Кыргыз гезиттер архиви

  Жумгалдан жазган арман кат

"Крышалуулардын" шиши толдубу?

Террористтер Ооганстанда же Пакистанда эле го десек, Нарындын Жумгалында да "террорист" бар экен. Аты-жөнү - Кумарбек Болотбеков, Жумгал райондук салык башкармалыгынын начальниги. "Террорист" дебегенде эмне дейбиз, анын кысымына чыдабай башкармалыктын башкы инспектору, алты баланын энеси Бактыгүл Исмаилова, инспектор, үч баланын энеси Мина Стамова экөө нерв оорулуу болуп дарыланып чыгышса, бул башкармалыктын мурдагы жетекчиси Б.Мусаев, бөлүм башчысы М.Мурзакматов, башкы эсепчи К.Шарипов жана жогорудагы эки кызматкер, жеке ишкер Н.Кыдымаева КР президенти К.Бакиевге, Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары С.Жапаровго К.Болотбековдун үстүнөн атайын арыз менен кайрылышып, мамлекеттик кызматкерге сыйбаган шумдук жоруктарын саймедиреп жазышып, чындыктын бар экенине көз жетпей атса. Арыздар редакцияда сакталуу. Биз аларды КР салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Акматбек Келдибековго жолдоону чечтик. Акматбек мырза "коррупция илдети биздин системада кескин түрдө жоюлган" деп аз мурда "Агымдын" түз байланышында авторитеттүү билдирген эле. Мындан ары арыздардын чын-жалганын редакция эмес, өз кызматкерлеринин ызы-чуусун түздөн-түз тиешеси бар жетекчи А.Келдибеков териштирип, "Агымга" жооп берет деп күтөбүз.
Эми сөз башынан болсун. Жумгал райондук мамлекеттик салык инспекциясына 2003-жылы К.Болотбеков катардагы инспектордон начальник болуп дайындалат. Мамкызматкердин этикасына сыйбаган жүрүм-туруму үчүн 2005-жылы орунбасарлыкка төмөндөтүлгөн.
2007-жылы башкармалыктын эмгек жамаатынын жыйынынын токтому менен жамаатка жасаган жоруктары жана иштеги кемчиликтери үчүн кесиптештеринен кечирим сурап, арыз жазып кызматтан бошогон. Анан эмне болду? Ошогездеги КР СЖМК төрагасы Т.Курманбековдун №296 3-августтагы буйругу менен К.Болотбеков кызматтан бошотулат да, кайра ошол буйрук менен аны кызматка коюу Нарын облустук салык башкармалыгына милдеттендирилген. К.Болотбеков конкурстан өтпөстөн кайра Жумгал райондук салык кызматынын инспектору болуп дайындалат. Андан кийин укук боюнча башкы адис болуп конкурс жок кызматка көтөрүлөт. 2008-жылы райондук салык башкармалыгынын штаты өзгөрүп, натыйжада К.Болотбеков начальниктин орунбасары болуп калат. Ал эми 2009-жылдын январында КР СЖМК буйругу менен конкурска катышпай туруп, райондук салык башкармалыгына кайрадан начальник болуп дайындалган. Муну арыз жазгандар мыйзамды тебелегендик деп эсептешет. Себеби, К.Болотбеков КР СЖМК 2008-жылы 20-августтагы №20 буйругу менен пландык көрсөткүчтөрдү аткарбагандыгы жана эмгек жамаатынын ынтымагын кетиргендиги үчүн катуу сөгүш алса, 2008-жылдын 25-ноябрдагы №118 буйрук менен кызматын аткара албагандыгы, салык төлөмдөрүн жыйнай албаганы үчүн кызматына шайкеш келбейт деп эскертүү алган. КР Мамкызмат боюнча агенттиктин ушундай мыйзам бузуулар боюнча катын КР СЖМК жетекчилери тоготуп коюшкан эмес. Тескерисинче, К.Болотбековду аттестациядан өткөрбөй турушуп, "биринчи даражадагы кеңешчи" наамын да 2009-жылдын 27-апрелинде беришкен. Чыгыш региондор аралык башкармалыгынын 2008-жылдын 13-августта №54-Д буйругу менен К.Болотбековду иштен бошотуу боюнча КР СЖМКне жазган сунушу суу кечкен эмес. Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамда мурдагы жазалар алынмайынча кызматкер жогорку кызматка көтөрүлбөйт деген мыйзам беренеси мындайда эмне болот?
К.Болотбековдун ишин текшерүүгө келишкен КР СЖМК кызматкерлери М.Кооманов, Ш.Кияшев эмне үчүн арыз жазасыңар деп кызматкерлерди коркутуп, К.Болотбеков алардын чөнтөгүнө салып берген "бирдемесине" көңүлү ток кайра кайтышкан дешет арыз ээлери. Бул экөө кеткен соң К.Болотбеков "кана, эмне кылып алдыңар, алар 500 эле долларлыктар" деп тигилерди жамандап, кызматкерлерин шакаба чеккени арызда айтылат. Болотбеков үч кызматкерди иштен кетүүгө аргасыз кылып, бирөөнү коркутуп арыз жаздырса, дагы экөөнү кеткендердин куйруктары деп куугунтуктоодо. Деги эле К.Болотбековдун жоруктары жөнүндө жазса, кагаз түтө турган эмес. Менин "крышам" бар, бардыгын колго алып койгом деген дымак анда күч дешет.
Урматтуу Акматбек Келдибекович! Президент сизге ишенгендиктен азыркы кызматка койгон деп түшүнөбүз. Бирок К.Болотбеков сизди жаманатты кылып, арызыңар суу кечпейт, кайда жазсаңар да тостурам, А.Келдибеков акчасын алган, ал үчүн аялым банктан 200 миң сом ссуда алган, аны мен жабышым керек дегенине татыктуу жооп берет деп күтөбүз. Ал эми К.Болотбековдун баласынын өкүл атасы болгон Бишкектеги юракадемиянын ректору К.Керезбеков жакындык карым-катышы болсо ага ишти аралаштырбаса жакшы болор эле.
Булардын чындыгына жүз пайыз кепилдик бере албайбыз. Бирок жогорудагы кызматкерлердин чырылдаганына караганда, мындай чыр жөн жерден чыккан жок. Акыйкат териштирүү болот деп күтө туралы. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик, Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттик да бул ишти дыкат изилдеп, жыйынтыгын "Агымга" билдирет деп күтөбүз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




