presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өткөндөн сабак алдыкпы?

Болот ЖАНУЗАКОВ,
"Кут" саясый партиясынын лидери:
"Террористтер менен 86 күн салгылашып, 55 жоокерден айрылдык"

Июлдун соңунда Баткен коогалаңына 10 жыл болот. Азыр ал окуянын кайталануу коркунучу бар экендиги жөнүндө ар түрдүү маалыматтар бар. Негизи, Баткен окуясынын элге белгисиз бүдөмүк жактары көп. Биз ошол учурда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп, согуштук аракетти түздөн түз көзөмөлгө алган Болот ЖАНУЗАКОВго кайрылдык.

- Баткен коогалаңы соңку кылымдагы Кыргызстандын тарыхындагы эң коркунучтуу, эң опурталдуу окуя болуп калды. Мына ушул окуядан кийин өлкөдө тынч, бейкут жашоо кепилдиги жок экени ырасталды. Эларалык террористтердин келгени бизге 1999-жылдын 28-июлунда белгилүү болду. Биз дароо Коргоо министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына ким экенин тактагыла деп тапшырма бердик. Бирок эч нерсе белгилүү болбоду. 4-5-августта 70ке жакын куралданган топ Зардалыга кирип келип, андан ары Палалооз, Ровут кыштактарын басып алышты. Натыйжада, 7-8 миңдей качкын пайда болду. Буга кошумча генерал Шамкеев жана төрт япон барымтага алынды. Мен август айынын соңунда Баткенге бардым. Ал жерде Коргоо министри М.Субанов менен орунбасары И.Исаков, Ички иштер министри К.Садиев согуштук аракеттерди уюштуруп жаткан экен. Бирок, 25-август болсо да эч бир натыйжа жок экенин ошол жерден билдик. Жагдай өтө коркунучтуу эле. Чынын айтыш керек, ошондо Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун жакшы жардам берген. Сакалчандардын ким, кайдан экенин ушул жигиттерден билгенбиз. Эларалык террористтер менен бетме-бет салгылашкан жападан жалгыз бир эле Кыргызстан. Башка өлкөдө жардыруу, барымтага алуу сыяктуу окуялар гана болгон. Белгилей кетчү нерсе, ошондо бизге Армения, Белорусия, Россия өлкөлөрү жакшы жардам берген.
- Алар Кыргызстанга кайсы тараптан келип турганын тактадыңыздарбы?
- Террористтер бизге Телбе жана Шудман ашуулары аркылуу келип турган. Базалары Тажикстандын Тавилдари деген жеринде жайгашкан экен.
- Башка жактан өтүүсү мүмкүнбү?
- Мүмкүн эмес, ушул эки ашуу аркылуу гана келишет. Анын баары элдик дипломаттар, жергиликтүү калк аркылуу гана билинген. Биздин жоокерлер тоодо жашаган менен анда салгылашууга көнгөн эмес экен. Бир аз жүрүшкөндө эле башы айланып, өпкөсү көпкөнү байкалды. Ошондо маркум Мирсаид Миррахимов көп насаатын айткан. Сурамжылап жүрүп жоокерлерге "Адаптеген" деген дары керек экенин билдик. Ошондон кийин гана биздин аскерлерде жандануу пайда болуп, аракетке өтө баштадык. Субанов менен Исаков иштен бошотулуп, ордуна Эсен Топоев дайындалды.
- Япон атуулдары менен генерал Шамкеевди бошотуу чынында кандайча болгон?
- Бардык ишти Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орунбасары Владимир Верчагин жүргүзгөн. Япондорду акчага айырбаштады деген калп. 1999-жылдын 17-сентябрында Кадамжай районунун Сырт айылында сакалчандар менен аябай катуу салгылашуу жүрдү. Ошол салгылашуудан кийин алардын мизи майтарылып, биздин аскерлер тоонун шартына көнүп, бардык багытта чабуулга өттү. Биз тигилерди кыргыз жеринен сүрүп чыгаргандан кийин гана барымтадагыларды бошотууга шарт түзүлдү. Ага чейин террористтер калктуу пункттарда тургандыктан, сокку бере албайт элек. Себеби, өзүбүздүн жарандардын да жабыркашы мүмкүн болчу. Менимче, алар Тажикстан тарапка ооп баратканда барымтадагыларды бошотууга аргасыз болушту.
- Генерал Шамкеев менен япон жарандарын бошотууда Садыкжан Камаловдун да жардамы тийген деп айтып жүрүшөт?
- Болсо болгондур, мен баарын билбейт экенмин. Ал ишке көп киши катышкан. Террористтер Тажикстандын аймагына өткөндө А.Акаев, тажик президенти Э.Рахмонов, Абдулло Нури, Зийоев менен сүйлөшүп, жардам көрсөтүүсүн суранган. Ал эми өзбек президенти И.Каримов жумасына төрт-беш жолу ар дайым эртең менен А.Акаевге телефон чалып, абалды талкуулап турушкан. Өзбекстандын коопсуздук катчысы Рахманкулов экөөбүз да күн сайын сүйлөшүп турчубуз.
- КМШ мамлекеттери, ШОС, ОДКБ сыяктуу уюмдар менен кандайча кызматташтыңыздар?
- КМШ мамлекеттери, ШОС колдон келген жардамдарын көрсөттү. Айрыкча, Кытай көп жардам берди. ОДКБ анда ДКБ болчу (Договор коллективной безопасности), Баткен согушуна чейин жөн гана декларативдүү мүнөздө болгон. Баткен алааматынан кийин гана жамааттык коопсуздук келишиминин механизми кыймылга келди. Кийинки кезде "Манас" абамайданындагы Ганси авиабазасы жөнүндө көп сөз болуп жатпайбы. Бул дагы Баткен коогалаңына түздөн-түз байланыштуу. Себеби, А.Акаев 1999-жылы кайрылуу жасап, терроризм менен бардык өлкөлөр чогуу жана бир багытта күрөшүү керек деп айткан. Ошондуктан биз 2001-жылы 11-сентябрдагы Америкадагы окуядан кийин тескери кете албай калдык. Анүстүнө АКШ террорчулуктун тамырын биротоло кыркуу максатында Ооганстанга сокку урууга камданды. Биз жардам иретинде "Манас" абамайданын пайдаланууга бердик. Себеби, Баткен окуясында баштапкы жылы 86 күн күнү-түнү салгылаштык. Согуш эки жыл удаасы менен болуп, 55 азамат жигиттерибизден ажырадык.
- Баткен окуясында чегара кызматы бар беле?
- Ооба, бирок жаңыдан гана түзүлүп жаткан. Баткен облусу түзүлгөндөн кийин ал жактагы чегара кызматы толук күчүнө кирди.
Келдибек НАЗИРОВ




  Чегара чеги тынч эмес

Чек бекитип жатабы же согушка даярданып жатабы?
Кара-Суу шаарынын тургуну Улукбек Жорокановду "Достук" чегара постуна жакын жерден өзбек чегарачылары атып, аны Өзбекстандын аймагына өткөрүп кетишкен. Көргөн кишилердин маалыматы боюнча Улукбекти өзбек чегине жетпей кишилердин арасында баратканда атышкан. Улукбек Өзбекстандын ооруканасына барып көз жумган.

Ушул окуядан кийин Кара-Суу районунун аткаминерлери өзбек бийлиги менен жолугушуу ниетин билдирсе, алар четке кагышкан. Эгер өзбек-кыргыз чегарасындагы кырдаалга саресеп салсаң, өзбек аскерлеринин чектен чыгып баратканы байкалат. У.Жорокановдун өлүмү кыргыз-өзбек чегарасындагы жагымсыз окуялардын төртүнчүсү. Чек айылындагы окуядан кийин биздин тышкы иштер министрлигибиз Өзбекстанга нота жөнөткөн. Нотага жооп келгени менен ал кыргыз өкмөтүн канааттандырган жок. Андыктан Тышкы иштер министри кайрадан өзбек элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Ак жол" фракциясынын жыйынында депутат Ибрагим Жунусов чегарадагы акыркы окуяларга "акжолчу" депутаттардын унчукпай жатканын айтып, Жогорку Кеңешке чегара кызматынын төрагасын, Ички иштер министрин чакырып, абалды талкуулоо сунушун билдирди.
Ибрагим Жунусовдун айтымында, өзбек чегарачылары Улукбек Жорокановду аткандан кийин ал кыргыз аймагына өтө качып таксиге отурган. Бирок өзбек чегарачылары кууп келип таксиден алып түшүп, Өзбекстанга алып кетишкен.
Азырынча, кыргыз бийлигинен чегарадагы окуяларга тынчсызданган бир эле Ибрагим Жунусов болууда. Чегара кызматынын төрагасы Т.Мамытов Чек айылындагы окуя менен Ханабаддагы кол салуунун өз ара байланышы бир болушу мүмкүн деп чыкты. Ушундай болгон соң, башка окуялардын да байланышы болушу мүмкүн. Анткени, атайын жасалгандай ар кыл коогалардын күн алыс кайталанып жатканы шектенүүнү жаратат. Бирок, Башкы чегарачы Т.Мамытов өзбек чегара кызматынын башчысы менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Буга далалат жасаганы да күмөн.
Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров да чегарадагы акыркы окуяларга бийликтин позициясын ушул күнгө чейин билдире элек. Жакында эле бир наристени Португалияга кайыруу үчүн бул өлкө бийлиги анын орус энесине жакшы жумуш, бекер үй сунуш кылса да Россия тиги аялды кызы менен Португалияга бербей жатканын бүт дүйнө билди. Чегарада карабашыл адамды өз жеринде коңшунун чегара аскерлери атып өлтүрүп атса да, кыргыз бийлигинин кылы кыйшайган жок. Бул боюнча Тышкы иштер министринин жүргүзүп жаткан иштери да коомчулук үчүн бүдөмүк. Бул арада Өзбекстан өчөшкөндөй чегаранын чегин узунунан 3 метр, тигинен 3 метр чуңкур казып өз билгениндей чебин бекитип жатса, айрым чегара участокторунда бийиктиги 7 метр келген бетон дубалдар салынып жаткан маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сыягы бийиктиги 7 метр бетон дубал менен чегара маселеси толук чечилет деп ойлошсо керек. Бирок байкоосуз кыргыз жерин тосуп алышса, накта чыр ошондо башталат. Эки өлкөнүн ортосунда делимитация, демаркация иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, алардын бул аракети эларалык мыйзамга каршы келет. Мындан мурда эки өлкө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө чегара такталмайынча эч кандай аракеттер жүргүзүлбөсүн деп макулдашкан. Ага карабай өзбек тарап аң казганын улантууда. Бирок кээ бирөөлөр алардын бул аракетин чегараны бекемдөө максатында эмес, кокус согуш болуп кетсе окоп катары пайдаланарын айтып жиберишти. Баарынан да эки ортодо өзбек дыйкандары кыйналышты. Буга чейин алар жашылча-жемиштерин такай Кыргызстанга сатышчу. Акыркы окуялардан кийин соода-сатык солгундап кетти. Жай ортосу жакындап калса да жашылчалардын кымбат болуп жатканы ушундан улам. Азырынча, эки өлкөнүн бийлиги түзүлгөн кырдаал боюнча өз позицияларын ичине катып турат. Бул Москвада өтчү ОДКБ жыйынында козголушу да күмөн.
Келдибек НАЗИРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??