Кыргыз гезиттер архиви

  Жылдыздардан сүйүү кат

Менде деле элге окшогон жүрөк жашайт,
Ким бирөөгө сезим артып, күйүп-жанган…
Дайыр ИСМАДИЯРОВ: "Сүйүүмдү сага арнап ырдап турам"
Жылмайып күлүп койчу,
Жүзүмдөн нур чачырап күлүп турам.
Жакшы сөз айтып койчу,
Жанымдан артык көрүп сүйүп турам.
Жаныма келип койчу,
Жолуңду ар күн карап күтүп турам.
Боор ооруп койчу мага,
Аккан жашым токтото албай сүртүп турам.
Чыгарып алчы мени,
Махабат тозогунда күйүп турам.
Жылытып койчу мени,
Армандын ызгаарында үшүп турам.
Сооротуп койчу мени,
Жаш ордуна кан агып ыйлап турам.
Тургузуп койчу мени,
Жандүйнөм аңтарылып кыйрап турам.
Кулак салып койчу мага,
Сүйүүмдү сага арнап ырдап турам.
Суу берип койчу мага,
Күзгө калган гүлдөрдөй соолуп турам.
Дабаасын айтчы мага,
Жүрөгүм сени самап ооруп турам.
Жакшы жооп айтчы мага,
Түбөлүккө айрылуудан коркуп турам.


НАЗМИ (жолдошу Талантка): "Сен жок күнүм кунарсыз…"
Сагынуу, күтүү, сүйүү жөнүндө канча ырларды аткардым. Ар бир ирет ырдын мазмуну тууралуу ойлонуп жатып, андагы адамым Талант, сен болоруңду билбей эле аткарып жүрүптүрмүн. Эгер билсем, ал ырлар такыр башкача болмок экен. Сүйүүсү жок жашоо өмүр эмес. Бизди табыштырган, бириктирген - абдан чоң жактыруу, сыйлоо, урматтоо, аярлоо, каш-кирпиктер айтар сөздү билип туруу, бул чоң сезим, сүйүү эмеспи! Менин экинчи жарымым Талант, сен жок күнүм кунарсыз, тамагымдын даамы жок, бүт дүйнөм күтүүгө айланат. Жашоомо жарык, өмүрүмө мазмундуу күн, ырларыма арзууну алып келген сага бул дүйнөдө жолуктурган Жаратканга ыраазымын! Экөөбүзгө бакыт буюрсун! Күткөнүм менин, ардагым, эң кымбат адамым, сенин амандыгыңа, бар экендигиңе каниет кылам.

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ (жары Жаркынайга): "Жаныңа жаным чупа-чуп"
Сен дегенде сетка менен суу алам, / Сен дегенде от болуп мен жанам. / Сен дегенде жамгыр болуп төгүлүп, / Сен дегенде бакытка мен чөмүлөм.
Жаныңа жаным чупа-чуп,
Жадырап карайм суктанып
Ачтым сага бүт эшигин жүрөктүн,
Ашык жарым, кир кире бер сага жол ачык!
Үйүмдүн куту, жүрөгүмдүн ээси - өзүң гана жанкызымдын апасы!

НЕЛЯ: "Түбөлүккө сүйдүм сени"
Сүйүү - сезимдердин сересидир. Бул жарыкта жалгыз сен мага аны сездирдиң да, таттырдың. Бир кездерде "Сүйө алам да, бир адамды бакыттын бакытына бөлөй алам" дегениңди аткардың. Мен сага ишенем, менин кымбат, сүйүктүү, таланттуу өмүрлүк жолдошум! МЕН СЕНИ СҮЙӨМ! Муну кайталоодон тажабайм. Сенин жаныңда баарына кайылмын, көңүлүм ток, өзүмдү бакыттын көлүндө сүзүп жүргөндөй сезем. Кыялымда аздектеп келгендей, өзүм күткөндөй сүйүүнү сен таттырып атасың, жаным! Ар таңда көзүмдү ачып, сенин жылуу кучагыңда ойгонуп бактылуу экенимди кайталайм! Жүрөгүмдүн алдында сенин балаңды көтөрүп жүргөнүмө бактым чексиз! Эсимде, алгач ал кабарды уккан күнү жаш балача кубанганың. Сага карап мен бакытка балкыгам. МЕН СЕНИ СҮЙӨМ! Таттуу уктап жатканыңа көз салуудан, көздөрүңө тигиле суктануудан, сөздөрүңө муюп кулак төшөөдөн, ырдаганыңды тыңшап сыймыктануудан, анан да сүйөрүңдү айтып эркелетүүңдөн ырахат алам. Сезимиңден тата, жаныңдан карыш жылбай өмүр өткөргүм келет. Сендей жан жоктур бул жарыкта. Себеби сен сүйүп да, сүйүктүү да боло аласың. Сендеги сапаттарды сыйлайм, баалайм, сүйүүбүздү ыйык тутам. Болгон күчүм менен үй-бүлө очогун сактайм. Эч качан эч кимге бербейм сени! Экөөбүздү бир жолго салган Жаратканга ыраазымын. Алаканым дайым сенин алаканыңда турсун! Сен мага сүйүктүү жолдош гана эмес, агам, досум жана кыялымдагы мырзасың! Сени түбөлүккө сүйүп, баалап-барктап өткөрөм бул өмүрдү.

ГҮЛЗИНАТ (жолдошу Ралиске): "Кирпиктерим сени элестеп ирмелет"
Шириним менин! Сен бар үчүн аалам таттуу, кызык, шайыр түскө бөлөнгөн. Сен менен бирге өткөргөн ар көз ирмем мен үчүн зор кубанычка толо. Бул сезимди сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Аны чыныгы сүйүүнү татып турган гана туят. Ар бир жаңы күндүн башталышы жандүйнөмдө кусалыктын сезилер-сезилбес сызыгын жаратат. Себеби, таңдын атышы менен экөөбүз бир күн кечке эки айрылыш жолго түшөбүз. Күнүмдүн ар бир ирмеми сага кайра жанаштырчу кечти күтүү менен өтөт. Айтор, сен менин бактымсың, кубанычым жана бүт жашоомдун маңызысың, ширин кызымдын атасы!

Аида КУЛУЕВА: "Жөнөкөй гана ырчымын"
...Ооба, мен ырчымын! Кудай мага талант бериптир. Жараткандын бул белегин өмүр аягына чейин кастарлаймын. 27-жайдын күнүн сүрүп атып, маңдайга жазылган нерселердин баарын туура кабылдап, башты өйдө көтөрө татыктуу кечирип келем. Жүрөк түпкүрүндө купуя бир сыр - акылым да, жүрөгүм да таза, тунук, чоң сүйүүгө умтулчу. Алгач таанышканда сени байкаган да эмес элем. Анткени, буга чейин көңүл оорутуп, жүрөктө так калтырган мамилелер да болгон. Ошол себептен, өз дүйнөмө эч кимди киргизгим жок эле. Оюмда өзүмдү ушинтип коргочумун. Бирок, сенин карааныңдан эле ошол коргон урап түштү. Сени сүйүп калдым, ишеним арттым, а башкысы сени күттүм. Башканын колун кармап мага көрүнөрүң ойго түк келген эмес. Мынчалык ташбоор, мынчалык катаал экениңди туйбаган экем. Колумдан эмне келмек, баш ийдим, а бирок, жүрөк жарасы дале канап турат. Бул үч бурчтук мамилелерде курмандык мен, а балким, ал. Ал эми сен чыныгы сезимди барктай албаган бир куураган жан болуп жүрбө. Жараткан бул жарыкты жаратканда акча, бийлик, абалды эсепке алган эмес. Ушунун баары сен үчүн зор мааниге ээ экенин мурда сезсемчи. Албетте, бул да өтөт, жарасы айыгат жүрөктүн. Бирок, ошол кезде мага чындап оор болду, анан да жаныңдагыдай министрдин кызы эмес, карапайым үй-бүлөдөн, анан да жөнөкөй ырчы экениме аз-маз кейип да алдым. Бирок, убагы келгенде баарын аңдап, бармагыңды тиштеп да каларың бардыр. Бакыт тилейм!

Айжан ГАЗИЕВА: "Сага гана!!!"
Өткөн кезек эмес, өмүрүмдүн ушул ирмемдери дал өзүңө байланыштуу экенине курсантмын. А биздин келечек - сыр... А өзүм сага сырданамын. Эгер бакыттан баш айланып өлө турган болсо адамзат, анда мен экөөбүздүн ар бир жолугушууда өлө берсем керек. Сүйүүнүн кереметин таттырчы мага, антпесе, дайым кусадамын ... Өз абалымды жакшы билем, экөөбүздөгү мамилелерде мен көп нерсеге акым жок. Бирок, өзүмдү көзөмөлгө да алгым жок. Сен менин жалгызымсың . Мени менен бирге болчу! Сен дем алып турган абадан кере-кере дем алып алайынчы! Мага көп нерсенин, жылуу кебиң, сени көрүп же сага кулак төшөөнүн да ке реги жок , болгону бул дүйнөдө бар экениңе тобо кылам. Буркан-шаркан түшкөн дүйнөдө жүрөгүмдө баалуу бир нерсе бар. Сени менен болгон аяр, тунук мамиле. Ар кечте ысымыңды кайталап уйкуга кирип, ар таңды атыңды атоо менен атырам. Түндө түшүмдү, а жарыкта бүт оюмду ээлейсиң. Өмүрүмдүн эң жаркын барактарын сага багыштайм. Суранам, кабыл алчы! Ачылам сага, оолактатпа! Антсең анда ачылалек жатып жабылып калышым ыктымал. Өзүңдөн, маанайыңдан, кылык-жоругуңдан көзкаранды болгум келбейт. А бирок азыр акыл менен намысты унутуп, жүрөккө баш ийип турган убагым. Мендеги бакыт отунун жанышы же арзуу азабынан, түшүнбөстүк жана катаалдыктан өчүп калышы сага гана көзкаранды. Жаныңа жанашсам ханыша сымал бүт ааламга ээ болсом, а кээде өзүмдү сенин алдыңда күң сезем. Жандүйнөмө тынчтык тартуулап, кайра тартып аласың. Намыс жана акылмандык дегенди унута да түштүм. Келечекти ойлогум да келбейт. Анда сени жоготуп аламбы деп корком. Кебиңди тыңшоо , көзүңө кароо мага баасы жок бакыт. Мейли мени оолактат, "айлуу жанды" четке как, бул сымал каттарымды тытып сал, а бирок, кечир мени , үмүтсүз сезимдерге сен тыюу сала албайсың. Анткени, мунун баары менин бүт ээлигим...
Сен азатта жүргөнчө, мен камакта күтөм... МЕН СЕНИ СҮЙӨМ! Жараткандын амири, а сенин эркиң!!! Сезимдерге тушалып, сүйүүгө суусап турган
Айлуу жаның.

Топтогон Айнагүл САПАРБЕК кызы