Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

18-майдан 28-майга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Сүйлөшүүлөр учурунда өнөктөштөрүңүздүн сөзүнө өтө кылдаттык менен мамиле жасаңыз. Болбосо, айрым так эместиктерден кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Сүйүүдө: Досторго бөлүнгөн убакытты азайтпасаңыз, жакыныңыз менен пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Акчада: Киреше-чыгашаларыңызга талдоо жүргүзгөндөн кийин финансылык пландарды түзүүгө болот. Кошумча каражат булагын караштырууга ылайыктуу мезгил.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Жүрүм-турумуңузду анализдеп, эмне каалап жатканыңызды түшүнүп алыңыз. Кыйынчылыктуу шарт-жагдайлар түзүлүп калышы мүмкүн. Туура эмес кадамдардын алдын алуу үчүн жети өлчөп, бир кескениңиз оң. Сүйүүдө: Жакыныңыз сиздин мамилеңизди туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Андыктан сыр жашырбаңыз. Акчада: Материалдык абалыңыз бир калыпта. Апта аягында гана сарамжалдуу болууну унутпаңыз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Коркуу, кооптонуу сезимдерине кабылышыңыз мүмкүн. Чала тааныш адамдар, айрым бир сектанын өкүлдөрү менен жакындашуу сунушталбайт. Бул жан дүйнөңүзгө ого бетер бүлүк салып, санаага батырат. Сүйүүдө: Апта жакыныңыз менен келечек пландарды түзүүгө ылайыктуу. Бул убакыт көңүл кубанткан көз ирмемдер менен эсте калат. Акчада: Соода-сатык жасоону кийинкиге калтыра турганыңыз оң болот.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Көптөн бери көрүшө элек жакын досторуңуз менен жолугушасыз. Бирок сак болуңуз - так ушул маалда айрым авантюралык сунуштар түшүшү мүмкүн. Алардан сөзсүз түрдө баштартууңуз керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга көбүрөөк көңүл буруңуз. Жакыныңыз сиздин жылуу сөзүңүзгө, жумшак мамилеңизге муктаж. Акчада: Өз ишиңиздин чыныгы профессионалы болгонуңуздан улам , финансылык көйгөйлөр аягына чыгат.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта: Алдыга койгон негизги максаттарыңызды кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы түзүлөт. Жумушуңузга, жашооңузга кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Сүйүүдө: Жалпы кызыкчылыктагы нерселер менен алектенүү ортодогу мамилени бекемдейт. Апта аягы сейилге чыгып, көңүл ачууга ылайыктуу учур. Акчада: Каражатка байланышкан маселелерди тартынбастан, өзүңүз туура деп эсептеген ыкмалар менен чече бериңиз.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Буга чейинки тажрыйбаларыңызды пайдалануу менен бир топ ийгиликтерге жетише аласыз. Азыр убакыт коротуп жатканыңыз менен келечекте аны үнөмдөп каларыңызды эстен чыгарбаңыз. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузда өзгөрүүлөр күтүлөт. Жакын адамыңыз менен сырдашып, ой-кыялдарыңыз менен бөлүшүүгө ылайыктуу учур. Акчада: Апта аягында кошумча киреше булагына ээ болосуз. Мунун баары сиздин аракетиңизге жараша болот.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Көтпөн бери кыжаалат кылып келген чыр маселелер аягына чыгат. Дарылануу, оор процедураларды ишке ашырууга аптанын экинчи жарымы ылайыктуу. Сүйүүдө: Романтикалуу апта. Жубайлардын жашоосунда гармония өкүм сүрсө, жалгыз бой адамдар келечектеги адамын кезиктириши мүмкүн. Акчада: Бардык финансылык көйгөйлөрдү оңой эле чечесиз. Мында болгону сизден жоопкерчиликтүү аракет талап кылынат.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Ишмердүүлүгүңүз үчүн ийгиликтүү убакыт. Жоопкерчиликтүү, туруктуу мамилеңиз менен кыйла бийиктиктерди багынтууга дараметиңиз жетет. Бул сиз үчүн кадыресе жумуш болгону менен көпчүлүк аны чоң жетишкендик катары кабылдайт. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуз калыбына келип, ортодогу мамилелердин өнүгүүсү байкалат. Өзүмчүл болбоңуз. Акчада: Аласа-береселериңизди тактап алууңуз керек.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Ден соолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн, андыктан, убагында адистерге кайрылып, анын эмнеден пайда болгонун билүүңүз керек. Аптанын экинчи жарымы ишке байланышкан сүйлөшүүлөр менен өтөт. Сүйүүдө: Жакыныңызга көбүрөөк көңүл бөлүү керек. Анын чакыруусуна, муктаждыгына кайдыгер болбоңуз. Акчада: Финансылык маселелер сиздин чечкиндүү аракеттериңизден улам ийгиликтүү чечилет.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Чыгармачылык үчүн ийгиликтүү убакыт. Аптанын экинчи жарымында ишмердигиңиз да үзүрлүү болот. Жашоо шартыңызды өзгөрткүңүз келсе, апта аягындагы учурду тандап алсаңыз болот. Сүйүүдө: Чогуу саякаттап, болбосо мейманчыласаңыз болот. Эгер сүйүүгө кабыла элек болсоңуз, анда сизди жагымдуу таанышуулар күтөт. Акчада: Бир ишти баштоодо алгач ага корой турган каражатты белгилеп алууңуз керек. Болбосо капчыгыңыз бир топ зыян тартып калышы мүмкүн.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Тиричиликке байланышкан маселелерди чечүүгө ылайыктуу апта. Чечимдерди кабыл алууда өзүмчүл болбой, өзгөлөрдүн да кызыкчылыгын ойлоо керектигин унутпаңыз. Чыгармачылык үчүн да ийгиликтүү убакыт. Сүйүүдө: Аптанын экинчи жарымы романтикалуу жолугушууларга бай болот. Жагымдуу белек алууңуз күтүлөт. Акчада: Соода-сатык иштери ойдогудай өтөт.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта: Эски тааныштарга жолугуп, көп маалыматка ээ болосуз. Убакытты туура пайдаланууну үйрөнүүңүз керек. Аптанын экинчи жарымы эс алууга, ар кыл жеңил-желпи жолугушууларга ылайыктуу. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздагы пикир келишпестиктерден арылып, мамилелерди оң жолго салууга шарт түзүлөт. Акчада: Негизги ишмердигиңизде тыш кошумча киреше булагына ээ болосуз. Соода-сатык жасоодо сарамжалдуу болууңуз керек.