Кыргыз гезиттер архиви

Учуп кетти бейкүнөө наристе
Дарыгер эмес, кайдыгер ак халат
Эне үчүн боор этинен, тамчы канынан жаралган баладан кымбат эмне бар? Удаа төрөлгөн эки кыздан кийин тогуз жыл уул күтүп жүрүп, акыры Дастан аттуу уулдуу болгондо үй-бүлөдө кандай майрам болгонун айтып отурду маектешим Гуля. Дастанды бөпөлөп багып атканда шум ажал аны алып тынды. Төрт айлык Дастандын күндөн-күнгө өнөрү чыгып, үйдү майрамга бөлөп турар эле. Азыр Дастан жок, үй-бүлө томсоруп калды… Мүмкүн бул окуя башкалар үчүн сабак болор.

- Балам жакшынакай жарык дүйнөгө келип, төрт айга чейин бир да жолу ооруган эмес. Ошол каргашалуу 18-май күнү Дастанга төрт ай толуп, бейтапканага барып, салмагын текшерип, кайра эле машине менен келгенбиз. Эмнегедир ошол түнү мурду бүтүп ыйлап чыкты. Эртең менен тамагы кырылдап калыптыр. Бейтапканага телефон чалсам, алып келгиле деди. Күн суук болгондуктан алпаргандан чочулап, телефондон кайсы дарыларды бериш керектигин сурап алдым. Анүстүнө температурасы деле көтөрүлгөн эмес. Грипп болуп калдыбы деп антигриппин да бердим. Түшкө жакын уктап, ойгонгондон кийин эмчек эмбей ыйлай баштады. Кошуна врачты чакырсам адегенде ампициллин саям деп аткан, кайра чочулады окшойт, ооруканага алып баргылачы деди. Анткени, уулумдун дем алуусу кыйындай баштаган. Дароо эле инфекциялык ооруканага алып бардык. Оорукананын кабылдамасында кезек абдан көп экен. Коридордо кезекте турсак өтүп бараткан врач Дастанды көрүп эле, реанимацияга алып барыш керек деп калды. Ары жактан врачтарды чакырышып, баламдын температурасын ченешсе, өз нормасында экен. Дастандын көңүлү көтөрүңкү болчу, мени карап борсулдап үн чыгарып күлүп атты. Аңгыча ак халатчан жигит келип уулумду колуман жулуп кетти. Каяка алып барасыңар десем, реанимацияга алып кеттик дешти. Ошол боюнча баламды көргөзбөй коюшту… Дастандын ийинине асма ийне салабыз, дарыларды бат-баттан куюш керек, бир сааттан кийин абалын айтабыз дешти. Балам чыркырап, бир саат он мүнөт үнү басылбай ыйлап атты. Бери жакта анын үнүн угуп, жанымды коерго жер таппай, ордумда туралбай калдым. Аңгыча ак халатчан бирөө чыгып, азыр киргенге болбойт, эртең менен келгиле деп кетирип жиберди. Үйгө келгенден кийин эмчегим сыздап, таң атканча кирпик какпай жүрөгүм ооруп чыкты. Эртең менен таң атпай кийим-кечегимди даярдап балам менен жатам го деп ооруканага барсам, Дастан "стенос" деген ооруга чалдыкканын, абалы оор экенин айтышты. Баланын абалы жакшырмайынча жанына жатканга болбойт деп, кийимдерин чечип берип коюшту. Врачтардын оозунан чыккан дарылардын баарын сатып бердик, бирок балам оңолбоду.
Реанимациянын оозунда санаага батып турсам, бир аял да ыйлап турган экен. Ал мага "температурасы жок, жакшынакай күлүп келген балаңды реанимацияга эмнеге бересиң, эми сага уулуңду көргөзүшпөйт. Алар дарыны үстөккө-босток сайып, акыры алсыратып өлтүрүп, анан колуңа берет" деп калды. Тууган, тааныштарым да ошол аял айткан сөздү кайталап, менин жүрөгүмдү үшүтүп салышты. Эртеси да Дастандын абалы оор дешти. Жок дегенде эмизип, боорума кысып алайын, эненин деми менен жакшы болуп кетээр деп жалдырадым. Эч ким укпады. Кечинде акча берип, араң дегенде реанимациядан Дастанды көрүп чыктым. Аны жыпжылаңач чечиндирип, колу-бутун таңып коюшуптур. Колдорун тешкилеп, капельница койгонго көгөрүп калыптыр. Реанимациянын ичи салкын экен. Көзүн ачып мени карап, колу-бутун тыбыратканга араң жарады. Үч мүнөттөй эле жанында болдум, андан кийин чыгарып жиберишти. Башкы врачка кирип, "эшикте жаан жаап атат, реанимациянын ичи муздак экен, балдар жылаңач жатышат" десем, "плиткалар сайылып турат" дейт. Бирок угушума караганда, электр энергиясын үнөмдөп реанимациянын ичине плитка сайышпайт экен. Түнү менен уктабай эмчегимди саап, бузулуп кетпесин деп муздаткычка салып алып келгем. Акыркы күнү Галина деген күзөттөгү врачка сүттү жылытып берип атасыңарбы десем, бизде жылытканга мүмкүнчүлүк жок деп койду. Көрсө, ооруп аткан балама муздак сүттү беришиптир. Эгерде плитка жок десе, үйдөн деле көтөрүп келип берет элем го…
24-майда үйгө келип таң атканча жамандыкты сезгендей уктабай басып жүрдүм, же бир таң атсачы!.. Таңкы саат беште үйдөн ооруканага чейин жөө бардым. Ооруканадан Дастандын жүрөгү токтоп калды деген суук кабарды угузушту. Баламдын өлүгүн колубузга берерде бул ооруканага карыз-доом жок деп тил кат жазып бергиле дешти. Мен кантип жазып берем? Күлүп келген баламды төрт күндө өлтүрүп колума тапшырса… "Тил кат жазбайм, биринчи күнү башкы врач же бөлүм башчы келсе сүйлөшүп, эмне себептен өлгөнүн аныктайм" дедим. Анда баланын өлүгүн бербей өлүкканага тапшырабыз, биринчи күнгө чейин аны союп салышат деп коркутушту. Ансыз да төрт күн кыйналып жаткан баламды сойдуртмак белек деп айласыздан эч кандай доом жок деп тил кат жазып берип, өлүгүн алып кеттик. Мындай оору менен кайрылып жакшы болуп сакайып чыккандар бар экен. Биз кечигип, же өтүштүрүп жиберсек, же оор абалында барсак бир жөн, өз убагында эле барганбыз… Мен ошого күйүп атам.
Балам көз жумгандан бери күнүгө түшүмөн кетпейт. Дайыма ачка болуп эмчек издеп, үшүп аткандай. Эмчегимдин сүтү ийип, шишип, байыбай атып эми гана тарай баштады. Мен жанында болсом, ыйлаганда, корккондо кучактап, мүмкүн ажалдан алып калар белем. Балам өлүп баратканда жанында болуп, ажалдан арачалай албадым. Эмнеге ооруканага алып бардым экен деп өзүмдү-өзүм күнөөлөп, өкүнүп келем. Бирок, айла жок… Кечир мени, уулум!
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
Гүлзина өткөндү жеңесине баяндап отуруп, ошонун баары өз башынан өткөнүнө ишене албай кетет. Тагдырдын буйругун пенденин көтөрбөгөнгө чарасы жок экенин алдакачан түшүнсө да, баарына бир гана өзүн күнөөлөйт. Үй-бүлөсүнөн ажырап, аны түбөлүк жоготкон менен башка нерсе тапты. Тапканын ичинен туйса да, ага маани бербеди. Мехметке болгон сүйүүсүн убактылуу азгырык деп ойлоду. Бүт баарын унутуп, аны менен кол кармашып кетүүгө дарманы жетпеди. Боор этинен жаралган үч баланын жалдыраган элеси кайда барбасын көз алдынан кетпей, аларга эртелеп жетүүнү самады. Бирок турмуш адам каалоосундай болбойт экен. Муну ал эчен жолу баштан өткөрүп, жонтериси менен кезип келет.
Түрмө начальнигинин орунбасары камалгандан кийин айрым кызматкерлер буга кыжырданып, жолугушууну чектеп, үйдөн келген тамактарды катуу текшерүүгө алышты. Мен тергөөчүмдөн кабар болбогонуна абдан кыжаалат болдум. Улара келер мезгил да болуп калган.
Ошол окуядан кийин мени башка камерага которобуз деп калышты. Ал жактын өтө жаман экенин анда болгондор айтып келишкен. Түрмөнүн имараты эски болгондуктан, өтө эле сыз деп көп наалышчу. Түш ченде мени ошол тарапка алып жөнөштү. Темир эшиктердин көптүгүнөн баш айланат. Кире бериштеги коридорго жеткенде көргөн көзүмө ишенбедим. Бурчта түрмөгө түшкөндөрдү 3-4 саатка камап койчу темир менен тордолгон клетка бар. Ошонун ичинде Улара отурат. Ошолбу же ал эмеспи деп дагы карадым. Ошол экен. Мени көрө коюп, башын жерге салды. Эгер ээн болгондо, эки чайнап, бир жутмакмын. Антсе да жети өмүрүн жерге киргизчү сөздөр менен шатырата каргап жибердим.
Улараны кармашкандын эртеси мени бошотушту. Тергөөчү Уларага уурдаган буюмдарды толук кайтарып берсең, сени да камабайм, штраф менен бошойсуң деди. Ал менин да акчамды уурдаганын ошондо эстеп, кайтарып берсе деп үмүттөнүп калдым.
- Макул, - деди ал, - кайтарып берем, бирок он миңдей акчаны коротуп койдум. Сен мени кечир, Гүлзина.
- Уурдаган буюмдар кана? - деди тергөөчү.
- Үйдө.
Канчалык кыжырым келсе да, боштондукка чыккандан кийин Уларага болгон кегим майтарылып, ачуум таркай түштү. Тергөөчү менин паспортум менен кошо акчаны толугу менен санап берди. Көчөгө чыгып Мехметке телефон чалдым. Эмнеси болсо да аны менен коштошуп кетүүнү туура көрдүм. Ал тез эле мен турган жерге машинеси менен жетип келди. Алгач биртопко чейин кучагына кысып, анан баштан-аяк турпатыма көз жүгүрттү да, машинеге отур деп кайдадыр алып жөнөдү. Биртоп жүргөндөн кийин үч кабаттуу дүкөнгө келип токтодук. Мехмет мага арнап баштан-аяк кийим сатып берди. Андан кийин экөөбүз түз эле токойдогу саунага келдик.
Аялдын көркүн чүпөрөк ачат эмеспи. Саунага түшүп, чачымды жасатып, жаңы кийимдерди кийгенден кийин өзүмдү өзүм тааныбай калдым. Мектепте окуп жүргөндө, студент кезимде элдер "сулуусуң" деп айтышса маани берчү эмесмин. Ал эми азыр күзгүгө каранып, өзүмдүн сулуулугума өзүм таңгалдым. Жарык жүйнөгө ошол күнү туулгандай бир башкача боло түшкөнүмдү сезип жаттым. Баятан бери артымдан карап турган Мехмет ийниме колун коюп мага жанашканда ого бетер сулуу, ого бетер татына болуп, анын мойнуна колумду артып, эрдимди тосо бердим. Ал мезгил өмүрүмдөгү эң бир бактылуу кез болду. Мехметке болгон сүйүүм көкүрөгүмө сыйбай, башканын баарын унуттум. Ооба, унуттум, Мехметти таштап үйгө келгим келбеди. Андан жарым карыш алыстагым келбей кучагына кынала бердим. Эгер Бектурган менен эле жашай берсем, жүрөгүмдөгү ошол сезимдер жарыкка чыкпай, өзүм менен кошо кетмек. Мехмет жумушка кеткенде кадимкидей сагынып, анын келишин чыдамсыздык менен күтөр элем. Бир жолу анын үй кызматын кылган аял менен сүйлөшүп отуруп, башымдан өткөндүн баарын айтып бердим. Ал биртопко чейин ойлонуп отуруп, анан мындай деди.
- Биз аялдар энелик мээрим менен баланы бапестеп чоңойтобуз. Менин да бир кыз, эки уулум бар. Абышкам былтыр каза болду. Ишенсең, балдарым телефондон көңүл айтып, атасын көмгөнгө келишкен да жок. Кызым бир күнгө араң келди. Анын да кеткенге жолкиресин өзүм төлөдүм. Кичүү уулум бай жашайт. Бирок он жылдан бери көрөлекмин. Атасы өлгөндө биртике акча жөнөткөн. Бала чоңойгондон кийин ата-эненин кереги жок экен. Кызым "кокус өлүп калсаң квартираңды өкмөт алып коет, андыктан мага мураска калтырчу документ даярда" деп жүрөгүмдү сыздатат. Ойлонуп отуруп, мындай балдарды бербей эле койбойбу деп Кудайга нааразы болом. Түн уйкумдан безип эмизгеним, кийинтип-ичинтип окутканым, эркелетип жыттап, оозумдагыны үзүп бергенимди эсептешпейби деп кыжалат боло берем. Кээ бир балдар ата-энесине өтө мээримдүү болушат. Аларды көргөндө суктанып, ичим өрттөнөт. Ушул жашка келгени бир гана нерсеге көзүм жетти, өмүрүмдүн тең жарымын балдардын азабы менен өткөрүп, алардын урмат-сыйын көрбөгөн соң, аз өмүрдө каалагандай жашап, өз жаныңды ойлогонуң жакшы экен.
Ошондо кемпирдин сөзү мага дем берди. Анүстүнө "азырынча байкап көрө бер, мамилеңер кандай болору убакыт өткөндөн кийин билинет" дегенине муюп калдым.