Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңырык

Биз оркестрди элестеткенде, көз алдыбызга скрипачтар, тромбонисттер, флейтисттер жана нота коюучу текчелер тартылат. Ал эми Опера жана балет театрынын сахнасынан артисттердин оюнун көрүп, ырын угуп, оркестр музыканттарынын аспаптарынын үнүн гана угабыз. Алардын баарын таякчасынын шилтеми менен гана башкарган дирижер. Ал өзүнүн укмуштуудай кыймыл-аракети менен музыканттарды башкарып, чыгарманын кульминациялык жерлерин аныктап, сахнадагы артисттердин оркестр менен шайкештигин келтирип, маанайын аныктап турат. Жөнөкөй көрүүчү үчүн ал көмүскөдөгү баатыр. Бүгүнкү биздин каарманыбыз - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, дирижер Рахатбек ОСМОНАЛИЕВ.

"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
- Сиздин өмүрүңүздө биринчи көргөн дирижер ким эле?
- Калый Молдобасанов. Мен аны көргөндөн да укканым көп болгон. Ата-энемдин менин элдик ырлар жана обондорго гана эмес, академиялык, оркестрдик музыкага кызыкканымды байкап, бала кезимден колдогону үчүн терең ыраазымын. Беш жашка толгондо алар мага "Малыш" деген кичинекей аккордеон сатып беришкен. Ошол эле мезгилде биринчи гитарам жана пластинка ойнотуучу проигрывателим бар эле. Биринчи жолу мен "Манас" ораториясын, "Саманчынын жолу", "Маңкурт" чыгармаларын угуп, дүйнөдө Калый Молдобасанов аттуу залкар композитор бар экенин билгем.
- Бүгүнкү күндөгү даражага жетишиңизге ким себепкер болду?
- Кайта эле Калый Молдобасанов деп айтмакчымын. Башында мен Опера жана балет театрында оркестрант болуп жүрүп, кийин Чүй камералык оркестрине барып иштеп калдым. 1994-жылы ал мага дирижердук чеберчиликке өтүүмдү сунуштады. Ар бир дирижер жок дегенде бир же эки оркестрдик аспапта ойной билиши керек. Мен виолончелистмин. Кийинчерээк контрабас классына өттүм. Бирок мектепте окуп жүргөн кезимде эле тромбон жана трубада ойноп, көптөгөн шаардык жана республикалык конкурстардын лауреаты болгом.
- Дирижер таякчасы - оркестрдин эң башкы аспабы экени талашсыз. Ошентсе да, сиз аны курал катары колдонууга туура келген учур болду беле?
- Кызыктуу суроо экен. Эч качан. Таякча - мен үчүн ыйык нерсе. Ар дайым жүрөгүмө жакын жерде - төш чөнтөгүмдө сактайм, бул мен үчүн көнүмүш адат болуп калган.
- Дирижердук таякча атайы бир матералдан жасалабы, же?..
- Жөнөкөй карандаш деле дирижердук таякча боло алат. Эмнеден жасалганынан да анын аткарган мааниси артык. Ал - дикция. Дирижер үчүн жаңылыктардын алып баруучусунун үнү менен дикциясындай, же драма театрынын мимика жана артикуляциясына да салыштырса болот. Бул оркестрдин так жана уккулуктуу ойношунун аспабы.
- Сиз корккон нерсе?
- Белгисиздиктен корком. Мисалы, материалды жакшы билбегенден же сахнага чыгар алдында жетишерлик даярдык көрбөй, репетиция кылбай калуу коркунуч сезимин туудурат.
- Дирижерлордун кызыкчылыгын коргоп, таламын талашкан уюмдар барбы?
- Бар деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күндө биздин консерваторияда опера, симфониялык дирижерлорунун факультети негизделген. Учурда ал жерде чеберчиликке алты студент үйрөнүп жатканын билем. Бул мени кубандырат. Дирижерлукту окуп үйрөнүш үчүн алгач музыкалык жогорку билим алып, бир нече жыл эмгек стаж талап кылынат. Ошондон кийин гана дирижер болууга окуп үйрөнүүгө өтсө болот.
- Оркестрди башкаруудагы кыймыл аракетиңиздин техникасы абдан кызыктуу көрүнөт. Буга да атайын үйрөтүшөбү?
- Албетте!
- Эмне жөнүндө кыялданасыз?
- Европага барып, өткөн замандардын илебин сезгим келет. Ошол мезгилдердеги гүлдөп өркүндөгөн маданиятка чөмүлсөм дейм. Дал ошол учурларда адамзат шедеврлерди жараткан Моцарт, Бетховен, Бах, Сальери сыяктуу генийлер, алп жазуучулар, акындар өтпөдүбү. Алардын эмгектерин жаратууга эмне дем берип, кандай күч аларды түрткөнүн билип, эмне менен жашап, эмне менен дем алганын сезсем деп кыялданам…
- Окурмандарга кандай каалоо-тилек айтасыз?
- Албетте, эң биринчиден ден соолук. Ал эми профессионал музыкант катары менде бар бакытты тилейм. Бул - улуу музыка менен баарлашуу бакыты!
Нуржан АЛЫМКАНОВА




  Митаамзаман

Оппозиционер айым амалы
(2-макала)
Биринчи макала "Курбу Гобсек" же оппозиционер айым амалы" деген аталышта "Агым" гезитинин 2009-жылкы 17-апрелдеги санында жарык көргөн.

Жалпы журтка айкын болуш үчүн биринчи макалыбызда эмне тууралуу сөз болгонун кыскача баяндап өтүш парз. Анда атпай журтка аброю артык кайсы бир оппозициялык партиянын Алима аттуу ири ишмери өзүнүн Жаңыл деген карачечекей курбусуна 2006-жылы 17-январда 10 пайыздык (жылдыгы 120%) үстөк менен 20000 АКШ долларын карызга бергени, ал карызды кайрып алалбай жатып 2007-жылдын башында дагы 70000 сом менен 1500 доллар карматканы, алардын штрафтык санкциялары, пенялары, жылдык пайыздары болуп аябай чоң суммага жетип, Алима айым айласы кеткен Жаңыл курбусунун жашап жаткан үйүн саттыртып, баш-аягы 54000 долларды алаканга салганы, ошонун айынан Жаңылдын кырчындай болгон күйөөсү күйүтүнө чыдабай мерт болгону, Алима айым ортодо сүткорлук менен 30500 доллар же 1 млн.159 мин сом таза киреше таап чөнтөккө кымтыганы, ошо "адал" акчадан казынага бир тыйын да салык төлөбөгөнү жөнүндө сөз козгоп, мамсалык инспекциясы эптеп жанын багып аткан "таксистер" менен "тачкистерге" асылбай, Алима айым сындуу азыркы заман "Гобсектеринин" эсебинен казынаны толтурбайбы деген жүйөлүү маселени көтөрдүк эле. Аягында оппозиционер айымыбыз калган карыздарын "марттык" кылып кечпегени, "гобсектик" айла-амал менен анысын өндүрүп алып атканы, бул факт Бишкек шаарындагы Ленин, Свердлов райсоттору, Ленин раймилициясы менен Ысык-Көл райсотунун ортосунда футболдой тебилип, четинен чечилип келаткан сот жана тергөө иштеринде ачыкка чыгып жатканы тууралуу айтканбыз. Эмесе кеп кезегин ушу нукка буралы.
Ач жүзүңдү, Гүлчөтай!
Сүткор үстөк пайызын өлсө-талса да өндүрүп алары ар бирибизге эки жерде эки төрт дегендей маалым эмеспи. Антпесе сүткордун сүткор аты өчпөйбү. Анын сыңарындай биздин каармандар карызын башка бирөөдөн болсо өндүрүп алыш үчүн атактуу Остап Бендерден кем калбаган татаал комбинациялуу "үйлөнүү амалын" ("брачная афера") ойлоп табышып, улуу комбинатордон кем эмес деңгээлде иш жүзүнө ашырууга аракет кылышты. Бул план боюнча "простушка", кыргызчалап айтканда, арамдыкты билбеген карапайым аял керек болгон. Экинчиден, андай аял оокаттуу, колунда байлыгы же мүлкү бар болушу абзел эле. Андай аял бат эле табылды. Ал - турмуштан жолу болбой он жыл мурун жубайы менен ажырашып, эки тестиерди тарбиялап аткан Үсөнбекова Гүлкайыр аттуу элет жергесиндеги мектептин башталгыч класс мугалими болуп чыкты. Жыйырмага чыга элегинде атасынан айрылып, жетим жүрүп жетилген, ушу тапта сексендеги карыган энеси менен "эки бакыр бир тукур" болуп эки тестиерди эл катары окутуп-чокутуп аткан жаш келин азыркы заман алдарлары үчүн ойдогудай курмандык эле. Анткени Гүлкайырдын эки квартирасы, (бири бир бөлмөлүү, экинчиси эки бөлмөлүү), андан тышкары жеке менчик жер аянттары да бар болчу.

(Уландысы 20-бетте)