Кыргыз гезиттер архиви

  Кыздын сыры энеге маалым

Назира АЙТБЕКОВА:
"Апам аялзатынан тапкан жалгыз курбум"
Маек төрүндө - телеалпаруучу Назира АЙТБЕКОВА апасы Нургүл Дөөлөтбаева менен. Эне-бала турмушта ысык достор. Ал эми Назира өзү жакында эне болгону турат.

- Кызыңызга неге Назира деген ысым бергенсиз?
Назиранын апасы Нургүл айым: - Ошол кезде Назгүл, Назира деген ысымдар көп коюлуп аткан. Жалпылап Назира деген ысымды жактырганбыз.
- А кызыңыз атына жараша назик элеби?
- Кичинесинен өз эркине койдум. Туура эмес сүйлөп атасың же минтпе-тигинтпе деп таптакыр тыйчу эмесмин. Анүстүнө көп ооруп, ооруканага көп жаткандыктан, баарыбыз тең Назиранын көзүн карап, күлсө күлүп, ооруп кабагы бүркөлүп калса, баарыбыз тең эч кимди сүйбөй калчубуз. Эркек төрөлөт деп күткөнгөбү, эркек мүнөздө өстү. Эркек балдар менен ойночу.
- Өзүңө жагабы ысымың?
Назира: - Сүйөм да атымды. 7-ноябрда төрөлгөм, эгер ага карап Майрамкүл же революциянын жеңиши деп Жеңишкүл коюшса не кылмакмын. Апам жанагинтип тыйбаганы менен аябай эле катуу кармачу. Эч жакка жиберчү эмес. Классташтарым мени сураганы келип, апама жалдырап турушчу. Мектептен чыгып, туура 12де келип калышым керек болчу, кичине кечиксем, анда өлдүм. Апам келгенче үйдү жыйнап, сабагымды окуп коюшум керек болчу. Апам мени жалгыз өстүрүп атса деп аячумун. "Беш" алып же жардам берип апамды сүйүнтүүгө аракет кылчумун.
- Кызыңызда чечендик бар го, бул кимден?
Нургүл айым: - Анча-мынчасы чымындан дагы болсо керек. Үй-бүлөбүз менен музыкага жакынбыз. Өзүм да музыкантмын. Менин чоң энем да тынымсыз, дем албай сүйлөчү. Аны Сабира Күмүшалиева деп койчубуз.
Назира: - Апам өзү диктор болууну эңсечү экен. 2-класстан тарта чоң романдарды окуй баштаптыр. Кыялдары орундалбай, комузчу болуп кетти. Алардын баары мен аркылуу четинен аткарылып жатат десем болор.
Нургүл айым: - Булак бар. Менде убагында анын көзү ачылбай калган. Кызым экөөбүз көп жактан окшошпуз. Мүнөздөрүбүз да, кебетелерибиз да. Экөөбүздү артыбыздан эч ким ажырата алчу эмес. Чачыбыз узун, бойлорубуз да бирдей.
Назиранын классташтары, достору мени Назира деп алышчу. Телефондон үндөрүбүздү эч ким ажырата алчу эмес.
Назира: - Болгону апама караганда мен аябай ачыкмын. Үйдө апам экөөбүздүн бардык таланттарыбыз чыгат. Балыкчыдагы үйдө өзгөчө, жарык өчүп калганда апам комузун чертет, анан экөөбүз жарыша ырдайбыз. Коңшулар булардын свети өчпөптүр, радио иштеп атат деп калышчу экен. Кээде образга кирип, бирөөбүз кемпир, экинчибиз жеңенин ролун аткарабыз да, кайра бири-бирибизди карап алып боорубуз эзилгенче күлөбүз.
Нургүл айым: - Мектептеги кыргыз тили жана адабиятынан берген эжейимден алган билимим Назираны дал ушул тил, сөз жагынан тарбиялоого башат болуп берди. Кичинесинде эле экөөбүз көчөдө кетип баратканда да чоң акындардын ырларынан бери айтып берчүмүн.
Назира: - Ушунчалык көркөм окуп берчү, анын баары кулагыма куюлуп калчу. Бир аз интонациясын бузуп же дикциям келишпей калса, кайра оңдотуп айттырчу. Апамдын жардамы менен кыргыз тили жана адабият сабактарынан дайыма "беш" алчумун. Кээде дилбаяндарды жаздырып алып барчумун.
Нургүл айым: - Бир күнү кызым: "Апа, мага Алмагүл эже "6" койду" деп маңдайы жарыла сүйүнүп келди. Шар да окуй элек кези болчу. Үйгө берилген тапшырмасы тамсил экен, аны түз ыргакта окуп атканынан, дикцияга, интонацияга салып окутуп койгон элем. Дал ошондой окуп бериптир. Анан эжеси келип эки бетинен өөп, "6" койгон экен.
Назира: - Апам мени такыр бош койчу эмес. Балдар билим борборуна англис тили, өзү иштеген музыкалык мектепке комуз, фортепианого жаздырып койгон. Андан чыгып алып маданият үйүндө спектаклдерде ойночубуз. Оюнда мен дайым кемпир, ал эми апам кызымдын ролун аткарчу. Мен ырдап, ооз комузда ойночумун. Кичинемде чоң энемдин, жайында таене-таятамдын колунда болгондуктан, абышка-кемпирлердин сөздөрү кулагымда турчу. Роль аткарганда мунун баары мага жардам берчү. Республикалык сынактарга чейин дал ушул кемпирдин ролун аткарып катышып жүрдүм.
- Апаңа бүт сырыңды жашырбай айтасыңбы?
Назира: - Аялзатынан жалгыз курбум апам. Кыздар менен достошсом, кырылышып кетем. Досторумдун баары эркектер. Ар бирин апам тааныйт. Баарын тааныгандыктан, бир жакка алар менен жиберип калса, жүрөгү тынч болчу. Кичинекей кезимде балдар сөгүнүп калса, түшүнбөй апамдан келип сурачумун.
Нургүл айым: - Башка балдар бул сөгүнгөндүк деп ажырата алат эмеспи. Кызым түшүнчү эмес, кайра келип маанисин сурап, ал не дегени деп калчу. Башкача кыз эле. Бир сөздү туура эмес окуса же айтып алганда үйдөгүлөр күлүп калсак, бул бизге таарынып калгандын ордуна кайра-кайра кайталай күлдүрүүгө аракет кылчу.
Назира: - Университетке тапшырып келгени аябай жалгызсырадым. Жатаканадан "10-бөлмө. Назира Айтбекова, апаң телефон чалып атат" дешкенде чуркап келип, "алло" дегенде эле экөөбүз тең ыйлай баштачубуз. Жанымдан чыкпай жүргөн кызым шаарда көзү жалдырап калды го деп сарсанаа болсо, мен ага: "Апа, мен староста болуп, группанын баарын жайлап атпаймбы" десем таңгалчу экен.
Нургүл айым: - Телефон чалган сайын улам бир жакшы жаңылыгын айтчу.
Назира: - Чогуу окугандардын көбү баары кычыраган, машине айдаган, сотка көтөргөндөр эле. Башында кайдан келген колхоз дешчүбү, баары кетип эле өзүм жалгыз калып калчумун. Бирок, аз өтпөй эле баары сыйлап калышты. Анткени, мен сабакты да окуп, сахнага да чыгып жүрдүм. Анан айтпай отурушка барып калганда апам Балыкчыда, мен шаарда турсам да жүрөгүм тынч болчу эмес. Чыдабай кайра баарын апам телефон чалганда сөзсүз айтып берип, анан эс алып калчумун.
Нургүл айым: - Эгиздер бири-бирин туюп тургандай, экөөбүз да баарын сезип турабыз. Мен жаман болуп атсам Назирага, кызым кыйналып атса мага сезилет. Күйөөгө кеткенде улам көзүмө бут кийими көрүнөт, аны карап эле ыйлап жүрөм. Таенеси мени урушуп атып араң көндүрдү.
- Кызыңыздын сизди капа кылган учуру болду беле?
Нургүл айым: - Ооруп калганы эле болбосо, Кудайга шүгүр, тескерисинче төрөлгөндөн маанайыбызды көтөрүп келет. Баладай болуп "муну кийинем, мен минтет элем" деген да эмес. Эч нерседен кем кылган жокмун. Гимназияда окуду, классташтарынын баары жакшы кийинчү. Аларды карап, ушул мода тура азыр деп Назирага да ошол сымал кийимдерди алперчүмүн. Мектептен эле ар кандай кароо-сынак, олимпиадаларга катышып жүрдү. Баштаган ишин аягына чыгармайынча жаны тынбайт. "Алатоо" университетинде контракт чоң эле, а менин кызым бюджеттик бөлүмгө өттү. Жаман окуса которуп салат экен деп чочулап жүрдүм, бирок, Назира уктап-уктабай жүрүп, окууну жакшы аяктады. Өз абийири менен турмушка чыкты. Эми азыр наристе күтүп аткан чагы. Кудай буюрса, күйөө балам да мыкты жигит. Өзүмө окшош мүнөзү.
Назира: - Мени ала качып кетердин алдында кайра-кайра үйгө ууру кире бергенинен болочок жолдошум күчүк белек кылган. Азыркыга чейин тамашалай: "Күчүккө алмаштырып алгам сени" деп калат. Чындап эле күйөө баласы менен апамдын мүнөздөрү окшош. Экөө тең кеңпейил, элпек, мен ордумдан очорулуп турганча бул экөө зуулдап жүрөт. Апам тамакты мыкты жасайт. Бирок, мен өмүрүмдө жумуртка да кууруп көргөн эмес элем. Алгач күйөөгө тийгенде апама телефон чалып, анын айтып берүүсү менен кайын-журтума тамак бергем.
Нургүл айым: - Көзүн карап эч нерсе деле жасаткан эмес элек. Таене-таятасы да аяп, балдарынан каткан нерселердин баарын Назиранын алдына жайчу. Таятасын жерге бердик, ал эми таенеси азыр бүт оокатын көтөрүп алып кыз-күйөөсүн көргөнү келип турат. Тай журту бүт сыймыктанып, Назиранын сөзүн эки кылышпайт. Баары сыйлап, Назира шаардан барганда алар тегеректеп алып кебин угушат.
Назира: - Таене-таятама небередей эмес, өз кызындай болчумун. Эл да мени таятамдын кызы дешчү. Төшөккө жыгылганы мени күткөн экен улам сурап. Мен баргандан кийин үзүлдү. Өзү мал-жандуу киши эле. Жетим-жесирлерге боору ооруп, элге көп жардам берээр эле. Элден, карылардан көп бата алдым, көп жашайм дечү. Айылда баары сыйлашып, Бакай деп кеңеш сурап, көп адамдар кайрылар эле. Бүтпөй жыл бою созулуп жүргөн иштерге таятамды жөнөтүп жиберишер эле. Кандай гана адам болбосун, тилин таап, иштин түйүнүн оңой чечкенди билер эле. "Бүгүн менин кызым теледен чыгат" деп кайда жүрсө ашыгып калчу экен, а бирок менин көзүмчө эч качан мактачу эмес. Көрсө, көз тийбесин дечү экен.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы