Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңырык

Манаска эмес, дейди ырларга маашырлангандар көп
Манасчылык - ар бир эле адамга бериле берчү өнөр эмес. Манасчы болуу үчүн өзүнчө жаратмандык касиетке эгедер болуу абзел. Канчалык коом жаңыланып, ааламдашуунун арааны жүрүп, маданиятыбыз түрдүү өзгөрүүлөргө тушукпасын, бул улуу өнөр атадан балага мурас катары берилип, көөнөрбөстөн сакталып келери бышык. Ошондой мураскерлердин бири, манасчы, акын, республикалык бир нече кароо-сынактардын жеңүүчөсү Салимбай ТУРСУНБАЕВ менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Салимбай ага, Манасты укмак тургай, андан жөнөкөй нерселерге акыл дарамети жетпей, эптеп эле күнүмдүк турмушун ойлоп, материалдык баалуулуктар биринчи орунга чыкканда бул өнөрдү талбай аркалап келишиңиздин себебин сурасак?
- Албетте, "нан болсо - ыр болот" дегендей, бүгүнкү экономикалык кырдаалда адам үчүн материалдык кызыкчылык жогору туруп калды. Элдин материалдык муктаждыгы жоюлмайынча, руханий азыкка талабы болбойт эмеспи. Антсе да мындай оор абал түбөлүккө бактыбызга байланган эместир. Шаарда кандай билбейм, бирок айылда Манаска болгон кызыгуу аз да болсо бар. Манасчылык өнөр миңдин бирине жараткандын ыкыбалы, арбактын дааруусу менен берилип, бул өнөрдү аркалоого жана чоң жоопкерчиликти моюнга алууга мажбурлайт. Ошол эле мезгилде манасчылык, аны айткан кишинин руханий байлыгын өстүрүү менен бирге, материалдык жактан да өксүтпөйт. Манасчы адамдын көкүрөгүндө көрөңгөсү ар дайым кайнап турат. Балким анын касиети ушундадыр. Кандайдыр бир зор күч мени бассам-турсам курчап алып, кулагыма жомоктун кайрыктары угулуп, оозума сала берип жатса, кантип анан айтпай коё алам.
- Коом тарабынан ушул өнөрүңүз кандай бааланууда? Дегеле, кыргыз эли Манасты канчалык деңгээлде угат деп ойлойсуз?
- Коом тарабынан бааланышы жакшы же жаман деп таккесе айтыш кыйын. Анткени биз азыр чоңдору бийликти көздөп бири-бири менен кырылышкандан башка эч нерсе билбеген, карапайым эл кара курсактын арбайын соккон, келечек жаштары өз тилин билбей күрмөлүп, батыштын парасатсыз нерселеринин тебелендисинде калган, балдарыбыз китеп окуунун ордуна компьютердин сыйкырына азгырылган коомдо жашоодобуз. Манасты угуучуларга караганда "сөздөрүмө түшүнбөсөң чын жүрөктөн баары бир" деген сыяктуу теске салынбай, рэпке салынган "дейди" ырларды уккан жаштардын саны көбөйдү. Демек, ачык эле айтыш керек, коомдун деңгээли ушунчалык төмөндөдү. Манасты да ушул деңгээлинин чегинде баалашууда.
- Анда ошол Манасты жана манасчылык өнөрүн көтөрүү үчүн эмне кылыш керек деген ойдосуз?
- Сиз ооруп бүткөн жараттын оозун ачкан сыяктуу эле болдуңуз. Бул эчен курдай айтылып келаткан чечилбес маселе. Манастын эл арасында жашашы үчүн манасчылардын колдоого алынышы зарыл. Кезегинде мага окшогон манасчыларды эч ким баалабаса, ал киши өзүнүн чыгармачылыгынын чыңалуусу, руханий бир жыргалчылыгы үчүн деле күпүлдөп Манас айтып, бул өмүрдөн өтүп кете бериши мүмкүн. Башканы айтпаганда биз улуттук идеологиябызды ушул Манас дастаны аркылуу түптөсөк болот. Ал үчүн биринчи кезекте мамлекет чоң көңүл бурушу керек. А мамлекеттин түздөн түз бизди камкордугуна алчу Маданият жана маалымат министрлиги таптакыр эле манасчыларды унутуп калгандай. Чынын айтсам, манасчыларды колдоо максатында аталган министрлик тарабынан оозго аларлык чоң иш - чара уюштурулбай келет. УТРКда буга чейин чыгып келчү "Дастан", "Мурас", "Манас феномени" ж.д.у.с. көрсөтүүлөрдүн дээрлик баары жоюлду. Манасты көтөрүү багытында эларалык деңгээлде долбоорлор жазылып чыгып ишке ашса, мамлекеттик программа түзүлсө, төкмө акындардыкындай жылына 1-2 ирет чоң кароо-сынактар өткөрүлсө, Улуттук каналда эпосту чагылдырган берүүлөр көп болсо, балким ЖОЖдордо, мектептерде атайы "Манас" сабагы предмет катары кирсе, анан баба өнөрү аз да болсо көтөрүлмөк.
- Жалаң эле манасчылык өнөр тууралуу кеп кыла бербестен, өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз жөнүндө кеп кылсак.
- Маданият кызматкери эместигиме карабай, көп жылдан бери манасчылык өнөрүмдү таштабай аздектеп, балдарыма өткөрүп берүүгө далалат жасап келем. Чоң манасчылардын жолун улай, эпостун "Чоң Казат" бөлүмүн өзүмдүн вариантымда иштеп чыгып, 6 000 сап көлөмүндө Жалал-Абад облусунун улуттук фольклор топтоо бөлүмүнө өткөрүп бердим. Бош убактымды текке кетирбей, жазмалык жагымды да өрчүтүп поэзиянын үстүндө иштеп жүрөм. Мунун үзүрү катары "Сезимдеги элестер" аттуу тунгуч ыр жыйнагымдын жарык көрүшүн айтып кетейин. Негизи, өнөрдүн өсүшүнө маданият тармагында эмгектенүү жана борбор калаада жашоо чоң өбөлгө тура. Айылда турганыма байланыштуу көп конкурстарга келе албай калам. Анүстүнө элет жеринде Манас боюнча чоң масштабдагы иш- чаралардын уюштурулушу жокко эсе. Ошондуктан, Бишкекке келген кезде манасчыларды колдоо максатында түзүлгөн "Манас-Мурас" коомдук фондуна барып улуу-кичүү муундагы манасчыларга жолугуп турам.
- Манасты көбүнчө кандай учурларда айтасыз жана канча убакытка созулат?
- Конкурстарды, майрам күндөрүн, концерт кечелерди эске албаганда, манас угууга дилгир аудитория түзүлгөн жерде айтууга ар убак даярмын. Ал эми жеке өзүм үчүн болсо, бош убакта, көңүл ток чакта, эргүү келгенде айтам. Ар бир манасчынын жакшы жана үстүртөн айткан эпизоддору болот. Жакшы айткан эпизоддор көөдөндө ар убак жат сакталат жана айтууга, айткан сайын кызууга улам үндөйт. Ошондой эпизоддордун бири "Көкөтөйдүн ашы" темасын кечте баштап таң сүрө айтканым эсимде.
Жетиген БАЙТУРСУН





Кыялдан да самолет чабыты кызык
Кушка окшоп асманда учуу адам жаралгандан анын кыялы болуп келген. Ал эми самолетту мыкты башкаруу кыялдын бир ирмемине айланып, учуп баратканда түрдүү кырдаалдардан чыга билүү, чеберчилик менен темир кушту башкаруу - жогорку пилотаж деп аталган спорттун түрү келип чыкты. Кыргызстандык учкучтар ШОС өлкөлөрүнүн арасында өткөн спорттун бул түрү боюнча май айынын акырында өткөн эларалык мелдеште биринчи орундарды алып кайтышты. Биринчи орунду жеңген учкуч Кудайберген СУБАНБЕКОВ бүгүн бизде мейманда.


17 жыл самолет башкарбай жүрүп биринчи орун алган учкуч

- Жеңишиңер менен куттуктайбыз! Мелдештин жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?
- Жогорку пилотаж боюнча эларалык мелдеш 26-майдан 29-майга чейин Россиянын Екатеринбург шаарында болуп өттү. Машыгуучу жайлары, жатаканалары, бардык шарттары абдан жакты. Мага өткөн жылы телефон чалып, катышууга чакырышканда аябай таңгалдым. Анткени учпай калганыма 17 жыл болгон.
- Эмне себептен?
- Мен 25 жыл Фрунзе аэроклубунда 1-класстагы учкуч-инструктор болуп иштедим. СССРдин спорт чебери деген даражам бар. Ошол кезде союздук мелдештерге катышчубуз. Европанын, дүйнөнүн биринчилиги үчүн да ат салышууга мүмкүндүк бар эле. Биздин аэроклубдун командасы союз боюнча эң күчтүүлөрдүн бири болчу. Бул спорттун машакаты көп, көп каражат талап кылат. Союз тарагандан бери биздин аэроклуб да жоюлган. Эми Россия демилге көтөрүп, Кытай, Индиядан бери катышчу болду. Азыр өзүмдүн жеке иштерим бар, алар асманга учуудан алыс нерселер. Учкуч болгонго жашым да туура келбейт, азыр 59дамын.
- Көп жыл учпай жүрүп, биринчиликке кантип жеттиңиз?
- ШОСтун алкагына кирген өлкөлөрдөн жалпы 22 адам, Кыргызстандан 4 учкуч бардык. Менден сырткары Лидия Харцева, Сергей Вепренцев, Лариса Кремнева да катышты. Мелдештин шарты муздагы "фигурное катаниеге" окшош, сөзсүз аткарылуучу жана эркин комплекстен турат. Кичинекей ЯК-52 самолетунда 3 күн жарыштык. Ар бир учуп чыкканда 10-12 мүнөттүн ичинде самолет менен асманда түрдүү татаалдыктагы, формадагы фигураларды жасап көрсөтүш керек. Мисалы "бочка", "штопорная бочка" деп коет, же самолет типтик өйдө учуп баратып, кайта куйругун көздөй кулайт, аны "колокол" дейт. Самолеттун болгон мүмкүнчүлүгүнүн баарын колдонуш керек. Мен бир жума мурда барып, инструктор менен машыктым. Көп жылга созулган тыныгуудан кийин унуттумбу деп коркуп, барганда кыймылдаткычтарды да иштеталбайт болушум керек деп ойлогом, бирок кечээ эле кабинадан чыккандай учуп чыктым. Негизи, учкучтар жарым жыл учпаса инструктор менен учушат, мен болсо 17 жылдан кийин инструктор менен учуп келгенде, инструктор кечээ учкандай учуп атпайсыңбы деди. Унутпаптырмын.
Мелдештин жыйынтыгында мен бир алтын, эки күмүш медаль алып 1-орунду, Харцева эки алтын, бир күмүш медаль менен 2-орун, Вепренцев 4-орунду, Кремнева 9-орунду алып, жакшы ийгиликтер менен кайттык.
- Эмне себептен учкуч болууну чечтиңиз эле?
- Мен бала кезде бизде үлгү болчу деле эч ким жок эле. Теледен, гезиттен эле маалымат алчубуз. 1960-жылы Фрунзе аэроклубунда окуп баштап, Россиядагы учкучтардын Качинский жогорку авиациялык училищени экстерн менен бүтүрүп, диплом алгам. 25 жыл инструктор болуп иштедим. Пилотаж жасаган самолеттордун баарында учалам. Пенсияда экениме карабай мелдешке катышып келдим. Күзүндө Алматыда өтчү Азиялык мелдешке да чакырышты. Ага Кыргызстандан жок дегенде 2 учкуч барышыбыз керек. Эмки жылы Минскиде дүйнөнүн биринчилиги да болот.
- Асманда НЛО менен жолугуштуңуз беле?
- Башка аң-сезимдер менен жолугушуулар космонавттарда да, учкучтарда да болот. Бирок элди коркутпаш үчүн ачык эч качан айтылбайт. Мен бир жолу учуп баратканымда, руль башкарылбай калган. Типтик өйдө чыгып баратканда секириш керекпи? Анда самолет куласа өзүңдү кууп жетип, басып калат. Секирбесең да самолет ылдамдыгы ылдый күүлөнөт, аны менен кошо кулайсың. Кандай кылышты билбейсиң, убакыт да аз, өтө тез чечим кабыл алыш керек. Ошондо белгисиз бир күч рулду буруп кеткен. Көрсө, отвертка такалып калыптыр, аны кандайча чыгарганым али түшүнүксүз. Бирок кандайдыр бир күч жадамга келген, ал эмне күч экени азыркыга чейин белгисиз. Аны айтып түшүндүрө албайм.
Нуржан АЛЫМКАНОВА