Кыргыз гезиттер архиви

  Эфир тууралуу эки кайрык

Оң кайрык
Жума башталышы менен "Кыргыз радиосу - маданияттын очогу!", "Кыргыз радиосу - жандүйнө азыгы", "Кыргыз радиосу - көөнөрбөс мурастар казынасы" ж.б. бүйүр кызыткан ургалдуу ураандар менен кыргыз радиосу 2-каналын ачты. Билгендер жана түшүнгөндөр, өзгөчө маданият кызматкерлери үчүн бул чоң жаңылык, кубаныч. Анткени эгемендүүлүктүн 18 жылында идеологиянын башында турган мамлекеттик радио менен теленин уктуруу жана көрсөтүүлөрү базар экономикасынын башаламандыгы менен кошо башы айланып, негизинен саясый алым-сабак жана жеңил-желпи оюн-зоок берүүлөрүнөн алыстай албай калган. Ал эми радиодо чечкиндүү өзгөрүүлөрдүн болбой келгенине көп болгон. Жетекчилердин келиши менен радиону жаңылантууга катуу киришип, ошонун алгачкы жыйынтыгын угуп, көрүп жатабыз. 2-каналдан кыргыздын рухий байлыгынын казынасы болгон радионун "алтын казынасындагы" көптөгөн жылдар тасма түрүндө жабылып жаткан уктурууларды, чыгармаларды эфирге байма-бай алып чыгып, элибиздин, анын ичинде жаштардын жандүйнөсүн байытуу, дүйнө таануу табитин тарбиялоо багытында албан иш алып баруусу күтүлүүдө. Ал казынадагы көздөрү өткөн залкар инсандарыбыздын, көрүнүктүү маданият ишмерлеринин ар мезгилде жазылган ар кандай маектеринен баштап мыкты ырчы-музыканттарыбыздын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар, адабий-көркөм окуулар, драмалык спектаклдер, опера, балет музыкалары жана башка көптөгөн көөнөрбөс чыгармалар сакталып турат. "Сандыкта" көгөрүп кеткенче ага көңүлүн бурууга 2-канал багыт алды. Өзгөчө музыкалык маданият үчүн чоң окуя десем болот. Себеби, поэзия, проза, драманы китеп бетинен окуп, сүрөттү көргөзмөлөрдөн, кинону экрандан көрө алсак, музыканы концерттик залдардан анда-санда укканыбыз менен радиого тең келген бир дагы жайылтуучу жокко эсе. Күзүндө жетимиш жылдыгын белгилөөгө бел байлап турган композиторлор жамааты чыгармаларыбыз байма-бай уктурулат экен деп удургуп турган кези. Анткени алар жазган оркестр же фортепьянонун коштоосундагы ырлар, көлөмдүү музыкалык чыгармалар алтын казынанын төрүнөн орун алган менен "сыртка чыкпай дымып", өтө сейрек уктурулуп көпчүлүктүн көңүл сыртында калганына далай жылдар айланып кетти.
Улутту жок кылыш үчүн маданиятынан ажыратып коюш жетиштүү экени эбактан айтылып келе жаткан белгилүү афоризм. Тарыхты маданиятсыз элестетүү мүмкүн эмес. Коом канчалык саясатташканы менен маданият өз алдынча алга жылып, мамлекеттин идеологиясынын өзөгүн түзөрү турган иш. Андыктан кыргыз радиосунун маданиятты туу тутуп, ушул 2-канал аркылуу жандүйнө идеологиясын жандандырууга кылган аракети үчүн радио кызматкерлерине алкыш гана айтса жарашат.

Сол кайрык
Биздин гезит бетинде ("Агым" 19.06.09). "Жаңылануу дей берип жаңылып калбасак" деген макала жарык көргөн эле. Анда А.Жумакматов атындагы улуттук симфониялык оркестр менен камералык хордун телерадионун короосунан кантип "куулуп" жатканы тууралуу кеп козголгон болчу. Макала чыккандан көп өтпөй эле, өткөн жумада УТРК башдеректиринин орунбасары Асел Мамбетова менен башдеректирдин жардамчысы Айбек Молдокадыров, симфониялык оркестрдин баш дирижеру Рахат Осмоналиев, камералык хордун жетекчиси Гүлбара Маматова, филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаев, УТРКнын чоң студиясынын үн режиссерлору ж.б. менен тегерек үстөлдө жолугушуу болду. Жолугушуу курч мүнөздө, кайым айтышуу иретинде өттү. Баарынан кызыгы, өкмөттөн түшкөн буйруктун кайдан пайда болгондугун жетекчилер билбей, Маданият министрлигине шылтай салды. Өкмөттүн 10-мартта чыккан буйругун бүгүн биринчи көрүп отурган оркестрдин көркөм жетекчиси жана баш дирижеру, КР эмгек сиңирген артисти Р.Осмоналиев "эмне үчүн мен буйрукту бүгүн көрүп жатам, эмне үчүн оркестрди радиодон Маданият министрлигинин карамагына кетирип жатканын мен коридордон угам, эмне үчүн УТРКнын жаңы жетекчилери ушунча убактан бери коллектив менен бир дагы жолугушуп бул маселени талкуулай элек..." деп түтөдү. Оркестрдин айрым музыканттары чет элге кетип жатканын, ондогон жылдары топтолгон мындай уникалдуу коллективге мыкты музыканттарды кайдан табам деп улады кейиштүү монологун баш дирижер. Мындай күтүүсүз, жоопкерчиликсиз чыккан буйрук үчүн ким жооп берет деген суроого УТРК жетекчилери так жооп бере алышпады. Тек гана "жогору жак" менен Маданият министрлигине күнөөнү түртө салышты.
Р. Осмоналиев Маданият министри С.Раев менен кезигип, бул маселе бир тараптуу гана каралып, демилге алар тараптан болбогонун тастыктаганын айтты.
Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын алдындагы чоң симфониялык оркестрдин түзүлгөнүнө быйыл 40 жыл толот. Кырк жыл ичинде кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан баштап, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жаздырып, радионун казынасын толтурууда бул оркестр зор эмгек кылды. Өткөн жылы күтүүсүз жерден көз жумган оркестрдин түзүүчүсү жана көркөм жетекчиси А.Жумакматов аман болгондо мындай алешемдикке жол бердирбестиги турган иш эле. Тоодой эмгеги бар адам кулаганда эле оркестрин кошо томкоруп салууга кылынган аракет музыкалык маданиятка жасалган чоң кыянаттык. Ошол буйруктагы УТРКнын чоң студиясын филармонияга өткөрүп берүү эч акылга сыйбаган нерсе. Кезинде бул студиянын акустикасынын мыктылыгына ар өлкөдөн келген адистер тан берген. Коңшу өлкөлөрдүн музыканттары ушул студиядан келип жаздырууга куштар эле. Студия менен кошо аны жагымдуу жагдайда кармап туруш үчүн анын жертөлөсүндө миллиондогон сомдорго орнотулган аба компрессорлору орнотулган. Аны УТРКнын техникалык каражаттарды тейлөөчү адистери гана көзөмөлгө алып, иштете алат. Бул бүтүндүк экиге бөлүнүп, жертөлөсү УТРКнын карамагында калып, үстүн филармонияга кетирүү чечиминде эле канча калпыстык жатат. Студия радио же теленин фонограммасын жаздырууга гана ылайыкталган. Эгерде ал эл келип концерт көрө турган бир чоң зал болсо да бир жөн. Жогорудагы отурумда ушул маселенин баары көтөрүлдү. Ары тартышып, бери тартышып, акыры УТРК жетекчилери алешем буйруктун кайдан чыкканын иликтеп көрүп, жакын арада дагы бир отурум уюштурушарын убада кылышты.
Турдубек ЧОКИЕВ, композитор




  Сүйүнчү, сөздүк чыкты!

Жүз жылдыктын универсалдуу эмгеги
Ушул жашоо учуруна кайдан келгенибизди, бул доорго кантип жеткенибизди миңдеген жылдары биздин жана биздин жандүйнөбүздөгү рухий баалуулуктардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк берген жашоо маданиятыбыздын нуруна бизди ким жеткиргенин эч качан эсиңизден чыгарбаңыз.

Серхат АКПЫНАР,
Гирне америка
университетинин төрагасы

Кыргыз илимдер академиясы, тил жана адабияты институту бир нече жылдан бери кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн экинчи томдугун чыгара албай, аны какшай берип арманы айга деле жеткендей болгон. Бул эми чоң бир мекеменин кандай иштеп жатканынын белгиси. Ал эми белгилүү түрколог окумуштуу Кадыралы Коңкобаев жети-сегиз жылдан бери өзү жүгүрүп жүрүп, бир жерден болбосо, экинчи жерден каражат таап, маркум Жээмбай Мукамбаевдин "Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн" миң нускада чыгарып, ат көтөргүс эмгек кылды.


- Кадыралы ага, адегенде кыргыз илиминин сөздүкчүлүк өнөр башаты кантип, кимден башталган?
- Кандай гана тил болбосун анын негизин түшүндүрмө сөздүк гана ачып бере алат. Адегенде К.Юдахин 1940-жылы чыгарган сөздүгү менен жол ачса, кийин аны К.Карасаев орфографиялык, андан кийин А.Карасаева түзгөн орфоэпиялык сөздүк менен уланткан. Үчүнчү толкунга 1969-жылы чыккан "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" бир томдук, 1984-жылы жарыкка чыккан түшүндүрмө сөздүктүн биринчи томдугу кирет. Төртүнчү доор 1972-жылы биринчи жолу чыккан Ж.Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгүн, кийин ал катуу сынга кабылып, кайра 1976-жылы басылып чыккан учурду камтыйт. Мындан башка деле көп сөздүктөр чыккан, бирок жогорку төрт этап тил илиминде өзгөчө роль ойногон. Белгилей кетчү нерсе, дегеле кыргыз сөздүкчүлүк өнөрүнүн башатында Жапар Шүкүров турган. Алгач картотека түзүп, сөздүк чыгарууну уюштуруп, ал эле эмес, кыргыз илимдер академиясын түзүүнүн башында да болгон. Кыргыздын жазуусу Октябрь революциясына чейин эле болгон деп Молдо Кылычтын ырларын изилдеп, ошондон бийликке жаман көрүнүп, өзү түзгөн илимдер академиясына мүчө боло албай калган. 1969-жылы чыккан "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн" башында ушу киши турган. Кийин анын ишин Эсенгул Абдулдаев, Дөөлөтша Исаев агайлар улаган. Мен Эсенгул агайдан сөздүк түзүүнү үйрөндүм. Агайдын ачуусу чукул, бирок адилет адам эле. Негизи 1969- жана 1984-жылдары чыккан эки сөздүк фундаменталдуу эмгектер.
- Агай, диалектологиялык сөздүккө кайрылсак, килейген илимдер академиясы чыгаралбаган сөздүктү сиз кантип чыгардыңыз?
- Жээмбай агайдын сөздүгүн чыгарууга 7-8 жыл мурда эле аракет кылганбыз, бирок ишке ашкан эмес. Ошентсе да сөздүктү басууга даярдап койгонбуз. 1380 бет болду. Канча эмгек, көз май кеткенин айтпай эле коеюн. Илгери Юдахин "сөздүк түздүрүп кыйнагандан көрө мени деле Касым Тыныстановго кошуп камап койсо жеңил болмок" деп арман кылган дешет. Мамлекет бюджети жылына баланча миллион-миллиард болуп жатат дегени менен даяр турган сөздүккө каражат бөлбөдү. Мен көп жылдан бери Түндүк Кипрдеги менчик Гирне америка университети менен кызматташып жүрөм. Аякта биртоп улан-кыздарыбыз окушат. Ошо университет ээси, кипрлик түрк Серхат Акпынар деген тууганыбыз бар. Университети эң мыкты, алдыңкы технологиялар менен окутат. Ак деңиздин жээгинде жайгашкан. Серхат Акпынарга "кыргыз туугандарды колдош керек, бул сиздин университетке да чоң аброй алып келет" десем, ал окумуштуулар кеңеши, университет жетекчилери менен кеңешип, май айында ушу сөздүктү каржылоого чечим чыгарып берди. Бул эми кыргыз илимине инвестиция да.
Бул сөздүк кыргыз таануу тарыхынын бир көрүнүшү. Ал 32 миң сөздөн турат. Булар түшүндүрүлгөн сөздөр. Мындан сырткары, миңдеген макал-лакап, түшүнүктөр камтылган. Буга чейин чыккан сөздүктөрдөгү сөздөрдү кошкондо бүгүн 100 миңден ашык кыргыздын "Манасты" батырган сөзү каттоодон өттү десем болот. К.Юдахинден кийин эле кыргыз үчүн жеке өзү нар көтөргүс эмгек кылып, бирок ал бааланбай көзү өтүп кеткен Жээмбай Мукамбаев болгон. Анын диалектологиялык сөздүгү акыркы жүз жылдыктагы кыргыздын ой-түшүнүгүн, турмушун, баскан жолун чагылдырып кеткен азырынча жалгыз универсалдуу эмгек. Сөздүктү Бакыт Султановдун басмаканасында каалаган форматта, мыкты кагазга бастырдык. Жыйырма жыл сөздүктүн кол жазмаларын көздүн карегиндей сактап келген Жээмбай агайдын жубайы Мадина эжеге, уулдарына ыраазылык билдирем. Элди эл кылып турган тил. Тил жоголсо, эл да жоголот. Журтбашы да буга көңүл бөлөт деп ойлойм.
- Бул эмгекти сөздүк катары эле кароого болобу, же…
- Сөздүктө ондогон кандидаттык, докторлук диссертациялардын темалары жатат. Мындан сырткары, адабий, тарыхый толгон маалыматтар бар. Буюрса, бул келечектеги көп изилдөөлөрдүн объектиси болот.
Аскер САКЫБАЕВА