Кыргыз гезиттер архиви

"Урматтуу Чолпон Турсуновна…"

2- июлда "акжолчу" депутат Чолпон Абдуллаева 44 жаштын урматына жакын санаалаштарын чайга чакырды. Туулган күн ээсине келген куттуктоолордун ичинен премьер-министр Игорь Чудиновдун "Урматтуу Чолпон Турсуновна…" деп каалоо-тилек жазганы башкалардыкынан өзгөчөлөнүп турду. Көрсө, өкмөт башчысы Чолпон Галийаскеровнаны ЖК төрага орунбасары Чолпон Баекова менен алмаштырып алыптыр.

Жерибизди, тарыхыбызды алдырдык. Кезекте…

Кадимки Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыранын баурдастарга түбөлүк кеткени маалым. Муну өкмөт аке "600 гектар жерибизди Казакстандын 1200 гектар аянттагы тоосуна айырбаштадык" маанисинде түшүндүргөн. Ага да аргасыздан макул болуп, ичибизден тынып калганбыз. Казактар буга чейин көчмөндөр тарыхын менчиктештирип, орхон-энисей жазууларын жалаң казактыкы кылып салышканына көптөн бери тарыхчыларыбыз түтөп келишет. Эми улуттук оюндарыбызга жана тамак-аштарыбызга "атака" жасаган кербези. Маселен, тогуз коргоолду өздөрүнө менчиктеп, улуттук оюну катары дүйнө жүзүнө дүңгүрөтүү менен алек. Жорго жүрүшүнөн жазбаган Нуракенин эли минтип отурса, кыргыздын бозүйүн, башындагы ак калпагын чечип алат го, ыя?

Оппозиция куру калды…бы?

Юрий Еремин аттуу жазмакердин ушундай божомол-дөдөмөлүн www.centraisa.ru сайты жарыялаган. Макалада америкалык аналитикалык борбор шайлоо алдындагы кырдаалга көз чаптырып, мамлекет башчысы Курманбек Бакиев өз позициясын бекемдеп алганын, "ат чабышта" алдыга озуп чыгууга мүмкүнчүлүгү зор экени баяндалат. "Джеймстаун фонд" аталыштагы америкалык бейөкмөт бирикмесинин эксперти Эрики Мараттын баалашынча, оппозиция бу саам да президенттик шайлоого татыктуу катышуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калды. Эрики айымдын баамында, мунун башкы себеби оппозиция өкүлдөрү Бакиевге каршы бирдиктүү фронт жарата алышкан жок. Ошондой эле макалада оппозиция лөктөрү Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин өз алдынча шайлоого аттанышы президент К.Бакиевдин жеңишин калыптандырууга өбөлгө түзгөнү шөкөттөлөт…

Бакиев "нөлбү" же "онбу"?
"Акжолчу" берен Рашид Тагаев "Айат-пресс" гезитинин президенттикке ат салышкандардын беделин аныктаган сурамжылоосуна катышып, ажосу Курманбек Бакиевди баш кылып "нөл" деген баасын балпайта коюптур. Бакирдин уулу Рашид мындай ооз ачырган "сүйрүпризи" аркылуу эмнени билдиргиси келет? Андан да кызыгы, аз мурда Рашид Бакирович башка гезиттин рейтингинде Бакиевдин ишин "10го" баалаганын көргөнбүз. Же "акжолчуларга" да "сдпкчылардын" "оорусу" жуга баштаганбы?

Тарайт, тарабайт

Парламенттеги КСДП фракциясынын биртоп депутаты 23-июлду чыдамсыздык менен күтүүдө дешет. Шайлоонун эртеси эле мандаттарын тапшырып кетүүгө камынып атышыптыр. Намыс үчүн партия лидери Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоо маалында "кидать" этпей, ыңгайлуу учурду күтүп тургандай.

Сыпаа, токтоо, аксөөк стратегия…

"Ат чабышка" аттанган Темир Сариев туурасында аңыз кеп арбын. Жер тыңшар Мамыттын кебин тыңшасак, "акшумкарчы" саясатчы кийинки парламенттик шайлоого "добро" алган имиш. Тактап айтканда, Акүй Темир Аргенбаевичке кийинки парламентте 30% орун берүүгө катта убада кылган экен. Аны менен эле тим калбастан Т.Сариевге И.Чудиновдун орду сунушталып атыптыр. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, имиштин чындыкка айланар-айланбасын мезгил көрсөтөт.

Бийликчил партиянын "куралы" гезитпи?

Саясатчылар гезит чыгарууну шумдук бизнес ойлошобу же башка кылар иштери жокпу, акыркы кезде гезит ачуу, сатып алуу өркүндөп баратат. Бир чети бул шайлоого байланыштуу экени түшүнүктүү. Бирок, "эл дүрбөсө... кошо дүрбөйт" болуп, бир "акжолчу" депутат жаңы гезит ачып, ички-тышкы "душмандардан" коргонуу амалын көрүп атыр. Гезит чыгармайды модага айланткан "акжолчулар" 71 басылманы "тууп" коюшпаса болгону.




КСДПда киши калабы?
"Адамдар бар үчүн партия бар"
Буга чейин да КСДП мүчөлүгүнөн миңдеген адамдар чыкканы маалым. Алардын акыркысы өткөндө "Агымга" интервью берген экс-сдпкычы депутат Ж.Жээнбеков жана анын артындагы он миң кишиси болобу десек, партбилет таштамай жакында токтой турган көрүнбөйт.

Кечээ КСДП башка мүчөлөрү да партиянын катарынан чыгып, "Кыргызстандын туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн" деген жаңы кыймыл түзүп, К.Бакиевдин талапкерлигин колдой турганын билдиришти. Бул боюнча партиянын мурдакы мүчөлөрү кечээ АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиришти. КСДПнын катарында 2005-жылдан бери мүчө болгон Капарбек Көкүмов "Адамдар болгон үчүн партия бар, партиянын лидери биз менен бирге болууга тийиш. Атамбаев партиянын кожоюну эмес. Ал биз менен эсептешпегенден кийин аны эмне үчүн угушубуз керек? Ал үчүн торпедо болуудан тажадым. Саясый санаалаштары менен эсептешпейт. Депутаттык мандатка келгенде биздин лидерлерге эч нерсе тийбеди" деп билдирди.
Ал эми Кубан Кандиев менен Нурлан Сулайманов өлкөнүн стабилдүү өнүгүшү үчүн биригүүгө мезгил келгенин белгилешти. Учурда бул кыймылга 3 миң адам кошулду. Анын көпчүлүгү КСДПнын мурдагы мүчөлөрү.
"Кыргызстандын туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн" кыймылын уюштуруучулардын бири Кубан Кандиев "Биздин максат өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн. Биз Курманбек Бакиев тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди колдойбуз" дейт. Азыр кыймылдын мүчөлөрү негизинен Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын тургундары. Алар шайлоодон кийин жалаң саясат менен алектенип, парламенттик шайлоого даярданышмакчы.
Аскул
КЕНЖЕБАЕВ