алып, ит болгон турбаймбы...
Үйүң кайда, үлүлүм?
Петька менен Чапаев пилден качып, пальмага чыгып кетишет. Пил келип пальманы силкилдете баштайт.
- Василваныч, балким пальмада уясы болуп жүрбөсүн!?
- Жинди болбо, булар деген ийинде жашайт да!
Үйдө эч ким жок!
Кемпирлер түшкөн эки автобус Марокконун султаны жашаган аксарайга келип токтойт. Султан терезеден таңгала карап, кызматчыдан сурайт:
- Булар кимдер, туристтерби?
- Жок, булар сиздин кайненелериңиз!
Палатка нема!
Шерлок Холмс менен доктор Ватсон жүрүшкө чыгат. Түн бир убакта Холмс ойгонуп кетип, Ватсонду да ойготот:
- Айтыңызчы, доктор, бул жылдыздар эмнени каңкуулап атат?
- Эртең күн ачык болот экен.
- Ал эми менимче, биздин палатканы уурдап кетишкен көрүнөт...
Ооба дечи
Аялдын сырттаны менен эркектин сырттаны эч убакта чогуу жашабайт. Себеби, аялдын сырттаны колун сураган эркекке адегенде макул дебейт. Ал эми эркектин сырттаны аялдын колун эки жолу сурабайт.
Мушкерлер! Мушкетерлер!
- Атос!
- Портос!
- Дихлофос! Опей!.. Арамис!
Ба-баң...
Футбол башталган атат. Комментатор:
- Бир нече мүнөттөн кийин Израиль менен Палестина командаларынын ортосунда жолдоштук беттешүү башталат. Палестинанын оюнчулары өздөрүнүн мина көмүлгөн талаасында этияттык менен денелерин кызытып атат. Ал эми Израиль командасынын футболисттери танкалардын моторун ысытып жатышат.
Мен кайдамын бул күндө?
- Америкага кантип келип калдың сен?
- Сен сыяктуу эле, мени да шеф банкка алпар деп чоң суммадагы акча менен жөнөткөн.
Армян радиосуна суроо
- Орус деген ким?
- Иван.
- Эки орусчу?
- Мушташ.
- Үч орусчу?
- Аракка кезек...
Тамырга жеттиби?
Өзбек, казак, кыргыз үчөө отурат.
Казак айтат:
- Бизде былтыр катуу кургакчылык болду, жер бетинде тереңдиги бир метрлик жаракалар пайда болду.
Өзбек айтат:
- Ошо да кеппи, бизде кургакчылык өтө катуу болду. Уй сааганда эмчегинен кургак сүт чыгып калды.
Анда кыргыз айтат:
- Ой, ал чыпооку, мына бизде болгон кургакчылыкты айт! Дарактар кадимкидей ит талашып калбадыбы?
- Эмнеге?
- Түбүмө келип сийсин деп!..