"Атамбаевдин кайрылуусун окугула"
- Бакыт Жолчубекович, сиз Алмазбек Атамбаев мас абалында эл алдында чыккан эмес деп "Азаттыкка" билдирдиңиз. Ал кишинин мас экени теледен ачык эле көрүнбөдүбү. Буга кандай дейсиз?
Бакыт Бешимов,
КСДП фракция лидери:
- Бул боюнча мен эч нерсе айта албайм. Кечээ маалымат булактарына Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу чыкты. Ошондо бардыгы жетишерлик жазылган. Ошону окуу жетиштүү болот.
"Өзгөрүлгөн адамда кайдагы принцип?"
- Исмаил Исаков парламентти принципсиз парламент атады. Чынында эле ушундайбы?
Кубанычбек Исабеков,
ЖК вице-спикери:
- Муну ким айтса да жарашар эле, бирок Исмаил Исаков эмес. Биринчиден, Америка базасы киришине кол көтөргөндөрдүн бири ошол. Ошо кишинин убагында ратификацияланган. Үчүнчүдөн, ал Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Мен бул кишини офицер катары сыйлачумун. ШКУ саммитине төрт-беш күн калганда "мен сырткы, ички саясатта президент менен макул эмесмин" деп официалдуу билдирүү кылып, өлкөнү таштап койгону туура эмес. Бул мындайча айтканда, "предательство". Ошол иши үчүн бул кишини көп сыйлай албайм. Мен ал кишинин өзүнө суроо берет элем. Эмне үчүн ошол Акаевдин, Исаковдун учурунда база үчүн 2 млн. доллар эле төлөнүп келген? Кийин Бакиев маселе коюп атып, аны 17 миллионго чыгарды. Азыр база бизге 60 млн. доллар төлөгөнү жатат. Бул сумма азыркы дүйнөлүк кризис маалында чоң акча. Токтотуучу жай курганга каражатты америкалыктар чыгарды. Кийин ал өлкөбүздө калат. Жумуш орундары түзүлүп атат. Мындан сырткары, АКШ бизге 10 млн. доллар кайтарымсыз каражат берип жатат. Бул жаманбы? Экинчиден, Исаков депутат кезинде "Коргоо министринин байланышчылары менин кабинетиме "жучок" коюптур, булар кетсин!" деп чыккан. Качан өзү Коргоо министри болду, баарын унутту. Министрликтин байланышчыларын ЖК имаратынан чыгарбайм деп чыкты. Президент чыгарсын десе, "мало ли он сказал" деп менин жеке өзүмө айткан. Ушинтип өзгөрүлгөн адамда кайдагы принцип?
"Ишибизди текшергендерди туура түшүнөбүз"
- Жакында Атамбаевдин шайлоо штабынын юристи Галина Скрипкина БШК Атамбаевдин үгүт иштерине ачык эле бут тосуп жаткандыгын билдирди. Бул чынбы?
Дамир Лисовский,
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
- Биринчиден, биз алардан бул тууралуу эч кандай билдирүү алган эмеспиз. Кечээ араң Биринчимай райондук сотунан бул маселе саат экиде каралары тууралуу билдирүү кагазын алдык. Экинчиден, БШК туура, мыйзам чегинде иш кылып жатат. Шайлоо Кодексинин 11-статьясынын 3-беренеси боюнча облустук шайлоо комиссиясы райондук комиссияны, а райондук комиссия аймактык комиссияны түзөт. Ушул эле статьянын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жаңы комиссиянын түзүлгөн күнүнөн баштап токтотулат деп көрсөтүлгөн. Ушул себептен жана мамлекеттин шайлоо комиссияларынын ишин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн БШК жаңы дайындоолорду шайлоонун аягына жылдырган. БШК 2009-жылы 1-апрелде бул боюнча токтом да чыгарган. Ал токтомдо БШК облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары добуш берүү күнүндө аяктайт деп жазылган. Анын үстүнө шайлоо комиссияларынын иши кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгондо, алар тарабынан талапкерлердин, жарандардын укугу тебеленгенде токтотулушу мүмкүн. Андыктан талапкерлердин бардыгынын активдүүлүгүн кош колдоп кубаттап, алардын өкүлдөрүнүн биздин ар бир ишибиздин, чечимдерибиздин мыйзамдуулугун текшерүүсүн туура кабыл алабыз.
Мелис Совет уулу