Кыргыз гезиттер архиви

Каалга
- Кыргыз балдары үчүн улуттук китеп же болбосо жомок майрамын өткөрүү зарылдыгы барбы?
Сулайман РЫСБАЕВ, балдар жазуучусу:
- Жаш жеткинчектерди кандай нукта тарбияларыбызды билбей, балдарыбыз чет элдик "рухий инвестицияларга" азгырылып турган чагы. Мындай кырдаалда элдик таалим-тарбия салттарыбыздын, макал-лакаптарыбыздын, жомокторубуздун таасиринде ички дүйнөсүн китеп менен байытып, тарбиялоо максатында балдардын улуттук китеп майрамын жаратуу талапка ылайык. Маселен, 2-апрель Х.Г.Андерсендин туулган күнү дүйнөлүк китеп сүйүүчүлөрдүн майрамы катары эсептелинет. Анан да 1-июнь дүйнөлүк балдарды коргоо күнү саясый майрам. Албетте, бул СССРден калган мурас. Ушуларды эске алганда өзүбүздүн балдарыбыздын рухий майрамы жок сыяктанат. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү балдардын өз алдынча майрамын негиздесе, аны жыл сайын салттуу өткөрүп турса, жеткинчектерге китеп окуу маданиятын кайрадан калыптандырууга зор өбөлгө болор эле. Мен мунун жобосун түзүп, Маданият жана маалымат министрлигине сунуштагам. Бирок, дайын жок.

- Жашоонун жазылбаган мыйзамын бузган жеңилби же жазылганынбы?
Акбаралы КАБАЕВ, ЖК депутаты:
- Жарга такаган суроо экен… Жашоонун жазылбаган мыйзамы дегенде эмнени түшүнөбүз? Менимче, салт-санаа, үй-бүлө куруу, дос-душман күтүү өңдүү күнүмдүк турмушубузда кездешүүчү көрүнүштөр жашоонун жазылбаган мыйзамына кирет. Маселен, достуктун шертин бузган адам сот алдында жоопко тартылбайт. Өз абийиринин алдында гана жооп берет. Ага салыштырмалуу, депутаттар тарабынан кабыл алынган расмий мыйзамды бузсаң, белгилүү өлчөмдө жазага кириптер болосуң. Ушул экөөнү тең салмактай билсең, ийгилик ташы сен тарапка оошуна бөркүңдөй ишен.


- Кыялдар орундалышы үчүн эң биринчи кезекте эмне керек?
Тынчтыкбек КОЖОБЕКОВ, "Миң кыял" үналгысынын продюсери:
- Ириде кыялды ишке ашыруу зарыл. Кантип? Кыял идеяга, идея аракетке, аракет максатка айланат. Ушул үчөө бириккенде гана кыялың ишке ашат. Ошол эле маалда алдыга койгон максатыңды так, туура тандап алышың абзел. "Алма быш, оозума түш" деп жата бергенден пайда чыкпайт. Кыялыңды реалдуу жашоого айлантам десең, жалкоолуктан жана уйкучулдуктан кач.


- Омар Хайямдын

"Ишенсең, биз асмандын

куурчагыбыз,
Ал асман оюнкараак куурчакчы


кыз.
Ал бизди ары калчайт, бери

калчайт,
Андан соң сандыгына катып

таштайт" деген ыр сабын чечмелеп берсеңиз.


Арстанбек САКЕЕВ, Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директор орунбасары:

- Омар Хайям жазгандай, заман бизди куурчакча калчайт. Асманды булутка каптатып, кээде нөшөрлөп жамгыр жаадырып, кээде ызгаар карга айлантып, көрпенделерди түйшүккө салат. Биз ааламдын бир бүдүрүбүз. Ал бүдүр убактылуу жашайт. Кезеги келгенде үбөлөнүп жок болот. Акырындап адамдын өмүрү токтолуп, куурчак сымал сыр сандыкка, тактап айтканда, кара жер кучактап жатып калат. Куурчак менен адам баласынын трагедиялуу тагдырынын коендой окшоштугу мына ушунда.


- Өлүм менен өмүрдүн айырмасы, окшоштугу неде?
Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ, хирург:
- Адам качан бу жарыкчылык менен кош айтышат? Ички организми чарчап, өз ишин токтоткондо гана. Бул соболду молдокелерге узатсаң, "өлүм менен өмүрдүн ортосунда окшоштук бар. Тирүүлүктө жамандык кылбасаң, тиги дүйнөдө сени бейиш жашоо күтүп турат" деп жооп бериши ыктымал. Ал эми медицинада мындай түшүнүк жок. О дүйнөгө аттандыңбы, демек, сени бейиши да, тозогу да кучак жайып тосуп албайт. Сөөгүң сөпөт болду дей бер. Андыктан, тирүүлүктүн баркын билип жашаганыбыз оң.


- Бирөөнүн өмүрүнө залакасын тийгизген кылмышкердин, элдин байлыгын көз көрүнөө тоногон ууру-кескинин укугун коргоо акыйкаттыкка жатабы?
Акин ТОКТАЛИЕВ, укук коргоочу:
- Ар бир жарандын укугу Башмыйзам аркылуу корголот. Ал эми кылмышкердин канчалык деңгээлде күнөөлүү экенин сот аныктайт. Адвокаттар болгону кардарыбызга бөлөк айыптардын тагылышынын алдын алабыз. Бирок, кылмышкер десе эле канкор, жети баштуу желмогузду элестетпешибиз керек. Балким, ал тескери ишке аргасыздан баргандыр. Уурулук жасоого көртурмуш өзү түрткөндүр. Ошон үчүн бир жактуу эле каралай бербей, эгерде сот адилеттүү чечим чыгарууну көздөсө, ушундай жагдайларды көзөмөлгө алышы керек. Антпесе, тоок уурдаганы үчүн эле эркиндиктен ажырагандар арбып, миллиондордун башын жуткандар тийиштүү жазага тартылбай жүргөнү көнүмүш нерсе.

- Жандүйнө байлыгы менен бизнестен тапкан байлыктын кайсынысы жогору турат деп ойлойсуз?
Айбек АЙДАРБЕКОВ, "Эсен Авиа" компаниясынын президенти:
- Бизнесмен десе эле көпчүлүк эч көйгөйү жок, чириген байлыктын үстүндө жаткан адамды элестетишет. А чындай келгенде, ишкерлик чөйрөсүнүн да көйгөйү арбын. Анын ысыгына, суугуна чыдасаң гана жеңиштин таттуу даамын татасың. Дегеним, материалдык базаңды чыңдоо оңойго турбайт. Ошол эле маалда ички жандүйнөнү байытуу он эсе кыйынчылыкты жаратат. 100 адамдын ичинен онунун гана жандүйнөсү бай болушу ыктымал. Жеке мен үчүн жандүйнө байлыгы менен пешене териң менен тапкан байлык бирдей деңгээлде турат.


- Үй-бүлөнү же карьераны тандоого туура келсе, сиз үчүн кайсынысы маанилүү?
Назира АХМЕДОВА, тележурналист:
- Мен карьерага дагы, үй-бүлөгө дагы бирдей мамиле жасайм. Анткени, кичине кезимден бери ата-энем ушуга үйрөткөн. Учурунда жумушту алдыңкы планга койчумун. Үй-бүлөгө таптакыр убактым жок эле. Ата-энем уулумду бакканга жардам берген. Жумуш өз чеги менен, үй-бүлөгө да өзүнчө маани бериш керектигин билдим. Жолдошум аябай түшүнүктүү адам. Карьера же үй-бүлө деген маселени кабыргасынан койгон эмес. Бирок, ушундай кырдаалга тушуксам, албетте, үй-бүлөнү тандайм. Аялзаты үчүн үй-бүлө биринчи орунда турушу керек. Анткени, биз - үй-бүлөнүн очогу, уул-кыздардын энеси, бирөөнүн бактылуу жарыбыз.

"Каалганы" каккан Нурканбек КЕРИМБАЕВ