Кыргыз гезиттер архиви

  Теңирчиликке кайтпайлыбы эй!

Климаттын өзгөрүсүнөн Ала-Тоо Кара-Тоо болобу?

Өткөн кылымдын ортосунда Кыргызстандын аймагында 8200 мөңгү катталган. 2100-жылга карата климаттын 4-6 градуска жогорулашынан алардын саны 142 ге чейин азайышы күтүлөт. Ал эми дарыялардагы суунун көлөмү эки эсе кыскарат. Табияттын мындай тамашасына эмне себеп? Бул суроолорго КР климаттын өзгөрүшү боюнча экинчи Улуттук билдирүүсүндө толук жана так маалымат жарыяланды.

Мөңгүлөр эрип, дарыя суулардын тартылганына жалпы планетадагы аба ырайынын өзгөрүшү себепчи. Ал эми табияттагы процесстерди терс нукка бурган - адамзат. Адам аракетинен атмосферада парник газдары көбөйүп, климат ысып жүрүп отурат. Ар бир энергия бөлүп чыгарган иш-чара - лампочкадан чыккан жылуулуктан тартып, өндүрүш заводдорунун түтүндөрүнө чейин зыян келтирет экен. Биздин тоолордогу муз катмарлар өткөн кылымдын 70-жылдары тез эрий баштаган. Бирок анын себеби Кыргызстандын аймагындагы өндүрүштүн өнүгүшү эмес. Адистер билдиргендей, биз бардык өндүрүшүбүздү токтотуп койсок да, калган дүйнөнүн аракетинин таасири мөңгүлөрдү эрите берет.
Климаттын өзгөрүшү жер кыртышынын чөлгө айлануусуна да алып келет. Арканзастагы чөлгө айланып кеткен жерлердин мисалында, биз учурда өзүбүздүн жайыт жана айдоо жерлерибизди туура пайдаланып, кара топурактуу жерлердин асылдыгын сактап калууга багыт алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө АКШда туура эмес пайдалануудан чөлгө айланып калган жерлер ондогон жылдардан бери калыбына келбей жатат. Бул көрүнүш адамдардын ден соолугуна да сөзсүз терс таасирин берет. Климаттын өзгөрүшү жүрөк ооруларын, инфекциялык илдеттерди, алардын натыйжасы катары өлүмдүн санын көбөйтөт. Айрыкча, жаш балдар менен карылар жабыркашат.
Таштандылар бөлүп чыгаруучу метан газы көмүр кычкылтегинен да зыяндуу. Жыл өткөн сайын өндүрүш жана керектөө калдыктарынын көлөмүнүн өсүп жатышы адамдардын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөнүн сапатына коркунуч алып келүүдө. Калдыктарды иштетүү жана жок кылуунун туруктуу системасы жок болгондуктан, ага байланышкан чечилбеген маселелер калдыктардай тез өсүп жатат. Биздин өлкөдө бир да калдыктарды иштетүүчү жай жок.
- Адамзат табиятка зыян келтиргенден, ал да бизге кайта жооп кайтарат. Аеосуз жок кылынган ресурстар табигый жол менен калыбына келиши мүмкүн болбой калды. Андан келип чыккан маселелер менен күрөшүү жалаң чиновниктердин же экологдордун эле иши эмес, планетада жашаган ар бир адамга тиешелүү, - дейт Жарас Абу-улы Такенов , ПРООНдун айлана-чөйрө боюнча эларалык кеңешчиси.
- Экономиканы пландаганда климаттын өзгөрүшү боюнча прогноздорду эске алуу маанилүү. Мисалы, суу ресурстары азайып жатканда энергия булактарынын альтернативдүү түрлөрүн издеген көрөгөчтүүлүк болот. Же малярия оорусуна каршы вакцина куюу мурда түштүк тараптарда гана зарыл болсо, азыр күндүн ысыгы бул ооруну түндүктү көздөй жайылтууда. Демек, өлкөгө сатып алынган вакцинанын санын көбөйтүш керек. Мурда сел жүрбөгөн жерлерде азыр тилсиз жоо күч алды. Жабыр тартканга жеткирбей, тосуучу дамбаларды куруу бөөдө кырсыктан көптөгөн адамдарды сактап кала алат.
- Айлана-чөйрөнү сактоо үчүн ар бирибиздин колубуздан эмне келет?
- Эң жөнөкөй нерселер: бөлмө жарыктарын, кондиционерлерди керексиз учурда өчүрүп туруу, энергия сактоочу лампаларды колдонуу, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн убагында желдетип туруу ж.б.
БУУнун Конвенциясы боюнча Кыргызстандын экинчи Улуттук билдирүүсү өлкөнүн экологиялык коопсуздугу боюнча маанилүү кадам. Аталган билдирүү БУУ курамындагы бардык өлкөлөр тарабынан даярдалып, жалпы аракет кылуу куралдарынын бири болду.
Нуржан АЛЫМКАНОВА