presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  ДҮЙНӨКҮН


Учактар баяны. Air France авиакомпаниясынын А-330 учагы Атлантика үстүнөн кырсыкка учурап, 228 жүргүнчүнүн баары каза тапканы аныкталып-аныктала электе ушундай эле үлгүдөгү Jetstar авиакомпаниясынын Жапониядан Австралияга жасаган рейси да орто жолдон авариялык түрдө Гуамга барып токтогон. Кызыгы, бул учак да Тынч океандын үстүнөн учуп бараткан кезде, туура төрт сааттан кийин тумшук жагынан өрт тутанган. Дагы убагында байкалып, андагы 203 жүргүнчүнү аман алып калышты. Ушундай эле окуяга Лас-Пальмастан Осло шаарына багыт алган А320 учагы да кабылып, Канар аралдарынын бирине конууга аргасыз болгон. Табышмагы - бул үч учак тең Airbus өндүрүшүнөн.

Жазмыш дүйнө. Бешенеге жазылгандан адам кача албайт тура. Бир жума мурун эле кандуу учак рейсине үлгүрбөй калган италиялык айым автожол кырсыгынан каза тапты.

Дарт-дүйнө. Доңуз тумоосуна чалдыккандардын саны 27 миң 737ге жетти. 141 адам дарттын өтүшүп кеткенинен каза тапты. Ок атышуулар аз келгенсип эми Палестинада дал ушул дарт төрт жашар баладан табылды. Ошондой эле дүйнөнүн эң ири шаары Кельнде 9 учур катталды.

Мунай дүйнө. Кечээ мунайдын баррели 72 долларды какты. Мындай көрүнүш инверторлорго жогорулатуу оюнунун улантылышына шылтоо болуп берди.

Эриш-аркак дүйнө. Индия премьерине АКШнын мамкатчысынын саясый маселелер боюнча орун басары Барак Обаманын катын тапшырды. Каттын мазмуну айтылбайт. Бирок, АКШ өкүлүнүн айтымында, Америка үчүн Индия конфликттик аймактар жаатында эң орчундуу өлкө деп саналарын билдирди.

Араз дүйнө. Лондон метросунун кызматкерлери нааразылык акциясын өткөрүп, шаар тургундарына бир топ кыйынчылык келтиришти. Нааразылык метро профсоюзу менен жетекчиликтин эмгек шарттары боюнча тил табыша албаганынан чыккан.

Табу дүйнө. Венесуэла саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө аймагында Coca-Cola Zero суусундугун сатууга тыюу салды. Министрликтин айтымында, аталган диеталык суусундукта адам саламаттыгына залал келтирчү кошумча бар.

Эргүү дүйнө. Канадалык пианист Гонсалес дүйнөдөгү эң узак жеке концерти менен рекорд койгон. Анын кечесинин узактыгы - 27 саат 3 мүнөт 44 секунд. Анда пианист 300дөй чыгарма ойногон.

Жок дүйнө. Израиль тургуну 1 млн. долларды таштандыга ыргыткан. Жаңы матрас сатып алган соң, эскисин таштандыга ташташат. Эртеси ал матраста ири суммадагы акча катылганы эстерине келип, таштанды ташталчу жерге барса, эбак жок болгон.

Робот дүйнө. Ашкана техникасынын жармаңкесинде тамак жасоочу жана официанттын кызматын аткарчу эки робот эл сынына коюлду. Алардын ар биринин баасы - 180 миң доллар.




Махмуд АХМЕДИНЕЖАД
Иранда бүгүн өтчү президенттик ат салышта бул кишинин шансы жогору. Бирок, анын үч атаандашынын ичинен мурдагы премьер-министр Мир Хосейн Мусави да жаштар жана Ирандын айымдары арасында ири колдоого ээ. Буга өлкөнүн экс-президенти Махмуд Хатаминин баркы роль ойногонун белгилешет саресепчилер.
Гордон БРАУН
Британиянын өкмөт башчысы жакында өлкөнүн саясый системасын кескин түрдө өзгөртөрүн жар салды. Парламентти шайланып келген лорддор палатасын түзүү, шайлоо системасын жана шайлоочулар жаш чегин да өзгөртүүнү, ошондой эле жарандардын мамлекеттик маалыматка жетишин кеңейтүү сунуштары менен чыкты.
Юлия ТИМОШЕНКО
Келерки президенттик шайлоодо атаандашы катары Виктор Януковичти көрөт. Ошондой эле Юлия айым быйыл Украина менен Россия ортосунда газ чатагын болтурбайт. Анткени, өзү айтмакчы, бул маселени өз колуна алган.
Жозе Мануэл БАРРОЗУ
Европалык социалист, либерал жана "жашылдар" партиялары бул инсандын Еврокомиссиянын төрагалыгынын экинчи мөөнөткө калышына каршы. Алардын каалоосу Бельгиянын экс-премьер-министри Ги Верхофстадтка ооп турат. Ал эми ЕС лидерлери Жозе Мануэлди колдоо иретинде өз пикирлерин эбак эле билдиришкен. Эске салсак, Баррозунун мандаты быйыл күздө соңуна чыгат.
Майк ТАЙСОН
Төрт жашар кызынын чарчап калышына бир ай толо элек жатып, боксер төшөк жаңыртты. Тактасак, бул спортчунун үчүнчү никеси.
Майкл ЖЕКСОН
Дүйнөнүн бул жылдызынан AllGood Entertainment америкалык компаниясы сот аркылуу 40 млн. доллар талап кылууда. Чырдын башы ырчынын аталган компания менен келишим түзүп коюп, башка AEG Live фирмасы менен да Лондондо 50 концерт берүүгө макулдугун бергенинен чыккан. Сотко кайрылган компания ырчынын бул кылыгын көз боемочулук катары баалоодо.
Николай РАСТОРГУЕВ
Өлүм алдында деп кабарланып келген бул орусия ырчысынын акыбалы жакшырды. Атургай, бүгүн өтчү Кызыл Аянттагы концертте күйөрмандарына ыр арнашы да күтүлүүдө. Ооруканадан ушул жумада чыгарылган. Эскерте кетсек, ырчынын бөйрөгү алмаштырылып, апрелден бери дарыгерлердин карамагында болгон.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


ЖАПОНИЯ парламенти Курил аралдары өлкөнүн ажыратылгыс бөлүгү деп саналуусуна жол берген мыйзам долбоорун кабылдады. Мындай чечим жогорку палата тарабынан жактырылганда күчүнө кирет. Депутаттар муну менен Жапониянын "түндүк территорияларды" кайрып алууга ниеткер экенин белгилешет.
АКШ. Холокоста мемориалдык музейинде белгисиз бир адам меймандарга ок атып, өлкөнү да, АКШ президентин да беймазага салды. Окуянын натыйжасында, музейдин коопсуздук кызматкери каза таап, бир нече адам жаракат алган. Мындай аракет антисемитизм деп бааланууда.
КЫТАЙ. Гуантанамо түрмөсүндөгү 17 уйгурду өлкөгө кайтаруу боюнча АКШ бийлигинен кескин түрдө өтүндү. Алар террористтик аракеттери үчүн жаза өтөп атышкан. Кытай бийлиги америкалыктардын бул 17 айыпкерди Тынч океандагы Палау мамлекетине өткөрүүгө караманча каршы.
МОЛДАВИЯ парламенти жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Өкмөт башчылыгына Зинаида Гречанаяга ишеним көрсөтүлдү. Бирок, өлкө дагы деле президентсиз күн кечирип келет.
ПАКИСТАН. Пешавар шаарында шейшемби күнкү жардыруудан 11 адам дүйнө менен кош айтышкан, анын ичинде БУУ кызматкерлери да болгон. Андан сырткары, 52 адам жараланган. Бул окуяны БУУ башчысы Пан Ги Мун кескин сынга алды.
ӨЗБЕКСТАНДА Пентагондун авибазасы ачылбайт. Пентагон басма сөз кызматы бир катар орусиялык маалымдоо каражаттарындагы бул өңдүү маалыматтарды төгүндөгөн билдирүү жасады. Кыргызстандагы базаны жабуу маселеси чыкканда Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнө мындай сунуш болгонун, бирок, азырынча эч кандай так жыйынтык жок экенин да кошумчалашкан, Пентагон өкүлдөрү.
ТҮРКИЯДА мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп айыпталып аткан "Эргенекон" уюмуна карата ачылган кылмыш иши кечээ 100-ирет каралды. Эске салсак, бул иш 2007-жылы башталган. Айыпталып аткан уюмга 100дөн ашуун саясатчы, коомдук ишмер, журналист, адвокат, окутуучу, полиция жана аскер кызматкерлери да мүчө деп айтылат.
ГРУЗИЯ. Темир жол вокзалында бир нече жардыруулар болду. Натыйжада, темир жол кызматкери жабыр тартып, поезд жолу жана вокзал имаратына зыян келтирилген. Учурда иликтөө улантылууда.
УКРАИНА. Жогорку Рада депутаты Валерий Коновалюк өлкө бийлиги Грузияга курал-жарак сатууну дале токтотпогонун, ал эми мындай аскер келишимдеринен 30 млн. доллар пайда алууда деп өлкө бийлигин күнөөлөдү. Бирок, мындай маалымат бир ай мурун өкмөт башчы тарабынан төгүндөлгөнүнөн кабардар элек.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??