Кыргыз гезиттер архиви

Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун.

Айназик сандыгынан…
Мен сени абдан сагындым….
Билесиңби, ушул кыска төрт сөздүн ары жагында канча санаа, канча толгоо, кандай куса катылганын?.. Сени көрбөгөнүмө эки аптанын жүзү болду. А мен үчүн эки жылга тете келди. Сенин сулуу көздөрүңө суктана карап, жагымдуу үнүң угуп, жаныңда айланчыктап, бир азга болсо да өзүмдү бактылуу сезе жашоонун кыйынчылыктарын унута турсам дейм. Азыр да сени ойлоп отурам. Кай жакта, эмне кылып жүрөт болдуң экен?.. Мен үчүн кандай кымбат экениңди сезип, туйсаң кандай жакшы болор эле! Жок дегенде бир ирмем мен жөнүндө ойлонор бекенсиң?
Жумуш боюнча болсо да жанымда болгонуңда "дагы көпкө тура турса экен мени менен" деп жандүйнөм жай алалбай безеленет. Кээде сен көп сүйлөбөй, салкын тейде кетип калганда, таарынычтан көздөрүмө жаш тегерене түшөт.
Эч болбосо ойлоруңдан кабар алалсамчы. Намыстанып сезимимди билдире албай турганымды кара. Кайсы бактылуу кара көзгө суктанып жүрөр экенсиң. Саат карап, дабышыңды тыңшап, күн санап сени күтүү азабына кайдан кантип кабылганымды аңдай албай калдым. Ошентсе да, бирөөгө арзуу арнап жашаганга не жетсин. Ал адамдын караанына жалынып, жараткандан анын амандыгын, саламаттыгын сурап, көкүрөккө анын ысымын ыйык тутуп, элесин барктап жашоо жаманбы?! А бирок, ага болгон кусалык ашып-ташып сени кыйнап, же айталбай, же каталбай сагынычтан көздөр жашка толуп тургандачы?.. Колум сунуп же жеталбай, кыйкырып бирок угуза албай, шыбырап атыңды атап, жалгыздыктын чеңгелинен суурула албай кыйналганымчы?..
Көкүрөгүңө башым жөлөп, жылуу кечте сени менен жетелешип бак аралап баскым бар. Көөдөнгө сыйбай бараткан сырдан сени менен бөлүшкүм бар. Узап жатып көздөрүңдөн мага арналган арзуу сырын окугум бар. Аз-маз сыркоо чалса, жаныңда айланчыктап, оозуңа суу тамызар өзүм болгум бар.
Карааныңа зар кылган бүгүнкү күндүн өткөнүнө да каниет кыла, сени менен жолукчу күндүн тез келишин самадым. Үнүңө зар, өзүңө ашык жан бар экенинен кабарың жок, дагы бир күндү сен батырып аткандырсың…
Жамал, Бишкек шаары




Сыналып, анан сыйланып жашайм…
Жараткандын сыноосуна кабылып-кабылдап жашап келатам. Биринен чалынып, чуркап, ыргакты жайлатып, чарчап-чаалыгып атып, а кээсинен башты өйдө көтөрө татыктуу өтүп жүрөм. Улуу күч мага дагы бир сыноосун жөнөткөндөй. Көк асман алдында жайдак калгандай, бул дүйнөнүн түркүгү түгөнгөндөй сезилип кетти алгач. Тагдырга, мындай сыноонун жаралышына себепкер нерселерге наалына туруп бердим. Анан өзүмдү өзүм токтоттум, колго алдым да башты өйдө көтөрдүм. Баарына туруштук берип, кыйынчылыкты жеңүүгө күчүм да, кубатым да жетерине ынанган үчүн Жараткан сынап аткандыр дедим өзүмө кайрат чакыра. Сыналып жашайм, сындалып жашайм. Жараткан сыйлар адамын сынайт дешет. Анан сыйланып жашайм!
Шахнуризаада ТОКОБАЕВА




  Кумирге кат

Кат жазгыла мен капага батканда,
Айым-күнүм чыга түшсүн асманга
Жаш саясатчы Жоомарт САПАРБАЕВге
Курбуларымдын көпчүлүгү сен ишеним арткан лидерлерден жактырышат. Алар дайым элдин көзүндө да. Балким башкалар үчүн ошол лидерлерден сен көрүнбөй калаттырсың. Качантан коомдун көзүнө сиңгендердин көлөкөсүндө каларсың. А мен сени кайда жүрсөң да көрө алам. Көргүм келет. Издей берем. Бирок, көп табалбайм. Жапжаш туруп, мынча неге ишине, ишенимине берилген деп таңданам сага. Башкалардай неге бош эмес, көчөдөн неге кезиктирбейм деп калам өзүмө өзүм суроо салып. Жакында эле жакшы жаңылык уктум. Башың бош тура. Мени менен куракташ да экенсиң. Ушул кабарды угуп, өзүмчө кыялдандым. Мурда жарың же сүйгөнүң бар деп, же мындай жигит мага көңүл бөлбөйт деппи, айтор, алыстан көз салчумун. Эми менде үмүт жанды. Тагдырда нелер болбойт, балким, биз кезикчү күн келер. Экөөбүздүн багыт, экөөбүздүн жол биригер. Сага жолугуштун амалын издеп жүргөн чагым.
Жүрсүн, Бишкек




Жанмаанай
Жылмая бил, замандаш!
Кесипке ылайык күндө саясат, каатчылык, көйгөй деп баш катырып жүрө берсең, адам тажай да, чөгө да түшөт экен. Байкасак, мен-мен деген саясатчылар мээсин сергитиш үчүн өлбөс-өчпөс темаларга суусашат. Эң эле жайылганы, ары жагымдуусу махабаттыр алардын арасынан.
Омар Султановдун бир кеби бар, "бир күнү бир адамды көрүп көзүң бозорот да калат". Махабат десе эле жанын кыйноого салып, кыстала бергендер көп. Адамды азапка салган сезим махабат боло албайт, менимче. Бул улуу сезимге адамды эркиндикке багыттап, жүзүн күлкүгө, жашоосун гармонияга бөлөө милдети тагылган.
Эгер махабат адамга бакыт тартуулабаса, демек, ал сезим жалганчы. Жандүйнөң буга алдангысы келбей коңгуроо кагып жатканы. Бул учурда адамдын ички үнү гана жардамга келет. Бирөөнүн кеңеши да акыл болуп бералбайт.
Сүйүүнү издеп таба албайсың, ал эшик какпай кирип келет. Адам аны кабылдоого даяр болушу кажет. Кээде биз толгон токой түйшүктөрүбүз менен ойго чөгүп, "мага жолобо" деген сөздү маңдайыбызга кашкайтып "жазып" алабыз. Эгерде сезимдерге, а балким, жашоонун жыргалына чаңкап турсаң, кандай оор күнгө кабылба, жүзүңдө жылмаюу турсун. Жылмаюу - бул махабатты тартуунун куралы гана эмес, ийгилик чакыруунун да ыкмасы.
Асел АКМАТАЛИЕВА,
тележурналист




Саптар сапка уланып...
Аруукеме

Ички дүйнөң келбетиңе жарашып,
Чырайыңан аруу тунук нур жаркып.
Эритесиң жандүйнөмдү жан эркем,
Жаным сенин бир өзүңө мен ашык.

Сага деген сүйүүм улам оргуштап,
Сагынамын сени неге мынчалык?!
Туясыңбы сен ошону жанбиргем,
Жүрөгүңдүн сезгич гүлү ачылып.

Кусаланам бук боломун көрбөсөм,
Жаш баладай умсунамын кээде мен.
Барган сайын сен деп согот жүрөгүм,
Сезесиңби сен ошону, Аруукем?

Чоро ШАМИЛ уулу, студент