Кыргыз гезиттер архиви


Ак терек, көк терек
Жума башында оппозициянын тыңчыкмалары чогулуп, президенттик шайлоодон "сынып" калбас үчүн "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" чечимине келишти. Буга чейин оппозициялык маанайдагы гезиттер "ат чабышка" аттанган оппозициячыл эки "күлүктү" апендинин кызындай мактап, бири-бирине башынан ылдый жугунду куюп атышкан. Ынтымакка келген оппозиция "бисмилла" дегенде эле мындай "беспределди" токтотуп, бийликке каршы маалымат "согушун" чыңдамакчы. Ошондой эле Акүйдөгү үлкөн чиновниктердин айрымдары оппозиция короосу менен көз ымдашып, бир эмес үч-төрт фронтко "ойноп" атканы аргасыздан жакаңды карматат. "Ойноок" аткаминерлер бир нерсени сезгенден сообу…

Досболдун деңгээли
Борбордук аянтта Манас бабабыздын душмандарына эстелик орнотуу кыргызмын дегендердин бардыгын "шок" кылды. Кыргыздын намысын тебелеген, улуттук идеологияга түздөн түз тиешеси бар мындай уят ишке мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу пикирин билдирип койсо не. Кайда-ан, эч нерсе болбогонсуп көрмөксөн, билмексен. Анда Мамкатчылык кызматты аркалоонун кажети канча? Президент көчмөндөр цивилизациясы жөнүндө жаңы концепция, улуттук кайра жаралуу жөнүндө маселе көтөрүп жатса, Мамкатчы буларга салым кошконду кой, борбор аянттагы шермендечиликти кылбай коюуга болот беле? Ай, ким билет… Досбол мырза улуттук идеология тургай Акүйдөн тышкары жашоо бар экенин унутуп баратат өңдөнөт.

Доктурбек, барсыңбы?
Бишкектеги "Жалал-Абад" кафесине ЖК депутаты Арапбай Төлөновдун тиешеси жок экен. Кафени арендага алып иштеткен Бахрам аттуу жигит менен жөн гана ага-инилик мамилеси бар. "Жалал-Абаддын" чыныгы ээси Доктурбек деген жигит экенин Арапбай ака биз менен инсан катары маектешип отуруп тактап берди.

Бектер кетет, эл калат
Ушу тапта Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев, Ош дубанынын жетекчиси Аалы Карашев жана Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун башын "кара булут" каптап туру. Буларың жакын арада жүзөгө ашчу кадрдык жүрүштүн курмандыгы болот окшоп калды.

Алыска барасың, жигит…
Эл өкүлү Максат Кунакунов кечээ өзүнүн "Микрокредиттер жөнүндөгү" мыйзамын парламентте жактап жатып чоң уятка калды. "Бул мыйзамды Экономика, бюджет жана финансы комитети колдоду" деп бети чымырап койбостон бежиреп атканда, коллегасы Бакыт Төрөбаев "калпты ченеп ышкыртсаңыз. Мыйзамды комитет колдогон жок. Улуттук банктын пикирин эске алып, кайра иштеп чыгууга артка кайтарылган" дебеспи. Көрсө, Максат мырза Аскарбек Шадиев жетектеген Экономика, бюджет жана финансы комитетинин жасалма чечимин чыгартып, депутаттардын кулагына "лапша" илип атыптыр.

Акылбек Жапаров кимди алдагысы келет?
Парламент жыйынында Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров "Жашыруун байлыктарды адалдоо (амнистия) жөнүндөгү" мыйзам долбоорун сунуш кылды. Бул мыйзамдын ички мазмуну менен аты жарашпай, депутаттарды биртоп ызы-чууга салды. Көрсө, Акылбек Үсөнбекович аталган мыйзамда жашыруун капиталды мыйзамдаштырууну эмес, түрмөдө жаткан коррупционер, уруу-кескилерди абактан бошотуунун ыкмасын кыйтырлык менен камтып өтүптүр. Муну билип калган Акүйдөгү таасирдүү фигура мыйзамдын жаратуучуларына катуу чара колдонгону жатат дешет.

"Агым-пресс"




Айла жок, бирок ай ля вю
Токтокүчүк Мамытов
Токтокүчүк аттуу (көпчүлүк Токон дешет) генерал бар. Акаев учурунда күч органдарынын бийик секисинде бийлеген. Жакында чегара кызматынын башчылыгына конду. Мына жакында Кара-Суу районундагы "Достук" постунда 29 жаштагы Улугбек Усмановду чаламандын чак түшүндө өзбектер атып кетти. Унчукпады. Өзгөндүн Ана-Кызыл айылында Убайдылда Миталиповду ала допу туугандар чегарадан машинасына салып кетишти. Унчукпады. Өзбек кошуналар өзүмбилемдик кылып, чегараны бойлото аң казып киришти. "Токто!" деп ооз ачып койгонго жарабады Токтокүчүк мырза. Түштүк тараптагы чегараларды түрө кыдырып, Ташкенттеги кесиптештери менен кеплешкенге неге болбосун.

Топчубек Тургуналиев
Тээ илгери чатыр тигип пикетке чыгып, ыраматылык Абсамат Масалиевди бийликтен түшүрүүгө үлкөн салым кошуп, Акаевдин башына ак калпак кийгизген ким? Тургуналиев. Көп өтпөй экс-президентке каршы чыгып, эки-үч жолу темир тор баландасын да татып чыккан. "Акаев кетсин!" ураанын коштоп, азыркы президентти жандап жүргөн ким? Ушул эле Топчуке. Азыркы бийликти узун-туура сындап, кыйкырып жаткан Топчубек жаран Тургуналиев аз убакыт мурун кайсы бир гезитке "Турдакун Усубалиевге бир миллионго жакын акча берди. Эмне, анын жаны бүт элдин жанынан артык бекен?" деп маек бериптир. Турдакун Усубалиевдин ким, эмне иш кылганын билбей калганы кызык.

Мирослав Ниязов
Бул генералыбыз Акаев бийлиги турганда Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орунбасары, Тажикстанда элчилик кызматтардын кылчылбырын чойгон. Бүгүнкү бийлик келгени Коопсуздук кеңешинин катчысы вазыйпасын аткарган. Ал жакында "Камбаратанын бизге кереги жок. Ага кеткен каражат экономиканын чукул арада пайда берчү долбоорлоруна жумшалса болмок" деп тим эле "ачылыш" жасап жибериптир. Башка киши айтса жарашмак. Минтип генералдын айтканы жаш баланын сөзүндөй эле болуп атпайбы. Камбарата ГЭСи курула баштагандан бери кошуна Өзбекстан, Казакстандын ичине ит өлүп атпайбы. Ушундай үлкөн ишти көрбөгөн экс-элчи аман эле болсун.

Ислам Каримов
Абдуганы аксакалдын уулу Өзбекстанда падышачылык дооран сүргөнүнө кечээ 20 жыл болуптур. "Кашкадарыя обкомунун биринчи секретарынын мамлекет башчылыгына келишине ошондогу генсек М.Горбачев каршы болгон. Анан не болгонун ким билсин, биринчи катчы Рафик Нишанов СССР улуттар советинин төрагалыгына кеткени, Ислам ака төрдү ээлеп алган" деп жазат "CA-NEWS (UZ)" агенттиги. Ырасында эле ошондо Михаил Сергеевич катуурак сес көрсөтүп койгондо, бизде бүгүнкүдөй чегара, газ, суу жер деген баш оорутма балким болмок эмес.