presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Жеңилбес көйгөй барбы?
Жума АБДУЛЛАЕВ, ишкер: - Адамды Алла күчтүү кылып жараткан. Бир гана жараткандын мыйзамдары өзгөртүлбөйт. Ал эми калган учурда адам жеңе албас нерсе жок. Көйгөйдү кароодон мурда өзүбүздүн ниетти ылгап алууга тийишпиз. Алла Таала адам ниетин туюп турат. Жаман ойго чөмүлсөң, жаманга кабыласың. Батыштын психологдору муну позитивдүү ой жүгүртүү деп аташат. А бул Куранда 1400 жыл мурда айтылган экен. Ниет - биздин тизгинибиз. Мисалы, электр тогун алалы. Бүгүнкү күндө ансыз жашоо жок. Бирок, ошол эле электр тогу адамды өтө чоң кыйноо менен өлтүрүп да коет. Ошол себептен, көйгөйдү чечүүдө жараткан ортоктош экенин эске ала, дайым жакшы ниет, жакшы тилек менен жашаган оң.

Сулуу болуш Кудайданбы же адамдын өзүнөнбү?
Альбина БЕЙШЕМБИЕВА, "Кыргызстан сулуулары" сынагынын катышуучусу: - Эгер бул дүйнөгө адам бүт мүчөсү түгөл жаралса, анда ал адам сулуу. Ал эми ошол сулуулукту андан да арттыра көрсөтүш - бул адамдын өзүнөн. Сулуулукту Кудай берет, бирок, барктап, баалап алууга тийишпиз. Ошол себептен, төрт тарабым түгөл экенине Жаратканга чексиз ыраазымын. Калганын эптеп алыш өзүмдөн. Адамдар ортосунда тышкы келбет башкы нерсе эмес. Ички сулуулук башкаларга көрүнчү тарабыбыздын маңызын, жылдызын арттырат. Бул биздин жандүйнө, адамдарга ачык мамилебиз, уга жана кайгыны тең бөлүшө билгенибиз.

Шоуну адамдар жасайбы же бул жашоонун өзү шоубу?
Миргүл ЭСЕНАЛИЕВА, шоу продюсер: - Жашоо - театр деген түбөлүк түшүнүк бар эмеспи. Биз - андагы актерлор. Ар кимибиз өзүбүзгө бөлүнгөн ролду ойноп өтөбүз. А бирок, тетири карасак, адам өзү каалагандай шоу жасоого да күчү бар. Кээде жашоо менен шоуну ажырата да албай калат айрымдар.

"Өмүрүңө өмүр кошом, жашооңду бейишке айлантам, адамгерчиликтен тай" деп талап кылынса не кылмаксың?
Жазгүл МАСАЛИЕВА, тележурналист: - Жарык дүйнөгө жар салган мезгилдегидей жандүйнөсүн таптаза бойдон сактай албаса да, адам баласы адам болуу ниетин тутунуп жашайт. Мына ушул бизди айбандан айырмалайт. Боорукерлик, кечиримдүүлүк, күйүмдүүлүк сезимдери менен жашап, бири-бирибизге кол суна, жакшылык жасап, кубаныч, бакыт тартуулап, акыл-эс, маданияттуулугубуз менен адамдыгыбызды далилдейбиз. Андыктан, адамгерчилик баасы өмүр жана көр оокаттан алдаканча кымбат турат. Адамгерчиликтен тайуу менен бул сөздүн башкы төрт тамгасындагы АДАМдык өчөт. Ансыз жашап не керек?!

Каржы менен жандүйнө каатчылыгынын айырмасы, окшоштугу кандай?
Мейкин БАТЫРБЕК, диктор: - Каржы каатчылыгы адамдар арасында ички чыңалууну, коркуу сезимин жана агрессияны жаратат. Жандүйнөнүкү да ошол. Ал адамды ушундай эле "толкундоолорго" салат. Баарынан жаманы эки учур тең адамдын өзүнө болгон ишенимдин төмөндөшүнө жана депрессияга алып келет. Каржы кризисинен так илимдердин жардамы жана экономикалык изилдөөлөрдүн негизинде кутулсак, жандүйнө жардылыгынан бизди рухий, диний жана адабий сабаттуулук сактайт!

Ысым адамга иштейби же адам ысым үчүнбү?
Назгүл ДҮЙШӨНБИЕВА, брэнд-менеджер: - Жашоосунда бир нерсеге жетем десе адам ага аракет жумшоосу зарыл. Эч качан көктөн эч нерсе түшпөйт. Алгач идея жаралат адамда. Аны ишке ашырыш адамдын колунда - ага каражат издеп, жолун таап, күчүн аябай. Мисалы, өзүмдүн "Бий мектеби" долбоорума бир жыл сарптагам, көп каражат жана тынымсыз аракет жумшагам. Тоскоолдуктар да болгон. Кээде күчүм жетпей калчудай сезимдер азгырган. Бирок, андай ой-сезимдерди адам кубалай билүү керек экен. Адам убагында өзүнө ысымды туура жасай алса, ал кезеги келгенде адам үчүн иштейт. Ошол аракеттердин үзүрү кайтат. Айрым учурда түз жолдо жакшынакай келатып эле адамдар жеңишке эки кадам калганда таштап коюшат. Кандай болсо да баштаган иштин кандайдыр бир жыйынтыгы болуусу керек.

Адамзаттын бул жарыктагы вазыйпалары кандай?
Дамир ЖУМАШЕВ, жеке ишкер: - Өмүрүн өз акылы, өз аракети, өз эмгеги менен сүрүшү зарыл. Бирөөнүн көзөмөлүнө кабылуудан качсын. Адам деген атты алып жүрүүгө татыктуу болуусу кажет. Адам деген аталыштын өзү эле кандай. Өзүнөн кийинки муунга көмөгүн көрсөтүп, аларды көтөрүүгө милдеткер.

"Сырыңды билгенге кулсуң" дегенге кошуласызбы?
Элеонора МАМБЕТШАКИРОВА, радиожурналист: - Купуя сырларыңдан кабары бар кишиге кул болбосоң да, балким, жагымсыз, балким, өзүң каалабаган биртоп оңтойсуз жагдайларга кабылып калышың мүмкүн.

Адилеттикти Жараткан да орното алган эмеспи?
Мээргүл БОБУКЕЕВА, Сот реформасына көмөктөшүү боюнча USAID долбоорунун кеңешчиси: - Биздин коомдо Адилеттикти сот бийлиги гана өз чечими менен ишке ашыра алат. Башкысы ошол ишке аша турган чечим мыйзам чегинде жана негиздүү болуш керек. Ошондо гана Адилеттик орнотулду деп айталабыз. Ал эми Кудайга ишенген киши катары айтсам: Кудай баарыбыздын аракетибизден улам таразалайт. Ошого жараша пендесин баалайт, сыйлайт, жазалайт.

Аялзат үчүн азаптын азабы, бакыттын бакыты не?
Гүлшан КАЛЫКОВА, ГУИНдин тарбия бөлүмүнүн инспектору: - Азабы… Тил да кайрылбайт экен, балдардын жамандыгыдыр. Андан көрө бакыт туурасында кеп улайынчы. Ата-энең маңдайыңда аман, уул-кызыңдын дени сак, тарбиясы мыкты, ыйманы ысык, жылдызы жарык, курсагы ток, сүргөн өмүрү узак болсо, аялзатына, дегеле адамга андан ашкан бакыт жоктур.

"Каалганы" каккан Айнагүл САПАРБЕК кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??