presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  Бүлбүлдөгөн чырак

Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
Президент Курманбек Бакиев билим берүү реформасын жүргүзүү концепциясын сунуш кылды

Билим берүү бүгүн улуттук коопсуздуктун, көзкаран-дысыздыкты сактоонун бирден бир маселесине айланып отурат.
Глобалдык атаандаштыкка туруштук бере алабызбы-жокпу, башкаруу, укук, башка реформалардын үзүрүнө жетебизби - бул билим системасын реформалоого жараша болот. Бул чөйрөнү оң жолго салбай туруп, өлкөнүн жаркын келечегин куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, өлкөнү жаңылоонун алгачкы кадамын дал ушул билим берүү системасын кайра түзүүдөн баштамакчыбыз.
Өлкөдөгү реформалар кадрларга суусап турат
o Билим берүүгө адам ресурстары жана азыркы дүйнөдөгү татыктуу орун үчүн глобалдык жарыштан тыш каралууда . Ошондон улам билим аркылуу өлкөнү өзгөртүү жана өнүктүрүү боюнча маанилүү жана кеңири милдеттер жок болуп жатат.
o Документтерди иштеп чыгып, алардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизинен ведомстволук мамиле жасалууда. Башкача айтканда, билим берүү эл чарбасынын өзүнчө бир тармагы катары каралып , ошондон улам анын өнүгүшүнө жалгыз Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет. Мындай мамиле, албетте, жарабай калды. Билим берүү - бардык ведомстволордун, бүт өлкөнүн жана коомдун милдети . Өзгөртүүлөр ишине башка мамлекеттик структуралар, бизнес, улуттук элита, акыры ата-энелер катышууга тийиш.
o Ошентип, азыркы башкаруу каражаттары менен механизмдери мындай терең жана кеңири милдеттерди чечүүгө жараксыз болууда.
Дагы бир жолу кайталайын - билим берүү көйгөйлөрү өлкө келечегине, улуттук көзкарандысыздыкка, балдарыбыздын тагдырына доо кетириши мүмкүн. Эгер баарын азыркыдай калтырсак, анда коомубуздун мүчүлүштүктөрү жылдан жылга ырбап отуруп, кесепеттүү абалга кептелет. Тез өзгөрүп жаткан шартта бул жагдай мамлекет менен коомдун абалын жана келечегин кескин начарлатат.
Бул үчүн оболу Борбор Азия аймагындагы кырдаалга көз таштоо керек. Биз жакынкы жана алыскы коңшуларыбыз менен жаратылыш байлыктары, экономикалык жана маданий биринчилик үчүн атаандашып жатабыз. Кризистен кийинки өнүгүү маалында ким жаңы инновациялык үлгүнү мыкты жана озунуп өздөштүрүп кетсе, мөрөйдү ошол алары анык. Инновация деген бир гана жаңы технологияларды пайдалануу эмес, эң оболу өз мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстарына башка көзкарашты калыптандыруу да болуп саналат. Демек, билим инновациялык саясаттын негизги механизми болуп калууга тийиш.
Биз өзүбүздүн билим берүү кудуретибизге таянуу аркылуу бүт региондун жаштарына билим берүүнүн борбору боло алабыз деген милдетти коюу керек. Ал үчүн билимди тескөөнү жана каржылоону, ошондой эле даярдоо мазмунун жана түрлөрүн өзгөртүүнү сөз жок талап кылат.
Аскер же башкаруу реформаларына талаптар башка мисал болушу мүмкүн. Бизге эртең эле террорчулук менен күрөшүүнүн же мамлекеттик башкаруунун заманбап технологияларын жетик өздөштүргөн камбыл кадрлар керек болот .
Советтик мектептин тарбиялоо системасы учурунда жол бербеген жаңы коркунучтар пайда болду - кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик кыймылдар мектепти өз алкагына тартып жатат. Кеч боло электе бул коркунучтун жолуна бөгөт коюу зарыл.
Советтик билим берүү системасына кунт коюп карап, анын биздин милдеттерге жана дөөлөттөргө туура келген тажрыйбаларын колдонуу керек. Мамлекеттин коопсуздук деңгээли жана атаандаштыкка жарактуулугу, ошондой эле жарандардын жашоо сапаты билим берүү реформаларынын ийгилигин баалоонун ченеми болууга тийиш.
Реформалар алдында оболу биз эмнелерди такыр жасабаш керектигин чечип алуубуз кажет. Албетте, бир жылда күчкө салуу менен да реформа жасай албайбыз, бирок көп нерсени бүлүндүрүп алышыбыз ыктымал.
Эмнелерди жасоого болбойт
o Иштин анык абалын толук билбей жана баарына түшүнүктүү багыт бербей туруп, олуттуу өзгөртүүлөр жүргүзүлбөйт.
o Дароо бүт өлкөгө жана билим берүүнүн бардык мекемелерине жогортон буйрук берүү менен реформа жасалбайт.
o Реформаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кызыкдар ар башка топтор четте калтырылбайт.
o Билим берүүнүн бардык түрлөрү жана багыттары үчүн бирдей "туура" саналган үлгүгө таянууга болбойт.
o Жалпы максатка байланбаган майда өзгөртүүлөр жасалбайт.
Тилекке каршы, биз көбүнчө дал ушул жол менен кетип жатабыз. Көптөгөн саамалыктарыбыздын акыбетсиз калышынын негизги себеби ушунда.
Эң биринчи эмнелерди жасоо керек
o Жоопкерчилик зоналарын так бөлүштүрүү керек - мамлекет кайсыга жооп берет, бизнеске же жарандык секторго эмнени тапшыруу керек, ата-энелер эмнени көтөрө алат. Азыр дүйнөдөгү бир да өнүккөн мамлекеттин бүт билим берүү чөйрөсүн каржылап жана башкарууга чамасы жетпейт.
o Билим берүү чөйрөсүндө чечим кабыл алуу айкын болушу кажет - биз иштин бардык жагындагы абалын көрүүгө тийишпиз.
o Убакыт жана чыгымдар жагынан кандай өзгөрүүлөр болорун элестетүү керек. Өзгөчө чыгым кетирбестен, акыл-ой жана тескөө жолу менен бүгүн жасай ала турган иштерди билүү зарыл.
