Кыргыз гезиттер архиви

 ...өткөн иштин аты бар

Ата-эне үчүн баладан артык, баладан кымбат эмне бар? Жакында, 14-апрель күнү ЖК депутаты Санжар Кадыралиев бейажал өлүмгө дуушар болгону баарыбызга маалым. Ал депутат, саясатчы болгону менен бирөөнүн баласы. Чырактай уулунан ажырап, сыздап отурган ата-энеси менен маектешүү мен үчүн оор болду. Эки күн мурун Санжардын кыркылыгын өткөрүшүптүр. Ата-энеси көздөрүнө жаш алып, уулу жөнүндө айтып берди.

"Санжар душманымды дос кылам дечү…"
Кадыралиев Карымшак, Санжардын атасы:
- Санжар сегиз баламдын төртүнчүсү эле. Өтө зирек, кичи пейил, акылдуу бала эле, мектепте да абдан жакшы окучу. Баарына кызыкчу, сөзгө да, ишке да, үйдөн малга да кайдыгер эмес эле. Эки жогорку окуу жайын кызыл диплом менен бүтүргөн. Депутаттыкка чейин бизнес менен алектенип жүргөн. Эл Санжарды жакшы билишет.Шайыр, ак көңүл эле. Берсем эле дечү, алам дечү эмес. Акыркы убактарда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгү болуп элге абдан сиңип кеткен. Атүгүл акыркы кезде Санжар менен өзүм да сүйлөшө албай калгам. Себеби, кайда барбасын эл жанынан чыкчу эмес.

- Санжардын баласы бар деп уктук, ал мурда үйлөндү беле?
- Санжар бир жолу үйлөнүп, турмуш экен, бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Азыр уулу Жоомарт биздин колубузда, ал да атасындай зирек бала. Жоомарт Санжар анын атасы экенин быйыл гана билген, аны ака дечү. Уулун баласы катары Санжар жакшы көрчү, бирок сыртына чыгарып, билгизчү эмес. Акыркы жолу Санжар 11-апрелде элдер менен жолугуп, колу бошобой түн ортосунда үйгө келген. Ал учурда Жоомарт уктап жаткан эле. Кетип баратып мага: "Ата бир мыйзам чыгарыш керек, 18-апрелде келем, ошондо кеңири сүйлөшөбүз" деди. Санжар кетип баратып уктап жаткан уулун ойготуп, бетинен өпкөнүн биринчи жолу көрдүк. Көрсө, уулу менен акыркы жолу коштошкон экен.
- Санжардын душмандары бар экенин билчү белеңиздер?
- Экөөбүз көп сүйлөшчүбүз. Андан көп эле сурачумун. Ал: "Ата, мен душмандарымды дос кылам. Эч кимге жамандык кылбайм, эч кимге аласа-бересем жок" дечү. Мен ага: "Балам, мал аласы тышында, адам аласы ичинде болот" деп көп эле акыл-насаатымды айтчумун. Бирок, ал "ата андай болбойт" деп койчу. Бул жерде көралбастык болду. Албетте, көп нерседен шектенем. Аны айтуу кыйын. Эми мыйзамдын чегинде иш акырына чыгат деп ишенем, күтүп атам.
- Жансакчысы Алтынбек Итибаевди күнөөлүү катары кармашты, сиз буга ишенесизби?
- Албетте, Алтынбек Итибаев Санжарды аткан болсо кантип күнөөлүү болбойт? Алтынбекти Санжар мурун багып, материалдык жардам бергенин билчүмүн. 3-апрель күнү биз уктап атканда түнкү саат он бирден өтүп калганда келди. "Ата, кичине акчам бар эле, жок кылып алдым" дегенинен, 4 миң сом берсем, күлүп, "Ата, мен айлыгым тийгенде алып келип берем" деп кеткен. Көрсө, жанындагы акчасына мектепке 50 миң сомдук материал алып берип койгон экен.
- Жансакчысы менен Санжардын ортосунда эмне талаш бар экен, ал өзү өлтүрүшү мүмкүнбү же буйрутма деп ойлойсузбу?
- Алтынбек Итибаевди Санжар өзү багып жүрсө, эмнеге мындай болуп кетти түшүнбөдүм. Ал акчага алданган болуш керек. Анын үстүнөн караган адамдар башка. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ким экенин шектенип эле турам, бирок, ачык айталбайм. Мүмкүн менин шектенүүм да туура эместир.
- Өлүм саясатка байланыштуу деп ойлойсузбу же...
- Бул саясатка гана байланыштуу. Өткөндө Кубаныч Жолдошев деген депутат Санжарды криминалга байланышып жүргөн деп оозуна алы келбей сүйлөп атты телевизордон. Биз кан жутуп отурганда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды.
- Санжарды аткан Итибаевдин учурда колу-буту иштебей, сүйлөй албай калды деп атышат, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Мен Куршаб ооруканасында иштегениме 43 жыл болду. Алгач эмгек жолумду облустук психикалык ооруканадагы соттук бөлүмдөн баштагам. Ал жерде үч жыл иштедим. Ошол кезде адам өлтүрүп, кылмыш кылып, кыянаттык менен жамандык жасаган же буйрутма өлтүрүүгө катышкандарды акыл-эси ордундабы-жокпу деп бизге алып келишчү. Текшерүүгө келгендердин көпчүлүгүнүн саясатка тиешеси бар, буйрутма адам өлтүргүчтөр эле. Жасаган кылмыштан качыруу үчүн ошол жерге алып барышчу. Азыр Итибаевди да так ошондой кылып атышат го деп ойлойм. Ошондо киши өлтүргөн деген адамдар сүйлөбөй, тамак жебей, кулагы укпай келесоо болумуш болуп, аларды караган надзирателдер, дарылоочу врачтар кеткенден кийин жанындагылар менен кадимкидей сүйлөшүп, тамак ичип, калыбына келип калышчу. Азыр Итибаевдин шал болуп калганына деле ишенген жокмун. Бул балага үйрөтүп атышат. Баары жалган. Ошол жердеги адвокат же милициянын ичиндегилер үйрөтүп атышат. Мен аны абдан жакшы билем.
- Уулуңуз дагы эмне тууралуу сизге айтчу эле?
- Былтыр Санжар мага бир окуяны айткан эле. Бир күнү жумуштан чарчап, Тимур деген жансакчысына машине айдатып Воронцовка жакка тоого баратсак, бир машина артыбыздан ээрчип алды дейт. Тимур жанындагы табелдик пистолетин да үйгө унутуп калат. Тигил машине болсо артынан дале калбай келатат дейт. Анан бир бурулушка барганда машинеден секирип түшүп, жашынып калып, Тимурду 150 метрче айдап барып токтот дептир. Бери жактан караса Тимур машинаны токтотор замат артынан алиги машине жетип барып эки-үч жигит түшүштү дейт. Арасында бир кезде менден сабак алып жүргөн жигит да бар экен деди. Алар машинанын ичин карап, Санжардын жок экенин көрүп, кайра кайрылып кетип калышкан экен. Кийин ошол жигит менен Санжар спорт залдан жолугуп калышыптыр. Ага "баягы күнү эмне үчүн мени ээрчидиң эле?" деп ошол күндүн числосун, убакыт саатынан бери айтып берсе, ал жигит "барган эмесмин, билбейм" деп танып кетиптир. Ал баланын аты - Эрнис, кличкасы Монгол экен. Ошондо Санжарга укук коргоо кызматкерлерине, министрге кайрылбайсыңбы деп айткам, бирок ал болбой койгон. Кийин Конгантиевге деле ушул окуяны айттым, ал унчуккан жок. Эми ошол Монгол деген баланы шектүү деп кармап алышып, кайра эле кое беришти. Азыр ал бала изин жашырып кетти. Укканга караганда Америкада жүргөн Муса деген бала телефон чалып "Монголду кое бергиле, мен мынча акча берем" деп ИИМ кызматкерлерине чалган имиш.

Кочкорова Актана, Санжардын апасы:
- Эмне болуп кеткенин түшүнө албай калдым… Санжар баарыбызды сыздатып кетти. Кудай баланын жамандыгын эне-атага көргөзбөсүн. Уулум өзгөчө бала эле. Адамды карап туруп көзүнөн түшүнүп койчу. Кээде айылдагы күйөөсү ичкен, турмушу начар аялдар менен учурашып, ал-жайды сураганда алар баары жакшы дегени менен көздөрүнөн кыйналгандарын көрүп турам деп кейип айтып калчу. Уулум кадыр-барктуу эле, жаш болуп туруп ондон ашык үйбүлөгө өкүл ата болгон. Кээде өкүл энеси жок эле өкүл ата боло бересиңби десек, ал жакында болот деп күлүп койчу. Үйлөн деп шаштырчубуз, дайыма айтчубуз.
- Санжардын көңүлүнө толуп, үйлөнөм деп жүргөн кызы бар беле?
- Айылдагылардын же тааныштардын кыздарын айтып, ошого үйлөнбөйсүңбү, тааныштыралы десек, ал ошол кыздын мага сүрөтүн эле көргөзүп койгулачы, мен анын ким экенин айтып берем деп калчу. Сүрөтүн, же өзүн көрсөтсөк дароо эле ага мүнөздөмө берчү. Кээде мага жаккан кыздарды Санжарга айтып калсам, апа ал кыз сизге келип кызмат кылбайт дечү. Мага келип сенин аялың кызмат кылбай эле койсун балам, сени ээрчип эле жүрсө болду, бул жакта келиндерим бар десем, ал "жок, келинди сизге узак убакытка чейин таштап кетем, сизге кызмат кылсын" дечү. Жакында үйлөнөм деп калган, акыркы убакта. Санжар көз жумганда тааныш кыздар келишти, бирок, уулумдун жакын көргөн кызы ким экенин сезбедик. Атасы да кыздарды көп тандаба, айдын бетинде да тагы бар деп айтчу. Уулу Жоомартты өтө жакшы көрчү, бирок, бизге билгизчү эмес. Бир жолу жайында эс алып үйдө отурсак,Санжар менен Жоомарт экөө алыс жакка барып ойноп келишиптир. Үйгө келгенде Жоомартты жыттасам, Санжар жыттанып калыптыр. Андан Санжар акең экөөңөр өбүштүңөрбү десем, ал да өптү, мен да өптүм, экөөбүз аябай өбүштүк деген эле Жоомарт. Уулум акыркы жолу келгенде гана биринчи жолу Жоомартты биздин көзүбүзчө өпкөнүн көрдүм. Ал 18-апрелде сөзсүз келем деп кеткен… Мындай жамандык болуп кетээрин сезген эмесмин.

Атасы Кадыралиев Карымшак:
- Бишкектен мен сатып берген үйдө жансакчылары менен турчу. Үйүнө күнүмдүк керектелчү буюмдардан бөлөк эмерек да албаптыр. Мен анда-санда барып турчумун.
- Санжардын инисине мандатты өткөрүп берүү туурасында маселе козголгонун билебиз…
- Санжардын эмгеги элге сиңип кеткен. Уулумду жайына берелекте бул жерге келген эл кетпей койду, биздин арыз-муңубузду угуп, жеткирген Санжар эле, эми ким карайт, инисине мандатты бербейлиби деген сунуштарын айтышты. Мен Санжардын денеси жерге түшө элек, экинчиден, бир баламды бердим, эми экинчи баламды бералбайм, баарынан түңүлүп калдым дедим. Бирок, эл үч күн ушул жерден кетпей коюшту. Сен эл үчүн иштей турган балаңды элден аяйсыңбы дешти. Акырында өзүңөр карап көргүлө дедим. Анан алар өздөрүнчө кол чогултушуп, чуркап жүрүшкөн. Бирок, мыйзамга туура келбейт экен.
- Санжардын кичинекей кезиндеги кылыктарынан эсиңизде калганы?
- Албетте, анын ар бир кыймылы көз алдымда. Бир жолу кичинекей кезинде талаадан түлкүнүн баласын алып келиптир. Аны 3-4 ай колго бакты. Түлкү колго үйрөнүп, бизге көнүп да калды. Чоңойгон сайын тоокторго кол сала баштаганда "жогот же өлтүрүп сал" деп Санжарды урушсам, талаага алып барып кое берип жибериптир. Ал түлкү колго көнүп, үйдү билип калганга түнкүсүн келип баарыбир тоокторго кол салып жүрдү. Акыры, ошентип жүрүп жоголуп кетти. Кеттиби же бирөөлөр кармап алдыбы, билбейм. Бир жолу шаарга барсам, бүркүттүн баласын багып атыптыр. Ал кезде кайра куруу жаңы башталып, эл кыйналып жашаган мезгил болчу. Өзүлөрү ачка отурат да, бүркүткө дайыма атайын эт алып келип берчү. Кийин кое берип жиберишти.

Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА