Кыргыз гезиттер архиви

  Жылдызда мейманда

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВдин ак өргөсүндө
Ырчыга бул үй атасынан калган белек. 1986-жылы атасы бир балам жашайт деп атайын арнап сатып алган. Бир-эки жылдан бери жаңырып, оңдоонун үстүндө. Долбоору да, дизайны да. Алты бөлмөлүү бул үйдө Съездбек келинчеги, кызы жана карындашы менен турат. Алгачкы ырларынан бери ушул үйдө жаралган.

СЪЕЗДБЕК: - Туугандар бат-бат келип турушат. 11 биртууганмын. Үйлөнүү тойдо апам, туугандарым бул үйдү мага энчилеп белек кылышкан. Аябай акжолтой үй. Бул үйдө жашап кеткен биртуугандарымдын баары орун-очок алып кетишти. Туугандар да ушул жерде чогулабыз. Баары "ушул жерден агарып-көгөргөнбүз. Тун балабыз ушул үйдө төрөлгөн" деп калышат.

2005-жылы декабрда кичине кырсыктап, үйдүн чатыры күйүп кеткен. Өрт өчүргүчтөр убагында келип, үйдү сактап калганбыз. Өрттөнгөн үй өнүгөт деп коет экен кыргызда. Өзүбүзчө ырымдап да койгонбуз.

Жума сайын арчалап турабыз. Кээде кызыбыз сыркоолоп калганда арча түтөтөбүз. Негизи эле кыргыз болгон соң, салт-санаасыз жашаган бүлө болбосо керек. Кыргызчылыкты карманган ага-эжелерибиз да жыт чыгарып, куран окуп тургула дешет. Анткени, үй тазаланып, биз арууланып турат экенбиз.

Мечит жакын болгондуктан, намаздын үнү даана угулуп турат. Өзүм жума намазга барып турам. Кадимкидей башкача сезим пайда болот. Гастроль же бир алыска аттансам, үйгө апам келип караан болуп турат. Кайтканымда сөзсүз башыман суу айлантып чачат.

Досторум да үйгө көп келет. Бойдок кезде бир жай бою "Оймонун" балдары чогуу жашаганбыз. Карындашым бир ирет айылга барып кайра шаарга жөнөп атса, апам жатып алып эртеси жөнөшүн өтүнөт. Анда карындашым: "Жок, тез кетишим керек. Антпесе, "Оймо" үйдү каптап кетти" дептир.

10 жылдан кийин жаңы чоң там салып, үйбүлө мүчөлөрүнө энчиленгенден сырткары, кеңсе, студия, андан тышкары намаз окуй турган бөлмө да салууга аракет кылам.

ЖАРКЫНАЙ, Съездбектин жубайы: - Жаңы баш кошкондо адегенде айылда болуп, анан Цушул үйгө келдим. Ага чейин бул үй апамдын карамагында экен. Анан келин катары бул үйдүн бүт түйшүгү менен жоопкерчилигин өзүмө өткөрүп алдым.

Съездбек жакшы эле кожоюн, бирок, тиричилик техника, электр түйүндөрүн оңдоого, бакчаны кароого көп эби жок. Жалкоосу катуу кармаса, эч нерсе кылбай жатып алат. Кайра-кайра сурантып атып бакчаны казып берди. Кудай буюрса, мен келгени алгач ирет быйыл өз бакчабыздан түшүм алабыз. Өзүм эгип, өзүм отоп, өзүм карайм. Бул нерсе өз апамдан өтсө керек. Съезд айткандай, ага бакчадан көңүл буруум артпай калды.

Кайда барбайын, мейли жумушка, мейли конокко, үйгө эле шаша берем. Кандай жакшылык, кандай даталуу күн болбосун меймандарды үйгө тосом. Аяштарым тажабайсыңбы деп калышат. Үч-төрт күн катары менен деле конок тосо берем. Башынан мейман күткөн жагат. "Үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет" деген сөз бар го, мен ошого ишенем.

"Кыргыздар" китебин Кочкорго алгач ирет концерт коюп барганда кичи мекендештери тартуулаган. Эми дагы 1-июнда Кочкорго концерт менен аттанганы турганын кабарлады ырчы.

"А бул биздин үйдүн "ханышасы". Өзүнө таандык тактысында".

"Бул менин быйылкы алган сыйлыктарым, сыйлаган адамдарымдан алган белектерим. Баары бул жерге батпайт. Үйдүн чатыр-бөлмөсүн нукура кыргызча багытта салам. Сыйлыктарымдын баарын чогултуп, ошол жакка илдирем. Астына шырдак, көлдөлөң салып, боорун жалаң оймо-чийме менен жасалгалайм. Балким, иш бөлмөмдү ошол жакка чыгарам. Анткени, накта кыргызча нерселер мага бөтөнчө рухий кубат берип турат".

Съездбектин пикиринде кыргызда келген конокту үй ээси менен ити да кошо тосуп чыгышы керек. Бул кандектин аты - Доллар. Евро аттуу түгөйү экөө ырчынын "Уулума" ырына тартылган клипке түшкөн.

"Короого эки машине баткыдай орун бар. Үйдүн ичи гана жаңыртылып, сырты азырынча жасалып бүтө элек. Кудай буюрса, той-топурдун маалы келгенде каражат таап, бүтүрүп алам".

Бул иш бөлмө. Компьютерде ырчы көбүнесе ыр угат, текст терет. Кээде кино көрөт. Интернет акыркы кезде өтө керек болуп, жакында коштурбасам болбой калды деп турган убагы. Бул компьютерде ырларынын баары, фотосессия, клиптердин архиви сакталган.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы