Кыргыз гезиттер архиви

  Бешилик

Дүйшөмбү. Бишкекте балдарды коргоонун Эларалык күнү белгиленди. Ага карата Ала-Тоо аянтына курулган түстүү фонтандын ачылыш аземи өттү. Салтанатка өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышып, президентке Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жазган тизмесин окуп берди. Ушул эле күнү жолдо жүрүүнүн жаңы эрежеси күчүнө кирди.
Шейшемби. Президенттике талапкерлердин үчөөсү оюндан чыкты. Алардын экөөсү мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган Кутманбек Эшенбаев менен Азамат Уламаев. Ал эми Жаныбек Сүйүнбаев президенттик шайлоого ат салышуу тууралуу БШКга берген арызын кайра кайтарып алган. Талапкерлерди колдоо боюнча кол топтоо шейшемби күнү, токтотулду.
Шаршемби . Каримов аканын ачуусу бир аз тарап, кыргыз-өзбек чек ара кызматтары чек ара тосмолорун көзөмөлдөөнү мурдагы калыбындагыдай калтырууну макулдашты. Сүйлөшүү чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда 2-июнда болгон. Бирок, макулдашуулар азырынча күчүнө кире элек.
Бейшемби. Жалпы журттун астында кыргыз тилден экзамен бериш уят, муну жоюш керек деп чырдап жаткан президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев эне тил сынагынан өттү. Ал буга чейин жөн эле элдин көңүлүн бурайын десе керек, көгүлтүр экрандан элге кыргызча балекеттей жазып, туура сүйлөөрүн далилдеди. Болгону, Жекебиз көркөм окуудан гана аксайт экен.
Жума. Бүгүн, 5-июнда Аламүдүн райондук соту Медет Садыркуловго байланыштуу иш боюнча чечим чыгарат. Алдын ала маалыматка караганда, мамлекеттик айыптоочу күнөөлөнүп жаткан Өмүрбек Осмоновду 13 жылга эркининен ажыратууну сурап жатат. Эскерте кетсек, 13-мартта Кой-Таш айылына жакын жерде "Лексус" үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, анда президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, президенттик эларалык стратегиялык институттун мурдагы директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов болгону аныкталган. "Лексус" автоунаасын сүзүп алган "Ауди" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов бул окуя боюнча айыпталууда.
Даярдаган Зайырбек
АЖЫМАТОВ




  Жарамазан

Будур, будур тоолордон,
Бука минип биз келдик…

"Жарамазан" рубрикасын сүйлөмдүн карикатурасы же кара сөздүн пародиясы десек туура болчудай. Бул рубрика "Асаба" гезитинен калган мурастардын бири. Мында каармандын айткан сөзү көбүртүп жабыртылып, автордун фантазиясына жараша сүйлөп жаткан кишинин айтпаганы айтылып, жумшак юмор менен шөкөттөлөт. Ошол эле учурда кыйыр сын да болушу мүмкүн. Андыктан тарс эткендин баары тамаша, соттошмой жок.

Игорь ЧУДИНОВ, премьер-министр:
- …Так что, президенттик шайлоого жергиликтүү админстрациянын даярдыгы начар. Шайлоочулардын тизмесинде өткөн шайлоодон бул шайлоого чейин көзү өтүп кеткендердин аты-жөнү да жүрөт. Как вам не стыдно! Маркумдар баары бир шайлоого келбейт. Эмне эле жанталашып өлгөн кишилерди шайлоого чакырып жатасыңар дейм да? Аларың келбей коюп бизди дагы мурдагыдай подводит этишет, тоюс.. аларсыз деле жеңебиз. Эмне, болбой жүргөн шайлоо беле? Таза жеңишти камсыз кылышыбыз керек. Өлкөдө демократия болсун. Мындай иштегениңер болбойт. Оппозиция шайлоого админстрациялык ресурс колдонулат деп кыйкырып келишет. А силер колдомок түгүл шайлоону нормальный уюштурганга жарабай жатасыңар. Во-от! Катуу кетсем кечирим сурайм.

Султан УРМАНАЕВ, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты:
- Мен Түп жана Балыкчыда эмне болгонун билбейм. Жүйөөлүү себептер менен БЭКтин 31-майда Түп районунда өтө турган курултайына катыша албадым. Ал жерде эмне иш чара өткөнүн өз көзүм менен көргөнүм жок. Бирок катыштыгы бар сыяктуу эле өз оюмду айтып коеюн. Чынында туура эмес болду. Эл БЭКчилерди бекер эле кубалап жибериптир… Эх, атаңгөрү, Акаевдин заманы жакшы болчу. О -уу, мен анда кычырап Жалал-Абаддын губернатору болуп, Аксынын элин… эми аны өзүңөр билесиңер да. Ал эми Түптө... мен бийликтин мындай иштерине уялдым…

Азамат УЛАМАЕВ, Президенттикке талапкер:
- "На базаре два дурака: один продает, другой покупает" дегендей мен өзүм базарда иштейм. Короче, уулдун урматын, кыздын кызматын көрүш үчүн президенттикке кандидатурамды койдум. Эгер Кудай буюруп президент болуп калсам эне тилден экзамен берүү үчүн тердеп кургап келаткан мени килем төшөп тосуп албаган Акүйдүн охранасын жок кылам. Өзүм таропит этип келатсам, менден, болгондо да президенттик кызматка талапкерден документ сурап кууратышты. А так башка програмам деле жок. А баса, "На базаре два дурака: один продает, другой покупает" дегендей бу президенттикке талапкер болуу иттен оңой турбайбы. БШКга заява таштасаң эле болду, кандидат болдуң да калдың. Бу БШК дегениң кудай момун экен, эй. Аны мунуңду текшерип мозгиңди какпайт турбайбы. Анан иттин уулу байгара деле президент болгусу келет да. "На базаре два...
Мелис САМАГАНОВ




Ат жалында алтооз сөз
"Кыргыз-өзбек чегарасындагы акыркы окуяларга үч тараптын: Америка, Англия жана Өзбекстан бийлигинин тиешеси бар" деген пикир арбын. Мындай шартта кыргыз бийлиги кандай аракет көрүш керек?
Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ, коомдук ишмер:
- Чегара - татаал маселе. Анын ичинен Фергана өрөөнүндөгү чегара көйгөйү өзгөчө орунду ээлейт. Ал жерде калк жыш жайгашып, суу тартыш, экономикалык жактан башка аймактардан артта калган. Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн ириде чегараны күчөтүү жаатында зор иштерди аткарыш керек. Өзбекстанга чектеш жайгашкан аймакта болгон окуяларга АКШ кандай таасир эткени туурасында так маалыматым жок. Бирок, өнүккөн өлкөлөр Фергана өрөөнүнө дайыма көз салып турат.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
- Бул окуялардын алдын алыш үчүн мурдатан чара колдонуу зарыл эле. Эми кеч болуп калды. Пакистан менен Ооганстандын бийлик башына талибандар келчү болсо, Орто Азияга үстөмдүк жүргүзүүгө аракет жасайт. Андай көрүнүш Кытай, Россия сыяктуу ири державаларга кереги жок. Ал эми Өзбекстан АКШга көбүрөөк ыктап бараткандыгына байланыштуу ОДКБ курамынан чыгууга белсенип атат. Кыргызстан мамлекет катары өзүнүн ички маселесин, айталык, энергетика, чегара өңдүү көйгөйлөрүн чечип алышы керек. Айрым маселелерди чечүүдө ири мамлекеттер менен кеңешүүгө туура келет. Алар менен тең тайлаша сүйлөшө алган, дипломатияны түшүнгөн мыкты саясатчылардын жоктугу кендирди кесүүдө.
Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, "Курманжан датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы:
- Жай турмуштан чыккан кээ бир келишпес маселелерде ири державалардын тиешеси бар дегенге ишенбейм. Керек болсо кошуна жашаган эки кыргыздын ортосунда деле ушундай талаш маселелер жаралып атпайбы. Бирок, чегара аймагында жайгашкан айыл тургундарынын өкмөттүк деңгээлде чечиле турган көйгөйлөрү арбын. Андыктан, Кыргызстан менен чектеш аймактар боюнча делимитация, демаркация иштерин жүргүзүү зарыл. Антпесе, бул чыр чоң маселеге айланышы ыктымал.
Марат КАЗАКБАЕВ, саясат таануучу:
- Кыргызстан Өзбекстанга чектеш аймактар боюнча делимитация, демаркация иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрүп келет. Бирок, расмий Ташкент буга маани бербегенсийт. Анын айынан кыргыз-өзбек чегарасында биртоп окуялар орун алды. Негизи Өзбекстанда абал курч. Ислам Каримов диктатуралык режимди орнотуп, өзүнө каршы чыккан адамдарды куугунтукка алып, көздөрүн тазалоого аракет жасап атат. Мына ошол оппозициялык күчтөр чегара маселесин курал катары колдонушу ыктымал. Андыктан, бу жерде кыргыз бийлигин күнөөлөгөнгө болбойт, ага Россия менен Американын да тиешеси жок деп ойлойм. Менимче, Орто Азия мамлекет башчылары жолугушуп, орчундуу делген көйгөйлөрдү тез арада чечип алганы оң.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