Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

Гүлмира ТАШМАТОВА:
"Аттестациянын өтүү ыкмасы, формасы жаккан жок"
Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар жана жеткинчектер театрынын сырткы көрүнүшүн көргөндөр айылдагы ат сарайдан айырмасы аз экенин баамдаса болот. Себеби, театрдын арткы бетинин шыбактары түшүп, эшик-терезелери талкаланган. Мындан эки жыл мурун аны оңдоо-түздөө иштери үчүн мамлекеттик казынадан каражат бөлүнгөнү тууралуу маалымат алганыбыз бар. Театрдын азыркы кебетесин көрүп, оңдоо-түздөө иштеринин оңчулуктуу жылбаганынан андагы чыгармачыл артисттердин роль ойнобой, жакында өтүүчү аттестацияга даярданып атышканынан кабар алдык. Акыркы кездерде тартылып аткан тасмаларга, клиптерге тартылып, спектаклдин ажарын ачкан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмира ТАШМАТОВАнын чыгармачылыгы, искусство адамдарынын азыркы көйгөйү тууралуу кебин уктук.

- 1983-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайды аяктагандан кийин Ысык-Көлдөгү К.Жантөшов атындагы драма театрында эки жыл иштедим. Андан кийин Москвадагы М.С.Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, 1989-жылы аяктап келип, азыркы Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрын ачтык. Москвадан учурда элге белгилүү болуп калган артисттер Ш.Касымалиева, Г. Турсунбаева, А.Шерматов, Ө.Токтомуратов менен чогуу аяктаган элек. Ошондон бери жыйырма жыл убакыт өтүптүр. Алган айлыгыбыздын аздыгына карабай, баарына кайыл болуп иштеп келатабыз. Маянабыздын көбөйгөнүнө аз гана убакыт болду.
- Сиз актриса катары бардык эле ролдорду ойной бересизби же роль тандап баш тарткан учурлар да болду беле?
- Кесибим актриса болгондон кийин терспи, же оң каарман болобу тандабай эле ойной берем. Ал эми жандүйнөмө драмалуу ролдор жакын. Мисалы, өзүмдүн көңүлүмө, жандүйнөмө жакын аткарган ролдорумду айтсам, драматург, актриса Чынара Калыбекованын "Мен бактылуу болгум келет" спектаклиндеги Суусардын образы, драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана тагдыр" спектаклиндеги Бакен Кыдыкееванын жаш кезиндеги ролу эсептелет.Кыялымда максат кылып, ойносомбу деген өзүмдүн ролдорум бар. Бирок, акыркы мезгилдерде театрга эл көп келбей, искусствого өкмөт тарабынан көңүл бөлүнбөй калгандыктан, ал спектаклдер убагында коюлбай калды. Ошондуктан кыялымдагы ролдон жашыбыз да өтүп кетти. Мисалы, "Клеопатраны", "Медеяны" ойногум келчү. Азыр "Медеяны" койсо деген оюм бар. Эми андай спектаклдер азыр коюлабы-коюлбайбы, билбейм. Былтыртан бери Ч.Айтматовдун "Акбаранын көз жашын" коелу деп жаш режиссер Шамиль Дыйканбаев аракеттенип жүргөн. Бирок, каражаттын жоктугунан, экинчиден театрыбыз ремонтто болгондугуна байланыштуу коюлбай калды.
- Жакында маданият жана маалымат министрлиги тарабынан артисттердин арасындагы аттестация өтүү маселеси көтөрүлдү, буга сиз кандай карайсыз?
- Аттестация тууралуу театрдагы жетекчилик: "Кандай гана наамыңар болбосун монолог, тамсил айтып, ырдап өзүңөрдүн талантыңарды көрсөтөсүңөр" деди. Мен буга каршымын. Аттестация мурда деле болчу, ал убакта артисттин, актердун аткарган ролдорун атайын делого жазып даярдап, көркөм кеңештен, министерстводон келип карап, ар биринин аткарган ролдоруна карата жыйынтык чыгарышчу. Жогорку категорияга көтөрүп, же тескерисинче роль ойнобой жүргөндөрдү төмөнкү категорияга түшүрчү. Ал эми биздин театрда төрт жылдан бери бир да спектакль коюлбай, сахнага чыгып эч кандай роль жарата элекпиз. Улам убакыт өткөн сайын артисттердин роль ойнобогону чыгармачылыгына терс таасирин тийгизет. Ролду канчалык көп ойноп, көп машыкса ошончолук такшалып, астыга жылат. Ал эми төрт жылдан бери роль ойнобосок, биздин ушул убакытка чейинки топтолгон тажрыйбабыз деле аттестациянын астында аксатып коюшу мүмкүн.
- Ушунча убакыт бою сахнага чыгалек болсоңор, балким чочулоо бардыр...
- Менде андай чочулоо жок. Канчалык убакыт өтсө да аткарган ролдорубуз биздин каныбызга сиңип калган. Бирок, аттестацияны өткөрүү формасы, ыкмасы жаккан жок. Себеби, мен эле эмес, бизден да улуулар сахнадан түшпөй, өмүр бою тажрыйба топтоп, наам алган артисттердин жаштар менен кошулуп аттестация тапшырып, ырдап, монолог, тамсил айтканын мен кемсинтүү катары сезип атам. "Эл артисти" наамын алган артист кечээ күнкү келген балдардын астында аттестациядан өтөт элем деп монолог айтып атса… Ал наамды алган адам ошончолук эмгеги сиңип, наам алган да.
- Эки-үч жылдан бери Жаштар театрынын мекемеси оңдоо-түздөөгө алынганын билебиз. Качан оңдолуп бүтүп, театр толук иштейт?
- Театрыбыздын ремонту жакында бүтпөчүдөй туюлуп атат.Себеби, каражат жок. Болгону даараткана эле оңолуптур. Бирок, иштейм деп иштегиси келген адам кандай жол менен болсо да чыгармачылыкты токтотпой аракет кылат. Эми ремонтту бүткөндөн кийин иштейбиз деп атат. Аны деле карабай иштей берсек болмок. Мисалы, башка театрларда деле ремонт болуп атат, ал жердеги артисттер маданият министрлигинин залын сурап, ошол жерде машыгып, кайра телетеатрга барып спектаклдерин коюп келишти. Биз деле ошолордой болуп, жолун таап иштей берсек болмок. Жакында гана бир спектаклди коебуз деп биздин театрдагы бош жаткан, оңдолбогон залга репетиция жасай башташты. Театрдын оңдолуп бүтүшүн күтпөй жок дегенде жылына бирден спектакль жаратсак жакшы болмок.
- Ал жердеги артисттер театрдагы оңдоо-түздөө иштерине байланыштуу жумуш жок, жөнеле келип-кеткени үчүн өкмөттөн акча алып атышкан турбайбы?
- Ошондой болуп атат. Себеби жумуштан чыгып кеталбайт. Театрда өзүнүн кесибин ушунчалык жакшы көрүп, сүйүп, каалап, акчасына карабай иштеп жүргөндөр гана калышты. Калгандары жумуштан чыгып кетишти.
- Чыгармачыл адам жалаң чыгармачылык менен гана жан багууга болобу? Үй-бүлөлүк негизги каржы булактары кайдан келет?
- Мен жалаң эле чыгармачылыктан тапкан акчам менен жан багам деп айтпайм. Чыгармачылыктан башка да иштеген, үй-бүлөлүк бюджетке келчү булактар бар. Кыргыз улуттук телерадио кампаниясындагы "Дөөлөт" студиясынан четелдик тасмаларды кыргызчалатабыз. Мисалы жакында эле Голливуд кинотасмасы тарткан "Жалгыз үйдө" тасмасын кыргызчалап, 1-2-сериясындагы башкаармандын энесинин үнүн котордум. Орустун "Кавказ айлампасы" тасмасындагы мергенчи кыздын үнү, түрктөрдүн "Жубайларда" тасмасында аялдын, "Кызматтык махабат" ("Служебный роман") тасмасындагы башкы каарман директордун сөздөрү менин үнүм менен кыргызчаланды. Андан тышкары четелдик, орусча мультфильмдерди кыргызчалап, котордук. Бул менин дагы бир экинчи кызматым десем болот.
- Театрдан Бакен Кыдыкееванын кейиштүү тагдырын ойногон экенсиз. Бул образ сиз актриса катары өзүңүзгө жакын болсо керек. Бирок, ошол эле учурда чыгармачыл адамдын оор тагдырын көрүп, кандай ой келет?
- Турмушта көпчүлүк атак-даңктуу адамдардын жашоосунун аягы трагедия менен аяктаганын көрүп келатабыз. Мүмкүн буга ошол адамдын өзү, же айлана-чөйрөдөгүлөр күнөөлүүдүр. Себеби, ошондой тагдырга кабылган адамдардын көпчүлүгү убагында атагы таш жарып, өсүп-өнүп, элдин баары таанып көтөрүлгөндөр. Мисалы Б.Кыдыкееваны алсак, убагында аны айланчыктап жанында жүргөндөр кийин пенсияга чыккан кезде театрдан кетирип жиберишти. Негизи искусство адамдарынын жандүйнөсү абдан назик болсо керек, алар бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Ошондон улам жакшы жашоодо келатып турмуштун соккуларын көтөрө албай калышы мүмкүн. Депрессияга, стресске кабылат. Бирок, буларды көтөрө билүү адамдын өзүнө байланыштуу болот.
- Саясатка кандай карайсыз? Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын арасында искусство, маданият үчүн күйгөн чыгармачыл адамдарыбыз бар. Алардын иштерине, чыгарган мыйзамдарына канааттанасызбы?
- Саясат менен ишим деле жок. Саясатта искусствонун адамдары болгону жакшы көрүнүш деп ойлойм. Себеби, искусствону жакшы билбеген, түшүнбөгөн адам чыгармачыл адамдардын көйгөйүн чече албайт. Мисалы, жакында контракт боюнча козголгон маселеде биздин ушул учурдагы абалыбыз менен контракттык системага өтүүгө болбойт деп колдоп чыгышты. Мамлекеттик жогорку кызматтагы искусство адамдарынын маселени биздин кызыкчылыгыбызга чечип бергени оң таасирин берди. Биздин арабыздагы артисттерден деле ошол контракттык системаны жактап чыккандар да болду.
- Чыгармачыл адамдардын арасында көралбастык деген оору бар. Көралбастыктардын курмандыгы болуп, көңүлүңүздү ооруткан адамдар болду беле?
- Андайлар болот, бирок ачык болбойт. Албетте, кулак уккандан кийин жагымсыз маанай калтырып, убагында көңүлүңдү чөгөрөт. Бирок, ага анча көп көңүл бурбайм.
- Эгерде артист болбосоңуз кайсы кесипти аркалайт элеңиз?
- Кичине кезимде үч кесипти абдан жакшы көрчүмүн. Юрист, врач, актриса.
9-класста окуп жүргөндө үч кесиптин кайсынысын тандайм деп ойлоп, эгерде актриса болсом юристти да, врачты да ойной берем деген чечимге келдим. Ошентип актриса болуп калдым. А актриса болбой калсам сөзсүз врач, хирург болмокмун. Бул кесип мага абдан жагат. Кээ бир адамдар канды көргөндө баштары айланып кусат го, менде эч кандай реакция жок, врач болбосом анда жакшы юрист болмокмун.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА