Кыргыз гезиттер архиви

  Баңгимания

Алдуулар алсызды дайыма пайдаланат
Баңгиликке жана баңги бизнесине каршы бардык өлкөлөр күрөш жүргүзөт. Бул үчүн өтө оор жазалар каралган. Ошого карабай баңгизат соодасы менен алектенгендердин катары көбөйүп, баңгилердин саны арбып барат. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча Ооганстанда 3,5 млн. киши көкнар өстүрүү менен алектенет. Бул жалпы калктын 14,3 пайызын түзөт. Азыр Ооганстанда бир миллионго жакын баңги бар. Эгер 1996-жылы өлкөдө 57 миң гектар жерге көкнар айдалса азыркы күндө анын аянты193 миң гектардан ашуун. Мындан оогандыктар 4 млрд.доллардан ашуун киреше алат. Бул ИДПнын 53 пайызын түзөт.


Эгер Ооганстанда 1993-жылы 685 тонна баңгизат өндүрүлсө, 1999-жылы бул көрсөткүч 4 миң тоннага, ал эми 2008-жылы 8 миң тоннадан ашып кеткен. (Бул цифралар БУУ жарыялаган маалыматтардан алынды). Көрүнүп тургандай, АКШ аскерлери киргенден кийин Ооганстанда баңгизаттын көлөмү эки эсеге өскөн. 2001-жылы 11-сентябрдагы террордон кийин Америка Ооганстанга кирүүдө террорчуларды талкалоо, баңгизат соодасын ооздуктоо сыяктуу аракеттерди башкы максат катары койгону маалым. Бирок кырдаал теңирден тескери кетип, баңгизат менен кошо террористтердин саны эки эсеге өскөн. Болбосо Буштун администрациясы бир эле Ооганстанда баңгизатты азайтуу үчүн 3 миллиард долларга жакын акча сарптаган. Анан дагы АКШ чыгыштагы саясый аракеттеринин баарын Ооганстандагы абалды турукташтырууга шылтап келет.
Эгер Кыргызстан баңгизат ташуунун башкы жолдорунун биринде турганын эске алсак, абал өтө эле кооптуу. Анткени Кыргызстан аркылуу баңгизат бүтүндөй Казакстанга, Казакстан аркылуу Россияга, Россия аркылуу Европа өлкөлөрүнө таралат. Баңгизат соодасы эң бир кирешелүү бизнес болгондуктан, мында өтө кудуреттүү кишилердин кызыкчылыгы жатат. Анын үстүнө Европага таралган героиндин 100 пайызы Ооганстанда жасалган. Баңгизатты карапайым кишилер ташыбайт. Жанагы бир аз өлчөмдө героин, нашаа ж.б. наркозаттар менен колго түшкөндөр көртириликтин айынан мажбур болгон шордуулар. Анан да ондогон тонна баңгизаттарды Ооганстан менен Тажикстандын, Кыргызстандын бийик тоолорунан наркочабармандар жонуна көтөрүп ташыйт деген жөө жомок.
Уюшкан кылмыштуулуктун каржы булактарынын 70 пайызы баңгизат соодасынан келип түшөрү белгилүү. Ошондуктан баңгизат жолунун сакталышына көптөгөн күчтөр кызыкдар. Керек болсо Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө абалды өзгөртүп коюшары мүмкүн. Муну көзөмөлдү канчалык күчөтсөк, ошончолук бат сезебиз.
Кыргызстанда баңги соодасын көзөмөлдөө агенттигинин маалыматына ылайык, 2009-жылдын биринчи жарымында жалпысынан 625 кило баңгизат кармалса, анын 165 килосу героин, 120 килосу апийим. Бул эми колго түшкөндөгүсү. Ал эми колго түшпөй канча өлчөмдө өтүп жатканы эч кимге маалым эмес. 2008-жылдын октябрында Сибирден 41 жаштагы Кыргызстандын жараны 162 кило героин менен кармалган. Ал баңгизаттын оор түрүнө кирген героинди 34 контейнерге бөлүп жашырган. Баңги соодасын көзөмөлдөө агенттигинин директору Б.Ногойбаевдин айтуусуна караганда, Кыргызстанда жыл сайын 5 тоннага жакын героин жүгүртүлөт. Героин Европа өлкөлөрүнө жеткенде анын килосу 40 миң долларга бааланат. Акчаңды накта берип жалынып-жалбарып алып кете турган товар жападан жалгыз баңгизат. Алтындын соодасы да мынчалык кызуу жүрбөйт.
Бир жолку доза үчүн кишилер байлыгына, мансабына жадагалса алтынына кайыл болуп ак түстөгү өлүм үчүн безип кетет. Заматта акча табуунун жолу да баңгизат соодасы. Буга ээлик кылып көзөмөл жүргүзгөн күчтөр Борбор Азия коопсуздугун уруп да ойнобойт. Бир эле Россиядагы баңгилер жыл сайын 12 тонна героин колдонорун Россиянын баңги соодасын көзөмөлдөө органдары санап чыгышкан. Америкалык күчтөр Ооганстанга киргенден бери апийимди героинге айландыруучу бир да лаборатория же ишканалар жок кылынган эмес. Ооганстанда алардын саны 400дөн ашуун. Бирок күрөшүп жатабыз деген отчетту жыл сайын америкалык тарап да жарыялап келет.
2000-жылдардын башында кайсы бир кыргыз чиновниги баңгизат соодасы менен күрөшүү пайдасыз экенин айтып, Ооганстанда көкнар бышкан мезгилде Ооган дыйкандарынан толук сатып алып, ошол жерде өрттөп таштоо сунушун кийирген эле. Тилекке каршы, бул ой колдоо тапкан жок.
Бир сөз менен айтканда, баңгизат соодасынын убайын көргөндөр баңгизат жолундагы мамлекеттер азыркы абалында калышы үчүн болгон күчүн жумшайт. Анткени алар үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Сыягы тоскоолдук деле жок окшойт. Азырынча тонналап өтүп жаткан героиндин бир аз гана бөлүгү кармалууда. Аны кимдер ташып жатат, кайсы вокзал, кайсы аэропорттон деген сыяктуу суроолорго шектенүү болгон менен жооп жок. Ал эми баңгилик - бул үй-бүлөнүн бузулушу, түрмө, СПИД дарты, ажал. Ошону менен бирге эле кычыраган пачке-пачке сөлкөбайлар, миллиондун кайгысынан жаралган байлык. Ошондуктан Ооганстандын азыркыдай апийим өстүрүп, аймагында террористтердин аракеттенип турушу кимдир бирөөгө, кайсы бир өлкөлөргө сөзсүз керек. Болбосо, оогандыктар жакшы жашоону кантип эле каалабасын.
Келдибек НАЗИРОВ




  Оң көзүң өпсөм сол көзүң калат...

"База балансты сактайт"
"Манас" абамайданындагы америкалык авиабазанын жаңы келишим менен калышы саясый серепчилер тарабынан ар кандай бааланууда. Бул тууралуу саясат таануучу, Кыргыз-славян университетинин алдындагы стратегиялык анализдөө жана божомолдоо институтунун илимий кызматкери Наргиза МУРАТАЛИЕВА менен пикир алыштык.
- Америкалыктар базанын калышы үчүн катуу аракеттеништи. Ооганстандагы абалды турукташтыруудан сырткары башка кандай кызыкчылык бар?
- Ооган президенти Хамид Карзай базанын сакталышы Ооганстан үчүн деп суранды. Ал эми россиялык саясат таануучулар АКШ биздин ички саясатыбызда кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуубузга таасир берүү үчүн турат деген ойду айтат. Кытай бул база геосаясый максатта жайланышты деп эсептейт. Ошондуктан,
АКШнын Ооганстанда коопсуздук менен бирге геосаясый кызыкчылыгы сөзсүз бар. Демек, кош кырдуу максат жатат.
- Жаңы келишимдин артыкчылыгы эмнеде?
- Муну менен базанын форматы өзгөрдү. Кызматкерлер дипломатиялык кол тийгис укугунан ажырады. Бул жерде жаңы келишим Кыргызстан үчүн да керек. Мисалы, Ивановдун өлүмү боюнча болгон окуяда дипломатиялык колтийбестиктин айынан америкалык кызматкерге чара көрө албадык. Мындан башка окуялар деле Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген эмес.
Экинчиден, Тышкы иштер министрине ишенсек, мындан ары америкалыктардын аскер учактары "Манас" абамайданына конбойт. Аскердик жүктөр ташылбайт. Эгер чындыгында эле гуманитардык багыттагы жүктөр ташылса, Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга чоң салым кошкон болот. Бирок маселе жүктөргө көзөмөл жүргүзүүдө болуп жатат. Эгер кыргыз тарап бардык жүктөрдү көзөмөл кылуу укугуна ээ болсо, маселе ойдогудай болмок.
- Эми Россия жөнүндө сөз кылсак. Азыр Россия тарап убада кылган Камбарата-1 ГЭСине берилчү 2 млрд. доллардын тегерегинде даргүмөн ойлор көп. Айтылган сумманы Россия бербей коюшу мүмкүнбү?
- Кыргызстан ШКУ, ОДКБ, сыяктуу эларалык уюмдарга мүчө. Ошондуктан америкалык база сыяктуу маселелерди алар менен кеңешпей туруп чечсе туура болбой калат. Бул жерде сүйлөшүүлөр жүргөн. Маселени чечүүдө Россиянын пикири сөзсүз эске алынган. Бул боюнча Россия президенти Д.Медведев Африка өлкөлөрүндө жүргөндө база Ооганстанды турукташтыруу үчүн керек, чечим кабыл алуу Кыргызстандын эгемендүү укугу деп билдирди.
- Бирок россиялык саясатчылар Кыргызстан кош саясат жүргүзүп, соодалашып жатат деген ойду айтышты. Сиз буга кандай карайсыз?
- Биз дүйнөдөгү дөө-шаа өлкөлөр болгон Кытай, Америка, Россиянын ортосунда геосаясый жактан алып караганда туура эле иш кылдык деп ойлойм. Анткени бул жерде күчтөрдүн балансы сакталды. Түпкүлүгүндө алып карасак, эгемендүү өлкөдө бир да мамлекеттин базасы болбоого тийиш эле. Бирок болуп калды. Муну менен келишпөөгө азыр арга жок. Эгер АКШ базасы чыгып кеткенде, биз Кытай менен Россиянын көз кырында калмакпыз. Бул жерде Кытай артыкчылыкка ээ болмок. Ошондуктан авиабазанын калышы биздеги күчтөрдүн тең салмактуулугун сактап турат. Анүстүнө АКШ биздин батыштагы өнөктөш болуп кала берүүгө тийиш.
- Мындай болсо Кытайдын деле аскердик базасын Нарынга жайгаштырсак болот беле?
- Кытай аскердик базасын башка өлкөлөрдө болушун каалабайт. Деги эле Кытай башка цивилизациядагы эл. Ага караганда биз орусча сүйлөп, 70 жыл бир өлкөдө жашап Россияга жакынбыз. Америка демократиялык баалуулуктары менен бизге жакын.
Жаңы келишим боюнча коңшу өлкөлөрдөн да терс реакция болот деп ойлобойм. Буга анчалык чуу түшүүнүн кереги жок. Ооганстандагы абалды турукташтырууга баары кызыкдар. Азыр буга Россия да кийлигишет. Биз дагы Бишкекте сүйлөшүү уюштуралы деп жатабыз. Бирок баарын убакыт көрсөтөт. Анткени ар убак көтөрүлгөн демилгелер ишке ашпай келатпайбы.
Келдибек НАЗИРОВ