Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

П-808. Эй, теңирчилер! Диниңерди тааныбай мусулмандар менен тытышып атканыңарда жамбаштан бир чабандес чыгып, кыргызды, жерибизди кошо бөктөрө качпасын. Караш Насер.
П-809. Кайрат Примбердиев, үнүң аябай өзгөчөлүгү менен жагат мага. Бирок, болбогон эле ырларга эмне үчүн үнүңдү тебелетесиң. "Батыш бийин бийле, чыгыш бийин бийле..." деген да ыр болобу? Үнүңдү мынча кор кылбасаң боло. Канышай.
П-810. Саматбекова Чынара апабызды 1-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Ар убак жакшы маанайда көңүлүңүз жайдары болуп жүрө бериңиз. Биз сизди жакшы көрөбүз. Байзак, Медер.
П-811. Улуу урматтуу калайык калк! Не десек дагы К.Бакиев ажо болоруна 60% кепилдик берем. Кошоматчылык эмес, амалдуу Акаев он беш жылда ойлоп да койбогон нерселерди Бакиев төрт жылда ишке ашырып койду. Ошондой болсо да Бакиевдин кадр саясатында кетирген кемчиликтери аябай көп. Талапкерден Т.Сариев мырза татыктуу деп ойлойм. 2015-жылы Сариев ажо болуп калышы мүмкүн. Президентибиз кандай болот деп иренжибей, Т.Сариевди тезинен премьер-министр кылса абдан туура болмок. А-то Чудинов чудо чыгара албай калды. Р.К.Дада.
П-812. Мотуев тур лакылдап, Бакиев тур бакылдап, / А Алмазчик дем күчүн, арак менен бекемдейт. / Ак шумкарын колго алып, Темир болсо чепеңдейт, / А башкалар негедир, эл кыдырбай кечеңдейт. / Деги кимди шайлайбыз, баары баркка жетем дейт. Саманчик.
П-813. Жамыш жезде, Сагипа эже, сиздерди алдыда боло турган кыз узатуу тоюңар менен куттуктайбыз. Айзада барган жеринен баар таап, бактылуу болсун. Байкең Черик, жеңең Ажар, сиңдиңер Нургүл, Нурай.
П-814. Максат, Айзада, куш бооңор бек болсун! Жаңы турмуш жолуна аттанып атасыңар, алдыдагы жолуңар даңгыр болсун. Бактылуу болгула! Таежең Нургүл.
П-815. Сынылык Гүлмира, сизди бир жигит издеп жүрөт. 0777 00***** телефонун редакциядан аласыз. Адилет.
П-816. Шайлоо болот деп атып элди унутуп калышты. Бирөө-жарымы угузуп коюшса боло, кыш кандай болот? Быйыл тезек теребизби, свет өчөбү, же жаңы президент суук кабарды өзү угузабы? Мамбетов А.
П-817. Анжелика, үй-бүлөлүү экениңди билем. Бирок мен сени чын дилимден сүйөрүмдү жашырбайм. Күнү-түнү сени ойлоп, ырларыңды телерадиодон уккан сайын жүрөгүм сыгылат. Мени бул сүйүү акыл-эстен тандырат окшойт. Сен катышкан концерттерден калбайм. Акыркы кезде кайсыл тойго барарыңды да аңдып, угуп калсам эптеп ага баруунун амалын издей баштайм. Эми кантем, секетим! Мирлан.
П-818. Же жаштыкпы, же сүйүүбү билбеймин,/ Жалжылдаган көзүңүздү издеймин./ Жанып турат көңүлүмдө улуу от,/ Жан дилимден жалгыз гана сиз деймин./ Үндөп мени келеби деп кокустан,/ Үмүт артып тереземди тиктеймин. Алина, КМУнун студенти.
П-819. Министр Акылбек Жапаров мырза, патриоттук идеяңызды иш жүзүнө ашырыңыз. Колдойбуз. Караш Насер.
П-820. Мотуев мырза кокус ажо болбой калса, анда Коргоо министри кылып койсоңор жакшы болот эле. Коррупционерлерди кармап алып штраф-батальон түзүп, чегара кайтартса, Кыргызстанга чычкан да өтө алмак эмес. Бирок корком, жанагы кыялы менен Кытайга согуш ачып жибереби деп. Алмаз.
П-821. Салам! "Адабий ишмердүүлүк" группасы! Силер кай жакта, эмне ишмердүүлүк кылып жүрөсүңөр? Баарыңарды сагындым. Келгиле жолугалы. Элчибай.
П-822. Назаралиевдин Мотуев менен теледебатка чыкпай койгону эле жакшы болду. Кокус чыгып калса Жеңишбек мырза элди дарылабай эле өзү ичип кетмек. Самат.
П-823. КСДПга эмне болду, бир-бирден тарай башташты го? Аларды бийлик таратып жатабы же дагы башка себеби барбы? Мен парламенттик шайлоодо ушул партияга добуш бердим эле. Бекер кылган экем. Асия.
П-824. Мурунку Ганси азыр жаңы келишим менен 60 млн.доллар берет экен деген имиштер бар. Ошонун беш миллионун элге бөлүп беришпейби. Биз митинг-пикет дегенди такыр унутат элек. Президент ким болсо ал болсун, негрди коюп алса да тынчыйт элек. Алмаз.
П-825. Билбейм деги кандай күнгө кабылгам, / Көрсөм эле жүрөк туйлап канымдан. / Мен чүрөккө жетпей жүрсөм зарланып, / А бир пери карааныма кагылган. Эркин Жаныбеков.
П-826. Ошко, Жалал-Абадга кирип келген боевиктерди жөн эле атып өлтүрө бербей, тирүүлөй кармап Камбарата ГЭСине алып барып иштетпейсиңерби? Кремлди деле зектер, боевиктер курушпады беле, же өзбектерде пленде жаткан кыргыздарга алмашпайсыңарбы? Самат.
П-827. Алыскы Кочкор районунун Комсомол айылынын жашоочусу, өмүр бою медицина тармагында эмгектенип, айылыбыздагы далай балдарга киндик эне болгон апабыз Калмамбетова Кайырбүбүнү июль айындагы дарыгерлер майрамы менен куттуктайбыз. Апа, сизге балпайган карылык каалайбыз жана биздин маңдайыбызда ар дайым аман болуп оорубай жүрүңүз. Уул-кыздарыңыз.
П-828. Бишкек мэри Нариман Түлеев, борборубузду көрктөндүрүп, жашылдандырганы бир тең, ал эми таштандылардын төгүлбөй үйүлүп жаткандары бир тең болууда. Таштандыларды өз убагында тазалаганга көңүл бөлүп койсоңуз. Надыр.
П-829. Бостери айылынын тургундары чоң атам Жумаалы, чоң энем Тилек, таенем Күлүйпага жана бардык туугандарыма ысык салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм, аябай сагындым. Эч оорубай аман-эсен жүргүлө деп Бишкектен Бегимай.
П-830. Көлмө конушунун жашоочуларына салам жана Көлмөнү 20 жашка чыгышы менен куттуктайм. Анара-89.
П-831. Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылынын тургундарына жана Эгеевдерге жалындуу ысык салам! Мило.
П-832. Алтыным, Мээрим, 20 жашың куттуу болсун! Адам болуп бул дүйнөгө жаралганың,/ Жашоодо ата-энеңдин ак сүтүн актагының./ Өмүр бою өчпөс болуп жанганың,/ Балбылдап жылдыз сымал асмандагы. Досуң Бегимай.
П-833. Түйшүгүн элге арнаган, / Талабын доордун аңдаган. / Сыртым - карт, ичим - жалын жаш, / Ырдабай тура албаган!.. Эркин Жаныбеков.
П-834. Нурлан Мотуев "мени президент кылып шайласаңар эң аз айлык акы он миң сом болот" дейт. Анда Кудай буюруп Мотуев президент болуп калса, биз да ставканы бир сомдон он сомго көтөрөбүз. Кайырчы.
П-835. Алмазбек Атамбаев Кокон ханы Полотхандын миң башысы болгон адамдын тукумунанмын дейт. А мен Бухаранын эмирине аталык болгон Данияр бектин тукумунанмын. Экөөбүз ушуну Каримовго барып айтсак, "э-эй, мен Амир Темирдин тукумунанмын" деп сизди Коконго, мени Бухарага аким кылып дайындап коет. Анан экөөбүз жыргап жашай беребиз. Кандай дейсиз? Кутубий.
П-836. Күлбө дедиң күлбөдүм,/ Сүйбө дедиң сүйбөдүм./ Күт дедиң күттүм,/ Эми баарынан тажап бүттүм. Көлдөңбай.
П-837. Достор, Ала-Тоо аянтындагы желегибиз эң сонун болуп калды ээ? Карап эле тургуң келет. Жашаңыз Нариман Ташболотович, жана ушунуңуздан жазбаңыз! Бегимай.
Жеңүүчү - Мирлан (П-817), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА