Кыргыз гезиттер архиви

  Эл кайда көчөт

Өз жерин чанган да кыргыз,
жерге жетпей зарлаган да
кыргыз...

Былтыр "каржы каатчылыгы сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибизге кыйынчылык келтирет. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн. Мындай кырдаалда, мамлекет аларды жумуш орундары менен камсыз кыла алабы?" деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Андан бери көп убакыт өттү. Массалык түрдө агылып келчү адамдардын карааны анчейин байкалбайт. Бөтөн жерде күн кечирип аткан мекендештерибиздин азыркы абалын изилдегенге аракет жасадык.

Жарыгы азайган "жашылбай"
Канткен күндө да экономикалык кризис мигранттарга залакасын тийгизбей койгон жок. Казакстан боюнча эларалык миграция көйгөйүнүн эксперти Елена Садовская BPC сайтына маек куруп, чет жерде оор жумуштарды аткарган кыргызстандыктардын мекенине жөнөткөн салам дубасы өткөн жылдарга салыштырмалуу орточо 20-30%га төмөндөгөнүн билдирген. Төмөндө таблицада көрсөтүлгөндөй, 2008-жылы мигранттардын таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасы мамлекет капчыгын 1 млрд. 211 млн. долларга кампайткан (бул ички дүң продукциянын (ИДП) 35%ын түзөт - Н.К. ). Елена айымдын божомолу төп келсе, быйыл мамказына 300 млн. "жашылбайдан" куру калары турган иш.
Мындан сырткары, эларалык "Замандаш" ассоциациясынын координатору Перизат Суранованын аз мурда тараткан маалыматына ылайык, экономикалык кризистин айынан мигранттардын 20%га жакыны Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон. Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы А.Рыскулованы кепке тартканыбызда, Айгүл айым оюн төмөндөгүчө билдирди:
- Биздин комитет экономикалык кризис миграция агымына таасир этерин, бирок, атуулдарыбыз массалык түрдө өлкөбүзгө кайтпасын билдирген эле. Ушул маселе боюнча Россия өкмөтү менен тыгыз иштештик. Каржы каатчылыгы негизинен Россиянын борбордук бөлүгүнө залакасын тийгизди. Анын айынан мигранттарга каралган квотанын саны кыскарды. Мындан улам, Москвада жумушсуз калган жарандарыбызды башка аймакка ооштуруу жагына көп көңүл бурдук. Жөнөкөй эле бир мисал, 2007-жылы Сахалинде 3500 кыргыз жараны расмий каттоодон өтсө, бүгүнкү күндө алардын саны 20 миңге жетти.
- Айрым маалыматтарга караганда, бөтөн жерде жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашат экен. Сиз буга не дейсиз?
- Бизде калкты каттоо системасы жокко эсе. Чаткал районунан келген адам Бишкекте расмий каттоодон өтпөй эле иштей берет. Андыктан, мигранттардын санын такташ өтө кыйын. Чегара кызматынын статистикалык баяндамасына ылайык, өткөн жылы тогуз миллион киши өлкө аймагына кирип, кайра чыгып кетиптир. Алардын канчасы кайсы мамлекетке кеткени туурасында так маалымат жок.
- 2006-жылдагы статистикага ишенсек, 934 кыргыз жараны орустардын абагында күн кечирип атат. Учурда алардын абалы кандай?
- Россия бийлиги бизге түрмөдө жаткандардын санын айтпайт. Менимче, абакта жаткандардын саны 934 эмес. Москвада чет эл жумушчуларын убактылуу кармоочу жай бар. Быйылкы жылы 300гө чукул адамды азаттыкка чыгардык. Бүгүнкү күндө 24 адам боштондук алуу алдында турат.
- Каржы каатчылыгынын айынан мигранттардын салган акчасы азайдыбы?
- Быйылкы жылдын алты айы боюнча Улуттук банк маалымат бере элек. Жакында Россиянын "Юнистрим" банкы менен келишим түздүк. Ага ылайык, мекендештерибиз үй-бүлөсүнө үстөгү жок акча жөнөтө алышат (мурда банк кызмат көрсөтүү акысына жалпы сумманын 1,5-2,5%ын алып калчу - Н.К. ).
Өткөн жылы "Юнистрим" банкы аркылуу Кыргызстанга 586 млн. доллар которулган. Аталган банктын бизде 200дөн ашуун бөлүмү бар.
Ала допучандардын көбөйүшүнө миграция агымы күнөөлүү
"Коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын тургундары түштүктү "басып" алды…" дегенде оозубуздан көк түтүн буркурайт. Буга миграция агымынын кошкон үлүшү зор экени айтпасак да түшүнүктүү. Маселен, эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү ордолуу Ошко тиешелүү (таблицаны караңыз).
Орто эсеп менен, бөтөн жерде 1 000 000 жараныбыз жүрөт десек, анын жарымынан көбү түштүк аймагына таандык. Мындай темп менен кете берсек, жакынкы аралыкта Түштүктү ала допучан туугандар, тажиктер ээлеп алышы толук ыктымал…
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар
Жогорку Кеңештин 23-январдагы пленардык отурумунда вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева 25 390 этникалык кыргыз (5562 үй-бүлө) кайтып келгенин жарыялаган. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна жайгашыптыр. Өктөмкан айымдын айтымында, келгиндердин 80%ы Тажикстан, 17%ы Өзбекстан жана 3%ы Кытай, Түркия өңдүү мамлекеттерге таандык. Ошондой эле азыр Өзбекстанда 600 миң, акыркы кезде Кытайда 1700-1800, Тажикстанда 55 миңге жакын кандашыбыз жашайт.
Минтип сырттан келгендердин саны арбып баратканда, Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү тарыхый мекенине кайтуусу да күчөп баратат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, 1989-жылы орус улутундагылардын саны 900 миңден ашуун болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 400 миңди чапчыйт. Немец, украин улутундагылардан 80 миң, 26 миң татар, 2,5 миң корей жети атасы мекендеген жерине кайткан.
Биз ям жумуш беребиз
Президент Курманбек Бакиев россиялык "Свободная пресса" гезитине курган маегинде бизде күнүнө 34 миң өзбекстандык адам түрдүү жумуштарды аткарарын билдирген. Кылган эмгеги үчүн 50 сомдон 150 сомго чейин пайда табышарын да жашырган эмес. Аны чотко салсак, күнүнө 34 млн. сом ала допучан акалардын чөнтөгүнө түшөт.
200 миң адамдан "айрылдык", кезекте 1 000 000…
Орус басылмаларынын жазганына ишенсек, акыркы 10 жылда 200 миң кыргызстандык Россиянын атуулдугун алган. Ал эми Миграция комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 100-150 миңдин тегерегинде. Эске салсак, жалпы калктын 20%ы Кыргызстандан кетип, Россия менен Казакстандын жараны аталууну каалашат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Ток этерин айтканда: мигранттардын 43,6%ы элет жерине, 29%ы кичи шаарларга, 25,5%ы Бишкекке жана район борборлоруна таандык. Алардын ичинен 68,5%ын кыргыз, 15,8%ын өзбек, 10,9%ын орус жана 4,8%ын башка улуттун өкүлдөрү түзөт;
"Казахстан сегодня" маалымат агенттигинин кабарлашынча, үстүбүздөгү жылдын беш айында 1333 кыргызстандык атуул Казакстанда мыйзамсыз жүргөн;
үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Россия аймагына 6 млн. мигрант отурукташкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 700-800 миң адамга аз;
саясат таануучу Кусейн Исаевдин айтымында, Манастын 220 урпагы АКШ жараны аталган;
мыйзамды бузгандыгы үчүн өткөн жылы 226 чет өлкөлүк депортацияланган. Келгиндерден алынган айып пул мамказынаны 11,5 млн. сомго толуктаган;
Миграция комитетинин көмөгү астында 7500 кыргызстандык Алматы облусунда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. Ошондой эле 1 735 000 теңгесин өндүрүп берип, 550 адам туулган жерине кайтыптыр;
2008-жылдын тогуз айында 428 100 кыргызстандык Россия аймагына кирип, 324 миңи артка кайткан.