o Кандай саясый контекстте жана кандай чечимдер аркылуу билим берүү реформасы ишке ашарын аңдоо абзел. Бийлик алмашканда жана туруксуздук орун алганда мындай ири реформаларга баруунун кажети жок. Анткени, жаңысы түзүлбөйт, эскиси кыйрайт.
Билим берүүнүн багыттары боюнча кайсы милдеттерге өзгөчө маани берилиши керек?
Биринчи кезекте мектепке чейинки тарбиялоо жана билим берүү системасын кайра жандантып жана заманга ылайыктоо керек. Көп балалуу бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Мектеп болсо коомду инновациялык өнүктүрүү милдеттерин чечүүгө тийиш. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- билим берүү системасында балдардын илимге, чыгармачылыкка, спортко, коммуникацияга ж.б. жөндөм-шыгын ачуу аркылуу технологиялык атаандаштык заманда ийгиликке жетишине шарт түзүү кажет. Ал үчүн жаңы билим берүү стандарттарын түзүү керек.
- мугалимге өзгөчө көңүл бөлүү керек. Мектептердин кадрдык уюткусун сактап жана толуктоо зарыл. Билим берүүнүн жаңы технологияларынын пайда болушуна байланыштуу педагог кадрларды даярдоо жолдорун жана багыттарын заманга ылайыктоо кажет.
- мектепте балдарыбыздын чың ден соолугунун негизи салынат. Бирок бүгүн мектеп ден соолукту чыңдоо озуйпасын орундай албай жатат. Бул спорт менен машыгууларга, окутуу жолдору менен менен көлөмдөрүнө тиешелүү. Мүмкүн ар бир баланын ден соолугуна жараша шарт түзүү жана жекече мамиле жасоо керектир.
- мектептердин имараттарына, алардын жарак-жабдыктарына, окутуу жана спорттук сабактарды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буралы. Колдогу имараттарды оңдоп жана заманга ылайыктап салуу зарыл. Мектеп деген окуу үчүн эле эмес, өзүн өзү өнүктүрүүнүн үлгүлүү социалдык-маданий комплекси болууга тийиш.
- таалим-тарбия кайрадан билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгүнө айлануусу керек. Өлкө турмушуна жандуу катышкан, анын тарыхын жана маданиятын урматтаган, келечеги үчүн иштөөгө даяр Кыргызстан жаранын калыптандыруу - билим берүү саясатынын түпкү максаты мына ушул. Мектептен тышкары билим берүү системасына талап да ушундай. Бала мектепте жана үйүнүн тегерегинде көңүлүнө жаккан иштер менен алектенүүсү кажет. Өсүп келаткан муундун бош убактысын мазумундуу өткөрүүсүн уюштуруу - маанилүү социалдык милдет. Аны чечпесек, анда баланы коомдун колунан чыгарып же кылмыш дүйнөсүнө кетирип алабыз .
Жогорку мектептин изилдөө милдеттерин кайтаруу жана күчөтүү керек. Изилдөөлөр, долбоорлор жана программалаштыруу ЖОЖдордун ишинин жана окутуунун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Ансыз биз жаштардын илимге баш салышына эч качан жетише албайбыз.
o ЖОЖдордо даярдоонун мазмунун жана технологиясын кайра кароо кажет. Дүйнөнүн алдыңкы ЖОЖдорунда даярдоонун ар башка түрлөрү колдонулат. Окутуунун оюн жана имитациялык жолдору жандуу киргизилүүдө. Ар бир студенттин жекече шык-жөндөмүнө карап билим алуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынганы эп.
o Ар кайсы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө рынокто кандай муктаждыктар бар экени иликтенип жана ошого жараша даярдоо сапаты жана студенттердин саны аныкталат .
o Дүйнөдө кыргыз ЖОЖдорунун дипломдору таанылуусуна жетишүү зарыл . Бул үчүн биздин документтерди жана көрсөткүчтөрдү эларалык стандарттарга жана талаптарга төп келтирүү кажет.
Биз мындан ары ар бир адам өмүр бою керек билимге ээ болуп жана жаңы адистиктерди алгыдай кылып, устаттыгын арттыруу жана кайра даярдоо системасын түзүүгө тийишпиз. Жакынкы келечекте эле кайра окууга, жаңы адистиктерди алууга жана керек болсо кесибин алмаштырууга туура келет жана ар кимге ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тийишпиз.
Орто же жогорку билим жөнүндө диплом карьерасында алгачкы гана зарыл кадам болууга тийиш. Бирок кеп дипломдо же күбөлүктө эмес. Кеп ошол диплом күбөлөгөн билим менен жөндөмдө.
Диплом бара-бара билим берүү системасынын негизги продукту жана ага жетүү жолундагы коррупциялык элемент болуудан калышы кажет. Ошондо гана билимдин нукура сапатына ээ болобуз.
Билим берүү реформасынын алгачкы этабын уюштуруу үчүн Улуттук кеңеш түзсөк болот. Орусияда дал ушул жолду колдонушту эле, ал өз үзүрүн бере баштаптыр. Мен да ушундай Улуттук кеңеш түзүүнү сунуштайм.
Бул идеяны ишке ашыруу үчүн ар кайсы министрликтердин, мекемелердин, жарандык коом жана бизнес өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү зарыл. Бул озуйпаны Президенттин Катчылыгы Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта мойнуна алат. Жумушчу топ үч ай ичинде долбоорду иштеп чыгып, мамлекет башчысынын бекитүүсүнө сунушташы керек.
Ток этер жери: билим берүүнү өнүктүрүүнүн жолдорун жана милдеттерин аныктоо Улуттук долбоордо камтылган. Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун толук катышуучусу болот, бирок аталган долбоор иштеп чыккан милдеттерге жараша азыркы системанын иштешин камсыз кылуу жана жаңылоо менен алектениши керек .
(кыскартуулар менен
берилди)




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
12-июнь, 2009-ж.:
1-бет
"Денис мени кайра сүйүп атат"
2-бет
Жети аймак
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Дурусу көп, бурушу аз
5-бет
Балбылдап жанган Чыңгыз жылдызы
6-бет
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы:
"Иш билбеген кызматкерди тилдегенден пайда жок"

7-бет
Өткөндөн сабак алдыкпы?
8-бет
Мүшөгү 450 сомдук цемент,
Консотко кайрылган Бешимов

9-бет
Акүй менен Темике, же кыз кылыктуу талапкер
10-бет
Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне?
13-бет
Айылдыктар жөө жүрүш керекпи?
14-бет
Өз заманынан эрте туулган же эгемен ойлуу эрен
15-бет
Жеңилбес көйгөй барбы?
16-бет
Ыр чамбар
17-бет
Көөнөрбөс булак
18-бет
"Улуу музыка менен баарлашуу бакытын тилейм"
19-бет
Башың баш, багалчагың…
Композиторлор коомго керекпи?
20-бет
Митаамзаман
23-бет
ДҮЙНӨКҮ
24-бет
Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
25-бет
Шоу винегрет
26-бет
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз
27-бет
Сөзирмемдер<
28-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Жанета БОБКОВА:
"Циркке жумушка орношом"





??.??