Кыргыз гезиттер архиви

  Дурусу көп, бурушу аз

Рубрикабыздын бүгүнкү сынында -
КР Коргоо министри Бакыт Калыев

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
- Бакыт мырза азыркы президент менен көп жылдан бери чогуу иштешип келатат. Жогорку аскердик билими бар, токтоо мүнөздүү жигит. Коргоо министрлигинде реформа жүргүзүп жатат. Жакында эле ыкчам аскердик машыгуу дегенди өткөрдү. Өзүнүн аракети, жаштык курчтугу менен иштеп жаткан министрлердин бири. Өз көзкарашы бар, ишке жөндөмдүү, ишенимдүү генерал десем болот.
Рашид Тагаев,
ЖК депутаты:
- Жаш жетекчилердин бири. Өз ишин мыкты билген, билимдүү жигит. Кыргызстандын менмин деген патриоту. Жаңы идеялар менен иштеп, коргоо министрлигинде не маселе болсо ийне жибине чейин талдап, маңыздуу иштеген министр. Биз ушундай өз ишин мыкты билген жаштардын иштешине мүмкүнчүлүк берип, а түгүл колдошубуз керек. Өзү мыйзам долбоорлорун комитетке алып келип, коргоп, сессияга дейре катышып жүрөт. Элге жасаган мамилеси да жакшы.
Темир Акжолов,
жеке ишкер:
- Угушума караганда, президенттин эң ишенимдүү кадрларынан. Кандай иштеп жатканын теледен көрүп, гезиттерден окуп калам. Түзүк эле иштеп жаткандай. Бирок, коргоо министрлиги болгондон кийин бизди сырткы душмандардан коргош керек да. А бул министрибиз жоокерлерди ички саясый иштерге аралаштырып жибергени туура эмес. Ушул жагынан кемчилиги бар десек болот.
Исхак Масалиев,
ЖК депутаты:
- Коргоо министрлигинде реформа жасап, кыргыз армиясынын беделин көтөрүү үчүн аракет жасап, иштеп жатат. Албетте, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Анча-мынча чекилик иш жасаган учуру да болуп калып жатат. Акырын-аста такшалып келатат.
Азимбек Бекназаров, экс-башпрокурор:
- Бакыт экөөбүздүн илгертеден ага-ини катары мамилебиз жакшы. Көптөгөн кыйынчылыктарда чогуу болгонбуз. Мен ал жигитке оң же терс баа бере албайм. Азыр ал аркы жээкте, мен берки жээкте жүрбөймүнбү.
Даярдаган Алмаз ТАШИЕВ




"Ачык саясаттын" артындагы жабык саясат
Ушу тапта оппозициялык маанайдагы "Ачык саясат" гезити тайталашка түшүп, атүгүл жабылуу алдында туру. Себеби, редакциянын эмгек жамааты президенттик жарышка түшкөн "Акшумкардын" лидери Темир Сариевди колдоого алса, басылманын кожоюну Ташполот Балтабаев БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев тарапта экен. "Ачык саясатты" Равшан Жээнбеков каржылаганы менен, басылма 2004-жылы Ташполот мырзанын уулу Нурландын наамына катталганын эскерте кетели. Кожоюн менен эмгек жамаат ортосундагы тирешүү токтобосо, "Ачык саясаттын" түбүнө Акүй эмес, оппозициянын өзү жетет окшоп калды…

"Революция өз балдарынын башын өзү жейт!"
Улуу француз революциясынын жаратуучусу Жорж Жак Дантондун мындай "көзачыктыгы" кыргыздын ашынган "революционерлерине" төп келип калганын айт. Алсак, 2005-жылдагы март окуясын жүзөгө ашырган санаалаштар, маселен, Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков өнөктөшү Азимбек Бекназаровду гезит бетинен поктоп, жалганчы атка кондурду. Азимбек Анаркулович айткандай, президенттикке талапкер Т.Сариевге Түштүк борборунан кол чогултууга Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов эмес, Анвар аке өзү жардам бериптир. Муну менен эле тим калбастан, жалган жалаа жапканы үчүн А.Бекназаровду "дуэлге" чакырды. Азимбек мырза азырынча буга ак да, көк да дей элек… "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет" дечү эле кыргыз. Ушул накылды эсине түйбөгөн оппозицияны Акүй шайлоого жеткирбей "ап!" этип койбосо болгону.


"Шах" жүрүшпү же "мат"?..
Узун кулактардын акыркы маалыматына ишенсек, океандын ары жагында күн кечирип аткан Равшан Жээнбеков саясаттын шахмат жүрүшүнө камданып жатыптыр. Оппозиция "ат чабышта" мөрөй албасына көзү жеткенби, айтор, Равшан Бабырбекович "Атамекен" партиясы менен кош айтышуу чечимине келген имиш.

Өткөн иштин аты бар
Эл өкүлү Айнура Кенжебаеванын басып өткөн жолуна үңүлсөк, эл билбеген кө-өп "секрети" секирип чыгат. Айнура айым асыресе, Аламүдүн райондук мамархитектурасынын төрага орунбасары болуп турганда майлуу-сүттүү далай жерлерди мыйзамсыз сатып жибергени жөө жомокко айланган. Анын айынан А.Кенжебаевага каршы кылмыш иши ачылган деген сөздөр бар. Азыр анын депутаттык доорунда бул окуянын чын-бышыгына жетиш өтө кыйын. Ошентсе да бир фактыны мисал кылалы. Жакында парламентарий эжекебиз кесиптеши Нурпазыл Атамбаевге Аламүдүн районунан текейден арзан баага жер сатып алганга көмөктөшкөнүн эшиттик.


Дале Айдарчик…
Борбор калаадагы абройлуу "Жалал-Абад" чайхана-кафесине "акжолчу" депутат Арапбай Төлөнов ээлик кыларын жазсак, эл өкүлү чалкасынан түшкөн. "Документ түрүндө мага таандык экенин далилдей алсаңар, кафени силерге бекер берем" деп да убада кылып ийген. Арапбай аке жөн эле чырылдабаптыр, эй! "Жалал-Абаддын" чыныгы ээсин изилдөөгө алсак, туңгуч ажо Аскар Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиевдин эки кулагы калдайып чыкты. Мурда чайхананы Жолчубек каймана ысымга татыган экс-министр иштетип келсе, март ыңкылабынын шарапаты менен Арапбай мырза "Жалал-Абадды" мыйзамсыз басып алган имиш. Басып алды дегенибиздин да жөнү бар. Анткени, кафенин документтери экс-ханзаада Айдар Акаевдин колунда экен.

Иниси бардын ырысы бар
Акыркы убакта Бишкек Башкы архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын жетекчиси Онушбек Турсунбаевге ар тараптан чабуул башталды. Негизги кинелери - "фантаст" начальник кызматка адеп дайындалганда борбор калаага метро курам деген убадасынын өтөөсүнө чыккан жок. Тескерисинче, калаа ичи таштандыларга толду. Ушул маселенин тегерегинде депутат айым Динара Молдошева "Дело №..." гезитине "КМШ өлкөлөрүнүн борборлорун карап көргүлөчү? Бир эле Өзбекстандын облусу болгон Фергананын көчөлөрү кандай таза, кандай жакшы. "Бишкекархитектура" башаламан курулушка жол берүү менен эмне жасап жатканын билбейм" деп кейиптир. Бирок, бу жерде бир "но" бар. Онушбек мырза ЖК вице-спикери Азиз Турсунбаевдин биртууган агасы. Ошондон улам Онушбек аке "үкам турганда эч кимиң кылымды кыйшайта албайсың" деп көкүрөк каккан имиш. Ананчы! Иниси ажонун колтугунда жүрсө, шаардыктардан эле эмес, өз кесиптештеринен да "эки" алган ачендик О.Турсунбаевдин "крышасын" ким кыйшайта алмак?


"Агым-пресс"




  Айтты да, эй!

Акбаралы Айтикеев, президенттикке талапкер:
"Мен өзүмдү атаган жокмун, (Путин деп) мени эл атап атат"
("Учур", №23)
"Агым": - Эми Акбаралы мырза, эл оозунда элек жок. Бир кезде айылда кызыл көйнөк кийип чачын өстүргөн Төлөмүштү Жимми деп коюшчу. Ал эми көзүн жүлжүйтүп күлгөн Муктарды Никулин дечү элек. Сиздин Путин аталганыңыз да ушундай болсо керек. Нурлан Мотуев деле өзүн Жириновскиймин деп жүрбөйбү.
Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
"Турсунбай Бакир уулу элчи болуп дайындалганда мен жаш баладай сүйүндүм..." ("Учур", №23)
"Агым": - Сиз үчүн анын алыста жүргөнү жакшы. Бул жерде жумушсуз жүрсө сизге айгак болуп тынчыңызды алмак. Анткени ашкана сырын жакшы билет эмеспи.
Бакыт Бешимов, КСДП фракциясынын лидери:
"Ошондо жок жерден мени камоо үчүн кылмыш ишин ачышкан" ("Айгай", №23)
"Агым": - Тегин жерден өрт чыкпайт. Сизди Индияга элчи кылып жөнөткөн Акаев бийлиги сүттөн ак болсоңуз да камоого аракет кылган деп айткыңыз барбы? Бул сөзүңүздү кокус А.Акаев укса тузума койдум дебес бекен?
Кубанычбек Апас, доктор:
"Борбордук шайлоо комиссиясы мени талапкер катары каттоодон баш тартты. Бирок мен өз элимдин патриотумун" ("Аалам", №36)
"Агым": - "Учур" гезитине Топчубек Тургуналиев талапкерлердин айрымдарын Чым-Коргондон дарылап айыктырыш керек деп маек бериптир. Андыктан сиз катталбай калганыңызга шүгүр кылыңыз.
Шарипа Садыбакасова,
ЖК депутаты:
"Ал кандай эле дүжүр чалдар, ал жакта да, бул жакта да жүрө бергендей" ("Асман пресс", №22)
"Агым": - Дүжүр чалдардын милдети ошондой турбайбы, эже. Кайсы жерде горячий точка болсо, дайым ошол жерде даяр турушат. Азыр алардын курагы жашарып, балдарга айланып баратат.