presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
Мен аны эстегенде азыркыга чейин күлөрүмдү же ыйларымды билбей, түшүнүксүз абалга келем. Албетте, баарына өзүм күнөөлүүмүн дечи, бирок, күнөөнү башкалардан издемей жаман адатым бар.
Бир күнү Сабира деген келин менен капысынан таанышып калдым. Эки баланын энеси болсо да дене мүчөсү жаш кыздардыкынан эч айырмасы жок, фигурасы кыздардыкындай эле экен. Адегенде аны жаш кыз го деп ойлогом, эки балам, эрим бар дегенде таңгалганымды жашыралбай турдум. Менин аялым бирди төрөй элек жатып курсагы чыгып, эмчеги шалбырап, кебетеси кетип, жүдөп калган. "Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт" дегендей, мүмкүн Сабира эрине эчак эле окулуп бүткөн китеп сыяктуу кызыгы тарап калган чыгар, бирок, менин көзүмө кыз болуп эле көрүнүп туруп алды. "Бербеген аял болбойт, сураганды билбеген эркек болот" дегендей, Сабиранын көңүлүн таап, телефон номурун алдым. Экөөбүз биртоп убакыт бою телефондон гана сүйлөшүп жүрдүк. Аял кулагы менен сүйөт дегендей, ага айткан жагымдуу сүйүү сөздөрдөн Сабиранын мага көңүлү бурулуп, көнө түшкөнүн баамдадым. Ошондой күндөрдүн биринде аны жолугушууга чакырдым. Мурда жолугушуу жөнүндө сөз башталса эле так секирип жолукпайм деген Сабирам бул жолкусунда эмнегедир дароо эле макул болду. Ага жолугам деп мончого түшүп, ич кийимдеримен бери которунуп, жыттуу атырдан себинип чыктым. Акмаралдай керилген Сабира жолугушчу жерге кыз кылыгын кылып жарым саатка чукул кечигип келди. Ошол жарым саат мен үчүн кылымга тете болду го, чиркин! Аны менен кыялымда эчак эле бир жуурканга жуурулушуп жатып койгон элем. Бирок, ошол кыялым кыял боюнча эле калбай, аны ишке ашырууга шашып аттым.
Сабираны адегенде тамактаналы деп кафеге чакырсам, тааныштар көрүп коет деп чалкасынан кетти. Анда дароо эле мейманканага баралы деген сунушумду четке каккан жок. Жолдон бир бөтөлкө коньяк таттуу-тамеги менен алып, ууру мышыкча жашыруун мейманканага жылып кирдик. Адегенде бири-бирибизден тартынып, уялып отурдук. Эки жүз грамм коньяк ичкенден кийин ортодогу уялуу сезим жоголуп, күлкүбүз чыгып, ачылып, атүгүл чечинип дароо эле керебетке куладык. Энеден туума жылаңачтанып махабаттын туу чокусуна чыктык. Кучакташкан боюнча бири-бирибизден ажырагыбыз келбей, биртоп убакыт төшөктө жаттык.
Ошентип, Сабира экөөбүздүн мамилебиз күндөн-күнгө ысып, бири-бирибизди көрбөй калсак кадимкидей сагынышып да калчу болдук. Күндөрдүн биринде Сабира күйөөсү эки баласын алып айылга кетип, үйдө жалгыз экенин айтып, кечинде келүүмдү суранды. Кудай мындай бербеспи деп болушунча жасанып, бир бөтөлкө коньякты колтугума кысып алып аталган дарек боюнча жетип бардым. Ошол күнү базарга барып кымбат туфли да сатып алган элем, аны да кийип алдым. Дасторконду жайнатып, мени күтүп отурган Сабира кучак жая тосуп алды. Экөөбүз шашпай тамактанып, уктоочу бөлмөгө адаттагыдай сүйүү оюнуна кирдик. Анын жумшак аппак денесинен мыжыга кармап, тирсийген көкүрөгүнөн аймалап махабаттын туу чокусуна мына чыгам деп аткан кезде эшиги тарсылдап калбаспы. Жанатан бери акыштанып аткан Сабиранын үнү бир заматта өчтү. Экөөбүз тең шаша-буша кийинип, эмне кыларыбызды билбей калдык. Менин жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй катуу согуп, коркуп чыктым. Сабира бутунун учу менен акырын эшикке басып барып тешиктен шыкаалап, мени карап жылмайып койду.
- Чүш, акырын… Бул кошунам экен, эмнеге келди билбейм. Унчукпай эле коеюн, эч ким жок экен деп кетип калсын - деди. Анын сөзүн укканда жүрөгүм ылдыйлап, өзүмө келе түшкөндөй болдум. Шашып кийген кийимдеримди кайрадан чечип, керебетке жыгылайын дегенде телефон тынымсыз шыңгырай баштады. Телефонду алган Сабиранын өңү кубара түштү. Мени карап шашкалактап:
- Орто жолдон машине бузулуп, эрим балдарым менен кайра келатышыптыр. Азыр беш мүнөттө келип калабыз, тамак даярда курсагыбыз ачты деп атышат. Бол, тезирээк кийинип, кетип кал!.. - деди калдастай. Эмне кыларымды билбей шапа-шупа кийинип чыгайын десем жаңы туфлимди таппай калдым. Кашайып кайда чечкенимди да билбейм, Сабира экөөлөп издеп таппай койдук. Убакыт ушунчалык тар болгондуктан жылаңайлак эле чыгып кетүүгө мажбур болдум. Үчүнчү кабаттан муздак тепкичтерди басып түшүп келатсам, Сабиранын эри эки баласын жетелеп чыгып баратышкан экен. Караңгы болгондуктан менин бутум жылаңайлак экенин да байкашкан жок. Ал жерден аман чыкканыма эле сүйүнүп, көчөдөн такси кармап үйүмө жөнөдүм. Түн бир оокум болгондуктан аялым уктап калыптыр, кудай жалгап бутум жылаңайлак экенин ал да көргөн жок. Эртеси үйдөн туфлимди таппай, бирөө уурдап кеткен адамдай түр көрсөтө чуу чыгардым. Себеби, аялымдын туугандары тажатып, бири келсе бири кетип жүрө беришчү. Ошолордун бири уурдап кетти го деп ойлогон аялым төркүндөрүн каргап-шилеп эле жатып калды.
Арадан эки-үч күн өтпөй Сабирага телефон чалсам, туфлини оозгу бөлмөдөгү күзгүнүн астына чечип койгонумду айтты. Аны эри көрүп калганда, айла жок, жаңы туфли сатып келдим деп кутулуптур. Анысы да эрине чак келбей, кайнисине берип тыныптыр. Ошентип, жаңы туфлимди ойношумдун кайниси алып, өзүм жылаңайлак калдым. Муну бир күнү досторума мас болуп отуруп айтып салыптырмын. Алар жолуккан жерден эле каткырып күлүп, мени шылдыңга алышчу болду. Ал эми Сабира экөөбүз азыр деле жолугушуп турабыз, бирок, анын үйүнө экинчи баргыс болдум…
Максат, Бишкек шаары
Даярдаган Жамал МАЛИЕВА





Рекорд койгон айымдар
Испанияда жыйырма төрт жаштагы айымга илимий эксперимент жасашкан. Ал айым жыныстык катнаштан кийин жети мүнөт бою оргазмдан жанбай турган. Ал эми Анна Резли аттуу келин бир саатта отуз төрт жолу оргазм алууга жетишкен. Булар Глазгодо чыгуучу "Сексуалдык рекорддор китебине" жазылып калышкан.

Дүүлүктүрүүчү крем
Акыркы учурда Европа өлкөлөрүндө рекламаланып аткан крем бар. Ал "крем наслаждение" деп аталат экен. Айтымына караганда, бул кремдин касиети жыныс мүчөгө сыйпаса адамды дүүлүктүрүп, каалоо кумарын кандырууга чоң жардамын тийгизет имиш. Кээ бир төшөктө муздак айымдар дүүлүктүрүүчү кремди сыйпанып алышып, таң атканча өнөктөшүнүн эсин оодарып чыккан фактылар бар экени айтылууда.

Эркектер сүйүүдөн ыйлашабы?
Эркектер көбүнчө ардангандан, ызалангандан ыйлашат. Мисалы, спортко тиешелүү жеңилүүдөн ыйлагандары - 28 %ды түзөт экен.
Анан сүйгөнүнө жетпей калуудан, ажырашуудан ыйлагандар - 30 %.
Ал эми кээде ооругандан чыдабай ыйлагандар - 23 %.
Эң жакын адамынан ажыраганда ыйлагандар - 14 %.
Ар кандай кайгы-кападан ыйлагандар - 9 %.






Справочный бүйрө
Жаш кыздар климакс болушу мүмкүнбү?
С.: - Жашым 28де. Эмнегедир акыркы алты айдан бери этек кирим токтоп калды. Боюмда барбы дейин десем, эркекке жологон эмесмин. Мүмкүн климакс болуп калдымбы деп таңгалып атам.
Жамиля, Бишкек шаары
"П": - Ооба, 28 жаштагы кыздар да климакс болушу мүмкүн. Бирок, ал кээ бир инфекциялык ооруларга, психологиялык стресс алганга байланыштуу болушу ыктымал. Турмушта жаш кыздардын да климакска учурашы көп эле катталган. Бирок сиздин этек кириңиздин не себептен токтогонун так аныктоо үчүн тиешелүү адиске кайрылганыңыз оң.
Миома, киста, эрозия деген оорулардын айырмачылыгы эмнеде?
С.: - Аялдардын миома, киста, эрозия деген ооруларын көп угам. Алардын бири-биринен айырмачылыгы эмнеде?
Нурбүбү, 46 жашта
"П": - Бул үч оорунун себеби үч башка. Мисалы, эрозия аял жатынга спираль салдыргандан, аборт жасатканда, жатындын моюнчасына суук тийгенде, организм гормоналдык жактан бузулганда пайда болот. Ал эми миома гормоналдык жактан сезгенүү же бузулууда, тукум куучулук жолу менен да болушу мүмкүн. Киста - жатындын жумуртка бездеринин сезгенишинен, суук тийгенден пайда болот. Кистанын да бир нече кистома өңдүү түрлөрү бар.
Жыныстык катнаш адамды арыктатабы?
С.: - Акыркы күндөрү толуп кеттим. Жыныстык катнаш ден соолукка пайдалуу, адамды арыктатат дешет, ушул чынбы?
Калыбек, Ош шаары
"П": - Албетте, жыныстык катнаш адамдын организмине пайдалуу. Ошондой эле секс арыктоого да жардам берет. Ал үчүн бат эле "бүтүрүп" койбой, жыргалдын туу чокусуна чейин чарчагыча аял-эркек бирдей "иштөө" керек. Тактап айтканда, экөө бирдей убакта жанып, бирдей убакта "бошонгондо" адамда температура көтөрүлөт. Бул убакта кадимкидей денедеги майлар эзилип, эрип же күйүп жок болууга дуушарланат. Секс арыктатмак түгүл кан айланууну жакшыртып, анча-мынча вирус, бактерияларды өлтүрүп коюшу мүмкүн. Баарынан кызыгы, дартка жаңыдан чалдыга баштаган клеткаларды дарылоочу касиети бар.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??