presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Митаамзаман

Оппозиционер айым амалы
(Башы 18-бетте)

Энди, "алдарлар" атын ачык айтар кез келди. Алар кимдер? Анын бири айтылуу Жаңыл айым. Чыныгы аты-жөнү Абдылдаева Айнура Байазовна. Жанындагы жардамчысы (күйөө сөрөй алдамчысы) анын карачечекей иниси Абдылдаев Марс Байазович. Булар отставкадагы милиция полковниги, өз учурунда бакыйган бир район милициясынын начальниги болуп иштеген адамдын балдары. Экөө тең жогорку билимдүү экономисттер. Айнура айым биртоп жылдар бакыйган бир банктын кредит берүү бөлүмүндө эмгектенген профессионал адис. (Анын бийик "профессионалдык" деңгээлин өзү эмгектенген "АТФбанкын" алдап, 8 жылга кесилип кеткени далилдеп турат). Иниси Абдылдаев Марс (азыркы аты-жөнү Токойбек Байазов) ата жолун жолдоп милицияда эмгектенген. Эки адамды кырсыктатып (бирөө өлүп, экинчиси майып болгон деген кеп бар), ошонун айынан органдан куулган имиш. Үй-бүлөлүү. Аялы Абдуллаева Айнура Эркинбековна менен азыркы күнгө чейин мыйзамдуу никеде. 3 баланын атасы.



Акыркы каарманыбыз - дайыма суудан кургак чыкчу, топтун "серый кардиналы" болуп саналган Алима айым. Чыныгы аты-жөнү Батырканова Саяпат Калкашевна. Бул айым да жогорку билимдүү экономист, атургай аспирантураны бүтүп, диссертация да жазган. Кийин бизнести башкаруу магистри деген кошумча адистиктин ээси болуп бизнестин "битин сыккан" айым. Анысы аз келгенсип саясатчы. Болгондо да "Атамекен" партиясынын аялдар канатынын анабашыларынын бири. Өткөн шайлоодо партия аны чыгаан бизнесмен, карапайым калк мүдөөсүн аркалаган "заманыбыздын акыл-эси, ар-намысы жана абийири" деп айгайлап, №2 Жал округу боюнча шаар кеңешке депутаттыкка көрсөткөн. Кыскасы, бу айымды "атамекенчилер" ай-күнгө теңей мактап келет. Мына ушундай "балитический" эмгегинин ийгилигине үй-бүлөлүк карым-катнаш, тааныш-билиш байланыштары чоң жардам бергендей. Анткенибиздин себеби, Саяпат айым илгери министр кызматын аркалап, элге кадыры сиңген кишинин кызы. Күйөөсү көп жылдар ИИМ тармагында иштеп, атургай Кемин раймилиция начальниги да болгон. Азыркы тапта Акыйкатчы Т.Акундун "арыз-муң" (каттар) бөлүмүн башкарат.
Жасалма паспорт, "тирүү өлүк" күйөөсөрөй
Ошентип алдаар жем табылган соң, бул эргулдар таасирдүү байланыштарынын аркасынанбы же кандайдыр бир сыйкырдуу күчтүн жардамы мененби, айтор, Абдылдаев Марс Байазовичти бат эле Байазов Марс Байазович деген эч жерде катталбаган, жашабаган, дайынсыз кишиге айлантышты. Кийинчерек бул "тирүү өлүк" кишибиз "Ак-канат" юридикалык компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн өз алдынча иликтөөнүн негизинде өлүк жан болуп чыкты. Көрсө, М.Баязовго таандык АН 0442000 номурлуу паспорт 2003-жылы 80ге чыгып өлүп, эбак сөөгү сөпөт болгон маркум Никитенко Федор Ильичтики болуп чыкты. Бул паспорт ага 1998-жылы 20-мартта Аламүдүн РИИБинде берилген. Анан кандайдыр сыйкыр менен паспорт башкалаанын Юг-2 кичирайонуна катталып калат. Кийин иликтей келгенде ал жерде Баязов Марстын аты-жыты жок, таптакыр башка адамдар жашары анык болду. Андан да кызыгы, 50-02 ИИМи тарабынан берилген бу паспортто Марс Таласта эмес, Нарын облусунда төрөлүп атпайбы. Туулган күнү, төрөлгөн жылы да башка.
Бул паспорт кайдан чыкты, аны кимдер жасап, ким бергенин жаңыдан ишин баштаган тергөө аныктайт чыгар. Кези келгенде аны да жалпыга жарыя кылабыз деген ниет бар. Кыскасы, ушул "тирүү өлүк", дайынсыз, жок кишибиз Байазов Марс жакында эле таанышкан Усөнбекова Гүлкайырга үйлөнмөк болот. Ыпылдап-шыпылдаган шылуун Гүлкайырдын башын бат эле айлантты. 2008-жылы январь айында шаар четинде жайгашкан Восток айылындагы ата-энесинин үйүнө алып барып, жоолук салышат. Андан көп өтпөй Марстын ата-энеси, тууган-туушкандары эки жашты коштоп, кудага кулдук урганы аттанышат. Атасы кыз калыңы деп кудагыйына 1000 доллар берет. Ага жетине албаган байкуш эне карызга батса да, көкүрөк күчүгү болгон кызынан эч нерсесин аябай, ачылып-чачылат. Куда-кудагыйлардын баарына кымбат кийит кийгизип, шаан-шөкөт менен узатат. Ичинде эч кири жок Гүлкайыр кайын журту жашаган Аламүдүн райЗАГСында же Марстын туулган жери Таласта эмес, өзү жашаган Ысык-Көл райЗАГСында никеге туралы дегенине да макул болот. Фамилиясын "тирүү өлүк" Байазовдукуна которот. Арты эмне болорун анда билбейт.
Ошентип той өтүп, тойдун эртеси келип жетти. Бактысы тоодой сезилген жаңы келин балдарына ата, өзүнө күйүмдүү күйөө тапканына ыраазы. Ошентип ал кыргыз "Гобсеги", сүткор Батырканова Сыяпат менен "алдаркөсө" Абдылдаева Айнуранын "тонокей" торуна түшкөнүн, аферист Марс аялы менен эч качан закондуу түрдө ажырашпаганын, бирок "тирүү өлүккө" турмушка чыкканын сезбеди. Ал эми "тирүү өлүк" Марс да өзүнчө ыраазы. Ойлогон пландарынын бир бөлүгү ийгиликтүү аяктаганына, Гүлкайырдын кудачасынан карыз алган 1000 долларды калыңга карматып, эч чыгымсыз тууган-туушкандарына, ата-энесине бекер той "уюштуруп", жок жерден олжого марыганына кудундайт. Кудайдын кусуру урабы, убал-сооп деген болобу, ал үчүн баары бир. Иши кылып калпы чыга элегинде өзүнө жүктөлгөн иш-чараларды тез арада бүтүрүп, көздөн кайым болуу. Мына, "тирүү өлүктүн" негизги милдети.
Алдарата, алдаруул жана алдаркыз же үй-бүлөлүк подряд
Ошентип кудадан "олжолуу" кайткан үй-бүлө тез арада пландын экинчи бөлүгүн ишке ашырууга билек түрө киришти. Алгач үстүнө үйрүлүп атышып Гүлкайырдын бир бөлмөлүү квартирасын барымтага коюуга көндүрүшөт. "Квартираңды коркпой эле барымтага коё бер. Анталияда акчам толтура, барар замат салып ийем, үйүндүн башын алекизамат ачып коём. Ортобузда ишеним болбосо бизде кандай жашоо болот. Мен күйөөңмүн го" деп бир жагынан "тирүү өлүк" күйөө сөрөй Марс күпүлдөсө, "акча берчү адам эзилишкен курбум болот, эч нерседен кам жебе" деп бир жагынан кайнежеси Айнура акедей асылып атса, ал аз келгенсип, сөздүн ылайыгы келген сайын "кызга берчү калың бердик. Эми эрди-катын болуп калдыңар. Оокат жайыңар да бир болуш керек" деп кайын журту каңкуулап турса арга калабы? Ишенди, көндү.
Кайната машинесин берип, Гүлкайырдын үйүнөн квартиранын документтерин, эски жараксыз паспортун алдырышты. "Квартира эски жараксыз паспортко катталуу, болбойт" деп канкакшаса, өз максатынан кайтпаган өжөр эже-ини "жараксыз экенин эч ким билбейт, эми мунун баарын азыркы атыңа которуш үчүн канчалаган убакыт, канча бир каражат кеткен атпайбы, анүстүнө С.Батырканова ишенимдүү өз киши, эч чатак чыкпайт" деп убадага муютушту. Жаңы барган элеттик келин мындайда эмне кылмак, унчукпастан макулдугун берди. (Агезде Гүлкайыр жараксыз паспорттун айынан кийин өзүнө кылмыш иши козголорун кайдан сезсин?). Андан соң Айнура Абдылдаева жеке нотариуска Гүлкайырды коштой кирип, үч айлык мөөнөт өтүп кетсе квартираны сатып жиберүүгө укуктуу деп С.Батырканованын атына ишеним кат жаздырат. Анан ал үчөө Саяпаттын үйүнө барып, үйдүн документтери менен ишеним катты, ага кошуп жараксыз паспортту калтырып, Гүлкайырга "бир айлык мөөнөт менен С.Батыркановадан 5500 доллар алдым" деген тил кат жаздыртышат. "Эжеке, 3000 эле доллар алабыз дебединер беле" деген Гүлкайырдын суроосуна Айнура "айланайын келиним, мага кошумча 1500 доллар абдан керек болуп калды, аны мен бир жумада эле кайтарып берем" дейт. Гүлкайыр Саяпаттын колунан 5000 долларды санатып алган соң, аркы 500 доллар кайдан пайда болгонун тактаган. Саяпат менен Айнура анысы 5000 доллардын бир айлык үстөгү экенин, анысы да карызга кошуларын айтышты. Машинага келип отурар замат Гүлкайыр 5000дин 1500үн Айнурага санап берип, калганын Марс чөнтөккө ныгырат.
Мына ушу жерде мындай бир кызык жагдай бар: башы бүтүн, акылы соо адам өзүнөн 20 миң доллар карыз алып, анысын үч жыл бою төлөй албай, үстөк пайызын 70-80 миңге чыгарып ийип, карызынан кутулганга каражат-шайманы жок адамга кайрадан ири өлчөмдөгү карыз акча береби? Мындай ишти, маселен, экономика сабагы боюнча эки класс билими жок мен деле жасамак эмесмин. Бирок, факт бу жерде теңирден тетири чыгып атпайбы. Айнура аначы болуп Гүлкайырга Саяпаттан 5000 доллар алган так ошо 2008-жылдын 19-март күнү А.Абдылдаева Восток айлындагы өзү жашап турган үйүн 2/931 номурлуу алык-сатык келишимин түзүп, С.Батырканованын наамына каттатып берип атпайбы. Ал үйдүн акчасы карыздын үчтөн бирин гана жапкан. Муну күйөө сөрөй Марсы да, кайнеже сөрөй Айнурасы да, жадагалса, бу жагдайдан кабары толук кайната менен кайнене сөрөй да Гүлкайырдан жашырып, билгизбей жасашкан.
Дагы бир таңгалыштуу нерсе, Марс өзү каттоодо турган Аламүдүн районунда же Таласта никеге турбастан, Гүлкайыр катталган Ысык-Көл райЗАГСына арыз берип, никеге катталарда Марстын атасы жасалма паспортту Бишкектен өзү алып келип, ЗАГС кызматкерине көрсөтөт да, башка эч кимге карматпай, кудага арнап союлган козунун этинен да ооз тийбей, кайра дароо кетип калганында болуп жатпайбы. Көрсө, жасалма паспорт эч кимдин колуна тийбесин, көчүрмөсүн албасын дегени тура.
Ошентип Гүлкайыр "тонокей" торго түштү. Сарсанаага батып жүргөн күндөрдүн бир күнүндө кокусунан үй-бүлөлүк жашыруун сырды кайнатасынын үйү да, кайнежеси Айнуранын үйү да банкта барымтада турганын, анысы аз келгенсип Айнуранын кайнежесинин, дагы бир жакын курбусунун, күйөөсүнүн тууганынын, досунун, иши кылып 6 кишинин үй-жайын барымтага койдуруп, акча алгандарын кулагы чалып калды. Баарынын тең ичинен кан өтүп, же үйдөн жок же акчадан жок жүрүшкөнү да кийинчерек маалым болуп калат. Ушундай жагдайда Гүлкайыр Марска "квартиранын башын бошот" деп талапты катуу коет. Кенебеген Марс "бул аял карызга акча берип, андан соң бир ай өткөндөн кийин үйүн сатып жиберип, бизнес кылат экен. Сенин да квартираңды башка бирөөгө сатып жатыптыр, бүгүн барып ишеним катты аннулировать этели" дейт да, түз эле баягы тааныш нотариуска барып, ишеним катты жокко чыгартат. Нотариустун "С.Батырканованы эскертишиңер керек" деп айтканына Марс "макул өзүм эскертем" дейт. Мурун-кийин тааныбаган, телефон, дарегин билбеген элеттик келин эмне кылалмак, Марс айтып коет деп тим калат. (Ал эми ошо кезде Марс менен Саяпат байма-бай телефон аркылуу бири-бири менен сүйлөшүп турганы аз келгенсип, жолугушуп да турушкан. )
Айткандай эле Батырканова мөөнөтү өтө электе эч бир эскертме бербей туруп ал квартираны 10 миң долларга сатып ийип, кирешеге марыган. Ошентип өзүн аппак, абийирдүү көрсөткөндү адат кылган Саяпатыбыз бул жолу да сүткорлугун карматып, берген "жалган карызын" эки эселеп кайрып алды. Кыскасы, Гүлкайырды "алдарлар үй-бүлөсү" Саяпат "кечип ийген" 30 миңден ашык доллардын кунуна кармап бергени ушу жерде анык болот. С.Батырканова анын бир бөлмө үйүн 10000 долларга сатты, эки бөлмө үйүн 15000 долларга баалап арестке койдурду (рейдерчиликтин аркасы менен тартып алам деп), анан дагы "16000 доллар карызы бар, өндүрүп бергиле" деп Гүлкайырдын үстүнөн Ленин райондук милициясына арыз берип, негизсиз кылмыш ишин ачтырып, "төлөбөсөң 10 жылга соттолосуң" деп "закондуу рекетчилик" кылып турган чагы. Эми эгемен Кыргызстандын укук корго органдары кандай экенин билесинер да: бир жылдан бери элеттик бечара келиндин колун толгоп убара. Татаал комбинациялуу "үйлөнүү амалын" (брачная афера) уюштурушкан Саяпаты да, Айнурасы да, Марсы да аппак чыгып, жалгыз күнөөсүз Гүлкайыр күнөөкөр табылууда. Болгону пединститутту аяктап, өмүр бою мектепте, болгондо да алдым-жуттум менен иши жок элет жеринде эмгектенген мугалим келин тааныш-билиши жок борборго келип, алеки заматта ушундай адам таңгаларлык афераны жасай алат беле?.. Эгер жасай албаса, анда бул аферанын башында ким же кимдер турат? Мамлекеттин символу болуп эсептелген паспортту жасагандар, далайларды сыздаткандар жоопко тартылабы же адаттагыдай эле карапайым, багар-көрөрү жоктор соттолуп, сыздап кете береби?
Акырында өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүп, бул ишти ийне-жибине чейин билишкен "Ак-Канат" юридикалык компаниясынын жетекчиси, адвокат А.В.Типеровдун "үч жыл ичинде аябай чон суммага өскөн карызын алалбай жүрүп кошумча дагы ири суммада карыз берүү - бул чындыкка жатпаган, акылга сыйбаган жорук" деген комментарийине кошумча биздин оюбуз, бул - акылга сыйган, ойлонуп жасалган, көп комбинациялуу кыргызча рейдерчилик жана закондуу рекет.
КапарТОКТОШОВ, журналист








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??