presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кепорол

Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер

Күрөшөбүз деген бийлик бержакта эле калып кетти. Оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн менчик гезиттери аркылуу Атамбаев Сариев болуп бөлүшүп, чабышып эле жатып калышты. Эң кызыгы, алар бири-бирин шыбап жатканда бийликти шыбагандай ыкмаларды колдонуп жиберишкени болду. Жадагалса Сариевди сокулуктук туугандары да колдобойт деп атайын издеп тапкандай беш-алты кишинин билдирүүсүн мисалга тартышты. Азыр Сокулукка өлкөнүн булуң-бурчунан келгендер көп. Андыктан Сариевди колдобойбуз деп Атамбаевге кол койгондор ошолор болушу да мүмкүн. Ушунун өзү эле эл арасында оппозициянын кадыр-баркы канчалык деңгээлде экендигин оппозициялык гезиттер мыкты ырастап жатат. Буга чейин Атамбаев менен Сариевди кыргыздын мыкты жигиттери деп эле жүргөнбүз. Бирок өздөрү айткандай, Сариев оппозицияны жең ичинен саткан бийликтин кишиси экен. Эми Темир мырза өзүнүн конституциялык укугун пайдалангандыгы үчүн балээге калып отурат. Атамбаевдин тарапкерлеринин ою боюнча, ал президенттик шайлоого катышпай шүк отуруп, Алмаз мырза үчүн иштеши лазым экен. Бирок, суроону тескерисинен берип көрбөйлүбү. Эмне үчүн Атамбаев талапкерлигин алып салып, Сариевге жол бошотпойт?
Оппозиция шайлоо мөөнөтү белгиленген күндөн тартып Бакиевге эч ким добуш бербейт деп жүз жолу ырастап келет. Эгер мындай болсо Сариев деле шайлоодо жеңип чыгышы толук мүмкүн да. Буга Атамбаевди убара кылып эмне кереги бар? Бир чети Алмаз мырза аз болсо да бийликте иштеп калды. Эми Сариев деле эл башкарып көрсүн. Анүстүнө "Апта" гезити Алмаз мырзаны "саясатта кыздай кылыктанып жатат" деп ынанымдуу фактылар менен жазыптыр. Мындай болгон соң проблема жок. Мүмкүн алар Мотуев менен Үмөталиевадан чочуп жатышкандыр. Атаандаш деген атаандаш. Анүстүнө Нурлан Мотуев паракорлук менен күрөшүү пайдасыз экендигин белгилеп, коррупционерлерди 50 жылга түрмөгө отургузууну сунуштап, парламенттин кереги жок, эң төмөнкү айлык 10 миң сом болот деп элдин бүйүрүн кызытып жиберди. Ал эми жогорудагы чабышкан эки азаматтын таскагы ушундай болбой жатпайбы.
Көпчүлүк оппозиция бийлик десе жантыгынан жата калат деп тагдырын азыркыдай эле божомолдогон. Эми артка жол жок. Темир мырза эч качан беттегенинен кайтпайт. Депутат кезинде "жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн" деген накыл кепти бийик трибунадан далай айткан. Жалпысынан Атамбаев менен Сариев жанаша койсо деле бири-бирине тоскоол болушпайт. Азыр БЭКтин мүчөлөрү шайлоодон кийин "Темир Сариев талапкерлигин койбогондо сөзсүз биз утат элек" деп доомат коюшпаса болгону. Бирок БЭКтин катары күндөн күнгө суюлуп, сөлөкөтү эле калды. Кээ бир саясат таануучулар "БЭК жашоосун токтотту" деген бүтүмдү май айында эле айтышкан. Бул оппозициянын бийликке жетпей жатып түшкөн акыбалы. Кокус Атамбаев бийликке келсе Сариев митинг уюштуруп, Сариев президент болсо Атамбаев ачкачылык жарыялап жатып калмакпы? Көрсө, биригели, ынтымакта бололу, бир талапкерди колдойлу деп сөз жүзүндө айтса эле ошондой болуп калбайт экен. Эң ириде, андагы кишилердин жандүйнөсү бир максатка багытталып, жеке керт башынын кызыкчылыгынан жогору болуш керек.
Кыргыз оппозициясы бийлик менен атаандашып, өздөрүн алардан өйдө экенин ырастай элек. Алар депутаттык мандатка жетпей өкүттө калганда коомдук парламент түзүштү. Ушул жол менен мыкты мыйзамдарды сунуштап, азыркы иштеп жаткан депутаттардан кыйын экендиктерин көрсөтүшкөндө болмок. Бирок, эки жолу жыйын өткөргөндөн кийин анын да дымы чыкпай, эл көзү үчүн көрсөтмө катары түзүлгөндөй калып кетти. Азыр Коомдук парламент тагдырын ойлогон киши жок.
Оппозициянын дагы бир орчундуу катасы бийлик жасаган иштерди көрбөй, жасап жаткандарын жарабайт деп кескин сынга алганы. Жадагалса аянттагы түстүү фонтанды да туура эмес дешип, ошондон саясат жасап ичкүйдүлүк менен жамандап алышты. Азыр фонтанга күн сайын шаардын миңдеген тургундары келип эс алып жатышат. Эми ошолорго бийлик ушуну туура эмес жасаган деп айтсаң жакшы көрөбү? Артында чындык жок туруп, кургак жамандоо менен эч кимдин пикирин өзгөртө албайсың. Азыркы кырдаалда оппозиция көрпенделикти кое туруп, бирин бири белден ылдый уруп, абийирлерин чукубаса жакшы эле. Анткени, бизге бирдиктүү, күчтүү оппозиция сөзсүз керек. Бирок алар азыркыдай өз ара ыйкы-тыйкылыктын кучагынан чыгып, бийликти бир беткей жамандай бербей, чынында бийлик чочуй турган күчкө айланышы керек. Сыягы оппозиция да толугу менен жаңыланууга муктаж. Азыркылардын болгон дараметин көрүп турабыз.
Келдибек НАЗИРОВ




