Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


- Шамшыкал тузун кампаңарга жыйып койгула деп эмне мааниде айттыңыз.
- Бул туздун негизи, дарылык касиети бар. Эгер шайлоо таза өтсө, айрымдарына дары болор деген ниетте айттым.
- Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?
- Үй-бүлөмдөн шайлоого мен эле барам. Үйдөгү мырзаларымдын баары Бакиевге деп жатышат. А өзүм Токтайым Үмөталиевага добуш берем. Анткени, ал президенттикке татыктуу айым деп ойлойм.


П-785. Мэрияга Түлеев мырза келгени,/ Борборубуз бара жатат өзгөрүп./ Музыканын коштоосунда фонтандар,/ Өзүнчө эле бир ажайып көрктөнүп./ Чаң жыттанбай, гүл жыттанып шаарыбыз,/ Толуп ташпай мусорлор да бөксөрүп, - деп кубангандан ыр саптар жаралып кетти. Мэр Нариманга алкыш гана айткыбыз келет. Иштей билсе болот экен да, кризисти шылтоо кылбай. Батмакан Кенжебаева, Бишкек.
П-786. Кош нике жөнүндө сөз болуптур. Бизде кош нике закону кабыл алынса, төрт жагыбыз тең төп келээр эле. Себеби биз кыргызбыз. Караш Насер.
П-787. Иним Калысты, келиним Сараны кыздуу болушу менен куттуктайбыз. Бешик бооңор бек болсун! Эжең Гүлмира, жээниңер Айжаркын, небереңер Гүлпери.
П-788. Кара-Кулжанын кулуну, Көлмө жаңы конушунун тургуну Таиров Сагыналыны жакында эле өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Сагыналы, саламаттыгың чың болуп, дайрадай узун өмүр сүр. Сага бакубат турмуш каалайбыз. Досторуң Айдар, Эрмек, Бактияр.
П-789. Үрүстөм дос, "Иса аялын жоготуп, Кымбат менен Камчы катынынан коркуп, Алик аялына алы жетпей жүрөт" деп жүрүп, не болдуң? "Элек сурап келем деп эрге тийип кетиптир" дегендей, аяш Алмалыкка атасыныкына кетип, андан ары Астанага жетип, кийин Орусияга ооп кетиптир. Айгүлдүкү деле туура да, оокат тиричилик кылып, уулуң Актан экөөңөрдү багыш керек. Сабыр кылсаң келип калаар. Досуң Дайырбек Карабаев, Ноокат району.
П-790. Архитектура менен милийсага ишиң түшсө жипсиз байланып бара бересиң, бара бересиң же ишти майын чыгарып бүтүрүп бергенин көрбөйсүң. Караш Насер.
П-791. Сыдыкакматов Акматты, апам Үпөлдү, байкем Маликти Кытайдан аман-эсен келишине тилектешпиз. Биз силерди сагындык, тезирээк келгиле. Күйөө балаңар Эрнис, кызыңар Гүлмира, небереңер Гүлпери, жээниңер Айжаркын.
П-792. Нариман Түлеев мэр болгондон бери борборубуз жакшы оңдолуп, көркүнө кирип багы ачылды. Токмокто болсо завод-фабрикалар талкаланып, жолдор бузулуп мышык ыйларлык абал түзүлдү. Ушул бийликтегилерден бир сураныч, Н.Түлеевдей мыкты менеджерлерди Токмок шаарына жиберип коюшса жакшы болмок. Бакыт, Токмок шаары.
П-793. Өлкөбүз мүргүп турган ушул тапта,/ Кимиң бар Сталин болчу келген такка?!/ Акайдын жолун жолдоп бийлик кылмак./ Адашып конбогула хандык такка!... Эркин Жаныбеков.
П-794. Бабыраңдаган Бактыгүл, шакаңдаган Шайнакан, каткырык салган казачка, таластык Эмилди эрмектегенди качан коесуңар. Аялы жок кишинин үйүнө арак көтөрүнүп барганыңарды токтотпойсуңарбы?! Болбосо, шайлоодон кийин башкача сүйлөшөм. Таке.
П-795. Ош шаарындагы гезит саткан Байтемир Камчы уулу, дайныңды билдир. Үйлөндүңбү же дагы эле бойдокчулук дооранын сүрүп жүрөсүңбү? Алмаз.
П-796. Шайлоого карата үгүт иштери менен ажолукка талапкерлер бүт өлкөнү кыдырышат. Эми түптүктөр дагы ит адаттарын карматышып, аким, милийсалар башында туруп, ажылдаган ажаан катындарын, бекерпоз алкаштарын аракка тойгузуп жумуртка менен ургулатышса, буларды Мойт аке менен Балбай баатырдын арбагы, Каркыра менен тооктордун кусуру урсун. Шайлоочу.
П-797. Ээрге минген Элдияр, үкөктөй болгон Үсөн баласы Куку, жаны тынбаган Жолдоштун уулу Иса, Отордун ойку-кайкы сүйлөгөн чүрпөсү Үрүстөм, аман болгулачы. Силер аман болсоңор анан эл тоет. Силер жинди болсоңор жаркоргондуктар жакыр болуп калбайбы. Төлөн.
П-798. Бакай-Ата районунда Маданият айлында жашап жатышкан сиңдим Кашкатаева Жаңылды туулган күнү менен куттуктайбыз. Күйөө балам Осмонов Аязга, балдарына, куда-кудагыйларга, апама, атама салам жолдоп, чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Бишкектен эжеси Ракила, жездеси Абдимуса.
П-799. Россияда жашап жана иштеп жатышкан балабыз Калматов Алтайыр, Динара, күйөө балабыз Сопиев Бактыгул, кайын сиңдилериме, кайнилериме, Саулеге салам жолдоп, Алтайырдын 25-июнь, күйөө балам Бактыгулдун 27-июнь туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Аларга чын ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Апасы Ракила, атасы Абдимуса.
П-800. Урматтуу Өкмөт аке суроо берем,/ Улам бир жоготууну кылып белек./ Өлкөнү мүлжүп жаткан коррупциянын,/ Деги бир акуласын чаптың бекен. Эркин Жаныбеков.
П-801. Үгүт иштери башталганын тооктор да сезе башташканбы, кукулуктабай, үн чыгарбай тууй башташты. Анан кантсин байкуштар, 2005-жылдан бери тукумкурут болуп баратышса. Куш тумоосунан бир кырылышса, анысы аз келгенсип көлдүк туугандар модага айландырып жиберишпедиби, жумуртка менен конок тозгонду. Алмаз.
П-802. Бийликтегилер Ала-Тоо аянтынын тарыхын көргөзгүлөрү келсе апрелдеги Элдик фронтту чагылдырышпайбы, ошондогу оппозиционерлердин эстелигин орнотушуп. Нескарага, Шыпшайдарга караганда өз кишилер эмеспи. Митинг, пикеттин акыркы каармандары деп. Мамбетов А.
П-803. "Манас" аба майданына согуштук Ганси авиабазасын киргиздик. Ала-Тоо аянтына Манас бабабыздын душмандарын орното салдык. Эми анча болду, Бишкек шаарынын кире беришине бен Ладендин эстелигин орнотуп койгула. Самат.
П-804. Борбор аянттагы оргуштаган фонтан музыка катуу чыгып көтөрүлгөндө суунун баарын соруп кетет окшойт. Шаардын чет жактары суу жок саргарып күйүп кетти. Алмаз.
П-804. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, Акбаралы Айтикеев кыргызды баягы СССР кезиндей ойлоп жүрсө керек. Коррупция боюнча төртүнчү орунга чыктык деп жетине албай жатсак, 74 миң 81 адамдан кол топтогучакты 75 миң сом 81 тыйынды берчү жерге бере калса, койкоюп талапкер болуп жатып калбайт беле. Мамбетов А.
П-805. "Манас" эпосу Нариман мырзага жомок болсо, анда кенже эпостор, мисалы, "Курманбек" эпосу мультфильм го. Нариман мырза ажобуз дунган деген ушак сөздөргө ишенип алса керек. Самат.
П-806. Жогорку Кеңештегилер азыр баштарын оорутуп жатышат. Декретке кетчү депутат айымдарды эмне кылабыз дешип. Башында эле колтийбестигине кошуп, беш жыл күйөөңөр да тийбесин деген мыйзам кабыл алыш керек болчу. Мамбетов
П-807. Казакстанда иштеп жаткан балабыз Калматов Бакытбек, кайнежем Бурулга, баласы Акжолго, келинчегине, кайынсиңдим Сүйүнгө, кыздарына салам жолдоп, чын ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Бишкектен апасы Ракила, атасы Абдимуса.
П-808. Айда, кыргыздын сойкучулугу, ай! Бир туруп Россия, бир туруп Американы сүйөбүз да каалайбыз. А ортодо баркыбыздын кетип атканы менен ишибиз жок. Патриот.
П-809. Арыктайм дегендер мага келгиле. Бирок, эки шарт бар: биринчиси, мени менен чогуу бир ай жашайт. Экинчиси, бир айга жете турган тамак-ашын кошо ала келиш керек. Студент.
П-810. Мурда депутат болууну аябай кыялданчу элем. Акыркы мезгилде көз жумган депутаттарды көрүп чочулап калдым. Себеби, кезекте депутат болот элем деп тургандар "тарп аңдыган жорудай" болуп, кимисин атып кетет, кимиси депутаттыктан баш тартат, кимиси декретке кетет деп чыдамсыздык менен күтүшөт экен. Эгер мен депутат болуп калсам, менин өлүмүмдү да тилеп кезек күткөндөр болот тура. Нургазы, Бишкек.
П-811. Ажобуз Курманбек Бакиевдин рекламалык щиттеринде "Бакиев накта президент" дегенди окуп, өнүгө албай атканыбызды эми билдим. Көрсө, Бакиев буга чейин чала бышкан президент турбайбы. Улан.
П-812. Биология сабагынан классташыбыз "мен ата-энеме, биртуугандарыма, тайларыма, жети атама окшошпосом, кимге окшошом?" деген суроо узатты. Анда эжеке "кошунаңа окшошсуң" деп жооп бериптир. Эми жаңы төрөлөр баламдын кайсы кошунага окшошорун билбей жүрөм. Тапан.
П-813. Урматтуу ажо, шайлоого акча коротпой эле экинчи мөөнөткө отурганыңызды жарыялап койбойсузбу. Шайлоонун жыйынтыгы 99,9% болгон тура деп сүйүнүп калалы. Накта шайлоочуңуз.
Бул ирет жеңүүчү аныкталган жок. Кыргыздар, кыймылдасаңар боло, же калемпир-мурчуңар түгөнүп баратабы?
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА