Кыргыз гезиттер архиви

Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
Улуу жана орто муундагылар жакшы билет. Ленин, Компартия, Коммунизм деген тематикадагы далай чыгармалар жаралып, жанагы эртеден кечке эстраданы кулакка куйгандай мээге кыттай куйчу. Идеология - музыкада, адабиятта жана башка искусствонун түрлөрүндө мамлекет тандап алган жашоо багытын тынбай пропагандалоо деп түшүнөм. Кайсы бир багытты тандап алып, анан аны симфония, кантата, оратория сыяктуу көлөмдүү жана фундаменталдуу чыгармалар менен пропагандалоо аркылуу көп нерсеге жетишсе болот. Мисалы, "Кыргызстаным" деп бир ырчынын ырдаганына караганда хор менен ырдаган "Кыргызстанымдын" адамга берген таасири алда канча күчтүү.

Ошол эле учурда Композиторлор союзунун башкармалыгы алгылыктуу иш алып бара албай жатканы көрүнүп турат. Бала ыйлабаса эмчек кайда дегендей, көйгөйлүү маселелерин тийиштүү жерде көтөрө билбесе, өз чыгармаларынан турган концерттерди уюштуралбаса, жеңил музыка каптап жатканда ага каршы мыкты чыгармаларын жаратып, аны пропагандалоого алы жетпесе, тигил же бул музыкалык агымдар тууралуу өз позициясын билдирип ойлорун айта албаса, замандагы өзгөрүүлөрдү көрбөй төө кушча башын кумга тыгып жата берсе мындай союздун келечегинен эмнени күтсө болот? Буга чейин ар кандай массалык маалымат каражаттарында айтылып келген композиторлор жөнүндөгү өйдө-төмөн пикирлерди гезит алып окушпаса, жети нотаны тааныганына корстон болуп жүрө беришсе обончулар менен эстрада жылдыздарына жемин жедирип, жерден башын көтөрө албай жата беришсе, өз тагдырларына өздөрү кайдыгер карап калган Композиторлор союзунун коомго кереги жок болуп калары турган иш.

Мындан 70 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун уюшулганы саясый жана маданий чоң окуяга айланган. Башатында Абдылас Малдыбаев туруп, Россиядан музыкалык маданиятка көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген В.Власов жана Фере, П.Шубин менен катар элдик музыканттар М.Күрөңкеев, К.Орозов, А.Огонбаев, М.Баетов уюмдун алгачкы мүчөлөрүнөн болгон.1939-жылга чейин эле В.Власов менен В.Ференин "Алтын кыз", В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин "Ажал ордуна" музыкалык драмалары жана ошол эле авторлордун кыргыздын туңгуч операсы "Айчүрөк" коюлуп, Москвада өткөн кыргыз маданиятынын алгачкы декадасында көрсөтүлүшү Композиторлор союзунун түптөлүшүн шарттап койгон эле. Жетимиш жыл ичинде ондогон опералар, балеттер коюлуп, симфониялар, оратория, кантаталар жаңырып, композиторлорубуздун аброю асмандап турду. Улуу муундагы А.Малдыбаев, А.Тулеев, С.Медетов, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, Т.Эрматов, А.Жаныбековдун ысымдары кыргыз музыкалык тарыхында өчпөс болуп, эстрадага канча тебелетсек да моюн бербей жанып турат. Орто муундагы Э.Жумабаев , А.Мурзабаев, В.Роман, Ж.Малдыбаева, М. Бурштин, А.Жээнбай, К.Асанбаев жана башкалардын музыкалык маданиятыбыздагы орду зор. Алардын жолун М.Бегалиев, С.Бактыгулов, Б.Алишеров, Т.Дооронов жана башка талантуу композиторлор улантып жатат. Аттарын атоого татыктуу композиторлорубуз арбын. Кечирип коюшсун, жетимиш жылда 70 тен ашуун мүчөлүү болгон композиторлордун аттарын узун сабак кылып толугу менен санап отургандан көрө мааракенин алдындагы композиторлорубуздун абалы, союздун чече албай жаткан маселелерине бурганым оң болуп турат.
Совет мезгилинде чыгармачыл адамдарга өзгөчө мамиле болуп, бардык шарт түзүлүп турчу. Чыгармалары мамлекет тарабынан сатылып алынып, концерттерде аткарылып китептерге басылып чыкчу. Советтер Союзунун ар республикаларындагы чыгармачылык үйлөргө жолдомолонуп, чыгармачылык менен иштөөгө эң эле ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондой чыгармачылык үйлөрдүн бири өткөн кылымдын 80-жылдардын ортосунда көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде СССР Композиторлор союзунун музыкалык фонду тарабынан каржыланып курулуп баштаган эле. СССР ыдырап, чыгармачылык үйдүн курулушу да токтоду. Көп жыл тура берип, таланып-тоноло баштады. Өкмөт "өөп-жытап" өбөк болгонун токтотуп, өз алдынча оокатыңды кыл деп мамлекеттик каржыдан бөлүп таштаганы Композиторлор союзу туура эмес иш кылды. Акча табуунун айласын таппай, акыры көлдүн эң сонун жеринен орун алып, чала курулган чыгармачыл үйүн 2 миллион сомго соодалап жиберип жаны тынды. Айрымдары "итбекер" сатылып кетти деп ичимтап болгону менен болор иш болду да кетти. Бир миллион сомун композиторлор чогулушунун чечими менен узак мөөнөттөгү кредит катары бөлүп алышып, калганын союздун капчыгында калтырышты.
Ошо кездеги Композиторлор союзунун башкармалыгы чарба иштеринен таптакыр тажрыйбасы жок болгондуктан калган акчаны чаржайыт чачып түгөтүштү. Андан бери он жыл өтүп, акыры Пушкиндин "Алтын балык" жомогундагы жыртык тепшиси менен калган кемпирдин кебетесин кийди да калды. Базар экономикасы, акчасы менен кара жерге кирсин, эң негизгиси, чыгармачылык менен жан багам деген композиторлордун көкүрөк дымагы өчтү. Көпчүлүгү чыгармачылыкка мурдагыдай баш оту менен кирбей, айрымдары кесибин өзгөртүп кетишти.
Баягы миллионду бөлүшкөндө толугу менен топураган композиторлорубуздун бир даасы союздун имараты кайсы жерде жайгашканын да унутуп коюшту.
Композиторлор союзунун мына ушундай "итке минген" абалына ким күнөөлүү деген суроо туулат? Жеке менин пикиримде композиторлорубуздун базар экономикасынын басымына туруштук бере албай, ыркы кетип, ындыны өчүп, ыкшоолукка жол берип коюшу өкмөттүн Композиторлор союзун жалпы мамлекеттин кызыкчылыгында идеологиялык курал катары пайдалана билбегенинде деп ойлойм. Улуу жана орто муундагылар жакшы билет. Ленин, Компартия, Коммунизм деген тематикадагы далай чыгармалар жаралып, жанагы эртеден кечке эстраданы кулакка куйгандай мээге кыттай куйчу. Идеология - музыкада, адабиятта жана башка искусствонун түрлөрүндө мамлекет тандап алган жашоо багытын тынбай пропагандалоо деп түшүнөм. Кайсы бир багытты тандап алып, анан аны симфония, кантата, оратория сыяктуу көлөмдүү жана фундаменталдуу чыгармалар менен пропагандалоо аркылуу көп нерсеге жетишсе болот. Мисалы, "Кыргызстаным" деп бир ырчынын ырдаганына караганда хор менен ырдаган "Кыргызстанымдын" адамга берген таасири алда канча күчтүү. Биз аны жадыбыздан чыгардык. Музыкада ошондой жанрлар бар экенин карапайым эл билбей калды. Андай чыгармаларды жаратыш үчүн мамлекеттик буйрутма же конкурстар өткөрүлүп, тандалып алынгандары аткарылышы керек. Аткарууга бизде симфониялык жана камералык оркестрлер, хор, ансамбль ж.б. музыкалык коллективдер жетиштүү санда. Кептин баары ошол коллективдердин репертуарында. Кайсы композитор чыгармачылык кече өткөрүүнү кааласа андан акы сурашат экен. Ушундай юбилейде композиторлорубуздун чыгармаларын акы сурабай аткарышып, майрамдык маанай жаратканга жардам кылбаса, анда алардын кереги кимге. Эл эсебинен каржыланып жатканын эсинен чыгарбаш керек. Жаштарды мындай коелу, ондогон жылдар бою залкар композиторлорубуздун чыгармалары концерттерде аткарылбай калды. Коллективдердин афишасын карасаң негизинен чет элдик композиторлордун чыгармалары. Бах, Вивальди, Бетховен, Моцарт, Чайковскийлердин чыгармаларын биздикилерден он эсе мыкты ойногон дүйнөдөгү көптөгөн оркестрлердин аткаруусундагы дисктерди табыш опоңой болуп калган заман. Кыргызстандагы музыкалык коллективдер үчүн биринчи кезекте кыргыз композиторлорунун чыгармаларын жайылтуу негизги милдети болуш керек деп эсептейм.
Кыргыз композиторлор союзу 70 жылдыгын өткөрөм деп анча-мынча аракет кылган түрү бар. Маданият министрлигинен бир аз каражат сураса азырынча тил эмизип турат. Дүйнөлүк экономикалык кризис дагы шылтоо болуп, үмүт аз. Негедир кайсы бир инсандын 70 жылдык юбилейине түзүлө калчу комиссия 70тен ашуун мүчөлүү, курамында бир нече эл артисттери, эмгек сиңирген ишмерлер, музыка таануу илиминин доктору, кандидаттары бар, чыгармачылык тарыхы бай союздун 70 жылдыгына түзүлгөн жок. Эмне үчүн мамлекеттик катчы баш, маданият министрлиги төш болгон чиновниктер каадалуу датага каш кагып коюшпайт? Бул эмне өкмөт деңгээлиндеги, мамлекеттин кызыкчылыгындагы маселе эмеспи?
Ошол эле учурда Композиторлор союзунун башкармалыгы алгылыктуу иш алып бара албай жатканы көрүнүп турат. Бала ыйлабаса эмчек кайда дегендей, көйгөйлүү маселелерин тийиштүү жерде көтөрө билбесе, өз чыгармаларынан турган концерттерди уюштуралбаса, жеңил музыка каптап жатканда ага каршы мыкты чыгармаларын жаратып, аны пропагандалоого алы жетпесе, тигил же бул музыкалык агымдар тууралуу өз позициясын билдирип ойлорун айта албаса, замандагы өзгөрүүлөрдү көрбөй төө кушча башын кумга тыгып жата берсе мындай союздун келечегинен эмнени күтсө болот? Буга чейин ар кандай массалык маалымат каражаттарында айтылып келген композиторлор жөнүндөгү өйдө-төмөн пикирлерди гезит алып окушпаса, жети нотаны тааныганына корстон болуп жүрө беришсе обончулар менен эстрада жылдыздарына жемин жедирип, жерден башын көтөрө албай жата беришсе, өз тагдырларына өздөрү кайдыгер карап калган Композиторлор союзунун коомго кереги жок болуп калары турган иш. Ошентсе да үмүт оту оңой менен өчпөйт турбайбы. Ар кандай той-топур күрдөөлдүү күздө өтөт эмеспи. Али да кеч эмес. Маданият министрлиги, өкмөт, мамлекеттик катчылык бул маселеге олуттуу көңүл буруп, жетимсиреген Композиторлор союзунун жетимиш жылдыгын жерде калтырбай өткөрүүгө көмөк көрсөтүп, унутта калып бара жаткан композиторлорубузга чыгармачылык дем кошуп, үлбүлдөп жанган үмүт отун өчүрбөй сактап калууга кол кабыш кылар деген оптимисттик ой менен күтө туралы.
ТУРДУБЕК ЧОКИЕВ, композитор