  Акүйгө очурет узун, өмүр кыска

Капчыгына карап бел байлагандардын сөзү кыска

Ошентип, журт башы болчулардын тагдыры чечилерине туура 41 күн калды. Мына ушул маселенин тегерегинде саясат иликтөөчү Марс Сариев гезитибиздин №18 (646) санында кенен маек куруп, "… 23-июлга белгиленген президенттик шайлоо - оппозиция үчүн акыркы саясый оюн, акыркы чоң мүмкүнчүлүк. Жаза тайып, шайлоодон утулуп калышса, саясый аренадан таптакыр четтеп, саясый "өлүккө" айланышат. Буга жол бербеш үчүн оппозиция болгон дараметин жумшайт" деген оюн билдирген. Марс мырзанын ою боюнча, эгерде оппозиция жеңишке жетем десе, бир күчтүн алдында биригиши керек эле. Ал эми чыныгы турмушта оппозиция ичинен ыдырап, Атамбаев-Сариев эки жээгинин тиреши күн өткөн сайын күчөп баратыр. Ушул калыбынан жазбай кете берсе, Марс Сариев божомолдогондой, оппозиция саясый "өлүккө" айланып калбас бекен?..
Жекшенкулов-Текебаев тандеми болгондо…
Оппозиционерлердин башын кошкон Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) президенттикке жалгыз талапкер катары Алмазбек Атамбаевди колдоого алышы коомчулукка түркүн ойду жаратты. БЭКтин мындай чечимге келиши айрымдардын, асыресе, ошол эле өнөктөштөрүнүн кыжырын кайнатканынын да жөнү бар. Анткени, КСДП лидери өкмөттү жетектеп турган маалында пикетке чыккан элди малга теңеп, жарытылуу иш кылбаганы карапайым калктын эсинде. Анүстүнө, Алмазбек мырза баштан ашкан байлыкка кантип жеткени боюнча түрдүү жөө жомоктор айтылып келет. Кеп анда деле эмес деңизчи, бирок дегеле БЭК так ушул Атамбаевдин кандидатурасына токтолгонунун сыры неде? Сөз жок, кандай гана күч болбосун, шайлоодо мөрөй алам десе, ириде капчыгы калың болуш керек. Бу жагынан алып караганда КСДП лидери талапка жооп берет. Мындан сырткары, А.Атамбаевдин премьер-министрлик кызматты аркалаганы да оппозициянын бирдиктүү талапкерине айланышына зор таасирин тийгизгени айтпасак да түшүнүктүү.
Бирок, көпчүлүккө белгилүү иштердин айынан президенттик жарыштан куру калган Өмүрбек Текебаевдин деле Атамбаевге ичи толбойт. Өмүкенин "Казакстан" социал-демократиялык партиясынын мүчөсү, политтехнолог М.Сабитова менен телефон аркылуу баарлашканда айткан сөздөрү буга далил. Анда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы шайлоого катыша албай калганына ичи өрттөнүп атканын жашырбай, Атамбаевдин жеңишке жетүү шансы 10%дан ашпасын баса белгилейт. Болору болуп, боесу канган соң, баарыбир жапатырмак колдойбуз дейт. Мында дагы мыйзам ченемдүү суроо пайда болот. Өмүрбек Чиркешовичтин Атамбаевге кош көңүл, салкын мамиле жасашынын себеби неде? Көрсө, сырдын түйүнү башкада тура.
Бизге жеткен маалыматка караганда, Ө.Текебаев баары бир шайлоого катыша албасын жыл башында эле билип, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов менен тандем түзүптүр. Тактап айтканда, Өмүке президенттик шайлоодо экс-министрди сүрөөнгө алып, анын кандидатурасын колдомок. Себеби, А.Жекшенкуловдун шайлоо кампаниясын каржылаганга шаасы жетиштүү имиш. Мындай генпланга Темир Сариев да макулдугун билдиргени кызык. Ага ылайык, эгер Жекшенкулов президент болсо, Текебаев өкмөт башчылыгын ээлеп, Сариевге ЖК төрагалыгы буюрмак экен. Экс-министр сыйлыкка алган тапанчанын айынан абакка отурбаганда, Жекшенкулов-Текебаев тандемине күбө болмокпуз. Калганын окурман журтчулугу өздөрү аңдап алар…
Эки жээкти эриктирбеген Аргенбайдын баласы
Темир Сариев БЭК менен расмий "ажырашып", президенттик жарышка аттанышы менен оппозицияны белге чапканы маалым. Анын мындай батыл кадамы Акүйгө да, оппозицияга да баш оору болот деген көзү ачыктардын тарткан төлгө ташы төп келбей туру. Атамбаевге ыктаган басылмалар Аргенбай аксакалдын уулу Темирди бийликке сатылган саясатчы сыпатында сындаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш дейли. Ошол эле маалда бийликке жан тарткан маалымат каражаттары КСДП лидеринен "косяк" тапканга жан үрөп аракет жасап, болушунча шыбап, "Акшумкардын" төрагасына келгенде унчукпаганы нени каңкуулайт? Антейин десең, "оппозиция мына мен" деп төшүн каккандар азыртан эле Т.Сариевди колдоорун, шайлоодо ошого иштээрин ачык айтып чыгып жатышканы да биртоп суроолорду жаратты. Иши кылып, Аргенбай аксакалдын уулу тыягын да, быягын да эриктирбейт өңдөнөт.
Ресурс көп болсо бутка күч келет
Президенттикке талапкерлердин кол тамга чогултуу вазийпасын мамлекет башчысы Курманбек Бакиев ашыгы менен аткарыптыр. Мыйзам боюнча 50 миң адамдын колу керек болсо, ажобуздун көрсөткүчү 1,2 миллионго жеткен. Башка талапкерлер деле жамбаштап жаткан жок. Айрымдарын эске албаганда, калгандарынын бардыгы 50 миңден кол чогултууга чама-чаркы кудайга шүгүр эле. Бирок, бийликтин ушу тапта эмне кылып жатканын көрүп-угуп туруп айтпасак болбос. Азыр мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде кызматкерлерди шайлоо учурунда отпускага жибербөө, студенттердин каникулун да 23-июлга тууралоо, жетекчилер кичи мекенине барып айылдаштарын "обработкадан" өткөрүү өңдүү ачык айтылбаган иштер жүрүп жатат. Административдик ресурс деп буларды айтпаганда нени айтабыз?
Талантбек СЫДЫКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??





??.??