Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

25-майдан 31-майга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Келечек пландарды түзүү үчүн ылайыктуу мезгил. Бирок, өтө берилип, реалдуулуктан аша чаап кетпөөгө аракет кылыңыз. Активдүүлүгүңүздү, энергияңызды туура иштерге багыттооңуз керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздагы тигил же бул маселе боюнча көз карашыңызды билдирүүгө шашылбаңыз. Туура эмес жыйынтык чыгарып алышыңыз мүмкүн. Акчада: Финансы көйгөйүн чечүүдө досторуңуздун жардамына таянсаңыз болот.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Ийгиликтүү апта. Маанилүү чечимдерди кабыл алууга шашылбаңыз. Жаңылып калышыңыз мүмкүн. Жылдыз оорусуна чалдыгуудан этият болуңуз. Аброюңузга шек келтирип алышыңыз ыктымал. Сүйүүдө: Жеке мамилелер көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат. Өзүмчүлдүктөн алыс болгонуңуз оң. Акчада: Финансы жаатында бир топ ийгиликтерге жетишесиз. Бул өз кезегинде материалдык абалыңыздын жакшырышын шарттайт.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Окуп, дүйнө таанымыңызды тереңдетүүгө, билим көрөңгөңүздү кеңейтүүгө ылайыктуу учур. Жаңы нерселерди бат кабыл алып, мындай аракет сизге кыйынчылык туудурбайт. Сүйүүдө: Жакыныңыздын кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алганыңыз оң. Өз алдынчалуулугуңуз пикир келишпестиктин себепчиси болушу мүмкүн. Акчада: Негизги ишмердигиңизден тышкары кошумча киреше булагына ээ болууңуз күтүлөт.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Жашооңуздагы айрым окуялар көз карашыңызды өзгөртүшү мүмкүн. Ички туюмуңуз сизге жардамчы болот. Ага карабастан, тобокелчиликке баруу сунушталбайт. Жол жүрүүдө сак болуңуз. Сүйүүдө: Жакыныңызга ишеним артуу керек. Ошондо гана ортодогу байланыштан канааттануу аласыз. Акчада: Аласа-бересеге так болуу зарыл. Ири суммадагы акчага жөн салды мамиле жасоо жарабайт.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Төгөрөгүңүз төп келишип турган учур. Ишиңиздин жүрүшү ойдогудай болуп, ийгиликтериңиз көпчүлүктүн көз артуусун жаратат. Өзүңүзгө болгон ишеним айрым жагымсыз кырдаалдан чыгып кетүүгө өбөлгө болот. Сүйүүдө: Гармониялуу убак. Жалпы кызыкчылык, жакыныңызга болгон ишеним ортодогу мамиленин бекемделишинин себепчиси болот. Акчада: Каражат жаатындагы кадамдарыңыз жакындарыңыз тарабынан колдоого алынат.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Ден соолугуңузга кам көрүү үчүн ылайыктуу учур. Бардык дарылоо процедуралары таасирдүү болот. Ага сиздин бекем ишенимиңиз да зарыл. Элдик дарыгерлерден да дартыңызга даба издесеңиз болот. Сүйүүдө: Чөгүңкү маанайыңыз менен жакыныңызды таарынтып албаңыз. Сиздин кыйналып турганыңызды түшүнбөй калышы мүмкүн. Акчада: Бир топ каражат сарпталышы мүмкүн. Кейибеңиз, эмки аптада эле ордун толтуруп аласыз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Чыгармачылыкта, өзгөчө музыка менен поэзия жаатында болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишесиз. Айланадагылар менен мамилени чыңдоого, эски таарынычтардан арылууга аптанын экинчи жарымы ылайыктуу. Сүйүүдө: Жаңы таанышкан адамыңыз менен тил табышуу, ортодогу түшүнүүчүлүк жагымдуу маанай тартуулайт. Негизи эле апта романтикага бай болот. Акчада: Ири соода-сатык кылууну апта аягына пландаштырганыңыз оң.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Тиричилигиңизди ыңгайлаштырууга убакыт коротушуңуз ыктымал. Бул аракет маанайыңызды көтөрүп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдоосуна арзыйт. Апта аягын эс алууга арнасаңыз болот. Сүйүүдө: Жакыныңызды таарынтып алуудан сак болуңуз. Эгер чындап эле ошондой болсо, бардык түшүнбөстүктөрдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз. Акчада: Каражат жаатында кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бул убактылуу көрүнүш экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Бардык сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өтөт. Сезимиңизде сизди курчаган адамдарга карата ишенүүчүлүк пайда болгонун байкайсыз. Бирок мындан пайдаланып кетүүнү көздөгөндөр да болбой койбойт. Сүйүүдө: Таанышуулар, жолугушуулар күтөт. Жаңы мамилелер үчүн ийгиликтүү апта. Акчада: Апта башы кирешелүү болот. Түшкөн каражатты туура пайдалануу зарыл экенин эстен чыгарбаңыз.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Жашоонун агымы менен кете бербестен, өз алымча-кошумчаларыңызды киргизип турууга аракет кылыңыз. Азыр сиз үчүн ийгиликтүү убакыт. Андыктан, туура жыйынтык чыгарууңуз керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз бир калыпта. Кызганычка жол берип, жакыныңыздын көңүлүн оорутпаңыз. Акчада: Каражат жаатында бир топ ийгиликтерге жетишесиз. Материалдык абалыңыз жакшырат.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Ички туюмуңузга ишениңиз. Алдын ала билүүчүлүк жөндөмүңүз байкалат. Буга чейин ачылбай келген шык-жөндөмүңүздү көрсөтүүгө убакыт келди. Музыка, искусство, живописке кызыгууңуз байкалат. Сүйүүдө: Өрчүгөн ички туюмуңуздан улам жакын адамыңыз менен баарлашуу, мамиле түзүү кыйынга турбайт. Акчада: Материалдык абалыңыз бир калыпта. Убактылуу кыйынчылыктарга моюн бербеңиз.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Таңгалычтуу окуяларга кез болосуз. Ички активдүүлүгүңүз күч алат. Маанилүү чечимдерди кабыл алууга ылайыктуу апта. Түштөрүңүзгө кайдыгер карабаңыз, айрымдары төп келиши ыктымал. Сүйүүдө: Жубайыңыз менен жалпы кызыкчылыктагы иштерди аткарганыңыз оң. Анын көңүлүн, маанайын көз жаздымда калтырбаңыз. Акчада: Буга чейин жүрөк өйүп келген финансылык маселелер аягына чыгып, материалдык абалыңыз стабилдешет.