Кыргыз гезиттер архиви

  Жаназык

Ичте от.
Колдо комуз. Көмөкөйдө обон
"Улуу көч" деп аталган күүсү бар. Балким, ошол күүгө тартылган клип болбогондо бул адамдын дүйнөсүнө баш багалбай калмактырмын. Мындай улуу көчтөн, улуу сөздөн обон салып, күү чалган инсандын жандүйнөсүн каккылагым келди. Учурда Асылбек НАСИРДИНОВ Арсен Өмүралиев атындагы театрдын алдындагы "Саамал" ансамблинин көркөм жетекчиси. Ашыралы Айталиев, Асанкан Жумакматовдон сабак алган.


Талант шарапаты
… Бир топ ансамблдерде иштеп жүрдүм. "Ордо сахна", "Теңир тоо", "Камбаркан" өңдүү жакшы мектептерден өттүм. Окууну аяктаган соң "Теңир тоо" курамында болгом. Чет өлкөгө чыгып, Европаны бүт кыдырдым, Америка, Японияга барып келдим. Нью-Йорктогу Карнеги холлдо бир жума, Лондондо борбордук китепкана, Колизейде комуз ойнодум.
Чыйыр…
Чыгармачылык чыйыр мага Асанкан ЖУМАКМАТОВдун мектебинде салынды. 5-класста окуп жүргөндө республикалык кароодо 1-орунду алган элем. Ал киши мени ошол жерде көрүптүр. Мектептеги агайым эртеси күнү Асанкан ага менен жолуктурду. Дагы бир ырчы кыз менен мени өз мектебине киргизди. Симфониялык оркестрде солист болуп жүрдүм. Гастролго көп чыктык. Алгач ирет ал кишинин мектебинин курамында Ош жаңжалынан кийин ушул шаарга баргам. Ош драма театрында достук концерти өтүп, ага анда Ислам Каримов, мурдагы президент Аскар Акаев да катышкан эле. Асанкан аганын оркестринде чоңойгончо ойноп жүрдүм. Ири оркестрде кичине бала комузда ойноп турса, көрүнүшү кызык эмеспи.
Ашыкенин сабактары
Шубин атындагы музыкалык мектепте окуп жүргөндө Ашыралы Айталиевден сабак алчумун. Санат-насыят ырларын үйрөндүм. Дал ушул санат ырлар боюнча республикалык кароо сынакта 3-орунга да ээ болгом. Ашыралы аганын сабак өткөнү сонун болчу. Өздөрү окубагандыктан, сабак өтүүнүн эрежелерин билбесе деле керек. Улуу акындар менен бирге жүргөнүн, гастролдогонун, кандай адамдар болгонун айтып берчү. Аларды ээрчип жүргөндө өзү кичине бала экен. Майда-барат жумуштарын жасап, кийимдерин үтүктөп, чайын демдеп, комуз кылдарын тагып берип, аксакалдарга колкабыш кылчу экен. Ашыралы атанын сабагы башкалардыкындай бир саат эмес, жарыкта кирип, караңгыда чыгасың. Үйгө кетип баратканда бир китепти окуп кел, эмкиде ырдап берем деп койчу. 44 кабинет эле Ашыкеники. Класста гүл көп болчу. Сонун гүлдөр эле. Ал киши насыбай атчу. Анысын гүлгө түкүрө берчү экен. Анан ошол гүлдүн баары соолуп калган эле. А бирок, ал кишинин сабагы сабакта отургандай эмес болчу. Айылдагы эле бир аксакал. Элдик артист деп кабылдабайсың, жакшы көргөн чоң ата, таяталар болот эмеспи, ошолор сымал эле. Акыл үйрөтчү да эмес. "Карагул ботомду" да атайын үйрөнгөн эмес экен ал киши. Гастролдон суранып калышат. Ал киши сюжетин элестеп туруп эле төкмөлүккө салып ырдап берип коюптур. Ушундай айткандары эле мага чоң сабак болчу.
Асанкан аксакал Сталиндин колун кармаган
Жолуңда кезиккен же чогуу жүрүп калган адамдан өзүңө керектүү нерселерди ала жүрсөң, өзүңө сиңире билсең, анын чагылышын зарыл жерде көргөзө билсең, бул чоң олжо экен. Эгер азыр чыгармачылыгымда бир ийгилик жаралса, Асанкан аксакал, Ашыкем өңдүү адамдардын тарбиясы, сөздөрү, жасаган иштери, жоруктары, айтор, ал адамдардын чоң таасири бар. Өзүмчө Ашыке накта кыргыз, ал эми Асанкан аксакал "орус" болчу деп коем. Ал киши балдар үйүндө орустар менен аралаш өсүп калган. Бирок ал киши да кыргызчылыкты унуткан эмес. Бир оркестрдеги көп кишини баш ийдирип, музыка ойнотуш оңой эмес. Ошого татып жүрчү бул киши. Ал да көп нерселерди айтып берчү бизге. Балдар үйүндө өсүп, Сталиндин колун кармаганын, ж.б. Балдар үйүндө ал киши барабан чертчү. Катарда ойноп турса, Сталин өтүп баратып ошончо баланын арасынан Асанкан аганын колун кармаган экен. "Ушундай киши колумдан кармаганынан балким, дирижер болуп калдым" деп калчу. Ал убакта Сталин деген кудай болчу. Бекер кармаган жок, чоң киши болом деген бир ишеним жанган болсо керек Асанкан аксакалда деп ойлоп калам кээде.
Чоор баяны
Чоорду "Ордо сахнага" келгенде биринчи жолу көргөм. Үнү жакты. Өзүм комузда гана ойночумун агезде. Ойногон балдардан үйрөнүп, Улуттук консерваторияны дал ушул чоор боюнча бүттүм. Чоорго берилип, комузчулук калып кеттиби деп чочулай комузду да колго ала калам. Устачылыгым, кыяк, чоор, комузда ойноп, театрда коюлчу оюндарга партитура жазам. Кээде бири озуп кетсе, бири аз-маз аксап калат экен. Учурда кыргыз музыкасына киргизген саамалыгым - чопо чоор мүмкүнчүлүгүн кеңейткеним болду. Мурда бир октавалык болсо, мен жакындан бери 1.5 октавалык жасадым. Устачылык жактан жаңылыгым ошол. Консерваторияда окуп жүргөндөн тарта чоор жасай баштадым. Алгач жыгач ооз комуз, чогойно чоор, сыбызгы чоор, анан гана чопо чоор жасоого өттүм. Профессионал чоор жасаш татаал иш. Мындай чоор чопонун камыр менен пластилиндин ортосундагыдай массага жеткенде гана жасалат. Суу кезинде башка нотада болсо, кургаган соң өз калыбын өзгөртүп жиберет. Бышырылгандан кийин чертип көрүп, үнүн калыбына келтирип, анан гана колдоносуң. Чоор боюнча мугалимим КР эмгек сиңирген артисти Нурлан Нышанов. Көп кеңешип, сабагын алдым. Бирок, ар бир устанын өзгөчөлүгү болот. Сыры болот. Уста ал сырды эч качан толук ачпайт. Ошол себептен, шакирттин устатынан сабак алышы өз дээри менен коштолот. Кеңешин, багытын айтып берет. Бул агай да көп кырдуу музыкант.
Кыргыздын бир кыйындыгы
Жыгач ооз комуз кагып, өзүм да жасайм. Алтайлыктар көмөкөйү менен ырдашат эмеспи, жыгач ооз комуз ошонун башаты деп ойлойм. Ал да көмөкөйдөн чыгат. Профессионалдык ансамблдер, балдар музыкалык мектептери заказ кылышат. Ар бир жасаган музыкалык аспапта ойной билүүм зарыл. Мисалы, комуз чапкан адамдар чертпей деле кетире берсе болот. Ал эми чоор андай эмес. Анда ар бир тешиги өз ордунда жана өз өлчөмүндө болууга тийиш. Кээ бир музыканттардын колдору жоон, же тескерисинче, ичке. Алар атайын өзүнчө заказ беришет. Кичинекей мамлекет болсок да, башкаларга өнөр, чыгармачылык менен теңдеше же алардан аша алабыз. Кичинекей эле бир мисал, учурда казак ансамблдери да чоорду биздикилерге заказ кылып жасатышат. Усталары болгону менен алар музыкант эмес, ошол себептен ойдогудай чыкпай калат экен.
Жаныбарга жазылган обон
Популярдуу ырчылардын аранжировкасына да көмөк көрсөтөм. "Саамал" ансамблине жетекчи болгондон кийин программа түзүп, жаңылап, партитура жазып турушум керек. Бир ирет Бишкек шаардык театры "Кожо Насирдинди" коймок болуп, режиссер мага беш түрдүү эшектин бийи үчүн ылайык музыка жазууну тапшырды. Ага чейин жаныбарларга жазып көрө элек элем. Атайын жазып келген музыкамды жаратпай койду. Анан жөн эле эки-үч вариантты жазып койсок, режиссерго жагып калды. Анан ошентип беш түрдүү музыка жараткам. Кээде өзүмдүн ичим чыкпай калган чыгармам башкаларга жагып калат. Табиттин ар түрдүүлүгү да.
Өнөр изин салып…
Айылдын турмушун бир жылда эки ай гана көрчүмүн. Бирок, бала кезден комуз менен өстүм. Канчалык тарбия башкача болбосун, канда бар да, баары бир комуздун үнүн жакшы көрөсүң. Кыргыздын музыкасын көбүрөөк угасың. Мисалы заманбап ырларда деле комуз коштолуп кетсе, ал ыр көбүрөөк жүрөктөрдөн түнөк табат. Менде да ошол. Ал дайым оталдырып, түрткү берип турат. Композитордук да жайым бар. Чоор музыкасына совет убагында көп көңүл бурулбай, репертуар өтө жарды. Ушул жагдайды оңдоюн деп аракет кылып атам. Күү чыгарып, репертуарын кеңейтүүгө салым кошсомбу деп жүрөм.
Жазып алган Айнагүл САПАРБЕК кызы