presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу винегрет

Сапардан соң…
Бактыгүл БАДЫЕВА бир айга чукул Кытайдын абасы менен дем алып кайтты. Оозго алынган Хайнань аралында достору менен эс алып, Санья шаарында "Жүрөк тагы" аттуу ырына клип да тартууга үлгүрдү. Ырчы кыз дүйнөнүн улам бир өлкөсүн "багындырууну" пландаганбы, чыгармачылык иштерин бир сыйра жөнгө салып коюп, кайрадан чет жерге сапар тартарын билдирди. А бул сүрөттөр Кытай жергесинен фотоаппарат объективине илинген ирмемдер…




Тамчы кабар…
Назгүл НАСИЕВА "Жылдыздар манежде" теледолбоорунун финалдык бөлүгүнө даярдануу учурунда абада көнүгүү жасап атып, кокустуктан учуп түшкөн. Белдеги эттер жанчылып, ички шишик пайда болгон. Жарым жыл убакыт коротуп, соңку бөлүгүнө катышпай калганына ыза болуп атканы менен Назгүл айым эсен экенине шүгүр кылууда. Мындай кырсык башка катышуучулар арасында кандай кабылданат, ал эми уюштуруучу топ финалдык бөлүктү кандай улайт, ал туурасында дагы кабарлайбыз.

* * *
Бу турмушта өлүм бар, төрөлүү бар. Ортодо адам сүргөн өмүр бар. А өмүрдө кетирген катаны оңдоп, күнөөнү актоого жол барбы? "Уурунун махабаты" аттуу тасмасын көрүп, ушундай ойлорго чулгандык. Тандам пикир издедик. Анан окурман да ошондой ой, биз сымал бүтүм жасап алсын деп, аталган тасмага бир көз жүгүртүп койсун деп кабарлап коюуну чечтик. "Уурунун махабаты" тасмасы "Алатоо" кинотеатрында жүрүп аткан кези.

* * *
Ырчы Назми эми юрист! Келерки жумада дипломдук ишин коргоп, буюрса быйыл колуна диплом алып, юристтик чөйрөгө кадам таштайт.




  Клип сандык

Ыр тасмалар сабында бул жумада жаңы эки клип бар. Экөөндө тең түбөлүк тема козголгон.

Айжан ГАЗИЕВАнын "Сүйөм сени" аттуу ырына тартылган клип 1500 доллардын башын жеген. Бирок, ырчы кызга атасынын инилери жана апасынын классташы көмөк көрсөткөн. Айжан бул клип үчүн эски телефон будкасын да таптырып, көйнөгүнө түспөлдөш боеткон. Клип сюжети боюнча ырчы кеңседе катчы. Жүрөгүндө жетекчисине багышталган сезим жашайт. Ал туурасында таттуу кыялдарга батат. Ырчынын айтымында, ыр да, клип да турмушта чындап сүйгөн адамына арналган. Клип каармандары - диктор Бактыбек Мамытов жана Айжандын уулу Данияр.




Залкарга таазим
Кенже Дүйшеева: "Сүймөнкул абадай жан жаралар бекен?.."
"Өмүр өтөт, атак-даңк өлбөйт. Ошол үчүн ал кымбат турат өмүрдөн" деген чыгыш ойчулу Фирдоусинин кебин эстеген сайын оюма кыргыздын Сүймөнкулу келет. Залкар сүрөтчүсү, тасма жылдызы, ал эми ааламдын бир кыргызы - Сүймөнкул ЧОКМОРОВ. Бул инсанга жараткан кыргызымдын кең пейилдигин, даанышмандыгын, дегеле улут өңүн, бой-турпатын берип койгондой. Бир ирет Чокморовдун эмгектерин көрүп, эки тизесин мыкчып "Манас" айтып аткан Саякбайдын элесинен опол тоодой улуу "Чыгыштын Гомерин" кыл калем менен бергенине таңгалгам. Айкөл Манасты жүрөгүнө батырган Саякбайды "жараткан" Сүймөнкул кайра бир жаралар бекен?..
Балалыктан ушул кишинин жараткан образдарын чоң сүйүү менен экрандан көрүп келем. Өзгөчө "Ысык-Көлдүн кызгалдактарында" ал аткарган "Темиртастын арманы" деген ырдын обону жагат. Дегеле, бардык тасмаларында чыныгы эркектин образын терең, анан маңыздуу ачып бергендиги менен бизге окшогон көрөрмандардын көзүндө сакталып калгандыр. Кыргыз десең дароо көзгө Сүймөнкул аганын жүзү элестейт. А муну байкаган мен гана эмес...


БУРАШ көрөрман калк сынына дагы бир клибин койду. Ырчыны дайым колдоп, сүрөп турган апасынын айтымында, буга көп деле каражат жумшалган эмес. Бирок, А.Беловдун "Бегим" студиясы иштеп, Бураштын "Где любовь" аттуу ырына сапаттуу бир клип тартып берген. Бураштын бул клибин тартууда 20дай чыгармачыл адам иштеген, атургай арасында имиджмейкерлер да бар. Бул клип менен ырчы кыз Кыргызстан гана эмес, Россия жана КМШ өлкөлөрүнө да чыгууга далалаты бар. Айтмакчы, бул ырдын кыргызча варианты "Ак сүйүү" деп аталат.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??