Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу винегрет

Жылдыздар манежде
Улуттук цирк менен Улуттук биринчи каналдын "Жылдыздар манежде" долбоорунун экинчи айлампасы өттү. Эки турдун жыйынтыгы менен биринчи сапта - Жанетта (98), Анжелика (96) менен Аскат (97), Назира Жетигенова (95), ал эми смс добуш берүү менен да Аскат, Анжелика жана Назира Жетигенова алдыда.
Аталган теледолбоордун бул айлампасынын өтүшүнө Бейшенбек Мамбетакунов жана Тамара Жаманбаева да кийлигишип, биринчисинде кетирилген кемчиликтерди жоюуга аракет жасалган.
Долбоор жетекчиси Элмира ТЕЗЕКБАЕВАнын айтымында, үчүнчү айлампа июнь айынын экинчи жарымына белгиленүүдө. Соңунда манеждеги мыкты деп табылчу жылдызга 100 миң, ал эми экинчи, үчүнчү орундарга ээ болгондорго 50 миң, 30 миң сом жана бир катар кызыктыруучу белектер камдалып жаткандыгын Улуттук биринчи каналдын башкы директору өз кебинде кабарлай кетти.

Евросынак соңу
"Евровидение" сынагынын жеңүүчүсү Александр РЫБАК учурда Норвегиянын улуттук баатыры аталууда. 23 жаштагы жигит Норвегияга дагы бир ирет Европа чөлкөмүнүн таасирдүү ыр сынагын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алып берди.
Жеңиш менен кайткан ырчысын Норвегия үч миңдей киши жана өрт өчүргүч машинелеринен суу чачуу менен тосуп алды. Элдин көптүгүнө учак конгон аэропорттун жетекчиси да таңгалгандыгын билдирген. Эскерте кетсек, Александр рекорд коюп, өлкөсүнүн намысын 387 упай менен коргоду. Мындай сандагы добуш былтыркы жеңүүчү Дима Биландын ийгилигин бир топ артта калтырат.
Ал эми быйыл сынак сахнасына ээлик кылган Россиянын ырчысы Анастасия Приходько "Мамо" ырын укмуш аткарганы менен, араң 11-орунга илинди. Баса, бул ырчынын көңүлүн көтөрүп, жооткотуп, алаксытып, эмоцияларын кармоого өлкөнүн белгилүү психологу Андрей Курпатов көмөккө келген.
Кызыгы, бул жигитке орус сайттары ар кыл жарлыктарды тагышууда. "Гей" деп чыгышты. Чындыгында, көрүүчүлөр арасында алардын саны арбын болуп, сынак жыйынтыкталып аткан маалда гей-парад тартип сакчылары жана ОМОНдор менен таркатылганы анык. Бул боюнча норвегиялык жылдыздуу ырчы өз жообун билдире элек. Бирок, россиялык шоу өкүлдөрү же ММКсы кандай пикир жаратпасын, Орусия президенти Норвегиянын президентин бул жеңиши менен куттуктаганын кошумчалайлы.


ЖАНЕЛЬ
ЖЕКЕ ЫРЧЫ
Курагы: 25 жашта
Жерлиги: Ысык-Көл, Жети-Өгүз району
Кесиби: менеджер
Зодиак белгиси: тараза
Ишенгени: Кудай
Сүйүнгөнү: жарык дүйнөнү көрүп турганы
Кызыкканы: сууда сүзүү
Кыялданганы: дүйнөгө саякат жасоо
Ыйык тутканы: апакеси
Өзүнө жаккан сапаты: жоопкерчилиги
Өзүнө жакпаган сапаты: ишенчээктиги
Сүйгөн тасмасы: "Если бы только…"
Сүйгөн тамагы: палоо
Сүйгөн жаныбары: панда
Кумири: Гүлнур САТЫЛГАНОВА

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы