Кыргыз гезиттер архиви

Нурдөөлөт КОПОЕВ:
"20 биртууганмын"
Токто, көз ирмем!
Маек каарманы - "Учур" театрынын актеру Нурдөөлөт КОПОЕВ.
Бул актер жалгыз театр менен гана чектелбестен, алпаруучулук менен алек. Андан тышкары роликтер, Улуттук канал анонстору бул жигиттин үнү менен айтылып, мультфильм, тасмаларды кыргызчалатып үндөштүрүүгө да салымы бар. Бир катар радио берүүлөрдөн да үнү тааныш. А бүгүн актердун "Агым" окурмандары үчүн "жанмаанайы" төгүлгөн кез…


... Индуска көп окшоштурушат мени. Мындан бир нече жыл мурун да күйөрмандардан суроо түшкөн апамдын индия кызы экендиги туурасында. "Ооба, Ат-Башыда бир индианка бар. Чүпүрөгүн оронуп алып, кумарасын көтөрүп булакка барат" деп күлгөн элем ошондо. Көпчүлүгү канымда индус каны барбы деп сурап калышат. Гоголдун "Текшерүүчүсүн" койгондо кытай дарыгерин биз индус кылып алганбыз. Анткени, аны аткарчу типаж - мен бармын. Апамдын түбү алайлык кыргыздарга такалып, кадимки Курманжан датканын чөбүрө-кыбыраларынан болуп кетет экен. 16-жылы Үркүндө Алай тараптан кыргыздар ооп, Кытайга кетпей, Ат-Башыда калып калышкан. Алыстык кан алмашуудан да кебетем башкача болуп калганбы деп ойлоп коем.
***
Москвага чейин Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайда бир жыл окугам. Искусство институтуна караганда бул жерде студентке көп мүмкүнчүлүк түзүлчү. Дароо эле театрда коюлчу спектаклдерге катышып, театрдын сахнасынын даамын тата баштайсың. Балалык эңсөөм менен айылдан түз эле театрга кадам таштагам. Экрандан гана көрүп келген мен-мен деген артисттер, өзүң сүйүп, сүрөттөрүн чогултуп жүргөн инсандар. Аларды жанынан көрүп, чочулап, санаркоолорду баштан бир топ кечирдик. Сабира Күмүшалиева, Гүлшара Дуулатова, Советбек Жумадылов өңдүү инсандардан сабак алып калдык. Жаңы кабылданганда Сабира апа ак жоолук, ак шиш такасын кийип алып келип: "Ай, балам, кабинеттин эшигин ачышып койчу" деп суранганы азыр да көз алдымда. Кабинетин ачкан соң, мага чай берип "Муратбек атаңар алперген чайнек, бул анын блокноту" дегени эле канча сабак болгон биз үчүн.
***
Кыргызстанга салыштырмалуу Москва сындуу мегаполисте билим алуунун айырмасы асман менен жердей. Багыма ошол жактан билим алуу жазылганына тагдырга ыраазымын. 1-курсту аяктап, баарын "бешке" тапшырып коюп жүрсөк, Москвадан профессорлор келип, ал жакка окууга тандоо жүргүзүшөт экен деп калышты. Тыңыраак орусча билбейм өзүм. Не болсо, өзүмдү бир сынап көрөйүн деп чечтим. Үйдө он үчүнчү уул болсом да, албай коюшпасын деп жашырып, төрт биртуугандын үчүнчүсүмүн деп койдум. Сыноочу профессорлордун жетекчиси дароо эле менин тиштериме суктанды. Анткени, тиш адамдын денсоолугун билдирет тура. Сурап-сурап туруп, "Увидимся там" деп койду. Чыгып эле шок болуп калдым да, сырттагылардан бул эмнеси деп сурап коем. Ошондо бир абитуриенттин ордуна 50дөн болуп, укмуштай чоң конкурс болгон. Машине минген шаардык кыз-жигиттер өтпөй калып, айылдан келген жөнөкөй биз өтүп кеттик. Балким, идирегибизди байкашкандыр. Өтөрүн өтүп алып, үйдөгүлөргө айталбайм. Урушуп салышса же жол акысына каражат табалбай калышсачы деп, санааркап жүрүп кетерибизге үч күн калганда араң айткам. Мен күткөндөй урушкандын ордуна баары сүйүнүп, сыймык менен узатышкан.
***
2001-жылы Москвадан Щепкин атындагы театралдык окуу жайды бүтүрүп келгем. Келерим менен УТРКнын алдындагы "Учур" телетеатрына кабыл алындым. Жалгыз Лондондо гана бар телетеатр Кыргызстанда да ачылат экен деп, Москвада бизди дал ушул багытта терең окутушкан. Келгенде эле аралашып, жуурулушуп кеттик. Буюрса, театрдан ордумду таптым деп айталам. Жылына эки спектакль коюуга милдеткербиз. Бирөө сөзсүз классика, экинчиси азыркы тил менен кассалык, жеңил багытта. Окуу жайдан мен актерлуктан тышкары, театр гримдөөчүлүк боюнча окуп, сертификат алып чыккам. Кыргызстанда бул тартыш кесип. Учурда театрда актер гана эмес, артисттерди жасалгалоо да менин мойнумда. Бул ролго жараша кейипкердин образын жүзүнө чыгаруу.
***
Балдар эң татаал көрүүчүгө кирет. Чоңдорду алдоого болот, бирок, кичинекейлерди алдай албайбыз. Алар үчүн баары жандүйнөдөн чыгыш керек. Кээде бир мультфильмде 2-3 жаныбарды үндөштүрөм. Мисалы, арстандын чуркап келатканын бериш үчүн алыстан чуркап келбейбиз. Аны элестетип, жандүйнөң менен актердук чеберчиликти салып туруп, чагылдырып беребиз. Бул жагынан "Дөөлөт" студиясында өзүбүз да курчугандан курчуй беребиз десек болот.
***
Айрымдар 13 деген жаман сан деп жээришет го. А мен үчүн бул ийгиликтүү. Москвадагы Никулиндин цирки жайгашкан дареги №13, ал жакка №13 трамвай келип, эң кызыгы, манеж диаметри 13 экен. Алар да ушул санды туу тутушчу. Жалпы 20 биртууганмын. Атам 13кө чыкканда согушка кеткен агасы кайтпай калып, жеңесине үйлөнгөн экен. 30дарга чамалап калган 3 балалуу келин экен ошондо жеңеси. Атамдан дагы 4 балалуу болгондон кийин ажырашып кетишиптир. Кийин атам апама үйлөнүп, 17 балалуу болот, бирөө чарчап калыптыр. Ошондо атамдын 20 баласы бар. Анын гени ушунча күчтүү экен, баарыбыздын каныбызда атамдын кандан канга оогон чеберчилик бар. Атам зергер да, жыгач уста да болгон. Ок-дарыдан баштап, чоң бозүйгө чейин жасачу. Ал менен Москвага чейин барып, кийин Америкага да алпармай болуп, бирок, самолетко бозүйдү жүктөө тоскоолдуктарынан улам жетпей калган. Атам Ат-Башы, Нарынга таанылган уста болсо, апам уз болгон. Атургай, эжем да кыргыздан чыккан биринчи зергер айым деп энциклопедияга кирген.
***
Ушуга чейинки ролдорумдун ичинен "Текшерүүчүдө" ойногонум жагат. Биринчи жолкусунда айылдан апам келип калып, ал да аябай жактырган. Бул чыгарманы биз кыргызчалатып алганбыз. Мар Байжиевдин "Тил табышкандар" деген тил маселеси боюнча студентти ойнойм. Ошол роль мага куп жарашып калган. Себеби, мен да айылдан келгем. Анда студент кыргызча гана билген апа менен орусча гана сүйлөгөн кыздын ортосунда тилмечтик кылат эмеспи. Аны ойногондо калкып, бир эргүү менен ойнойм. Бул биздин театрдын тарыхында эң көп коюлган ошол спектакль. "Апендинин беш катыны" деген комедияда үч күйөөдөн чыккан аялдын образын жаратып келатам. Көргөндөр мага: "Өзбектердин албуут аялдарындай эле болуп калат экенсиң" деп калышат.
***
Щепкин окуу жайынан мага берилген мүнөздөмөдө комедия жана махабат темасындагы оюндарга жакын экеним жазылган. Бирок, кийинки убактарда адамдын көзүнөн жаш чыгаргандай образ жараткым келип жүрөт. Театрыбыз кичине, ошол себептен, кандай роль берилсе, ойной беребиз. Негизи эле актердун роль тандаганы туура эмес. Кандай роль болсо да, режиссер ылайыктап бөлүштүрөт. Баш каармандын опурталдуу жери спектаклдин бүт жоопкерчилиги ошол актердун мойнунда.
***
Алакандай Кыргызстанда ат жасаш оңой, а бирок, аны кармап калуу кыйын. Ошол себептен, чоңбу, кичинеби ысымды өз деңгээлинде кармап туруубуз милдет. Ошол себептен, ар тараптан жол издеп, өзүмдү өзүм өнүктүрүүгө аракетимди аябайм. Мышыктын мыеологонун да үндөштүрсөм, таанып алган күйөрмандарым бар. Мурда Нурдөөлөт деген ысым аз болсо, учурда көп. Кээде мага телефон чалышып, уулу же небересине менин ысымымды беришкенин айтып калышат. Бул да болсо, элге көрсөткөн кичине эмгегим, кандайдыр бир таасир эте алдым деп ойлойм.
***
Коомдо ордун тапкан адам кээде жеке турмушунан аксап калышы ыктымал. Карьера сонун кетип баратып, үйбүлө деген "республикага" кылчайсам, анын фундаменти да жок. Дал ушул жаатта көп нерседен кур калыптырмын. Жутунбайм деле, байлык, бийлик деп ашыкпайм. Жакында эле бир жакшы кызматтан баш тарттым. 30га чыкпай туруп үйлөнөм деп тилек менен аракетти бир багыттап атам. Жеке жашоомду да, чыгармачылыкты да, бир нукта алып кетүүнү көксөйм. Себеби, коомдогу ишиңе жеке турмушуңдагы нерселер чагылат. Жакында бир кечеден чыгып, катуу ооруп, тез жардам чакыртып эс алдым. Досторум айланчыктап жүргөнү менен жанымда түгөйүм болсо башкача болмок деп кейип да алдым. Россияда кыйын деген артисттер жалгыздыгынан келемишке, тараканга жем болуп, же бомж болуп өлгөнү канча…
***
Чыгармачыл чөйрөдө көралбастык кадыресе көрүнүш сымал. Жаныңда эле жүргөн адамдан далыңа бычак урулат. "Бирөө менен достошсоң көп берилбе, бир күнү душман болуп каласың. Бирөө менен урушсаң душманым деп эсептебе, эртең досуң болуп калышы мүмкүн" деген жакшы сөз бар го. Бут тосуулар мага аябай көп. Бирок, ар биринен татыктуу өтүп кетүү аракетиндемин. Жакын эле туугандарым мени ыйлатып кеткен күндөр болгон. Мырза болсом да, ыйга алдыргам. Мындан үч жыл мурун жакындарым мени аябай капа кылып кетишти. Андан үч күн өтө электе, уюлдук операторлордун бири ойноткон "Тойота" машинесин утуп алгам. Кудай мага берет, анткени, эч кимге жаман санабайм.

Жазып алган Айнагүл САПАРБЕК кызы