presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Ким канча алды?
Президенттикке аттанган жети талапкердин экөө тиешелүү өлчөмдөгү кол топтоп, 10-июнь күнү талапкерлик күбөлүк алышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев 1 млн. 134 миң 823, ал эми Жеңишбек Назаралиев 78 миң 332 кол топтоого жетишкен. Калган беш талапкердин канча кол топтогону азырынча так эмес. Бирок, басма сөздө жарыялаган кээ бир маалыматтарга таянсак, Алмаз Атамбаев 500 миң, Темир Сариев 90 миңден ашуун кол топтошуптур.
Албетте, азырынча шайлоонун жыйынтыгы кандай болору жөнүндө тыянак чыгарууга эрте деңизчи. Бирок кол топтоо да талапкердин калк арасындагы кадыр-баркынын, мүмкүнчүлүгүнүн барометри экендигин эске алсак, талапкерлердин кимисинин чама-чаркы канчалык экендиги эмитен эле белгилүү болуп калды окшойт. Республикадагы добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны эки миллион киши деп эсептесек, шайлоочулардын 60 пайыздан ашууну К.Бакиевди колдоп, А.Атамбаев - 25, Т.Сариев - 5, Ж.Назаралиев - 3,5 пайыз добуш алышы мүмкүн.
Көмүскө экономиканын көлөмү
Буга чейин белгилүү болгондой, өлкөдөгү көмүскө экономиканын көлөмү 3 млрд. АКШ доллары менен өлчөнөт. Бул Кыргызстандын үч жылдык мамлекеттик бюджетине барабар. Ал эми айрым экономикалык серепчилер көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 60 пайызына барабар деп жүрүшөт. Ошондуктан, Экономика жана соода министрлиги билдирилбеген салык, бажы милдеттенмелерин жана мүлктү легалдаштырууга амнистия берүү жөнүндөгү мыйзамды сунуштап жатат. Бул ишке ашса, көмүскө экономиканын бери дегенде 400 млн.долларынын бети ачылат.
Чегара туткуну
Айдаркен чегара отрядынын 42 жаштагы старшинасы Закир Акбаровду 26-майда Кадамжай районунун Алга айылында өзбек чегарачылары Кыргызстандын аймагынан күзөттө турган жеринен тикенек зымдан өткөрүп алып кетишкен. Азыр Закир Акбаровго кылмыш иши козголуп, Фергана облусунун Улуттук коопсуздук кызматынын СИЗОсунда жатат. Бул боюнча бийлик да, жергиликтүү аткаминерлер да чара көрүшкөн эмес. Эгер өзбек чегарачылары мындай жоругун кайталай берсе, акыры эмне менен бүтөрүн айтуу кыйын. Азыр З.Акбаровго байланышкан ишти Кадамжай РИИБ аскер прокуратурасына өткөрүп берген.
Жарык дагы өчөбү?
Энергетика министри эгер суунун көлөмү октябрь айында 11 млрд. куб/метрден ашуун болсо, калкка энергия берүү үзгүлтүксүз болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми ага жетпесе сөзсүз чектөө киргизилет. Бирок бул жолу былтыркыдай 12-13 сааттан эмес. Кечки саат 11ден таңкы саат 5ке чейин өчүрүлүшү мүмкүн.
Рейдерликке жол жок
Президент К.Бакиев бизнестин алдыңкыларын мамлекет менен тыгыз байланышып, биргелешип иштөөгө чакырды. Муну менен менчикти коргоо кепилдигин шарттаган мыйзамдарды даярдоого болот. Азыр бул боюнча бир катар мыйзамдар даярдалып жатат. Кийинки кезде рейдерлик жол менен бирөөнүн мүлкүн тартып алуу фактылары көп айтылып жүрөт. Алардын көпчүлүгү болбогон шылтоо менен соттордун колу менен жасалганы да жашыруун эмес. Мамлекет башчысы бийлик менен бизнестин биргелешип иштөөсү үчүн Улуттук кеңеш түзүү идеясын жактырды.




  Крим-аалы

Вагондон бычактап өлтүргөн
5-июнда таңкы саат алты жарымдар чамасында Бишкек шаарындагы укук коргоо бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары телефон чалышкан. Алардын айтымында, аталган жаңы конуштагы вагондун ичинен денесине сайылган бычактан улам көз жумган 1974-жылы туулган М.Орозалиеванын өлүгү табылган. Окуя болгон жерге барышкан Ленин РИИБинин изкубарлары вагондун ичинен кан болгон ашбычакты таап, кылмыш изин суутпай ошол эле айылдын тургуну, 1972-жылы туулган К.Н.ны кылмышкер катары кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп атат.
Элди карактаган түнкү каракчылар
10-июнда түнкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарынын Месарош көчөсүндө кетип бараткан 1987-жылы туулган Т.Бекбоевди капысынан чыга калган белгисиз үч жигит коркутуп, күч колдонуп уюлдук телефонун алып койгон. Арадан бир саат өтпөй ошол эле райондон 1983-жылы туулган А.Ормошеванын да телефонун коркутуп алууга үлгүрүшкөн түнкү каракчылар көп өтпөй изкубарлардын торуна түшүштү. Тонолгон кол телефондор ээлерине кайтарылып берилип, түн ичинде элди карактаган каракчылардын үстүлөрүнөн кылмыш иши козголду.
Айылдашына кол салган
Кемин районунун жашоочусу, 20 жаштагы К.С. мас абалында айылдашы М.Бейшеналиев менен уруша кетип, аны бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Алган жаракаттан улам жабырлануучу ооруканага жеткенде көз жумган. Учурда айылдашын бычактаган кылмышкер темир торго артында, сурак берип отурган кези.
Тогуз ай жоголгон автоунаа
Өткөн жылдын 3-октябрында Бишкек шаарындагы Восток-5 кичирайонунда жайгашкан үйүнүн короосунан ВАЗ-21213 маркасындагы автоунаасын кимдир-бирөө уурдап айдап кеткендиги тууралуу арыз менен А.Сергиенко укук коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ошондон бери издөөдө жүргөн автоунаа жакында табылып, ээсине кайтарылып берилди. Ал эми бирөөнүн машинесин уурдап, ээлик кылган С.Маслов колго түштү.
Айылдашынын асыл тукумуна асылган
Кемин районунун Кичи Кемин айылынын жашоочусу А.Ишенакуновдун короосуна 17-апрель күнү ууру кирип, байланып турган жылкысын жетелеп кеткен. Ушул убакка чейин ууру ким экени дайынсыз болуп келген. Ууру алыстан келбейт дегендей, айылдашынын короосунда байланып турган асыл тукум малга көзү түшкөн О.Р. милиция кызматкерлеринин колуна түштү. Көрсө, көптөн бери көз салып, жылкыны кантип уурдап кетиштин планын түзүп жүргөн экен.




