Кыргыз гезиттер архиви

  Эх, чиркин!

Кожойкенин кылыгы, ай...
Кызык, бу турмушта түмөн түркүн нерселер болот окшобойбу. Мени менен чогуу жашаган Камил аке, дагы бир келин үчөөбүз Ош базардагы "Койша" деген кафеде отурганбыз. Капчыгы калың бу келин Камил акенин таанышы, мен да тааныштым. Жашы элүүдөн өткөнү менен жаш көрүнгөн, тал чыбыктай керилген неме экен. Чогуу-чаран пиво ичип тараганбыз. Үйдө жалгыз жаткам. Камил аке али жумуштан келелек. Телефон чырылдайт. Алсам, аялзатынын жагымдуу үнү:

- Закен, кандайсың?
- Жакшы, бул ким экен?
- Баягүнү базарда пиво ичкен эжеңди тааныбай калдыңбы? - дейт каткырып.
- Ии, тааныдым, тааныдым. Жөнжай элеби? Өзүм да эригип аттым эле эмне кыларды билбей… - дедим оозума келгенин айтып.
- Эригип атсаң эжеңдикине келип кетпейсиңби?
- Эмне, жумуртка кууруп бересизби? - дедим тамашалай.
- Жумуртка сенден айлансын. Кел, сүйлөшүп отурабыз, - деди да, үй дарегин айтты.
Аял жок араң турган жаным октой учуп, "Восток-5ке" бат эле жетип бардым. Жолдон тосуп алды. Ичкери кирдик. Үстөлдүн үстү тамак-ашка толгон. Ырасында эле жумурткадан аянбай кууруптур. Коньягы койкоет. Кожойке стаканды колуна алып, "Куш келипсиң. Үйдү көрүп алдың, келип тур" деди. Алып жибердим. Аны-муну сүйлөшүп отуруп, бир бөтөлкөнү кантип түгөткөнүбүздү билбей калдым.
- Эже, капа болбосоңуз, мен бүгүн ушул жерде калам.
Кожойке үн каткан жок. Же макул же жогу билинбейт. Ичтеги коньяктын угуту эңги-деңги кылып, денем нымшый түштү. Жанымдагы элүүдөн ашкан эже жаш бийкечтей көрүнүп, дүүлүгүп кеттим.
- Ванна даярдап койдум, жуунуп чайынып ал, - деп жетелеп жөнөдү. Артынан ээрчип ваннага кирдим. - Самын тигине, сүлгү мына, - деди да, өзү чыгып кетти.
Мен дырдай чечинип жаңы эле бутумду сууга саларда эшик ачылып, эже кирип келди, колунда сүлгү.
- Ме, муну менен аарчын!
Аны көрүп селт эте чочуп кеттим. Өзү эчтекесин калтырбай чечинип, ваннага түштү да, маңдайыма отуруп, самындап жууп кирди. Анын колу тийген сайын денем титирейт, денем балкыйт. Кармана албай кеттим.
- Алтыным менин… - алкымынан аймалап кирдим.
Экөөбүздүн колдорубуз бири-бирибизди сылаганга өттү. Кожейке мени өзүнө тарта башымды ваннанын кырына жөлөй жаткырды да, өзү менин үстүмө отурду. Менин жанжерим ушунчалык чыңалып, жарылып кетчүдөй болуп турду. Колу менен акырын тууралап койду. Магдырап кеттим, тимеле магдырап…
Махабат майданында балкып, ыракаттын туу чокусуна оо бир далайда жеттик. Эже ордунан туруп аарчынып, кийинди да, мени бала бакчага барчу баладай бөпөлөп кийиндирди. Экөөбүз ашканага келип, эми аракка өттүк. Аз-аздан сүйлөшкөн болдук. Менден 23 жаш улуу неменин улуу баласы менден эки жыл мурун туулуптур. Өңүнөн отуздан эми оогондой көрүнгөн эже жаштык чайын ичкенби, ким билет. Арактан алып отуруп жарымдаттык. Төркү үйгө жетелеп келип, эки кишилик кенен төшөк салды. Экөөбүз энеден туума болуп төшөккө куладык. Мен жатууга даяр болуп, шашып турдум. Кожойкенин тамагын да, мамагын да аймалап, үстүнө чыктым. Мени сыга кучактады. Жаңы төшөккө жаткан жаш немедей акыштанып, онтоп атты. Канча өткөнүн ким билсин, экөөбүздүн тең онтогонубуз үндөшө чыгып, сулк эле жатып калдым. Мындай жыргал, мындай бейиш болобу. Таң агарганча тыным жок, күйүп-жандык.
Эртең менен турдум да, жуунуп-тазаланып, эженин жүзүн карай албай, берген чайын эптеп ичимиш болдум. Көрсө, мени атайын чакырганын кийин билип отурбаймынбы. Бул унутулгус окуядан кийин экөөбүз кадимкидей эрди-катын болуп, баш-аягы бир жылдай жүрдүк. Кийин өзү курдуу бирөөгө турмушка чыгып кетти. Азыр кайда жүрдү экен. Ошол биринчи күндөгү унутулгус керемет окуя тээ көкүрөктүн тереңинде жашап келет.
ЗАМИР, Бишкек




  Справочный бүйрө

Гусул деген эмне?
С.: - Гусул деген сөздү көп угуп калам. Өзүм үйлөнө элекмин. Аны үйлөнгөндөр гана жасаш керекпи? Ушул жөнүндө так маалымат берип коесуздарбы?
РУСТАМ, Кара-Балта шаары
"П": - Гусул - аял менен эркек жыныстык катнаш жасагандан кийин жуунганды айтат. Гусул кылуу никеге турган ар бир аял-эркектин аткарчу парзы. Кошулган соң гусул кылуу сөзсүз түрдө шарт экендигин эки жаш баш кошкон күнү нике кыйган молдо, анан жеңелери тарабынан эскертилип, түшүндүрүлөт. Гусул десе эле кээ бир жаштар жанжерин, анын тегерегин гана жууп койгонду түшүнөт. Атүгүл гусул не экенин билбегендер же билсе деле жалкоолонуп жуунбагандар да бар. Бул туура эмес. Жуунганда бүт денеге, чачтардын арасына чейин суу тийиши шарт. Гусул кылбай туруп бешиктеги баланы кармаса болбойт. Айрым энелер баласы ыйласа кошулуп жаткан жерден эле туруп, эмчек сала коюшат. Бул аракети менен өзү эле эмес, эмчектеги наристени да күнөөгө түртөт. Гусул жасабай идиш-аяк кармаган туура эмес. Жадагалса гусулсуз мал сарайга киргенге да тыюу салынган. Гусул кылып, жуунуп-тазаланганың биринчиден, организмге пайда болсо, экинчиден, ар кандай жугуштуу оорулардан оолак болосуң. Үчүнчүдөн, көңүлүң ачык болуп, ишиң шар жүрөт.
Эки оору бир келсе…
С.: - Сифилис менен гонорея дарты бир убакта келиши мүмкүнбү?
КАНЫМ, Кант шаары
"П": - Эки оору менен бир убакта ооруп калуу толук мүмкүн. Албетте, бул эки оорунун байкалуучу убагы ар башка. Айталы, гонорея 3-5 күндө билинсе, ал эми сифилис 20-27 күндө байкалат. Гонореядан дарыланып жатканда алган антибиотиктер сифилистин инкубациялык мезгилин создуктуруп, 4-5 айга чейин сифилис билинбей жата берет. Ошондуктан алты айга чейин оорулуу бардык текшерүүдөн өтүп турушу зарыл.
Мастурбация зыянбы?
С.: - Күйөөм менен ажырашып кеткем. Жатканда күйөөмдү эстеп же мага жаккан эркектерди эстесем эле денем нымшып, бир кызык боло берем да, айла жок мастурбация менен канааттанганга өтөм. Анын зыяны жокпу?
"П": - Мастурбациянын эч зыяны жок. Андан эч коркпоңуз. Бул көрүнүш кыз-келиндер арасында көп кездешет. Эркектердин деле 80-85%ы онанизм менен канааттанышат.
Чыдабай баратам
С.: - Аял киши жыныстык катнашка барбай канча мезгилге чейин чыдаса болот? Айтып жүрүшөт го, аял канча болсо да чыдай берет деп. Ошол туурабы? Мисалы: азыр күйөөсү же аялы Россияга кетип, жылдап келбей жүргөндөр көп эмеспи.
ЖАНАРА, Алай району
"П": - Ден соолугуңузга зыян келтирбей алты ай чыдап, жыныстык катнашсыз жашоого болот. Жарым жылдык убакытта сиздин организмиңизде олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Андан ашса организм физиологиялык муктаждыгына баш ийүүгө аргасыз боло баштайт. Такыр эле эркек көрбөй чыдаса болот дегендер катуу жаңылышат. Айталы, ургаачы өмүрүндө бир да жолу жыныстык катнашка барбаса, өмүрү өткөнчө эркексиз эле эң сонун жашашы мүмкүн. Андай ургаачыда эркектик муктаждык эч качан болбойт. Бирок, андай жашоо кимге кереги бар?
Алты ай өткөндөн кийин мурда дайыма жыныстык катнашта жүргөн аялдардын уйкусу качып, башы ооруп, неврозго кириптер болуп, гинекологиялык түмөн түркүн ооруларга чалдыгат. Жарым жылдан ашык кошулбаган аялдарга эротикалык түштөр көп кирип, атүгүл түшүндө жыныстык катнашка барып, кадимкидей оргазм алат. Жанара, эгерде күйөөңүз бар болсо, ушул жагдайды жакшылап эскерткениңиз дурус. Кокус бой, бирок эркек көргөн болсоңуз анда өзүңүздү ар түркүн азапка салып, жыныстык муктаждыктын оорусуна кабылбастан, жакшы көргөн өзүңүзгө ылайык, көңүлүңүзгө жаккан адамга кол сунганыңыз оң.
Даярдаган Тариэл АКЖОЛОВ