presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
- Айылдан келген абышка-кемпирлер Бишкектеги автоунааларда пенсия күбөлүктөрү менен бекер жүрүүгө же жарымын төлөөгө укугу жокпу? Эмне, шаардыктарга эле жеңилдик берилгенби?
Бекташ Капаров, Баткен облусу
- Эмгек жана социалдык коргоо минстрилигинен "жергиликтүү бюджет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша шаардык пенсионерлер үчүн гана жеңилдик бере алат" деп түшүндүрүштү.
Аскердик
белет алам
десең акча төлө
- Мен 1998-жылы ЖОЖдордун биринен аскердик кафедраны окуп, бирок сборго катышпай калгам. Кантип аскердик белет алсам болот?
Самат Нурсултанов, Бишкек шаары
- Коргоо минстрлигинен мурда ЖОЖдордун аскердик кафедрасын толук бүтпөй калгандар эми жаңы мыйзамга ылайык, 15 миң сом төлөсө гана аскердик милдетинен кутуларын билдирди. Бул маселе буга чейин жең ичинен чечилип келсе, азыр мыйзам чегинде ишке ашат. Акчаңызды банкка төлөп, чегин өзүңүз каттоодо турган аскер комиссариатына алып барарыңыз менен аскердик белетиңизди колуңузга карматышат.
Майыпка мамилеңер кандай?
- Мен экинчи топтогу майыпмын. Каттоом айылда. Мага Бишкек шаарынын ооруканаларынан жеңилдиктер каралабы?
Ашыраалы Асанбаев, Кара-Суу району
- I, II топтогу майып адамдар кай жерде катталганына карабастан, ооруканаларда акысыз медициналык жардам алууга укуктуу. Бирок, колуңузда ооруңузду күбөлөндүргөн документтериңиз жана врачтардын жолдомосу болушу зарыл.
Оорубасын деги эч кимдин бөбөгү
- Айрыкча жайкы сезондо кичинекей наристелердин ичи өткөнү азап. Аны ооруканага жаткырбай эле дарыласа болбойбу?
Нургүл Кадырбек кызы, Бишкек
- Негизи, дарыгерге көрсөткөнүңөр оң. Ошентсе да элдик медицинада кеңири колдонулган бир ыкманы айталы. Сапаты жакшы күрүчтөн жарым чыны алыңыз. Ага алты-жети чыны суу куюп, жай отко коюп кайнатыңыз. Кайнаган соң бир аз гана муздатып, оорулуу балага жылуу бойдон ар бир эки саатта бир чынынын үчтөн бир бөлүгүн берип туруңуз.
Банктар баарын чечебиз дешет
- Күнүмдүк турмушка зарыл буюмдарга акча керек болгон учурда кредит алса болобу? Мисалы, эмерек же муздаткыч сатып алууга?
Кулпунай Беккожоева, Бишкек шаары
- Керектөөлөр үчүн кредит алгысы келгендер бардык эле коммерциялык банктарга кайрылса болот. Ал үчүн кардар алган кредиттин максатын аныктап, кайра кутулуу жолдорун так пландаштыруусу керек. Күрөө катары өзүңүз кредит алып, сатып алган ошол буюмуңузду кое аласыз. Эгер дарылануу же ремонт иштерине алынса, анда депозит жолу менен ишке ашырса болот.
Жаман менен жашаганча жайдагың жакшы
- Мен быйыл кырк жашка келдим. Мага Кудай турмушка чыгып, эне болуу бактысын буюрбаптыр. Негедир акыркы күндөрү көп ойлончу болдум. Турмушка чыкпай калуу ден соолукка зыян эмеспи?
Күмүшай, Ош шаары
- Чынында күйөөгө чыкпаган аялдарды гинекологиялык оорулар жана депрессия, невроз сыяктуу оорулар менен коркута беришкен. Бирок, акыркы жылдары таптакыр башкача статистика пайда болду. Көрсө, жалгыз бой аялдарга караганда үй-бүлөлүү аялдар депрессияга төрт эсе көп туш болушат экен. Нерви да бат жукарат. Ал эми эркектер үчүн таптакыр тескерисинче. Үйлөнгөндөргө караганда бойдоктор депрессияга көп туш болушат. Демек, турмуш куруу аялдарга караганда эркектер үчүн пайдалуу деп тыянак чыгарса болот.
Кан айланса эс алат
- Масты тез соолуктуруучу жол барбы?
Келсинбү Т., Бишкек шаары
- Алгач мас болгон кишиге стакандагы муздак сууга беш тамчы нашатырь спиртин аралаштырып ичирип көрүңүз. Андан кийин анын башын оңтой кармап, алакандарыңыз менен эки кулагын тең бирдей тез жана катуу ушалаңыз. Кандын айланышы эргулду эсине келтириши мүмкүн.
Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы
- Бала багып алалы дегенбиз. Кандай кылабыз?
Карлыгач Сыдакова, Бишкек шаары
- Укуктук жагынан алганда бул өтө татаал процесс. Биринчиден, сиз багып алгыңыз келген баланын ата-энеси сот органдары тарабынан ата-энелик укугунан ажыратылган болуш керек. Экинчиден, үй-бүлөңүздүн материалдык, моралдык акыбалы өзүңүздөр жашаган райондун мамлекеттик администрациясына караштуу комиссия тарабынан иликтенүүгө тийиш. Ушундай текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана мыйзамдуу түрдө бала багып алууга болот.
Кыздар көп деле эмес
- Биздин республикада эркектерге караганда аялдар көп дешет. Аны так эсеп менен айта аласыздарбы?
Тамара Турдубек кызы, Бишкек шаары.
- Биздин өлкөдө 5млн. калктын 50,6%ын аялзаты түзөт. Мындан өзүңүз көрүп тургандай, сан жагынан анча деле айырмаланбайт.
Эки аял алсаң соттолосуң
- Эки-үч жыл мурун эки аял алуу тууралуу мыйзам чыга турган болуп жатпады беле. Ал маселе кандай чечилди?
Султан Алтымышев, Лейлек району
- КР Кылмыш-жаза кодексинде "Эки же андан көп аял менен бир үй-бүлөнүн ээлиги катарында жашоо…" нагыз кылмыш катары эсептелип, андай жолго барган мырзаларды эки жыл эркинен ажыратуу каралган (20-бөлүм, 153-берене). Анткен менен реалдуу турмушта бул берене кагаз жүзүндө гана калып келаткан. Азыр көрүнөө да көмүскө да эки же андан көп аял менен жашап жүргөндөр бар экендигин эске алып, мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов бул ашка жүк, башка жүк беренени алып салалы деген эле. Бирок ал демилге колдоо тапкан эмес.
Шырылдамай жок болот
- Сасык тумоого сарымсак жакшы дешет, аны кантип пайдаланат?
Уранбек Куттубаев, Аксы району
- Майда тууралган сарымсакты күнүнө эки-үч жолу 10-15 мүнөттөн жыттап, атургай анын ширесин мурдуңузга тамчылатып турсаңыз жакшы натыйжа берет. Эгер бөйрөк, бооруңузда ачкыл-кычкыл жакпаган ооруңуз жок болсо, эки-үч баш сарымсак жеп койгонуңуз андан сонун.
"Жылдыз" ичип кетти
- Дүйнөлүк футболдо "супер жылдыз" аталган аргентиналык Диего Марадона ичип кеткенби?
Назым Самаганов, Токмок шаары
- Ал "алкоголдук гепатит" оорусу менен жабыркап, спирт ичимдигин көп ичип кеткендерди дарылоочу бейтапканага эки ирет түшкөн. Акыркы мезгилде футбол жылдызы убактысынын көбүн түнкү клубдарда өткөрүп, спирт ичимдигин ченемсиз ичип, чылымды ашыкча тартып, ден соолугун бузуп алган деп жазган "РИА Новости". Аны менен бирге көп ичкендиктен Марадонанын боору катуу жабыркап, тамакка табити жоголуп, арыктап, өң келбети бузула баштаганын кошумчалаган бул маалымат булагы.
Жетилет деген ошо да
- Жакындан бери бетиме кызыл бүдүрлөр жайнап кетти, кантип кетирем?
Айжаркын Т., окуучу
- Элдик медицина өкүлдөрүнүн айтымында, безеткини кетирүү үчүн бир-эки чай кашык пивонун ачыткысын тамактын алдында же тамак менен ичүү жакшы натыйжа берет экен.
Колуң ак болсо жакшы го
- Адатта жер-жемиш тазалаганда, картошка аарчыганда колдор карарып кетет эмеспи, аны жеңил тазалоочу ыкма барбы?
Алымкан, Кочкор району
- Бир аз уксуз кошулган жылуу сууга колуңузду салып коюңуз, карарганы заматта кетет.
Даярдаган Зайыр АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??