Акча тапкың келсе, "Агымга" кел!
"Агым" рекламалык агенттерди иштешүүгө чакырат. Оозунда сөзү, колунда калькулятору, гезит рекламасынан түшүнүгү бар жаштар менен пайдалуу шартта иштешебиз. Таап келген рекламаңыздын пайызын көңүлгө төп төлөп беребиз.
66-55-48, 66-55-68, 66-55-74 телефондору боюнча байланышкыла!




  И-тагдаалы

Чычкан аке, суу бер
Күндөн күнгө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө. "Электрстанциялары" акцонердик коомунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карай суу сактагычтагы суунун көлөмү 7 млрд. 525 млн. куб/метрди түздү. Суунун агымы секундасына 1041 куб/метр болууда. Анткен менен өткөн жылы 7-июнда Токтогул суу сактагычында 7 млрд. 976 млн. куб/метр суу болгон, ал эми суу агымы секундасына 721 куб/метрди түзгөн.
Артык кылам деп тыртык кылбагыла
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү минстри Искендербек Айдаралиев менен президенттин администрация жетекчиси Данияр Усенов биринин артынан бири Талас облусундагы "особый" участокторго барып эл менен жолугушуп, жыйындын соңунда аттуу-баштуу адамдарга сый тамак уюштурушту. Чиновниктердин минтип эл менен жолугуп, дасторкон үстүндө маектешкенинде айып деле жок. Болгону жергиликтүү элдин айрым өкүлдөрү, тасмал ээлери чай берүүгө келгенде элди ак-көккө бөлүп, көбүнчө "артык кылам деп атып тыртык кылып алышат" дейт.
Дөө-шаалар маараке уюштурат
Өкмөттүн март айындагы 104-буйругу менен Курманжан датканын 200 жылдык маарекесин белгилөө боюнча дөө-шаалардан турган уюштуруу комитети түзүлдү. Анын төрагасы өкмөт башчы Игорь Чудинов өзү. Орунбасарлары Маданият жана маалымат министри Султан Раев, экинчиси "Курманжан датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева. Ал эми комитеттин мүчөлөрү министрлерден баштап губернатор, акимдерге чейин уланат. Датка эненин 200 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча биртоп иш-чаралар белгиленген. Анын ичинде бул тарыхый инсан тууралуу даректүү жана көркөм тасма тартылмакчы. "Курманжан датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын айтуусунда, азыр даректүү тасма тартуу иши башталды. Ал эми көркөм тасманы тартуу кийинки жылы колго алынат. Мында Курманжан датка аркылуу кыргыздын улуттук баалуулуктары, дүйнө таанымы берилип, негизги максат - улуттук кино жаратуу.
Эне жардам күтөт
30 жылдан бери медицина тармагында иштеп келаткан Дамира Алпамышева "Агым" аркылуу жардам сурап кайрылат. Уулу Рахаттын эки бөйрөгү тең катуу ооруйт. Аны алмаштырып, операция жасоо үчүн 50 миң доллар зарыл. Жалгыз бой эненин жалгыз үмүтү элде. Рахаттын атасы Эрик Сулайманов да бөйрөктүн өнөкөт оорусунан 1996-жылы каза болгон. "Силерден көптөн көп үмүт менен жардам күтөм. Алла ыраазы болсун!" дейт эне.
Рахаттын счету: РСК Банк 1290272120020093 И-399, Алпамышева Дамира




  Жума окуясы

Бишкекте бир күндө бир жашка чейинки үч наристе көз жумду

Журналисттерге республикалык инфекциялык ооруканасынын дарыгерлери бул маалыматты бербөөгө аракеттенип, ооруканадан кууп чыгышкан. Ак халатчандардын бирөөсү ата-энелерге "балдарыңар туберкулез" десе, экинчиси дагы бир башка ооруну айтып, көрүнгөн жакка чуркатышкан. Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу маалымат берүүгө макул болгон республикалык жугуштуу дарттар оорукананасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуевдин айтымында, иммунитети толук жетиле элек наристелердин өпкөсүнө суук тийип, баш мээси шишип, кызыл өңгөч илдетине чалдыккан. Аталган оорукананын саламат сакчылары аларга күчтүү дары дармектерди берип, бирок ал деле жардам бере албай калганын айтышууда. Ал эми чарчап калган ымыркайлардын жакындары көз жумган наристелер үчөө эмес эле бешөө экенин билдиришти. Ошондой эле алар балдарды сактап калууда оорукананын жабдуулары иштебей, наристелерге туура эмес диагноз коюлуп, дарыгерлер балдардын жүлүнүнөн суу алганы үчүн ушул окуя болгонун айтышууда.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??