Кыргыз гезиттер архиви

 "ЭРКАЙ"

Үй-бүлө ден соолугун коргоо борбору
Байтик Баатыр көчөсү, 17\1 - 41 (Октябрь райондук акимиаттын артында)
Тел.: (0312)549385, (0502)519070
Жигиттер, карылыкка моюн сунбагыла!
Табият эркектерге баа жеткис белек кылган. Аялзаттан айырмаланып, жагымдуу шарттарда алар өмүрүнүн акырына чейин балалуу болуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Бирок орто жаштагы эркектер бир жолку же бир нече жолу кайталанган сексуалдык алсыздыктан өздөрүн кем сезе башташат. Жагымсыз учурду турган иштей кабыл алып, жардамга кайрылууга негедир шашылышпайт. Биздин менталитет ушундай, доктурлар менен жеке проблемаларын бөлүшүүгө эч ким даабайт. Табияттын асыл функциясын кантип сактоо керек жана каалоолор мүмкүнчүлүктөр менен туура келбей калганда эмне кылуу керек? Ушул жана башка жан кейиткен суроолорго шаардыктардын репродукциялык ден соолугуна 5 жылдан бери көзөмөл жүргүзүп келген "Эркай" медициналык борборунун директору Жамиля САЛИЕВА жооп берет.
- Эркектердин 40 жаштан ашкандагы ден соолук проблемаларын "эркектик климакс" десек болобу?
- Аялдардын менопаузасы тууралуу бүгүнкү күндө баары белгилүү. Эркектердин аналогиялуу жаш менен байланышкан өзгөрүүлөрү тууралуу жакын арадан тартып эле сөз кылына баштады. Аялдардын менопаузасы менен эркектердин андропаузасында чоң айырма жатат. Биринчиси, асылзаттын гендеринде бар, ал эми экинчиси болсо, көпчүлүгүндө сырткы себептердин патологиялык кесепети болот. Ден соолукка зыяндуу жашоо образы, эски дарыланбаган оорулар, стресс, терс адаттар - мунун баары жыныстык функциянын төмөндөшүнө алып келет. Демек, жашоо образын тууралап, тийиштүү дарылоодон өтсө, организмдин функциялары кайта калыбына келет.
- Демек, сизди туура түшүнсөк, заманбап медицина эркектердин жыныстык алсыздыгын толук айыктырууга алы жетеби?
- Жок. 99 жаштагы абышканын мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп калат. Жаш өткөн сайын акыл толот, бирок күч азаят. Бирок, эр жигит убакытты алдай алат жана алдашы керек. Анын атайы жолу бар. 35-40 жаштан кийин эркектин организминдеги башкы функцияларга, негизгиси сексуалдуулукка жооп берген тестостерон гормонунун иштелип чыгышы азаят. Болгондо да бул процесс өтө тез жүрөт, жылына орточо 2 пайыздан азаят. Ошондуктан бул гормондун денедеги деңгээлин адистер тандап берген сапаттуу атайы препараттардын жардамы менен сактап туруу зарыл. Бул жерде "досума жардам бериптир, мага да жарайт болуш керек" деген ой ден соолукка чоң зыян келтириши мүмкүн. Тестостеронду үзгүлтүксүз көбөйтүүнүн эч кереги жок, болгону аны туруктуу деңгээлинде сактоо туура.
- Учурда эрекция дисфункциясын дарылоо тууралуу сөз көп. Ал дарттын симптомдору кандай жана кандай учурларда дартты аныктоо үчүн доктурларга кайрылуу керек?
- Эректилдик дисфункция - эркектин жыныстык катнаш үчүн эрекциянын жок болушу же тез тарап кетиши. Бул илдет 50 жашка чейинки эркектердин 40% да, андан улуулардын жарымында кездешет. Албетте, стресс учурунда дени сак эркектин да сексуалдык функциялары төмөндөп, жыныстык кызыгуу жоголот. Мындай учурда дарылануунун кажети жок, жан дүйнө калыбына келгенде аталган функциялар да ордуна келет. Медициналык жардам жаш өткөндөгү гипогонгадизм, же зат алмашуу бузулгандагы метаболикалык синдром менен байланыштуу учурда талап кылынат. Анын бир нече мүнөздөмөлөрү болот.
Узак мөөнөттөн бери эртең мененки эрекциянын жок болушу.
Жыныстык катнаштан кийин калыпка келип, кийинки катнашка чейин даярдыкка сааттар эмес, жума, айлардын өтүшү.
Тестостерондун азаюусунун клиникалык симптомдору пайда болот. Гормондун деңгээли азайганда организм да начарлайт, жүрөк ооруп, кан басымы жогорулайт, семирүү жана дем кыстыгуу пайда болот, булчуң массасы азайып, тери кургап кетет. Бул фонд психо-эмоциялык абал начарлайт, адам тез чарчап, депрессияга кабылат, уйку качып, эс-тутум төмөндөйт. Албетте, ушундай абалда сексуалдык каалоо кайдан келсин. Ал болсо өз кезегинде кайта гормондун дагы азайышына алып келет.
- Эркек ден соолугунун жумалыгы жүрүп жатпайбы. Эркектердин көбү кайда кайрылууну билишпейт, алар дарыланууну бир врачтан экинчи врачка чуркаган, түгөнбөгөн дартты аныктоолор катары көрүшөт экен.
- Мунун баары эски замандын көрүнүшү. Заманбап медицина эркектердин жыныстык дарттарын тез дарылоого шарт түзөт. Дартты аныктоо болсо, биздин медициналык борбордо пациенттерге ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн. Ал эң көп дегенде эки күндө жүргүзүлгөн комплекстүү экспресс-аныктоо. Дарттын толук жагдайын билгенден кийин оптималдуу дарылоону сунуштайбыз. Азыр адамдар бул маселеге жоопкерчиликтүү карай башташты. Бизге түгөйлөрү менен келишет. Бул дарылоонун эффективдүүлүгүн кыйла жогорулатат. "Эркай" борборунда ал үчүн бардык адистердин штаты каралган: гинеколог-эндокринолог, акушер-гинеколог, уролог-андролог, терапевт, кардиолог, невропатолог, үй-бүлөлүк психотерапевт. Заманбап техникалык жабдуулар жана күндүзгү стационар дарылоону максималдык комфорттуу шартта өткөрүүгө жардам берет.
- Аптекаларда потенцияны жомоктогудай кылуучу препараттар толуп турганда жылына комплекстүү кароодон өтүүнүн кереги барбы?
- Ооба, чынында жакшы препараттар азыр жетиштүү. Алар адамга көнүмүш болбойт жана аларды кылдаттык менен колдонуп турса болот. Алдын ала врач менен кеңешүү сөзсүз керек. Анткени эрекция ордуна баш ооруга чалдыгуу коркунучу бар, болгондо да түз маанидеги. Мисалы, кан басымды жогорулатуучу стимуляторлор жүрөгү начар адамдарга жана гипертониктерге таптакыр болбойт.
- Сексуалдуу алсыздык жеке мамилелерде да чоң проблемаларды жаратат. Ажырашууга жетип калгандарга кандай жардам бере аласыздар?
- Ооба, биз адамдар ошондойбуз. Сексуалдык канаат албагандык жана ушул жааттагы проблемалар жубайлар ортосундагы уруштардын жана ажырашуунун себеби болушу мүмкүн. Аялдар күйөөлөрүнө колдоо көрсөтүп, жардамга кайрылууну сунуштоо ордуна, ойнош күтүп алышат. Турмуш кунарсыз болуп калат. Андрогендик ачкалык менен байланыштуу проблемалар да пайда болот. Эркектин жашоосу эптеп күн өткөрүүгө айланат. Бул - карылык. Ошондуктан, мен бардык эр жигиттерге кайрылгым келет, карылыкка эрте моюн сунбагыла! Силердин маселе жеңил эле чечилет. "Эркай" медициналык борборунда бекер телефон иштейт. 0-312-61-22-58 же 0-555-50-38-80 телефондору боюнча сиздердин бардык суроолорго биздин адистер толугу менен жооп бере алышат жана сиз каалагандай маалыматты тактай аласыз. Ошондой эле врачтын кабыл алуусуна жазылса болот. Шейшемби, бейшемби күндөрү 15.00дөн 18.00гө чейин, ишемби күнү 12.00дөн 15.00гө чейин 0-550-52-10-50 телефону аркылуу каттоо жүргүзүлөт.




Андай эмес, мындай
Кайран тил

Гезит окуп отуруп, 3-беттеги "Тактоо" деп аталган чакан кабарга көзүм түштү. Анын бир жеринде "Бүткүлдүйнөлүк малдардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү уюму" деп жазылып турат. Дени-карды, акыл-эси соо кыргыз минтип жазбайт эле. Биз ушинтип жаза берип, мите сөздөр жей берип, тилибиз мутантташа баштаганы жалганбы? Жакында :
- Ии, мышыгыңдын ден соолугу кандай?
- Итиң ден соолукта жүрөбү?
- Помидоруң оорубай калдыбы? - деп тантып калабызбы?
Демек, гезит аркылуу миңдеген окурманга жоопкерсиздик менен таңууланган бул чалакайым сүйлөм аталган гезит өзү жазгандай "Бүткүлдүйнөлүк малдардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүүчү уюм" эмес, балким "Мал ылаңына көзөмөлдүк кылуучу Бүткүлдүйнөлүк уюм" деп которулушу керек эле.
Ушу тапта күнү-түнү кулак кужурун алып, күн сайын күргүштөп агып турган эстрада ырларынын дээрлик баарынын сөзү ыр сыягынан кеткен сөздөргө толгон. Ырчылар эмне деп ырдап атканына өздөрү эч кандай маани беришпейт же ырдын мааниси кандай болорун такыр эле түшүнүшпөйт. Болбосо Дөөлөтбаков Самат деген ырчы жигит радиодон: "Эй жаштар, кол көтөрүп чапкыла, баарыңар бийлейли эсиңди жоготкуча..."
Ишен баары болот,
Жан элими, ишенем сага,
Жан жерими, ишенем сага, - деп ырдабайт эле го?
"Жан жерин сүйгөн" ырчынын бул ырын радиодо иштеген редакторлор эфирден кантип кое беришти дегиң келет. Же алар да "жан жерлери" кайда экенин билишпейби? Бул өңдүү маңкурттук оору азыр жаштарды массалык түрдө каптап барат. Өткөндө Ош базарынан шым менен соода кылган жигитке "чийбаркыт шым" деген кандай болорун түшүндүрө албай мээм чагылды.
Маршрутка айдаган кыргыз жигитке:
- Бурулуштан токтоп койчу, кагылайын, - деп аял кайрылып калды эле, айдоочу "бурулуш" деген сөзгө түшүнбөй калды. Жанындагы жардамчысы:
- Повороттон дебейсизби? - деп мадыраят.
- Ошол поворотуңдун кыргызчасы бурулуш болот, - деп аял түшүп кетти.
Тил жөнүндө радиоуктурууну даярдап жүрүп, Бишкектеги кыргыз мектептин 6-классынын окуучусунан:
- Чыкый деген эмне? Билсең чыкыйыңды көрсөтүп берчи? - деп сурадым.
Ал бала да, жанындагылары да "чыкый" деген эмне экенин, "чыкыйы" каерде экенин билбей турду. Бирөө "мына чыкыйым" деп согончогун көрсөттү.
Караңыздарчы, кыргыздын балдары XXI кылымда өздөрүнүн мээси кайсыл жеринде экенин билбей калган күнгө да келип жетиппиз.
Мектептер менен жогорку окуу жайларында кыргыз тилчилер кыргыздын керемет сөзүн үйрөтүүнүн ордуна кургак эрежелерди жаттата берип, балдардын кешигин кедейтип келатышат. Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бири "Чүй проспекти" эмес, "Чуй проспекти" деп жазылып туруп, кийин телибай тентектер "Ч" тамгасын өчүрүп кеткенден кийин "уй проспекти" болуп калды…
Канчалаган чаласабат, кунарсыз которулган, кыргыз тилинен атасынын өчүн алып аткансып келекелеген көрнөк-жарнактар улам жайнап чыгууда. Мамлекеттин жогорку бийлик билермандары тарабынан таңууланган "Натыйжалуу жана ачык-айкын мамлекеттик башкаруу" деген жарнак канча айга чейин салаңдап турду. Дагы бир туристтик көрнөктүн орусчасы "Это окно в мир, путешествуй, бизнеса и отдыха" десе, кыргызчасы "Саякат, эс алуу жана бизнестин жолчусу" деп тамтаңдайт. Тамекини рекламалабайбыз деп кара жанын жегендер алдына калп эле "Саламаттык сактоо министрлиги эскертет" демиш болуп, тактага "Чувство легкости" деп жазып коюшкан. Кыргызча котормосу "Жеңил чегим" деп бышмыят…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