Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

Балбылдап жанган Чыңгыз
жылдызы
Убакыт учкан куш. Дүйнөгө кыргыз деген улут бар экенин өлбөс-өчпөс чыгармалары менен таанытып кеткен Чыңгыз Айтматовдун көз жумганына билинбей эле бир жыл болуптур. Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу айтыла турган сөздөр эч качан эскирбейт жана түгөнбөйт. Анын чыгармалары дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө тасма болуп тартылып, сахнадан түшпөй спектакль болуп коюлууда. Адам баласы жашап турган кезде Чыңгыз агабыздын чыгармалары өлбөс-өчпөс болуп кала берет. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун карындашы Роза АЙТМАТОВАдан агасы тууралуу эскерүүсүн уктук.


- 2008- жылдын 12-май күнү эртең менен Чыңгыз Төрөкулович мага Алматыдан телефон чалып, Москвага жөнөп жатканын, андан ары Казанга барып, таятабыз Хамзанын ата-бабалары негиздеген Мячкара айылында болорун айтты. Үнүнөн агамдын көңүлү көтөрүңкү экени, алдыдагы аткара турган иштерине өтө дилгирленип жатканы сезилип турду. Аттиң, ошондо ким ойлоптур, бул биздин акыркы сүйлөшүүбүз болуп каларын. Аны билсем, агама айтар кебим көп эмес беле… Телефондон агам кадыресе коңур үнү менен:
- Роза, менин сага бир өтүнүчүм бар, - деди.
- Айта бер, угуп атам, - дедим шашыла.
- Өзүм да таңмын. 16-майда Казанда болорумду билип туруп, бул убаданы кандайча берип койгонумду. Кыскасы, эски толчок жактагы Төмөнкү Аларча мектеби менин 80 жылдыгыма арналган жолугушуу өткөрмөк. Бул иш-чарага Борбор Азиядан коноктор чакырылып калыптыр. Ал жерде мектеп окуучулары мени күтүп жатышат. Мен болсо бул жолугушуу үчүн иш сапарымды үзгүлтүк кылалбайм. Ошол жолугушууга менин ордума сен барып кел, балдардын суроолоруна жооп бере аласың деп сага ишенем, - деди. 16-май күнү эртең менен капысынан Казандан Чыңгыз Төрөкуловичтин абалы оор, эки-үч күндүк эле өмүрү калды, даярдана бергиле деп чалып калышты. Мектептеги жолугушууга үчкө бармакмын. Агама сөз бердим эле деп, көңүлүм чөгүп турганына карабай бардым. Балдар күтүп атышкан экен. Иш-чаранын башталышына катышып, сүйлөп, санаам чыдабай кетип калдым. Чыңгыз Төрөкулович сөзүнө турган киши эле, ошол кезде "Казанга кетип атам, иш-чарага катыша албайм" деп койсо деле болмок. Сөз берип койгон элем деп атайы мага телефон чалганы ошондон болуп атпайбы. Ал өзүнүн жөнөкөй, карапайым окурмандарын абдан сыйлачу.
***
Биздин бала кез абдан оор, согуш мезгилине туш болду. Атабыз Төрөкул Айтматов 1937-жылы эл душманы аталып, репрессияга кабылган. Ал учурда репрессияга кабылган адамдын үй-бүлөсү дайыма куугунтукка алынчу. Ошон үчүн Москвада жашап атканыбызда апам төрт баланы алып, атамдын туулган жери Шекерге көчүп келген. Ал кезде "эл душманынын үй-бүлөсү" деп элдер биз менен сүйлөшкөндөн да чочулашып, оолактап турушар эле. Ал эми айылдагы мектептин директору болуп иштеген агаларыбыз Чыңгыз менен Ильгизди окутуудан да корккон. Чыңгыз Төрөкулович ошол кыйын кезеңди мындайча эскерип калар эле: "Иним экөөбүздү эл душманынын балдары деп мектепке албай коюшту. Айылдагы биз менен тең балдардын баары китептерин көтөрүп, күнүгө мектепти көздөй жөнөшөт. А биз иним экөөбүз эмне кыларыбызды билбей, аларга ушунчалык суктануу менен карап турчубуз. Ошондо биз да башка балдар сыяктуу мектепке барчудай түр көргөзүп, китептерди алып, бирок, айылды кесип өткөн шар аккан суунун жээгине барар элек. Ошондой күндөрдүн биринде биздин жаныбыздан атчан киши өтүп баратканын көрүп, иним экөөбүз учурашып калдык. Алик алган алиги киши биздин колубуздагы китептерибизди көрүп, сууга максатсыз эле таш ыргытып отурганыбызды карап:
- Силер кимдин балдарысыңар? Эмне үчүн мектепке барбай жүрөсүңөр? - деп үнүн өктөм чыгарып, жаныбызга келди. Биз башыбызды жерге салып, унчукпай туруп калдык. Ал биз кимдин баласы экенибизди түшүндү окшойт.
- Эртеңден баштап мектептен калбай баргыла. Мен директор менен сүйлөшөйүн. Экинчиден, кимдин баласысыңар деп бирөө сураса, эч качан башыңарды төмөн салбагыла. Тескерисинче, башыңарды бийик көтөрүп, Төрөкулдун уулдарыбыз деп айтып жүргүлө… - деди. Көрсө, ал адам айылдагы эстүү-баштуу туугандардын бири экен. Ал мектептин директору менен сүйлөшсө керек. Директорго бул балдар мектепке барбай, окубай калышса анда ал бардык элге билим берүү жөнүндөгү жобого каршы экендигин көрсөтөрүн айтып ынандырат, ошентип биз окуп калдык".
***
1988-жылы Чыңгыз Төрөкуловичтин 60 жылдык юбилейин белгилөө үчүн Шекер айылына биртоп адамдар менен кетип баратканбыз. Жол боюнда Аманбаев (мурдагы Грозный) айылына жеткенде Чыңгыз агам ушул жерден балалык чагында коендун кичинекей бөжөгүн кантип аман алып калганын айтып калды. "1943-жыл. Каардуу согуш мезгили эле. Ал кезде эмгекке жарамдуу эркектердин баары согушка аттанып, айылда аялдар, карылар анан биз сыяктуу жаш балдар гана калган. Мектептеги окуумду токтотуп, 14 жашымда айылдык кеңештин катчылыгына иштөөгө мажбур болдум. Андан кийин элден согушка карата ар кандай салыктарды чогултуу үчүн финансы агенти болуп иштөөгө которушту. Чогулган акчаларды Грозный айылындагы почтонун кассасына алпарып төкчүмүн. Бир күнү адаттагы жолум менен акча төккөнү кетип баратып, калың чөптүн арасынан ымыркайдын ыйлаган үнүндөй аянычтуу үн чыкты. Ошол жакка барып чөптүн арасын карасам, чоң жылан кичинекей бөжөктү муунтуп аткан экен. Ал эми бөжөк болсо алынын келишинче оролгон жыландын кучагынан бошонууга аракеттенет. Аттан секирип түшүп эле катуу кыйкырып, жыланды бир нече жолу камчы менен чаап жибердим. Жылан бөжөктү кое берип, ары сойлоп кетти. Коркуп, калтырап ордунан жылалбай турган бөжөктү колума алып сыласам, ал мени жакынсынып ыктап калды. Аны койнума салып жолумду уладым. Айылга жеткен мезгилде почтада тыныгуу болуп калыптыр. Почтанын башчысы элдерди сыртка чыгарып мекемени ичинен илип, акчаны эсептөө үчүн экөөбүз үстөлгө отурдук. Жаңыдан акчаларды санай баштаганда почтанын башчысы капысынан катуу кыйкырып, үстөлдүн алдындагы жылаңайлак буттарын карады. (Ал кезде жокчулук заман болгондуктан, элдин баары жылаңайлак жүрүшчү). Көрсө, койнумдагы бөжөк секирип, аялдын жылаңайлак бутуна түшкөн экен. Ары-бери секирип жүргөн бөжөктү ала койгондо гана иштин чоо-жайын түшүндү окшойт:
- Кудай ай! Деги качан ушул каргашалуу согуш бүтөт! Балдар минтип балалык кыялдары менен ойногулары келишет, а биз буларга салык чогулттуруп, иштегенге мажбурлайбыз!.. - деп кыйкырып ыйлап жиберди…"
***
Ошо 60 жылдыкты белгилөөдө Чыңгыз Төрөкулович окуган мектепке да бардык. Ал жерден да бир жакшы эскерүүсүн айтып берген. "Мектепте жакшы окучумун. Бир жолу 1-Май майрамына жакын класстагы эң мыкты окуган окуучулар көпчүлүктүн алдында салтанаттуу ант берип, Советтер Союзунун пионер уюмунун катарына кабыл алынып, кол чабуулар менен моюндарына желбиреген кызыл жагоолорду тага башташты. Аңгыча кезек мага келгенде мугалим мени карап, пионерликке кабыл алалбайбыз деди. Эмне үчүн кабыл албасын дароо эле түшүндүм. Көпчүлүктүн алдында ушунчалык ызаланып кеттим. Бакырып ыйлагым да келди. Көзүмдүн жашын эч кимге көргөзбөө үчүн класстан эшикти тарс эттире жаап чуркап чыктым да, арыраак жердеги булактын жанына келип көпкө ыйладым. Азыр ойлоп, пионерге кабыл албай койду деп эмнеге ыйладым экен деп калам" деген эле жылмая. Чыңгыз агам балалык ыза менен ыйлаган булак ботонун көзүнө окшош эле.
***
Мындан эки жыл мурун Чыңгыз Төрөкулович чет өлкөдөн келгенде ага Орто-Сай базарына кичинекей китеп дүкөнүн ачат элем, ачылышына катышып бербейсизби деп бир адам кайрылган экен. Ал адам китеп дүкөндүн кичинекей экендигин айтып, кечирим сураптыр. Чыңгыз агамдын үй-бүлөсү "базардагы китеп дүкөнүнүн ачылышына эмнеге барасың" деп каршы болгон эле. Бирок, Чыңгыз Төрөкулович эч кимдин сөзүн укпай, ага макулдугун берген. Дүкөндүн кожоюну Чыңгыз Айтматовдун өзү келет деп кубанып даярданып, жанындагы жолдошторуна, базардагы соода жасагандарга мактанып айтса, ага эч ким ишенбей, "эмнеге калп айтып мынчалык жаныңа күч келди? Дүйнө жүзүнө таанымал, кадыр-барктуу, белгилүү адам сенин базардагы кепедей дүкөнүңдүн ачылышына кантип келмек эле? Ага эмне, кыларга башка иш жок дейсиңби!" деп эч ким ишенбей, тескерисинче, шылдыңдап күлүшкөн экен. Эртеси Чыңгыз Төрөкулович менен кошо акын-жазуучулар, журналисттер чакырылган убакта базардагы кичинекей дүкөндүн ачылышына келгенде баары таңгалышты. Чыңгыз Төрөкуловичти көргөн базардагы элдин баары чуркап келип андан кол тамга алып, сүрөткө түшүүгө ашыгышты. Дүкөндүн ачылыш иш-чарасында лентаны кесип, ардактуу конокторго арнаган китепчеге кол тамгасын биринчи түшүрүп кеткен экен. Жазуучуга карапайым эл каалашынча суроолорду узатып, баарлашуу болгон. Ал чын дилинен карапайым эл менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөн эле.
Чыңгыз Төрөкулович көз жумгандан кийин ошол китеп дүкөндүн кожоюну окурмандар менен жолугушуу өткөрүп, мени да чакырды. Ошол жерден орто жаштагы сулуучумак келин келип, Чыңгыз агам менен түшкөн сүрөтүн көргөзүп:
- Чыңгыз Айтматов дүкөнгө келген кезде шаардын четинде жашаган сиңдиме телефон чалып, үйдөгү жазуучунун китебин алып келүүсүн өтүнгөм. Сиңдим кечигип келди, бирок, бул улуу адам менен сүрөткө түшүп, кол тамга алып калууга үлгүрдүк. Улуу адам менен сүрөткө түшкөнүбүзгө абдан сыймыктанып, ошондо өзүбүздү бактылуу сездик эле, - деди.
Чыңгыз агам көз жумганда элдин көбү ыйлашты. Алардын көзкарашынан чын дилинен жазуучуга деген сүйүүсүн, урматын көрүп турдум…
Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн сексен жашына жарым жыл жетпей көз жумду. Адегенде аны көз жумду деп эч ишене албай жүрдүм. Ал мурункудай эле чет жакта жүрөт, жакында келип өзүнүн жагымдуу коңур үнү менен мага телефон чалып үй-бүлөмдү, балдарды, туугандар менен кошо биздин шекерликтерди да сурайт деген үмүткө жетелене берер элем. Бирок, ал экинчи эч качан телефон чалбасын, эч качан үйгө кайрылып келбесин убакыттан улам билдим. Көз жумгандан бери билинбей эле бир жыл өтүп кетиптир. Анын жаркын элеси кыргыз элинин эсинен өчпөйт деген үмүттөмүн…
Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА