Кыргыз гезиттер архиви

Ак терек - көк терек
Жылдыз толгон жайдын түнүндө - генералдар банкети
Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн - аткаминердин тезеги
Ат жалындагы маек - телефонго "минген" катын
Кыздын кырк чачы - парик саткан дүкөн
Кырк жигит - таза арак
Телебай тентек - сыналгынын эфирейторлору
Тар жол, тайгак кечүү - тротуарга ушатуу
Маңдайга бүткөн жалгызым - чекедеги безетки
Чөнтөк дептер - чөнтөкчүнүн сырлары
Бел бекчейип, көз чекчейип - ичөткөктүн позасы
Багы барга дагы бар - алмабакка ууруга кирүү
Төөнүн куйругу - көчүгү жер жыттабагандар
Эски койдун көзү - алимент доолаган аялы


Сөзирмемдер
Укук коргоочуну канча тойгузба, баары бир обедди омбудсмендин үстөлүндө ичкиси келет
"Балалык оорусу" менен сыркоологон саясатчы булганган көтөнүн бирөөнүн колу менен аачыгысы келет
Өз башынан алыс секирген Барвихага барып түшөт
Акылы түштөн кийин кирген өкмөт кечке чейин акеңди таанытат
Ишенген ажоң сууга акса, сивет өчөт...
Ашинаңын газын жесең, козуң камда
Кытайдын кыйтыр күлкүсү ар бир алтынчы кишинин кыйгач караган көзүнөн көрүнөт
Күн тийген жердин балдары жарыкты жагып жейт
Саясатта сакалың экинчи орунда калат
Калың бетеге кетет, калың бет кала берет
Моюн сунсаң, мойнуңду галыстугу менен кошо жулуп кетишет
Бирөөнүн мойну канча көтөрөрүн өз башыңа түшкөндө билесиң
Архивиңди эски деп отко салбаң...




Обу жок эмес, жообу жок...
Такилип бар?..
Жетинчи кабаттагылар, журттун башына салганды көралган жоксуңарбы?
* * *
Аткаминердин курсагына ээртокумдуу элүү ат батары чынбы?
* * *
Монтировка бышыкпы же ментировка бышыкпы?
* * *
Азыр бизге кимиси пайгамбар: Исабы же милисабы?
* * *
Сойкунун бир кашалөгү менттикиби?
* * *
Ашар демократиясынын баасын базар демократиясы бычтыбы?
* * *
Ссудада достук жокпу?




Элдик байкоолор
Эртең менен сол бутуңан турсаң - эртең жакшы болот...
* * *
Эртең менен оң бутуңдан турсаң - бүгүн жакшы болот...
* * *
Эртең менен эки бутуңа тең туралбай кыйналсаң - кечээ өлө жакшы болгон...
* * *
Аялыңа гана ишен - чөнтөгүңдү тазалагандан кийин текшербейле кой!
* * *
Арактай куудул дүйнөдө жок, бооруңду гана эзет дешет...




Сактансаң, сарымай аман...
Кыргыз айылынын түнү бейпил... Ошентсе да сарымайды муздаткычтан которуп сандыкка каткан оң.
Үч класс билимим бар!
Атасы баласына:
- Уулум, атаң экөөбүз дача сатып алганга акча чогултмай болдук. Атаң арагын таштайм дейт, мен болсо тамекини таштайын деп атам, а сенчи?
- Эмне болсо ошо болсун, элден калмак белем, мен да мектепти таштадым анда!
Минибиография
Эң кыска өмүр-таржымал боюнча конкурс өтөт. Конкурста элүүдөгү бир ургаачы жеңип чыгат: "Жаш кезимде бетимде бир бырыш жок, бирок юбкам дайым бырыш эле. Азыр юбкамда бир бырыш жок, бирок бетимди бырыш басты".
Эзил кайран...
- Үйлөнүү тою деген эмне?
- Үйлөнүү тою турмуш бир аялга көбөйүп, бир эркекке азайды дегенди билдирет...
Паталокко теп!..
Соодагер кечинде үйүнө келсе, баласы математика чыгарып отурган экен:
- Ата, эки жерде эки канча болот? - деп сурайт.
Атасы ойлонбой туруп:
- Жети болот, - дейт.
- Жети эмес, төрт болот, ушуну билбейсизби?
- Энеңбашы, адегенде соодалашыш керек да, келесоо десе!
Былжыраба!..
Генерал банкеттен өлөрчө ичет. Шоферу үйүнө жеткирип келип, чечиндирип жаткырат.
Эртеси ойгонсо, мундири бүт кусунду дейт.
Анда генерал шопуруна:
- Мундирди тазалап койчу, кечээ банкеттен бир былжыр жаба кусуп иттей кылбадыбы!
Шопуру жер тепкилеп:
- Жолдош генерал, ошо былжыр сиздин ыштаныңызга да жаба чычканга үлгүрүптүр, кысталак!
Бир сом берчи...
- Президент болом деп ачык айтса болобу?
- Акчаң жок болсо, ачык эле айта берсең болот.




Тост-торгой
Катыны менен күйөөсү жапайы кишилерге коолго түшүп калат. Эрди-катынды даракка байлап коюшуп, тигилер тегеренип бийлей башташат. Бир жамандыкты сезген күйөөсү:
- Өлдүк! Буларың соо эмес, - дейт көзү жашылданып, - бизди жегенге даярданып жатышат!
- Койчу, жаным, - дейт аялы, - адатыңча тамактан башканы ойлобойсуң!
Эмесе, бизди да тамактан башканы ойлобойт деп калбасын үчүн алып жиберели!

* * *
Тойдогу акыркы тост:
"Сабиздин салаты башка жумшак болсун, алдык анда!!!"

* * *
Бир бака темир жолдун берки жагында жашачу экен. Күндөрдүн бир күнүндө темир жолдун аркы жагында эмне бар экенин көрүп келмек болот. Темир жолго эми жеткенде, поезд келип эки бутун кырча басып кетет. Бака андан ары баратып ойлонот: "Келишкен сулуу буттар эле, жолго таштап кетсем болбос" деп артына кайрылат. Темир жолго жуп жеткенде, экинчи поезд келип башын кырча басып кетет...
Ачуусабак: Бака баштуу эркектер, сулуу буттардын айынан башыбызды жоготпойлу, ошол үчүн ичели!