Кыргыз гезиттер архиви

  Жасаганы бир, айтканы миң

Клара КАБИЛОВА:
"Опузадан коркконумдан президенттин уулу деп ойлогом"
Демократиянын негизи А.Акаев тарабынан түптөлдү. Андан кийинчи? Андан кийин өлкөнүн организми мамлекеттик системанын авторитардык принциптерин кабыл албай койгонун 2005-жылдын 24-мартындагы окуя ырастады. Бул процесс азыр да уланууда.

Көкүрөгүндө көп сыр бар деп оппозиция айттыра албай, өз билдирүүсүн видеотасмага жаздырып, Москвага карай сызган БШК экс-төрайымы Клара Кабилова сегиз айдан кийин өлкөгө кайтып келди. "24 KG" агенттигине маек курган.

- Клара Саматовна, жарым жылдан ашуун мезгилден бери Москвада жүрүп, эмне менен алектендиңиз?
- Башында эч нерсеге шайым келбей, өзүмдү баарынан оолак кармадым. Бирок акырындык менен өзүмө келип, театрга да бардым. Телеканалдардагы бардык сериалдарды көрүп чыктым. Мындан сырткары, китеп окудум. Атургай докторлук диссертация жазууну да ойлодум. Анткени отставкага кеткенден кийин баары эле диссертация же мемуар жазышат эмеспи. Анан дагы балдарыма көңүл бөлдүм. Алардын кантип чоңойгонун биринчи жолу көрдүм десем да болот.
- Балдарыңыз сиздин ишиңиз боюнча кабардар беле?
- Ийне-жибине чейин эмес, мен дайыма кызмат иштерин балдардан оолак кармоого умтулам.
- Ошондой болсо да алар бир нерсе билгендир, болуп өткөн чууга кандай карашты?
- Кичине кызым "апа, эгер сен дагы иштей турган болсоң эмкисинде ызы-чуу баштап эч кандай билдирүү жасабагын" дейт. Улуусу да, кичүүсү да үйдү абдан сагынды.
- Өзүңүзчү?
- Ооба, буга өзүм да таңгалдым. Мен узак жылдар бою Кыргызстандан сырткары жүрүп окуп, иштедим. Үйдү эч убакта азыркыдай сагынган эмес элем. Бирок бул ирет Москвада биротоло калалы десем, кыздарымдын калгысы келбеди. Анткени Ысык-Көл менен Сары-Челекти көрүп калышкан. "Мурда мекен дегенди билбей Москвада эле жашаганбыз. Бу сапар кала албайбыз" деп шашып турушту. Бул жерде өзгөчө белгилеп кетерим, биз - кыргызстандыктар өз өлкөбүз менен өз жерибизден башка эч кимге керек эмеспиз. Бир да өлкө мекенибизди алмаштыра албайт. Улуу кызым "эгер жайкы каникулда Ысык-Көлгө жөнөтпөсөң, жөө болсо да барам. Койчу ошо саясатыңды" дейт. Экинчиден, атам 80де, оорулуу.
- Ата-энеңиз сизди талкууга алыштыбы?
- Алар дайым менин жасагандарыма ишенишпейт. Бирок апам "Курманбек Бакиевден эч бир жамандык көрбөдүң эле го" деп ичинен сызып калды.
- Клара Саматовна, сүйлөшө турган темабыздын жагымдуу эмес экенин түшүнүп турасыз. Мындан четтеп өтө албайбыз. Ошондо чынында эмне болду эле? Бул жерде кээ бирлери сизди кимге иштеп жүргөн, кайсы атайын кызматтар менен байланышы бар деген суроолор да болду.
- Болор иш болду, өттү-кетти. Менин артымда эч ким турган эмес. Ар ким оюна келгенин айта берет. Аларга түшүнүк бергим да келбейт. Экинчи жагынан, менин жасаганымды өз кызыкчылыктарына пайдаланууну көздөгөн көптөгөн күчтөр чыкты. Колдоо көрсөтөм дегендер да болбой койгон жок. Учурдан пайдаланып, аларга ыраазычылык билдирем.
- Кайсы күчтөр пайдаланууну көздөдү?
- Ар кандай, баарын айткым келбейт. Ошол эле оппозиция ж.б. Мен башаламандыктын ортосунда калдым. Мага бышкан аштай кол салып жатышты… Кыргызстан өткөөл учурда өнүгүүнүн жолунда баратат. Бизде өнүгүү менен демократия, адам укугун түшүнүү, татыктуу коом бар. Демократиянын негизи А.Акаев тарабынан түптөлдү. Андан кийинчи? Андан кийин өлкөнүн организми мамлекеттик системанын авторитардык принциптерин кабыл албай койгонун 2005-жылдын 24-мартындагы окуя ырастады. Бул процесс азыр да уланууда. Коомдо укук таануу өсүп барат. Муну саясый салгылашууда эч кандай колдоно албайсың. Бул татаал жана карама-каршылыктуу өнүгүү процесси.
- Сиз өзүңүз жөнүндө маалымат каражаттары жазгандарын интернеттен окудуңузбу?
- Дароо эмес. Көпкө чейин эс алдым. Акыркы жылда бүт баарынан чарчагандыктан телефонду, телевизорду, интернетти, баарын өчүрдүм. Кийин гана айрым маалымат каражаттарынын жазгандарын барактап көрдүм.
- Сизди Кыргызстандын атайын кызматы издөөгө алып, ошондуктан дарегин жашырып жүрөт деп айтышты.
- Болбогон кеп. Мен Москвада досторумдукунда жашадым. Буюм-тайымсыз, акчам жок кеткен элем. Жардам беришти. Мени табуу оңой эле болчу. Эгер каалашса табышмак.
- Демек, жашырынган эмес экенсиз да?
- Билесизби, мен психологиялык оор абалда элем. Кырдаалды өзгөртүү үчүн үйдөн кетким келди. Ошондуктан эч кимди көрүүнү да, угууну да каалабадым. Москвада байланышка чыккан жокмун. Президент К.Бакиев менин кандай абалда экенимди сезип турганын түшүнүп жаттым.
- Маалымат жыйынында сиздин видеотасмага тартылып жаздырган билдирүүңүздү көрсөтүштү.
- Бардык эле цивилизациялуу өлкөлөрдө кишини коркутса кылышат. Ошондуктан мен да сөзүмдү чөнтөк телефонго жаздырдым. Эгер бир нерсе болуп кетсе, менин позициямды билишсин дегендей. Бул кадыресе аялдарга мүнөздүү реакция деп ойлойм.
- Чынын айтыңызчы, мамлекет башчысынын уулу сизге телефон чалды беле же жокпу?
- Мага ошондой сезилген.
- Эмне, президенттин баласынын үнүнө окшош үн беле?
- Өзүн ошентип тааныштырган.
- Түшүнүктүү. Бул боюнча биртоп журналисттер шектенишкен. Анткени далилдөөчү аудио, видео жазуулар болбосо да күбөлөр болгондур дегендей…
- Ушунун өзү эле менин чуу чыгарып, олуттуу бир нерсе баштайын деген оюм жок экенин ырастайт. Менин артымда бул ишке түрткөн же багыт берген эч кандай күч турган эмес. Мен опузадан коркконумдан чын эле президенттин уулу деп ойлогом.
- Демек, сиз Максим Бакиевдин үнүн билбейт экенсиз да? Бирок ошондо Максим Бакиев прессага сизди окуя болгонго чейин эки-үч жыл мурда бир эле жолу көргөнүн айтып чыккан.
- Ооба, Максим Бакиев туура айтат. Биз бир эле жолу көрүшкөнбүз. Мен азыр коркуудан арылгандан кийин өткөндү талдап отуруп, анын үнүн жакшы билбегенимди мойнума алам. Ал анын атынан сүйлөгөн башка бирөө болушу да мүмкүн деген ойго келем. Москвада өткөндөрдү эстеп отуруп, Валдис Пельш менен Максим Галкиндин "розыгрышы" болуп жүрбөсүн деп да ойлодум.
- Бул оюңузду сиз чын деп бекемдейсизби?
- Менин чөйрөмдү элестетип, туура түшүнүү керек. Кээ бир нерселерди адамдын психологиясына сүңгүп кирүү менен гана баамдай аласың. Бир жылда үч шайлоо кампаниясын өткөрдүм. Бул боюнча мени Гиннестин рекорд китебине киргизсе болот. Эки миң шайлоо участогу, соттук, укук коргоо органдарына жана граждандык коомго, өкмөттүк эмес секторго тиешелүү чоң окуу программалары биринчи жолу болуп жаткандыктан, булардын бардыгы мени психологиялык жана физикалык жактан абдан чарчатып салды. Анткени шайлоо системасы Акаев президент болобу же Бакиевби, ким болбосун конъюнктурадан сырткары сапаттуу өзгөрүүнү талап кылып жаткан. Себеби, шайлоо машинеси эч кимден көзкаранды болбой, бир гана шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн өз алдынча иштеп турушу керек. Билгенге бул эбегейсиз эмгек. Буга кошумча Ишенбай Кадырбековдун маселесине байланыштуу кеңешме тууралуу таңгаларлык телефон чалуу кошулду.
- Дагыбы. Ким чалды?
- Башында ажырата албадым. Мени бирөө Ишенбай Кадырбековго байланыштуу коркутуп жатканын уктум. Биз баарын мыйзам чегинде жасадык. Мыйзам боюнча катталган талапкер үгүт иштерин жолугушууларда жүргүзүп, өз милдетин аткарышы керек. Соттордун милдетин биз аткарбайбыз да. Кадырбековду камактан чыгаруу керекпи же жокпу, ал биздин жумуш эмес. Биз муну өз токтомубузда да көрсөткөнбүз. Ушундан кийин кезектеги коңгуроо кагылып, ал өзүн Максим деп тааныштырды. Ушуну менен бүттү... өзүмдү кармай албай, чыңалуу күчөп, өтө жаман абалда калып туталанып кеттим.
- Сиз кеткенден кийин көпчүлүк сизди түшүнүп, аяп турду. Ошону менен эле сиздин принципиалдуулугуңузга ишенбегендер чыкты. Алардын бири Мирослав Ниязов сиз өткөргөн шайлоону "өлкө тарыхындагы эң бир ыплас шайлоо болду" деп атады.
- Шайлоо нормалдуу, таза жана ачык өткөн. Мен дагы бир жолу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө ыраазылык билдирем. Алар толугу менен өздөрүнүн техникалык милдетин аткарышты. Бирөөгө сын айтуу өтө оңой. Ошол эле М.Ниязовго мен да коопсуздук катчысы болуп иштеген адам катары же мамлекеттик башка чиновник кезиндегиси жөнүндө сын айталам. Булар катышып көмөк көрсөтпөгөндө Акаев үч мөөнөткө президент болуп отурбайт эле. Он беш жыл ичинде Башмыйзамга канчалаган өзгөртүүлөрдү киргизишип, ар кандй референдумдар аркылуу кабыл алышты. Натыйжада, 1993-жылдагы Башмыйзамдын жыты да калган жок. Мен парламенттик шайлоодо 20 миң жергиликтүү, 600 чет өлкөлүк байкоочулар, ар бир комиссияда алдыңкы партиянын өкүлдөрү отурса, шайлоону кандайча бурмалайт элем. Эгер ошондой акыйкатсыз шайлоо болгондо, 2005-жылдын 24-мартын биз да көрмөкпүз.
Азыр коомчулук түшүнүп калды, шайлоочунун жоопкерчилиги жөнүндө айтуунун да кези келди. Биз жаш өлкөбүз. Араң эле жыйырма жыл болду. Бул адамзат тарыхы алкагында 20 секундга барабар. Өлкө демократиялык негиздерди куруу менен өнүгүүнүн нормалдуу жолунда баратат.
(Уландысы 10-бетте)