Кыргыз гезиттер архиви

Политбүйрө билдирет
"Акжолчулар" пионерге айланганда

ЖоКедеги каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев маңдайы жарыла кубанып турган чагы. Себеби, алмончоктой жары эл өкүлүнө алтынчы наристенин жытын искетти. Атакеси Ажар ысымын алган ымыркайынын урматына 19-майда "Алтын ажыдаар" ресторанында жентек той өткөрдү. Жакшылыкка Акүй, Көкүй аткаминерлери дүңүнөн келип, ой-да "жыргализм" курду дешет. Бул дата эсил кайран пионерлердин күнүнө туш келгендиктенби, айтор, Аскарбек мырза меймандарга кызыл жагоо менен кызыл пилотка белек кылыптыр. Аны көргөн коммунист-депутат Исхак Масалиев "акжолчу, КСДП, Акүй аткаминери деп бөлүнгөнүбүз менен, баарыбыздын жүрөгүбүз социализм доорун энсейт экен…" маанисинде көзүнө жаш алган имиш. Абсамат аксакалдын уулу Исхактын айтканында калет жок, "тезек термей" дооруна караганда СССР төөчөлүк өйдө эмеспи.

Беш кылымда бир жаралчу кыргыз ким?

Дайыма нар көтөргүс суроолорду кабыргасынан койгон Кубанычбек Исабеков деген вице-спикер бар. Бу азамат парламент жыйынында "ажолукка ат салышкандардын саламаттыгын текшерүү зарыл. Балким, алардын арасында Чымкоргондо дарыланчулары бардыр" деген оюн ортого төктү. Исабековду түйшөлткөн фраза - "500 жылда бир төрөлчү кыргыз" доктор Кубанычбек Апаска таандык беле, ыя? Антели десек, так талашчулардын тизмесинде Кубанычбек Апастын заты тургай, аты жок.

Долларбай сапар

Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов Японияда болуп кайтты. Жер тыңшар Мамыттын маалыматына ишенсек, Нурлан мырза Күн чыгыш өлкөсүндө "куну" миллиондогон жашыл акча турган келишимге кол коюуга жетишиптир. Министр акенин жемиштүү сапарынын жыйынтыгында Чүй облусундагы сайлардын баарына көпүрө курулмакчы. Бөлүнгөн долларбайлар ортодон өөнөлүп кетпеселе болгону…

Назаралиев дагы бир "Америка" ачты

Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев БШК төрагасы Дамир Лисовский менен Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын жетекчиси Ташбоо Жумагуловго ачык кат жолдоду. Анда атагы таш жарган нарколог тил боюнча сынактын шарттарына караманча каршы чыгып, андан көрө болочок ажонун акыл көрөңгөсүн текшерүү керектигин айтат. Назаралиевдин пикиринде, кыргыз тилинде экзамен берүү жөрөлгөсүн туңгуч президент Аскар Акаев башка атаандаштарынан коркконунан ойлоп чыгарганын, азыркы өлкө башчысы К.Бакиев да кайсы бир талапкерден коркуп жүрбөсүн деп түкшүмөлдөйт. Нарколог мырза минтип актанып отурбай, андан көрө эне тилде эркин сүйлөп жана сабаттуу жаза албайм деп кемчилигин ачык эле мойнуна албайбы десең.

Төө да минип, жөө да жүргөн жигиттер

Парламенттин кечээ күнкү отурумунда "акжолчу" депутат Г.Дербишева кесиптеши К.Исабековго "Эл баатыры" наамын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыкты. Гүлнара айымдын мындай чечимге келишине Кумтөр боюнча кабыл алынган келишимде ЖК төрага орунбасары жан аябай эмгек өтөгөнү себеп болгон. Антейин десең, бир күн мурда алтын маселеси боюнча Жогорку Кеңеште экс-депутат, алтын боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Болот Шерниязовго Кубанычбек Исабеков алтын чырынын чын-бышыгын далилдөөдө утулуп калганын эшиттик. Гүлнара айым эмнеге эреркеп Исабековду "Эл баатыры" кылгысы келип атканы түшүнүксүз…

Чочко тумоосу кокодон алып турганда

Ветеринария департаментинин директору Байымбет Молдалиев кол алдындагы кызматкерлерин бөйдөй кууруп атат дешет. Эч себеби жок эле өз ишин мыкты билген 12 кишини алып ыргытып, алардын ордун өзүнүн жакын санаалаштары менен толуктаптыр. Эң кызыгы, командировканы шылтоолоп өмүрлүк жары менен Парижде сайран куруп жүргөнү кызык. Ушундан улам, Байымбет мырза ветеринария тармагында кандай "революция" жасап атканын изилдөөгө алдык…

"Агым-пресс"




  Акча айланган жерде сөз кыска

Бактыңан эмес, баңгиден көр

Баңгизатты көзөмөлдөө агенттиги акыркы беш айдын ичинде 464 кило өлчөмүндө ар түрдүү баңгизаттарын колго түшүргөн. Анын 93 килосу героин болсо, 119 килосу апийим. Кең-Булуң постунан 13-майда колго түшкөн 29 кило героин Алексей Ачкасовдон тартып алынып, рекорддук көрсөткүчтү белгиледи. Беш ай ичиндеги колго түшкөн баңгизатты адистер 4 млн. доллардан ашуун деп баалашты. Ал эми Ноокен районунда 172 кило баңгизат колго түшүрүлүп, муну менен транзиттик жолдун бети ачылды. Азыр бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан биртоп жыл мурда кайсы бир кызматкер Ооганстанда апийим даяр болгон мезгилде ошол жердин баасы менен ооганчылардын көкнарын бүт бойдон сатып алып, өрттөп салууну сунуштаган эле. Бир чети бул алгылыктуу сунуш. Ансыз деле бардык мамлекеттер баңгизат менен күрөшүүдө оңой акча сарптабайт. Бирок бул сунуш эч кимден колдоо таппады. Анын ичинде Европа мамлекеттери менен Америка да унчукпады. Ушунун өзү эле баңгизат соодасынын артында алп күчтөрдүн тургандыгынан кабар берет. Себеби, бул соода өтө кирешелүү. Аны колдонгон киши керектүү доза үчүн эч нерсесин аябайт. Бул үчүн үй оокатын, машинесин, жашаган үйүн да сатууга даяр. Атургай бир жолку сайынуу үчүн кылмыштын бардык түрүнө барат. Албетте бул кимдир-бирөөлөр үчүн керек. Анткени, баңги болуу өтө оңой, эки-үч ирет колдонгондон кийин ансыз жашоого болбой калат.
Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын баңги жолуна айланганы. Учурда наркологиялык көзкарандылыктан жапа чеккен 9172 киши каттоодо турат. Бул Кыргызстан үчүн өтө эле көп. Себеби, калктын 1%ы эле баңгилик менен шугулданса, улуттук генефондго доо кетерин адистер айтышат. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 5%га жетип отурат. Анүстүнө баңгилердин 70%ы жаштар. Кыргызстан баңгизаттын жолу болгондуктан, абал өтө эле кооптуу. Анүстүнө бизде героиндин наркы да арзан. СПИД дартын жугузгандардын 90%ы да баңгилер экенин унутпоо зарыл. Ошондуктан ЖК депутаттары Д.Ниязалиева, Р.Тагаев, И.Масалиев, Т.Жумабекова тарабынан "Баңгизаттарга болгон көзкарандылыкты профилактикалоо" жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдашты. Бул мыйзам кабыл алынчу болсо, баңгизат колдонгондорду мажбурлап дарылоо мүмкүнчүлүктөрү ачылмакчы. Ошону менен бирге мыйзам күчүнө кирсе, алардын мыйзамсыз колдонулушу азайып, көзөмөлдөөгө ИИМ, Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинен сырткары Саламаттык сактоо министрлиги жана Юстиция министрлиги да тартылмакчы.
Учурда бул көрүнүш менен өкмөттүк эмес уюмдар, айрым коомдор иш алып барган менен, алар мыйзам аркылуу бекемделген эмес. Андыктан баңгиликке каршы күрөшүүдөгү натыйжа берчү аракет - аны таркатпоо болуп саналат.
Эгер 2007-жылы баңгилердин саны 8464 болсо, ал бүгүнкү күндө 8,4%га өскөн. Ошондуктан алардын мындан ары жайылбашы үчүн аталган мыйзам кабыл алынса, натыйжалуу көмөк берерин мыйзам авторлору белгилешет.
Келдибек НАЗИРОВ




  Атын атаса куту сүйүнбөй

Кылдан кыйкым тапкандар
"Жаңы кылым" гезитинин өткөн санында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин ректору Амангелди Бекбалаев жана аталган окуу жайдын Экономика жана финансы институтунун директору Айылчы Сарыбаев туурасында сын макала жарыяланган. Макалада келтирилген фактылардын чын-төгүнүн билүү максатында Экономика илим доктору, профессор Айылчы агайды чакан кепке тарттык.
- Менимче, макаланын автору Гүлсүн Аманалиева тажрыйбалуу журналист деле эмес окшойт. Болбосо профессионалдык деңгээлимди Гүлсүн айым билбесе, журналист журтчулугу жакшы баалайт. Автордун баамында, азыркы ректорубуз А.Бекбалаевдин аркасы менен Экономика жана финансы институтунун директорлук постуна келиптирмин. Туура, Амангелди мырза мени кызматка дайындады. Бирок, бул институтту башкарганга иш тажрыйбам жетиштүү. Атурсун, окуу жайдын мурунку жетекчиси И.Болжурова айымдан бир нече жолу ушул структураны жетектеп берүү сунушу түшкөндө баш тарткам. Мактангандай болбоюн, бирок, Экономика жана өнүктүрүү министри А.Жапаров менин аспирантым болсо, КУУнун мурдагы жетекчиси Ы.Өмүрканов да менден сабак алган.
Айтмакчы, "Жаңы кылымды" уюштурган адамдар экс-президенттин убагында куугунтукка алынып, гезитин каттата албай жүргөндө "фамилияңызды редколлегиянын составына кошуп коелу, мындан ары биз менен кызматташыңыз" деген сунушуна макул болуп, макала жазып берчүмүн. Эми ошол басылма кылдан кыйкым издеп, компетенттүүлүгүмө шек келтиргени мени өтө ыңгайсыз абалга калтырды.
- Макалада А.Сарыбаев Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) секретариатын жетектегени айтылат. Билишибизче, БЭКтин катчылыгына Асанбек аттуу жигит дайындалды эле.
- Жеке мен Бириккен элдик кыймылды жана аны түзгөн адамдарды сыйлайм. Бирок, БЭКтин секретарит жетекчиси тургай, ага мүчөлүккө да кирген эмесмин. Бул жөнүндө "Акиpress" жана "24.kg" агенттиктери туура эмес маалымат берип, кийин аны оңдошкон. Болгону катчылыктын жетекчиси Асанбек менен менин фамилиям окшош. Андыктан, менин ким экеним туурасында Гүлсүн айым кам санабай койсо деле болот.
Макул, мен оппозициялык уюмдун катарына кирдим дейли. Ошон үчүн эле Экономика жана финансы институтуна директор болбошум керекпи? Болбосо, ошол кыймылга кошулган адамдардын бардыгы Кыргызстандан чыгып кетип, Гүлсүн айым өзү жалгыз калышы керекпи?
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Редакциядан: "Агым" гезити белгилүү экономист А.Сарыбаев менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып, экономикалык эксперт катары анын көз караштарын тең бөлүшүп келет. "Жаңы кылымдагы" кесиптешибизге айтарыбыз, кимдин ким экенин адегенде жакшылап билип алып жарыялашса.